Жыныстык билим берүү

Википедия дан
Жыныстык тарбия‎»‎ барагынан багытталды)

Жыныстык билим берүү – бул адамдын сексуалдуулугу, анын ичинде эмоционалдык мамилелери менен милдеттери, кишинин сексуалдык анатомиясы, сексуалдык активдүүлүгү, жыныстык тукум улоочулугу, макулдук курагы, репродуктивдик саламаттыгы, репродктивдик укуктары, коопсуз жыныстык катнаш, төрөттү көзөмөлдөө сыяктуу маселелерди окутуп-үйрөтүү. Ушул темалардын баардыгын камтыган жыныстык билим берүү комплекстүү жыныстык билим берүү деп эсептелет. Ата-энелер же камкорчулар, мектептин расмий программалары жана коомдук саламаттыкты сактоо өнөктүктөрү жыныстык билим берүүнүн агенттери болуп саналат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1955—1960 (болжол менен) Швецияда мектепте жыныстык билим берүү.

1970-жылдары өспүрүмдөрдүн жыныстык жүрүм-туруму, күтүлбөгөн кош бойлуулук, ЖЖЖИ (жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар) жана алардын кесепеттери жакшыраак иликтенип, коомчулукка жарыяланганда мектептер өспүрүмдөрдүн жыныстык катнаш маселесин чечүү максатында программаларды иштеп чыга баштаган. 1980-жылдардын экинчи жарымында СПИД өзгөчө көйгөйгө айланганда, мектептер кыйла кескин жооп кылышты.

Кийинки он жылдыктарда жыныстык саламаттык жаатында билим берүү талаш-тартыштын предметине айланды. Сын пикир айткандар алгач мамлекеттик мектептер жыныстык саламаттыкты окуп-үйрөтүүчү жай эмес жана аны үй-бүлөлөргө жана диний жамааттарга берүү керек деп айтышкан. Бүгүнкү күндө мектептерде жыныстык таалим-билим берүү берилиши керекпи же жокпу деген маселе азыраак талаш жаратууда.

Жыныстык билим берүү мектеп программасында 20-кылымдын орто ченинде пайда болгон. 1990-жылдардын аягында жыныстык билим берүү программалары Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, ошондой эле АКШ, Канада жана Австралияда киргизилген. Ал эми 21-кылымда Латын Америкасында, Азияда жана Африкада мектеп программасынын бир бөлүгү болуп калды. Жыныстык билим берүүнүн кээ бир элементтери Армениянын, Кыргызстандын, Молдова жана Украинанын мектептеринин окуу пландарына да киргизилген. Жарым кылымдын ичинде жыныстык билим берүү программаларынын мазмуну кеңейди. Эгерде мурда алар адамдын репродуктивдик системасынын анатомиясы жана физиологиясы, ошондой эле жыныстык инфекциялардын жана каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу боюнча гана маалымат беришсе, бүгүнкү күндө комплекстүү жыныстык билим берүү программалары татаал жана комплекстүү маселелерди камтыйт. Мисалы, жыныстык билим берүү аркылуу адамдар сексуалдык мамилелердин ар кандай аспектилери жөнүндө, өз ара урматтоо жана гендердик теңчиликке негизделген дени сак жана кубанычтуу мамилелерди куруу жөнүндө үйрөнүшөт.[1]

Негизги түшүнүктөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

International Citizen Service[en] ыктыярчылары мектеп окуучуларына сексуалдык ден соолук тууралуу сабак берип жатышат

Жыныстык билим берүү – бул шайкештик, ынак мамилелер жана жыныстык жакындык сыяктуу маанилүү темалар боюнча маалымат алуунун, мүдөөлөрдү, ынанымды жана баалуулуктарды калыптандыруунун үзгүлтүксүз процесси. Жыныстык билим берүү балдардын жана жаштардын инсандар аралык мамилелер, сексуалдык, эмоционалдык жана физикалык ден соолук контекстинде маалыматтуу, бири-бирин урматтаган жана дени сак чечимдерди кабыл алуу жөндөмүн өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган.[2] Жыныстык саламаттык жаатында билим берүүнүн жалпы максаты – улан-кыздар балагатка жетип жатканда келечекте ден соолугу чың болуп, бакубат жашашы үчүн билимдер менен көндүмдөрдү берүү.

