Манас

Википедия дан
Манастын балалык чагы‎»‎ барагынан багытталды)

Манас

Манас баатыр. Т.Герцендин "Манас" эпосуна тарткан иллюстрацияларына
Негизги маалыматтары
Туулган жери

Алтай

Каармандын мүнөздөмөсү
Жынысы

Эркек

Жумуш тармагы

Кыргыз элин коргогон баатыр

Багыты

Жакшылык

Үй-бүлөсү
Атасы

Жакып

Апасы

Чыйырды

Аялы

Каныкей жана Акылай

Балдары

Баласы Семетей
Небереси Сейтек

Адабиятта жана Маданиятта
Эпостордо

"Манас" эпосу

Касиеттери

Тайманбас эр жүрөк, о. эле аргымагы Аккула, тайганы Кумайык

Байланышкан каармандар

Алманбет, Бакай, Чубак, Сыргак, Көкчө, Жамгырчы, Үрбү-Таз, Музбурчак, Жети-Суудан, Санжыбек, Төштүк

МанасМанас эпосунун башкы каарманы. Кыргыз элинин эң улуу баатыры. Кыргыз урууларын бир кандыкка бириктирген баатыр. Манастын прототиби боюнча илимде ар түрдүү варианттар бар: 1. Барсбек;

2. Алп Сол;

3. Мухаммед Кыргыз.

Эпос боюнча Манас Жакып байдын баласы. Негизинен Манас баатырдын өмүр баяны эпостук окуялардан куралат

Манастын балалык чагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манастын балалык чагы — сюжеттеги болочок баатырдын өзгөчө сапаттарын алдын ала кабарлап турган маанилүү бөлүгү. Бул бөлүмчөдө баатырдын балалык чагынын алгачкы учуру жана турмушту таануунун башталышы сүрөттөлөт.

Манас ар мүчөсү адамдан башка жотолуу, күчү денесине сыйбаган балбан, жандуудан жазганбаган баатыр, айтканынан кайтпаган бек бала болуп чоңоёт. Күч-кубаты боюна сыйбаган Манас жанда жок тентек чыгат: бала көрүнсө тегерегине жыят, мазарды көрсө ыйык дебей кыят. Думана көрсө уруп, асасын тартып алып азапка салат, кожону көрсө коркутат, бир сабада кымызды колуна берсе бир жутат, доргону көрсө токмоктойт, жамбы тийсе колуна чака пулча токтотпойт. Бай Жакыптын бул уулу бир балакет кылат дешип айылдаштары ушак-айың кеп кылышат.

Болочок баатыр өзгөчө сапаттарга ээ болушу, өтө бат чоңоюп жанда жок тентек чыгышы кеңири белгилүү эпикалык салттык көрүнүш. Бул белгилүү варианттардын бардыгында бар. Радлов жазып алган вариантта Манас бешикте жатканда эле сүйлөп, жортуулга чыгам — дейт (болочок баатырдын бешикте, ал түгүл жаңы төрөлгөндө эле сүйлөшү да фольклордо кеңири жолугуучу сюжет). www.meatspin.com варианты боюнча Манас бешке чыкканча баспай бечел калат, жетиге жашы жеткенде ашынган тентек чыгат. Сегиз жашында жанына кырк баланы жыйып алып талаада ойноп жүрүшсө, сексен калмак бала келип, жалынса болбой кырк баланы токмоктойт. Койгула деген Манаска да кол салышат. Ачуусу келген Манас он эки калмак баланы жыга чаап өлтүрөт. Качкандарын кубалап бара жатканда Жакып жолугуп калып, түбүмө жетет экенсиң деп ачууланып үйүнө алып кетет[1]

Манас баатырдын алгачкы эрдиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас баатырдын алгачкы эрдиктери — сюжеттин өнүгүшүндөгү окуялардын чиелениши, бутактанып өнүгүүсүн шарттаган баскыч.

Жакыптыкына барган Ошпур Манастын баш бербегендигин айтып, балаңарды алгыла деп өтүнөт. Зарлап жүрүп көргөн жалгыз баламды калмактардын калың жерине таштап койбой алып кел, тентек өскөн немеден санаам тынбады деп Чыйырды да наалыш кылгандыктан, Жакып Ошпурдукуна барып, уулун ээрчитип кайра тартат. Жолдо жылкылары жатчу Ак-Өтөктөн уюлгуган чаңды көрүп, карап калган Жакыптын жанына жылкычы башчысы Ыйманкул келип жер коруган калмактар жылкыларды кубалап жүргөнүн айтат.

