Буунун коопсуздук кеңеши

Википедия дан

Буунун Коопсуздук Кеңеши – БУУнун туруктуу иштөөчү башкы саясий органы, БУУнун уставы боюнча ага эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча башкы жоопкерчилик жүктөлгөн. БУУга мүчө өлкөлөрдүн өкүлчүлүгүнүн негизинде иштейт. Ал 15 мүчөдөн турат, алардын бешөө туруктуу мүчө болуп саналат (Орусия, АКШ, Улуу Британия, Франция жана Кытай). БУУнун Коопсуздук Кеңеши белгиленген тартипте кабыл алган чечимдер БУУга мүчө баардык мамлекеттер үчүн милдеттүү болуп саналат. БУУнун Коопсуздук Кеңеши эл аралык тирешүүлөргө алып келиши мүмкүн болгон баардык талаштарды иликтөөгө, мындай талаштарды жөнгө салуунун жол-жоболору жана усулдары боюнча сунуштарды берүүгө, БУУга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу же БУУдан чыгаруу жөнүндө сунуш кылууга, тынчтыкты бузган же баскынчылык актысын жасаган мамлекетке карата мажбурлоо чараларын көрүү, анын ичинде куралдуу күчтөрдү колдонуу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу. Олуттуу маселелер боюнча чечимдер көпчүлүк 9 добуш менен кабыл алынат, мында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн бири да каршы добуш бербөөгө тийиш (кара:Бир добуштуулук принциби).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]