Комплекстүү жыныстык билим берүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Комплекстүү жыныстык билим берүү, сексуалдык жана репродуктивдик ден соолукка байланыштуу төмөнкү маселелерди карайт:[3]

  • репродуктивдик жана репродуктивдүү системалардын анатомиясы жана физиологиясы;
  • жыныстык жетилүү жана айыз;
  • репродукция, контрацепция, кош бойлуулук жана төрөт;
  • ЖЖЖИ, анын ичинде АИВ жана СПИД.

Жыныстык саламаттык маселелери боюнча билим берүү пландуу, туруктуу жана тутумдуу билим берүү программасынын контекстинде ишке ашырылышы керек. Бул ден соолукту чыңдоо боюнча жалпы окуу программасынын контекстинде сунушталат жана маалымат ата-энелер жана коомчулук тарабынан бекемделгенде майнаптуу болот. Мындан тышкары, жыныстык саламаттык жаатындагы билим берүү өстүрүп-жетилтүү өңүтүнөн алганда шайкеш жана медициналык жактан ишенимдүү жана илимге негизделген ыкмаларды колдонушу керек.

Сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук жана укуктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук жана укуктар

Сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук жана укуктар (СРДСУ) – бул репродукцияга жана сексуалдуулукка карата колдонгон адам укуктарынын бир бөлүгү. Бул өзүнө төрт тармакты (теманы) камтыйт: сексуалдык ден соолук, сексуалдык укуктар, репродуктивдик ден соолук жана репродуктивдик укуктар. Сексуалдык жана репродуктивдик укуктар адам укуктарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ар бир адам өзүнүн жеке жашоосунун негизги аспектилерин – денесин, сексуалдуулугун, ден соолугун, мамилелерин, ким менен жана качан никеге турууга жана балалуу болууга – ар кандай формада толук көзөмөл жүргүзүү боюнча эркин, негизделген жана жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алууга укуктуу.

Далил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, комплекстүү жыныстык билим берүү жана төрөттү көзөмөлдөөгө жеткиликтүулүк бирге өспүрүмдөр арасында күтүлбөгөн кош бойлуулуктун санын азайтат.[4] Презервативдер жана контрацепция тууралуу так маалымат камтылган окуу программалары жаштардын кооптуу жүрүм-турумунун азайышына, ошондой эле күтүлбөгөн кош бойлуулуктун жана ЖЖЖИнин азайышына алып келиши мүмкүн.[5] Бириккен Улуттар Уюмунун Калк Фондунун (UNFPA) маалыматы боюнча, "2010-жылдагы изилдөө гендердик теңчиликти камтыган окуу программалары гендерди эске албаган программаларга караганда кооптуу жүрүм-турумду азайтууда кыйла натыйжалуураак экенин көрсөттү."[5]

UNFPA комплекстүү жыныстык билим берүүү сунуштайт, анткени ал жаштарга сексуалдык жактан негизделген чечим чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Жыныстык билим алган жерлерде ЖЖЖИ жана кош бойлуулуктун деңгээли төмөндөйт.[6] Өспүрүмдөрдүн орнотмолору да алардын жыныстык билиминин мазмунуна жараша айырмаланып турганы аныкталган. Нидерланддардагы (комплекстүү жыныстык тарбиясы бар) сексуалдык билим берүү программасы менен АКШдагыны салыштырганда, Нидерланддардагы өспүрүмдөр АКШдагы өспүрүмдөргө караганда сексуалдык катнашка кеч барышат жана биринчи сексуалдык тажрыйбасы оң, маулдашылган болгонун айтышат. Ошол эле учурда АКШдагы сексуалдык жактан активдүү өспүрүмдөрдүн 66%ы биринчи сексуалдык тажрыйбасын шашпай баштаганда жакшы болмок деп билдиришкен.[7]

Нидерланддардагы он өспүрүмдүн тогузу биринчи жыныстык тажрыйба учурунда контрацепцияны колдонушат, бул кош бойлуулуктун жана ЖЖЖИнин азайышына өбөлгө түзөт.[8] Башталгыч деңгээлден баштап комплекстүү сексуалдык билим берүү сексуалдык ар түрдүүлүктү баалоого, таанышуу жана интимдик өнөктөштөн зомбулуктун алдын алууга, дени сак мамилелерди өнүктүрүүгө, балдарга карата сексуалдык зомбулуктун алдын алууга, социалдык/эмоционалдык окууну жакшыртууга жана медиа сабаттуулугун жогорулатууга алып келди.[9]

Жыныстык саламаттык жаатында билим берүү ыкмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүү аркылуу сексуалдык ден соолукту жана дени сак сексуалдык жашоону төмөнкүлөр аркылуу илгерилетүү болот:[10]

  • мектепте жаштарга ар тараптуу сексуалдык билим берүү;
  • медициналык кызматкерлер, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, жаштар менен иштеген кызматкерлер жана башка адистер үчүн сексуалдуулук жана сексуалдык ден соолук боюнча окутуу; жана
  • мектепке барбаган жаштардын жана өзгөчө муктаждыктары болгон жаштар үчүн коомдук стратегиялардын комплекси.

