Кыргыз композиторлору

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Композитор-музыкалык чыгармаларды жаратуучу адам. Алар музыканы кантип жаратат? Ар бир композитор, же акын, же жазуучу элдик оозеки чыгармачылыктан таалим-тарбия алат. Элдик обондордун, күүлөрдүн нугунда жомоктордун, эпостордун сюжеттеринин, темаларынын негизинде ондогон ар кандай жанрдагы чыгармаларды жазат.
Ар кандай музыкалык аспаптардын да теги элден тараган. Классик композиторлор элдик ырларды жазып алуу, иштеп чыгуу менен бирге операларына, симфонияларына ж.б. ар түрдүү жанрдагы чыгармаларына пайдаланышат. Кыргыз композиторлору да профессионалдык музыкабызда элдик чыгармачылыкты кеңири пайдаланышкан.

Малдыбаев, Абдылас[оңдоо | булагын оңдоо]

Абдылас Малдыбаев

Абдылас Малдыбаев (7.6.1906, Кара-Булак - 30.5.1978, Фрунзе, СССР) - биринчи кыргыз композитору, СССР эл артисти.

Малдыбаевдин портрети Кыргыз Республикаснын 1 сомдук банкнотасында чагылдырылган


Кыргыз профессионал музыкасына негиз салуучулардын бири, кыргыз совет композитору, ырчы жана артист Абдылас Малдыбаев 1906-жылы 7-июнда Кемин районуна караштуу Кара-Булак кыштагында туулган. Анын чыгармачылык иши 1922-жылы башталган. Алгачкы ырлары <<Акинай>>, <<Забойщиктер>> ж.б. эл арасына кеңири тарап, анын ысмын обончу катары тааныткан. 1936-жылы орус композиторлору В. Власов менен В. Ференин кыргыз жергесине келиши Абдыластын чыгрмачылыгынын өсүшүнө көмөкчү болгон. Ал 300дөй чыгармаларды жараткан. Анын айрым ырлары кыргыз ыр жанрына жаңылык катары кирүү менен элди эмгекти, мекенди сүйүүгө үндөгөн. Ал драма жана опера спектаклдеринде бир катар элестүү образдарды жараткан. Ал көптөгөн ролдорду аткарып, ар кыл мүнөздөгү каармандардын образын артисттик чоң чеберчилик менен көрүүчүлөргө тартуулаган.
Композитор В. А. Власов, В. Г. Фере менен бирге «Ажал ордуна» музыкалык драмасын, «Айчүрөк», «Патриоттор», «Манас», «Көл боюнда», А. Веприк, М. Абдраев менен бирге «Токтогул» операсын жана Кыргыз ССР гимнинин музыкасын жазган. М. В. Власов, В. Фере, М. Абдраев ж. б. композиторлор менен бирге контаталарды, вокалдык-симфониялык чыгармаларды жараткан. Ал драма жана опера спектаклдеринде бир катар элестүү образдарды түзгөн. Мисалы: «Алтын кыз» музыкалык драмасында Кузнецовдун, «Ажал ордунда» Бектурдун, «Айчүрөк» операсында Күлчоронун, «Айдар менен Айшада» Телтайдын, «Аршин мал алан» музыкалык комедиясында Аскердин, «Евгений Онегин» операсында Ленскийдин, «Токтогулда» Керимбайдын ролун аткарып, ар кыл мүнөздөгү каармандардын образын артисттик чоң чеберчилик менен ойногон.

Малдыбаев Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970),
СССР Жогорку Советинин депутаты (1937–46),
Ленин, Октябрь Революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Малдыбаевдин ысымы менен Кыргыз опера жана балет театры, Бишкек шаарынын бир көчөсү аталган.

Аманбаев, Акмат[оңдоо | булагын оңдоо]

Көрүнүктүү композитор Акмат Аманбаев 1920-жылы Нарын областынын Тянь-Шан районундагы Кара-Бүк деген жерде туулган. 1934-жылы Фрунзеге келип, жаңыдан уюштурулган туңгуч музыкалык техникумда окуйт. Бир жылдан кийин аны Москвадагы музыкалык окуу жайына жиберишет. Ал <<Алтын кыз>>, <<[[Ажал ордуна>]]> өңдүү тарыхый музыкалуу драмаларга дирижерлук кылат. Акматтын чыгармачылык өнөрүнүн өркүндөп-өскөн мезгили 1951-56-жж. Москвадагы консерваторида окуп жүргөн студенттик күндөрүнө тиешелүү. Ал В. Ференин классында окуп, композициялык факультетин бүтүрөт. Анын чыгармачылык диапозону кенен, майда жанрлардан тартып ири опера, симфониялык чыгармаларга чейин изин түшүрдү. Көпчүлүк чыгармалары эпикалуу келет. Анын 4 бөлүмдөн турган <<Бий сюитасы>> комуз күүлөрүнүн айрымдары пайдаланып, симфониялык өсүштө чегилген. Композитор А. Аманбаев музыкалык жанрдын бардык түрү боюнча өзүн сынап көргөн.


