Кара-Кулжа району
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Административдик борбор | |
Расмий тили | |
Калкы |
99 536[1] |
Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити • Эң төмөнкү чекити | |
Тууралыгы | |
Узундук | |
Телефон коду | |
Кара-Кулжа району — Ош облусундагы административдик бирдик. Түндүк жана түндүк-батышынан Өзгөн, чыгышынан Нарын облусунун Ат-Башы, батышынан Алай райондору, түштүгүнөн Кытай менен чектешет. Район 1937-жылы уюшулган. Аянты 5,7 миң км2 (Ош облусунун аймагынын 19,6%и). Калкы 99 536 [1] киши (2020).
Ооданда 11 айыл өкмөтү, 43 кыштак бар. Борбору — Кара-Кулжа кыштагы. Жери негизинен тоолуу, Кара-Кулжа жана Тар сууларынын алабынан орун алган. Эң бийик жери 4900 м (Үч-Сейит массивинде), эң жапызы —780 м. Райондун аймагында Фергана тоо тизмегинин чыгыш тармактары (Үч-Сейит, Тасырак-Сай ж. б.), Академик Адышев, Алайкуу кырка тоолору, Алай-Куу, Кара-Кулжа, Кулун, Капчыгай, Ажыке өрөөндөрү жайгашкан. Табигый ресурстарынан Кара-Кулжа, Кулун, Терек жана башка минералдуу суулары, курулуш материалдардын кендери бар.
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Климаты континенттик. Кышы суук, кар арбын жаайт. Январдын орт. температурасы —10—14,8 °C; жайы ысык, кургак, июлдуку 25—35,3 °C.
Табияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тар (куймалары: Кулун, Терек, Алайкуу, Акбогуз жана башка), Кара-Кулжа (Сур-Таш, Тасыракай жана башка). Көлдөрү: Кулун, Көл-Кайыңды жана башка. Эгилме ландшафт 780— 1000 м бийикте. Андан жогору каралжын боз топурактуу талаа (1000—2000 м), кара топурактуу бийик тоо талаасы, токой (2500—3000 м), альп жана субальп, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Райондун аймагында облустун калкынын 7,9% жашайт (2011). Төрөлүүнүн деңгээли 22,8%о, өлүм-житим 5,2%о, табигый өсүш 19,7%о (2008). Калкынын 46%и эмгек жашына чейинкилер, 45,9%и эмгек жашындагылар, 7,6%и эмгек жашынан өткөндөр. Калкынын 60,9%и деңиз деңг. 1000—1500 м, 18,0%и — 1500—2000 м, 21,1%и 2000—2500 м бийикте отурукташкан. Калктын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 15 киши. Кара-Кулжа районунун экономикасынын негизин мал чарбасы түзөт. Райондо 22,5 миң бодо мал (а. и. 12,5 миң саан уй), 116,3 миң кой, эчки, 15,4 миң жылкы, 25,1 миң үй канаттуулары болгон; 9,5 миң т эт (тирүүлөй салмакта), 19,5 миң т сүт, 342 т жүн өндүрүлгөн. Жалпы жер фондусу 571,2 миң га (2000), анын ичинен айыл чарбага жарактуу жери 340,1 миң га (жеринин 59,4%и). Айдоо аянты 13,6 миң га (анын 4,0 миң гасы сугат жер), 0,2 миң га бак-дарактар, 16,1 миң га чабынды, 310,0 миң га жайыт. Дан-эгиндери (7,8 миң га, а. и. буудай — 5,0 миң га), картөшкө (0,9 миң га) ж. б. өстүрүлөт (2002). Өнөр жай тармагы райондун татаал экон. геогр. абалына байланыштуу өнүккөн эмес (облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 0,6%ин берет). «Ак-Терек» АК (тейлөө үйү) иштейт. Райондо негизинен автомобиль транспорту өнүккөн. Анын аймагынан Өзгөн — Кара-Кулжа — Кызыл-Жар, Кара-Кулжа — Сары-Булак — Гүлчө автомобиль жолдору өтөт. Райондо 2010-жылы автомобиль транспорту менен жүк ташуу 51,1%ке, жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү 11,1%ке өскөн. Райондо 49 жалпы билим берүүчү (анын ичинен музыкалык) мектеп, 2 мектепке чейинки мекеме, китепкана болгон. Райондук жана 12 участкалык оорукана, учук диспансери, 24 ФАП, 17 үй-бүлөлүк врачтар тобу жана башка медициналык мекемелер иштейт.
Административдик-аймактык түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Райондо 12 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 55 айыл бар[2]:
- Алайкуу айыл аймагы: Көк-Арт (борбору), Кан-Коргон, Сай-Талаа, Ара-Булак, Бөрү-Токой, Желе-Дөбө;
- Капчыгай айыл аймагы: Сары-Бээ (борбору), Кара-Таш, Терек-Суу, Ничке-Суу;
- Кеңеш айыл аймагы: Кеңеш (борбору), Пор;
- Карагуз айыл аймагы: Жаңы-Талаа (борбору), Алтын-Күрөк, Жетим-Дөбө, Калматай, Кара-Жыгач, Насирдин;
- Кара-Кочкор айыл аймагы: Кара-Кочкор (борбору), Ак-Кыя, Кашка-Жол, Сары-Булак;
- Кара-Кулжа айыл аймагы: Кара-Кулжа (борбору), Бий-Мырза, Биринчи Май, Сары-Камыш;
- Кызыл-Жар айыл аймагы: Кызыл-Жар (борбору), Кайың-Талаа, Коо-Чаты, Терек, Чычырканак, Күйөташ;
- Ылай-Талаа айыл аймагы: Ылай-Талаа (борбору), Сай, Шаркыратма, Жылкол, Сары-Таш;
- Ой-Тал айыл аймагы: Ой-Тал (борбору), Кондук;
- Сары-Булак айыл аймагы: Сары-Булак (борбору), Кара-Булак, Конокбай-Талаа, Кызыл-Булак, Сары-Күңгөй, Тегерек-Саз, Тогуз-Булак;
- Чалма айыл аймагы: Токбай-Талаа (борбору), Буйга, Беш-Кемпир, Орто-Талаа;
- Кашка-Жол айыл аймагы: Тоготой (борбору), Жаңы-Талап, Жийде, Октябрь, Ынтымак;
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Численность населения областей, районов, городов,поселков городского типа, айылных аймаков и айылов (сел) Кыргызской Республики (по данным айыл окмоту на начало 2020г.)
- ↑ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору, 10.06.2022
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
Кыргызстандын административдик бөлүнүшү | ||
---|---|---|
Баткен облусу | Баткен · Кадамжай · Лейлек | |
Жалал-Абад облусу | Аксы · Ала-Бука · Базар-Коргон · Ноокен · Сузак · Тогуз-Торо · Токтогул · Чаткал | |
Нарын облусу | Ак-Талаа · Ат-Башы · Жумгал · Кочкор · Нарын | |
Ош облусу | Алай · Араван · Кара-Кулжа · Кара-Суу · Ноокат · Өзгөн · Чоң-Алай | |
Талас облусу | Бакай-Ата · Кара-Буура · Манас · Талас | |
Чүй облусу | Аламүдүн · Жайыл · Кемин · Москва · Панфилов · Сокулук · Чүй · Ысык-Ата | |
Бишкек шаары | Октябрь · Биринчи Май · Свердлов · Ленин · Чоң-Арык ш.т.а · Орто-Сай айылы | |
Ош шаары |