Жыныстык билим берүү формалдуу эмес түрдө окутулушу мүмкүн, мисалы ата-энеси, достору, диний лидери менен сүйлөшүүдөн же маалымат каражаттары аркылуу маалымат алганда.[11] Ошондой эле сексуалдык билим берген авторлор, журнал баяндамачылары, секс тууралуу жазган баяндамачылар же сексуалдык билим берүү боюнча веб-сайттары аркылуу жеткирилиши мүмкүн.[12] Окутуу мультимедиялык ресурстар аркылуу да жүргүзүлүшү мүмкүн. Өспүрүмдөр үй-бүлөлөрү менен сексуалдык маселелер жөнүндө сүйлөшө алышпайт. Ошол эле өспүрүмдөр убактысынын көбүн интернетте, социалдык тармактарда өткөрүшөт. Изилдөө көрсөткөндөй, массалык маалымат каражаттарынын кийлигишүүсү; мисалы, телевидениедеги же социалдык медиадагы жарнамалар аркылуу жыныстык билимди берүүнү колдонуу натыйжалуулугун далилдеди жана корголбогон секстин санын азайтты.[13]

Формалдуу жыныстык билим берүү мектептер же медициналык кызматкерлер тарабынан сунуш кылынат. Кээде формалдуу сексуалдык билим орто же жогорку класстарда толук курс катары окуу планынын бир бөлүгү катары окутулат. Башка учурларда биология, ден соолук, ачык саат классынын бир бөлүгү катары берилет. Кээ бир өлкөлөрдө сексуалдык билим талаштуу маселе бойдон калууда жана формалдуу түрдө мектептерде берилбейт.

Америка Кошмо Штаттарынын Сексуалдык маалымат жана билим берүү боюнча кеңеши (SIECUS Guidelines) жыныстык саламаттык жаатында билим берүү программаларын иштеп чыгууда негизги катары төмөнкү принциптерди келтирет:[14]

  • Ата-энелердин жана коомдоштуктардын катышуусу: мектеп программалары коомдогу баалуулуктар менен ишенимдердин ар түрдүүлүгүн эске алуу аркылуу тыкыр иштелип чыгышы керек. Ата-энелер, үй-бүлө мүчөлөрү, мугалимдер, жетекчилер, коомдук жана диний ишмерлер жана окуучулар дагы жыныстык саламаттык маселелери боюнча билим берүү программаларына салым кошууга мүмкүнчүлүгү болушу шарт.
  • Жыныстык саламаттык жаатындагы билим берүү саламаттыкты сактоо тармагында жалпы билим берүү программасынын бир бөлүгү катары сунушталып, ден соолукту чыңдоо, социалдык жана гендерлик теңдик, ооруларды алдын алуу сыяктуу маселелердин кеңири чөйрөсүн камтууга тийиш.
  • Баардык жаштарга көңүл буруу: Баардык балдар жана жаштар жынысына, сексуалдык ориентациясына, гендерлик шайкештигине, этностук тегине, расасына, социалдык-экономикалык макамына же майыптыгына карабастан, жыныстык саламаттык маселелери боюнча билим берүүдөн пайда көрүшөт. Программалар жана материалдар конкреттүү көйгөйлөрдү жана коомдоштуктун маселелерин жана окуучулардын да ар кандай өзгөчө муктаждыктарын эске алуу менен ылайыкташтырылышы керек. Мындан тышкары, окуу программалары жана материалдар класста сунушталган маданий ар түрдүүлүктү чагылдырышы абзел.
  • Жакшы даярдыктагы мугалимдер: Жыныстык саламаттык маселелери боюнча билим атайын даярдалган мугалимдер тарабынан берилиши керек. Жыныстык саламаттык жаатындагы билим берүүгө жооптуу адистер жыныстык билим берүүнүн философиясы жана методологиясын кошо, адамдын сексуалдуулугун окутуу боюнча даярдыктан өтүшү шарт.
  • Окутуу усулдарынын ар түрдүүлүгү: Жыныстык саламаттык жаатында билим берүү эгерде жаштар маалымат алып гана тим болбостон, өз көз караштары менен баалуулуктарын аңдап-түшүнүп, социалдык көндүмдөрүн өркүндөтүп же чыңдап алса, натыйжалуу болот. Окутуу усулдарынын ар түрдүүлүгү жана ишмердиктин түрлөрү интерактивдүү талаш-тартыштарга, ролдук оюндарга, жеке жана топтук изилдөөлөрдү, топтук көнүгүүлөр менен үй тапшырмаларды аткарууга үйрөтөт