Давлесов, Насыр[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз совет дирижеру, композитор, педагог, доцент Насыр Давлесов 1929-жылы 15-мартта Кемин районуна караштуу Кара-Булак кыштагында туулган. Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, кыргыз ССРинин эл артисти, Москва консерваториясынын опера-симфония дирижер адистиги боюнча профессор А. П. Чугуновдун классынан окуусун бүтүргөн. 1958-62-жж. кыргыз мамлекеттик Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин дирижеру, 1962-жылы кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын дирижеру. Ал көптөгөн контата оркестр үчүн марштар, күүлөр, сүйүү жана потриоттук темадагы ырлар, романстар, хорлор, аспаптык пьесалар, балдар үчүн ырлар, кино жана циркке музыка жазган.

Молдобасанов, Калый Молдобасанович[оңдоо | булагын оңдоо]

Молдобасанов Калый

Кыргыздын атактуу композитору, дирижеру К. Молдобасанов 1929-жылы Нарын областына караштуу, Ак-Талаа районундагы Терек айылында туулган. Анын музыкага болгон сүйүүсү, талаптануусу эрте ойгонот. Айыл арасындагы ырчылардын, өзгөчө атасынын черткен күүлөрүн, ырдаган ырларын, айткан жомокторун берилүү менен угуп, аларды көңүлүнө бекем сактап калууга аракеттенет. Бул анын чыгармачылыгынын өсүшүнө соолбос булак катары кызмат кылды. Ал комузду жаштайынан үйрөнүп, көптөгөн элдик күүлөрдү чертет. Ал дирижер гана эмес, таланттуу композитор катары да белгилүү. Кыргыз совет профессионал музыканын классикалык үлгүсүн көрсөткөн жана музыкалык маданиятыбызды байыткан. Ондогон ырларды, аспаптык симфониялык чыгармаларды жазган. Анын чыгармачылыгында ыр жанры басымдуу орунду ээлейт.
Балдарга арналган ырлары жана аспаптык чыгармалары да арбын («Кыргыек», «Бак тигели», «Кызыл топ», «Жамгыр» жана башка). Элге кеңири маалым чыгармалары: «Гүлдө, Кыргызстан» (1964), «Шаңдан, Кыргызстан» (1974) кантаталары, «Биздин күндүн адамдары», «Достук», «Бактылуу жаштык» симфониялык сюиталары, «Кыздын ыры» (1963), «Жайлоодо» (1958), «Өрттөнсүн бозой жалынга» (1961), «Кел вальсы» (1969) ырлары жана башка. Алгачкы көлөмдүү чыгармасы «Куйручук» балети (Г. Окунев менен бирге) жаш композиторлордун бүткүл союздук конкурсунда сыйлыкка ээ болгон (1960). «Саманчы жолу» балет ораториясы кыргыз профессионалдык музыкасына жаңылык киргизген. Жер, дан, гуманизм, граждандуулук жөнүндөгү терең мазмундуу бул чыгарма эң жогорку баатырдык менен лиризмди, терең философиялык ой жорууларды музыка менен айкалыштырган. Ал Болгария, Чехия, РСФСРдын көп шаарларында коюлган. Анын катышуусу менен «Манас» (Власов, Малдыбаев, Фере, 1966), «Белгисиз солдат» (Молчанов, 1967), «Отелло» (Верди, 1968), «Борис Годунов» (Мусоргский, 1972), «Айчүрөк» (Власов, Малдыбаев, Фере, 1986) опералары жана «Асел» (Власов, 1967) балети коюлган. Анын «Маңкурт жөнүндө баян» (1990) балети чоң ийгиликке жетишкен. Кыргыз Республикасынын Гимнинин авторлорунун бири. Ал Москва, Ленинград, Алматы, Новокузнецк жана башка шаарлардын театр спектаклдерине да дирижёрлук кылган.

СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976)
Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1975-90)
СССР эл депутаты (1989)
Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», 3-даражадагы «Манас» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз совет энциклопедия. Фрунзе 1976,1977,1979-жылдар ISBN

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]