Ачык асман боюнча келишим
Ачык асман боюнча келишим, ААК (англ. The Treaty on Open Skies) — Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) мүчө 23 мамлекеттин өкүлдөрү тарабынан 1992-жылдын 24-мартында Хельсинки шаарында кол коюлган көп тараптуу эл аралык келишим. Ачык асман боюнча келишимдин эң башкы максаты - ага мүчө болгон мамлекеттер ортосунда учууларды жасоого мүмкүндүк берүүнү камсыздоо болуп саналат.
2017-жылга карата Келишимге 34 мамлекет мүчө болуп эсептелет. Кыргыз Республикасы келишимге кол койгон, бирок ратификациядан өтө элек.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Биринчи жолу 1955-жылы Женева шаарында АКШнын президенти Дуайт Эйзенхауэр менен СССРдин министрлер Кеңешинин төрагасы Н. А. Булганиндин жолугушуусунда Америка президенти тарабынан көтөрүлгөн.
Келишимдин мүчөлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ачык асман боюнча келишиминин катышуучулары болуп 34 мамлекет саналат:
- Белоруссия
- Бельгия
- Болгария
- Босния жана Герцеговина
- Улуубритания
- Венгрия
- Германия
- Греция
- Грузия
- Дания
- Исландия
- Испания
- Италия
- Канада
- Латвия
- Литва
- Люксембург
- Нидерландия
- Норвегия
- Польша
- Португалия
- Румыния
- Словакия
- Словения
- Америка кошмо штаттары
- Түркия
- Украина
- Финляндия
- Франция
- Хорватия
- Чех Республикасы
- Швеция
- Эстония