Адеп-ахлак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ата-энелер арасындагы жыныстык жактан билим берүү талашынын эки карама-каршы жагы бар. Либералдар жыныстык катнаш жөнүндөгү билимдер адамдарга жеке сексуалдуулугу жөнүндө туура чечим кабыл алууга жардам берет деп эсептешет жана алар жогорку класстарда эле эмес, бүтүндөй мектеп жашында сексуалдык билим берүүнү жакташат. Консерваторлор секс жөнүндө билим өспүрүмдөрдү жыныстык катнашка түртөт деп кооптонушат жана жыныстык катнаш тууралуу үйдө окутуу керек деп эсептешет. Консерваторлор сексуалдык билим берүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүшөт, бирок өзүн-өзү тыюу (кармануу) программалары аркылуу гана үйрөтүү керек дешет.[15]

Айрымдар жыныстык билим берүү боюнча кээ бир программалар буга чейинки уяттуулук жөнүндөгү түшүнүктү жок кылат же гомосексуалдуулук же никеге чейинки жыныстык катнаш сыяктуу өздөрү адеп-ахлаксыз деп эсептеген нерселерди кабыл алууга үндөйт деп ырасташат. Албетте, гомосексуалдуулук жана никеге чейинки жыныстык катнаш адамдардын жыныстык катнашынын кадыресе бөлүгү деп эсептегендер алар менен макул эмес.

Көпчүлүк диндер никеден тышкаркы жыныстык жүрүм-турум адеп-ахлаксыздык жана/же психологиялык жактан зыяндуу деп окутат жана аны жактоочулар адеп-ахлак жыныстык билим бир бөлүгү катары окутулушун каалашат. Алар сексуалдык билим керек же ансыз болбойт деп эсептешет, ошондуктан өзүн-өзү тыюуга негизделген окуу программаларын артык көрүшөт.

Дүйнөдө жыныстык билим берүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Африкада жыныстык билим берүү СПИД эпидемиясын токтотууга багытталган. Аймактын көпчүлүк өкмөттөрү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана эл аралык бейөкмөт уюмдар менен өнөктөштүктө СПИДге каршы билим берүү программаларын түзүшкөн.

Мысыр мамлекеттик мектептердин орто класстарында (12–14 жаш) эркек жана аял репродуктивдик системалары, жыныстык органдар, контрацепция жана ЖЖЖИ жөнүндө үйрөтөт. БУУӨП, ЮНИСЕФ жана саламаттыкты сактоо жана билим берүү министрликтери биргеликте иштешип айыл жеринде сексуалдык билим берүү сабактары алкагында аялдардын жыныстык органдарын кесүү коркунучу жөнүндө маалымдуулукту жайылтат.

Индияда сексуалдык билимди жайылтуу боюнча көптөгөн программалар бар, анын ичинде мектептер, коомдук билим берүү жана жарнамалар. 8 жана 10-класстарда (14 жана 16 жаш) жыныстык тукум улоо жана контрацепциянын ар кандай ыкмалары милдеттүү түрдө окутулат. Непалда мектепте жыныстык билим берүү милдеттүү болуп саналат[16]. Жапонияда жыныстык билим берүү 10 же 11 жаштан баштап милдеттүү болуп саналат, ал негизинен айыз жана эякуляция сыяктуу биологиялык темаларды камтыйт.

Финляндияда сексуалдык билим берүү, адатта, ар кандай милдеттүү курстарга, негизинен биология сабактарынын бир бөлүгү катары (баштапкы класстарда) жана кийинчерээк жалпы ден соолук маселелерине байланыштуу курстарга киргизилет[17].