Жакыпты көрүп жетип келген калмактар тегеректеп алып, ага кол салышат. Ыймандын колундагы укуругун ала коюп, Манас калмактардын башчысы Кортукту чокуга чапканда, башы жарылып, ал жан берет. Дагы бир нече калмакты аттан түшүрө чаап, качкандарын кууп жөнөгөндө Манас калмактардын айлына кирип барбасын деп чочулаган Жакып артынан жетип, баласын токтотот. Айланайын каралдым, алды-артыңды кара, бул жерде сенин кызырлуу кыргыз элиң жок, булар көп, сен азсың, балтыр этиң толуп, баралыңа келгенде өчүбүздү аларсың, азыр ээликпе, башчысын сойдуң, башкаларына катылба. Өлгөн калмактын кунун берип кутуларбыз деген атасына уулу: жөн эле корко бербечи, кун дегениң эмне? — дейт. Кун деп санап мал алат, ал салган малына көнбөсөң бул жердеги аз кыргыз чабылат. Акыры өзүңдү өлтүрүп тынат — деп түшүндүрөт атасы. Жаш баланын ачуусу келет: өзүлөрү кол салбадыбы, кун бербеймин, бирөөдөн коркуп, корголоп жүрүп жан сактабай эле койдум. Деги сенин түбүң ким? Бала атасынан тегин сурады. Жакып уругу кыргыз экенин, чоң атасы Ногой көп жерди башкарып турганын, анын көзү өткөндө Эсенкан жиберген көп кол элди чаап, Ногойдун балдарын туш-тушка айдаганын айтып: туугандарың чачылган, элиң алыста араң жүргөндө минтип сен эр өлтүрүп карыган кезимде курубадымбы — деп, кейийт. Манас байкабай жаман иш кылган экемин деп өкүнүп, не кыларын билбей шашып, оюна баягы кыйынчылыкта жардам беребиз деген кырк кишини алат. Көрүнөр бекен деп эки жагын элеңдеп карап турганда нарытан кызыл байрак көтөргөн кырк киши чыга келет. Аларды көрүп кубанып кеткен Манас каткырып күлүп, тигилерди утурлай жүрөт. Эмнеге күлгөнүн сураган атасына жооп бербей, алаксып, тиги келген кишилерге учурашып, мурда сүйлөшүп таанып калганы менен сүйлөшкөнгө кирет. Кырк чилтен Жакыптын көзүнө көрүнбөгөндүктөн, ага баласы өзү менен өзү сүйлөшүп жаткан сыяктуу сезилет. Чилтендерге Манас калмактар өзүлөрү катылганын, чаап жиберсе бирөө өлүп калганын, атасы кайгырып жатканын баяндайт. Алар өлгөн калмактын уулу өзүңө жолдош болот, кайгырбагын, көзүңдү жум дешет. Манас көзүн жумса көп аскер көрүнөт. Чилтендерден бул аскерлер кимдики экенин сураса алар сеники дейт. Аскерлердин алдында турган адамдын аты Бакай, ага эң жакын киши экенин айтат. Манас көзүн ачса атасы жок, ал коркуп качып кетиптир. Манас Ыйманды чакырып, жылкыларды калмактардын корук жерине жайдырып жиберет. Өзү менен өзү сүйлөшүп эле жинди болуп калды деп баласынан түңүлүп, үйүнө барган Жакыптын сөзүнө кайгырып санаасы тынбаган байбиче жол караса эч нерсе көрүнбөйт. Жакыпка нааразы болгон Чыйырды баласын издеп жөнөйт. Жайылган жылкынын четинен Манасты көрөт. Баласы энесинен жай сурайт. Ал жер коруган калмактан бир канчасы өлдү, балам сөзүмдү укпай жинди болуп калды деп апкаарып, атаң үйгө барды, ошон үчүн шашып келдим, ай-талаада эмне бар, үйгө кетели дейт. Калмактар келип калса өз жаныңарды сактагыла, жылкыны ала беришсин тим койгула деп жылкычыларды калтырып, энесин ээрчитип, Манас үйүнө жөнөйт. Бая өлгөн Кортуктун сөөгүн алганы төө жетелеп келген жети калмак алардын жолунан чыгат. Тарбын дегени баланы таанып, Кортукту өлтүргөн бала ушул экенин жолдошторуна айтат. Калмактар баласы менен энесин кармап кетмек болушуп, экөөнү ортого алат, Чыйырдынын чылбырына кол сунуп, Манастын колуңду тарт, катылба дегенине болбой энесинин атын чылбырдан алып жетелемек болгон калмакты далыдан кармап көтөрүп туруп бири-бири менен урганда анысы Тарбынга катуу тийип жан берет. Катыла албай качып жөнөгөн калмактар бурут бала дагы бирди өлтүрүп салганын айтып айлына барышты. Баласын ээрчитип үйүнө келген байбиче Жакыпка көргөн-билгенин баян этти. Кызыталак калмактар, мага кызыккан экен! Кыргыз дагы кыйла журт, кырылышып көрөйүн, кырк миң жылкым бар экен, кызматына бөлөйүн — деп, бай Жакып ачууланып кайратына келди. Айлыбыздан эр өлдү, кун алууга жардамдашкыла — деп манжулуктар канатташ жашаган алтайлык калмактарга кабар бергенин, кырк үйлүү кыргызды чаап алганы жатканын Саламаттын иниси Сарбан Жакыпка айтып келет. Жакып да бөөдө өлүп калбайлы, камданышсын деп көңүлү жакындарына, айлына, алакалашып турган казак, найман, коңурат урууларына кабар айттырат. Кабар уккандар Жакып кадырлуу бай эле, талатып ийип тим жатып алганыбыз болбос — дешип, беш жүз жигит жардамга аттанышат.