Францияда сексуалдык тарбия 1973-жылдан бери мектеп программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Мектептер 8 жана 9-класстын окуучуларына (15–16 жаш) 30-40 сааттык жыныстык билим берүү сунушташат. 2013-жылы өкмөт les ABCD de l’égalité («теңчиликтин алиппеси») аттуу жаңы программасын ишке киргизди. Анын негизги максаты «мектептеги гендердик стереотиптерге каршы күрөшүү», балдар менен кыздардын ортосундагы өз ара урматтоону эртелеп калыптандыруу.[18]

Германияда жыныстык тарбия 1970-жылдан бери мектеп программасынын бир бөлүгү болуп саналат. 1992-жылдан бери сексуалдык билим берүү мыйзам боюнча өкмөттүн милдети болуп саналат[19]. Ал, чоңоюу процессине, жыныстык жетилүү мезгилиндеги денедеги өзгөрүүлөргө, ага байланышкан эмоцияларга, көбөйүүнүн биологиялык процессине, сексуалдык активдүүлүккө, өнөктөштүккө, гомосексуалдуулукка, каалабаган кош бойлуулукка, сексуалдык зомбулуктун коркунучуна, балдарга карата зордук-зомбулукка, жана жыныс аркылуу жугуучу ооруларга токтолот.

Польша Эл Республикасынын убагында 1973-жылдан бери жыныстык тарбия мектеп предметтеринин бири болгон; бирок ал салыштырмалуу начар болуп, эч кандай иш жүзүндө ийгиликке жетишкен эмес. 1989-жылдан кийин ал мектеп турмушунан дээрлик жок болгон — азыркы учурда бул предмет "сексуалдык тарбия" эмес, "үй-бүлөлүк жашоо тарбиясы" деп аталат жана мектептер балдардын жыныстык тарбия сабагына катышууга ата-энелердин макулдугун талап кылат. Бул саясат, негизинен, католик чиркөөсү тарабынан көтөрүлгөн сексуалдык билимге каршы катуу каршылык менен шартталган.[20]

Нидерланд өкмөтү тарабынан каржыланган, 1980-жылдардын аягында иштелип чыккан "Жашасын сүйүү" пакети (Lang leve de liefde) өспүрүмдөргө ден соолук жана сексуалдык мамилелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алуу көндүмдөрүн берүүгө багытталган. 2012-окуу жылынан баштап бардык орто жана башталгыч мектептерде жаш курагына ылайыктуу жыныстык билим берүү, анын ичинде сексуалдык ар түрдүүлүк жөнүндө билим берүү милдеттүү болуп калды. Окуу планы тукум улоонун биологиялык аспектилерине, ошондой эле баалуулуктарга, мамилелерге, баарлашуу жана сүйлөшүү көндүмдөрүнө багытталган.

Швецияда сексуалдык билим берүү 1921-жылы орто билим берүү үчүн жана 1942-жылы бардык класстар үчүн түзүлгөн. Предмет, адатта, бала бакчадан башталып мектептин аягына чейин кумулятивдүү түрдө уланат.[21]

Англияда жана Уэльсте секс жана мамилелер боюнча билим берүү 1976-жылдан бери милдеттүү, жарым-жартылай 11 жаштан башталат. Ал балдарды тукум улоо, сексуалдуулук жана сексуалдык ден-соолукка үйрөтүүнү камтыйт. Секс жана мамилелер боюнча билим берүүнүн милдеттүү бөлүктөрү улуттук окуу планында камтылган. Улуттук планга милдеттүү түрдө камтылбаган башка бөлүктөрдөн ата-энелердин баш тартуу мүмкүнчүлүгү бар[22].

Шотландиядагы сексуалдык билим берүү репродукциянын биологиялык аспектилерине гана эмес, мамилелерге жана эмоцияларга да багытталган. Сексуалдык ден соолукту чыңдоо жолу катары контрацепция жана ЖЖЖИ боюнча билим берүү дагы программага киргизилген. Католик мектептеринин бул программага катышуудан баш тартуусуна жооп катары, ал мектептерде колдонуу үчүн өзүнчө сексуалдык билим берүү программасы иштелип чыккан.[23]

АКШ студенттердин дээрлик бардыгы 7 жана 12-класстар арасында жок дегенде бир жолу сексуалдык билимдин кандайдыр бир түрүн алышат; көптөгөн мектептер 5 же 6-класстарда кээ бир темаларды чече башташат[24]. Көптөгөн штаттарда сексуалдык билим берүү сабактарында эмнелер окутулушун жөнгө салган мыйзамдар бар жана ата-энелерге баш тартууга уруксат берүүчү жоболорду камтыйт. Кээ бир штат мыйзамдары окуу планын жеке мектеп райондоруна калтырат.

Жаңы Зеландияда сексуалдык билим берүү ден соолук жана дене тарбия окуу программасынын милдеттүү бир бөлүгү болуп саналат. Сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук боюнча билим берүү 7-класста (болжол менен 11 жашта) башталат, бирок физикалык, эмоционалдык жана социалдык өнүгүү, жеке жана инсандар аралык көндүмдөр жана мамилелер сыяктуу кеңири маселелер 1-класста(болжол менен 5 жашта) башталат.[25]

Кыргызстанда "мектепте жыныстык тарбия керек" плакатын ташыган активист. Жалган куран, 2019.

Кыргызстанда жыныстык билим берүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сексуалдык билим берүү – бул Кыргызстанда талаш туудурган маселе. Көпчүлүк ата-энелер мектепте балдарына бул темада атайын сабак киргизүүнү каалашпайт. Мектеп окуучуларына жыныстык тарбия берүү тууралуу сунуштар сынга кабылып келет. 2002-жылы Репродуктивдик ден соолук альянсы тарабынан иштелип чыккан “Кыргызстан жаштарынын суроолору” брошюралары 2012-жылы саясатчы Мавлян Аскарбеков тарабынан сынга алынып, ал тыюу салууну талап кылган. Анткен менен өлкөдө эрте кош бойлуулук маселеси курчуп баратканы тууралуу коңгуроо кагылууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жылына 1,5 миңдей өспүрүм кыз кош бойлуулук боюнча каттоого алынат. Мунун башкы себебин эксперттер өспүрүмдөрдө жыныстык жашоо тууралуу туура маалыматтын жоктугу деп айтып келишет.

2014-жылы Кыргызстандагы окуучуларга арналып “6-11-класстын окуучулары үчүн сергек жашоо образы боюнча класстык сааттардын колдонмосу” аттуу методикалык колдонмо жарык көргөн. 2017-2019-жылдары ал кайрадан басылып чыгып, Билим берүү жана илим министрлиги, ЮНЕСКОнун көмөгү астында мугалимдерге таратылып берилген. Колдонмо мектеп окуучулары арасында сергек жашоо образын жайылтууну, жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардын, АИВ (ВИЧ) инфекциясынын алдын алууну көздөйт. Класстык сааттын бул колдонмосунда “сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук жана укуктар”, “үй-бүлөлүк мамилелердин баалуулугу”, “үй-бүлөнү пландаштыруу” жана башка тематикалар камтылган. 2020-21-жылдары дүйнө боюнча башка тармактардай эле билим берүү системасы дагы санариптештирүү процессине чалдыккандан улам ЮНЕСКО “Сергек жашоо” видео сабактарын даярдап, Санарип сабак Билим берүү министрлигинин Ютуб каналында чагылдырылган.

2022-жылы Бишкек феминисттик демилгелери UNESCO IITE менен биргелешип сексуалдык билим берүүдөгү боштукту толтуруу максатында өспүрүмдөр үчүн “Ойло бот” виртуалдык баарлашуу программасын (чат-бот) кыргыз жана орус тилдеринде иштеп чыгарышкан. “Ойло бот” Телеграм мессенджеринин базасында психология, физиология, үй бүлө, ден соолук, мамилелер жана сексуалдуулук темаларында суроо-жооп форматында колдонуучу менен маектешет.

2023-жылдын жетинин айынын 12-13дө Бишкек шаарында Кыргызстан жана Казакстанда биринчи санарип сексуалдык билим берүү боюнча "Тартынба" фестивали өттү. Фестивальда жыныстык билим берүү адистери, врачтар, журналисттер жана блоггерлер чогулуп, эки күндүн ичинде жыныстык билим берүү маселелерин талкуулашты[26].

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. unesco.org Как учителям и другим взрослым говорить с подростками о взрослении, здоровье и отношениях Текшерилеген күн: 16.04.2023.
  2. UNFPA.org СЕКСУАЛЬНОЕ ОБРАЗОВАНИЕ. Краткий обзор политики и практики № 1 (орус.) 2015. Текшерилген күн: 16.04.2013.
  3. unesco.org. What is comprehensive sexuality education? Comprehensive Sexuality Education Implementation Toolkit (англ.) Текшерилген күн: 16.04.2023.
  4. Oringanje, Chioma; Meremikwu, Martin M; Eko, Hokehe; Esu, Ekpereonne; Meremikwu, Anne; Ehiri, John E (2016). "Interventions for preventing unintended pregnancies among adolescents". Cochrane Database of Systematic Reviews. 2016 doi:10.1002/14651858.CD005215.pub3. Текшерилген күн: 16.04.2023.
  5. 5.0 5.1 "Comprehensive sexuality education - UNFPA - United Nations Population Fund". Текшерилген күн: 16.04.2023.
  6. "America's Sex Education: How We Are Failing Our Students - Nursing@USC".
  7. The case for starting sex education in kindergarten ( 2015 ) Текшерилген күн: 16.04.2023.
  8. ЮНФПА. SEXUALITY EDUCATION/ Policy brief No. 2 (2015_ Текшерилген күн: 16.04.2023.
  9. Goldfarb, Eva S.; Lieberman, Lisa D. (January 1, 2021). "Three Decades of Research: The Case for Comprehensive Sex Education". Journal of Adolescent Health. 68 (1): 13–27. doi:10.1016/j.jadohealth.2020.07.036.
  10. ДССУ. Developing sexual health programmes. A framework for action (2010). Текшерилген күн: 16.04.2023.
  11. Gustavus Philliber, Susan; Lee Tatum, Mary (Summer 1982). "Sex Education and the Double Standard in High School". Adolescence. Roslyn Heights, N.Y. 17 (66): 273–283. ProQuest 1295898090.
  12. "What is Sex Education? | Sex Ed Definition and QA". www.plannedparenthood.org. Текшерилген күн: 16.04.2023.
  13. Sznitman, Susan (September 2011). "Using Culturally Sensitive Media Messages to Reduce HIV-Associated Sexual Behavior in High-Risk African American Adolescents: Results From a Randomized Trial". Journal of Adolescent Health. 49 (3): 244–251. doi:10.1016/j.jadohealth.2010.12.007. PMC 3159865.
  14. Proof. Phil Banner, Beej Johnson Guidelines for Comprehensive Sexuality Education: Kindergarten-12th Grade (англ.) Fulton Press (2004). Текшерилген күн: 16.04.2023.
  15. Luker, Kristen (2006). When Sex Goes To School: Warring Views on Sex- And Sex Education- Since The Sixties. W.W. Norton & Company.
  16. "Sex education". (англ.)The Himalayan Times 2017. Текшерилген күн: 16.04.2023.
  17. Kontula, Osmo (November 2010). "The evolution of sex education and students' sexual knowledge in Finland in the 2000s". Sex Education. 10 (4): 373–386. doi:10.1080/14681811.2010.515095.
  18. Vincent Peillon (2014). "Les ABCD de l'égalité : un outil pour lutter dès l'école contre les inégalités filles-garçons | Portail du Gouvernement". (франсуз.) Gouvernement.fr. Текшерилген күн: 16.04.2023.
  19. Sexualaufklärung in Europa
  20. Pakuła Ł, Pawelczyk J., Sunderland, J. 2015 Gender and sexuality in English language education: Focus on Poland London British Council. Текшерилген күн: 16.04.2023.
  21. Boethius, Carl (1986). "Sex Education in Swedish Schools: The Facts and the Fiction". Family Planning Perspectives. 17 (6): 276–279. doi:10.2307/2135318.
  22. "The national curriculum: Other compulsory subjects - GOV.UK". www.gov.uk. Текшерилген күн: 16.04.2023.
  23. "Cardinal praises "dedication and commitment" of Catholic teachers". Scmo.org. Чын курандын 30, 2008. Текшерилген күн 16.04.2023.
  24. David J. Landry; Susheela Singh; Jacqueline E. Darroch (September–October 2000). "Sexuality Education in Fifth and Sixth Grades in U.S. Public Schools, 1999". Family Planning Perspectives. 32 (5): 212–9. doi:10.2307/2648174.
  25. Ministry of Education (2002). Sexuality Education: Revised Guide for Principals, Boards of Trustees, and Teachers Wellington: Learning Media. ISBN 0478267274.
  26. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 16 Апрель 2023. Түп булактан архивделген күнү 16 Апрель 2023.