Кун алмакка чогулган үч жүз манжулукка алтайлык калмактардан келген төрт жүзү кошулуп, эртеси таң менен аттанып, Жакыптын айлын бет алып келе жатышып, Кайыңдуунун өзөнүндөгү көп жылкыга кабылышты. Алтайлык калмактар бу да Жакыптын малы, баарын бизге буюрган экен дешип көп жылкыны көңтөрө тийип жөнөштү. Манжулуктун айыл башчысы Атакул алтайлыктардын ээнбаштыгына теригип, эби менен алалы, кундун да ээси болот деп жүйө сөз айтса, олжого кызыккан беркилер айып алгандыкы, кун куугандыкы, баарын жеп кетебиз — деп мойноп болушпайт. Арадан чатак чыгып, алтайлык менен манжулук эки жаат болуп кармашып калышат. Кабар угуп, кун алабыз деп Алтайдан келген дагы эки жүз киши кошулуп, алтайлыктар көбөйүп кетип, манжулуктарды сүрүп, малын талай баштайт. Айылына коргологон манжулуктун катын-балдары колдоруна канжар, бакан, бычак алып коргонуп шайы кетишти. Өлгөн Кортуктун уулу Шакум «өз кордугун көргөнчө жат кордугун көрөйүн, бакылга башым бийлетпей, акылдуу менен өлөйүн” — деп жардам сураш үчүн Жакыптын айылын көздөй жөнөйт. Айлынан чогулган алтымыш адамы менен таң ата аттанган Жакып Бадалдуунун оюна келип, алыстан көп кошундун караанын көрүп токтоп калган эле. Аңгыча алардын жанына келген Шакум бала: алтайлыктардан көп кол келип, айлымды талап жатат, жылкыңды бүт айдаганын ченеп ал десем Жакыпка болушасың деп өзүмө кол салды, ажыратып ал, айылдаш конуп, эл болоюн дейт. Жакыпка жардамга аттангандар да жете келишип, Жакыптын колу жети жүз сексен адамга толду. Чогулгандарга Жакып Шакум баланын өтүнүчүн айтып, манжулуктарды куткарып алууну бардыгы кубатташты. Урушсак го ушуну алабыз, бирок, ураанды ким деп салабыз? — деп көпчүлүк токтой калганда «Манас!», «Манас!» деп ураан салып, кула атына камчы уруп Манас бала элден бөлүнүп калмактарга ат коюп жөнөдү. Эл «Манастап» ураан чакырып, анын артынан жапырт агылды. Манас жоого аралашып, жеткен эле жерде алтайлыктардын башчысы Домабыл баатырды ыргыта коюп жайлады эле, айбатына такат кыла албай калгандары ат соорусун салып качып калышты. Куугундун эң алдында жеткенин жайлап жаш Манас барат. Куугандар жеткендеринин көбүн кыйратышты — алтайлыктардан төрт жүз он үч киши өлүм болду. Жоону түштүк жерге сүрүштү. Баласынан чочулаган Жакып Манасты токтотуу үчүн артынан кууп, асый эмес бышты, астына элдин түштү, чарчабаган бул доңуз, кандай жылкы күчтүү — деп баласы минген кула атты тилдеп, Артыштын сары кайкаңдан баласына жетип, аны токтотту.

Манас токтоп калган соң, алтайлыктарды андан ары кубалаган адам болбоду. Кол кайра тартып, манжулуктардын айлына чогулушту. Согушта өлгөндөрдүн жакындарына кайрат айтышып, Жакып жылкысынан айдатып келип, мурда өлгөн эки адам менен кийинки өлгөндөрдүн тууган-уруктарына бөлдүрүп берди. Силерге журт бололу, тууган кылып алгыла — дешкен манжулуктардын өтүнүчүн кабыл алып, мурда жоолашкандар жарашып, бир журт болушту, жаңы туугандарга атасы өлгөн Шакум баланы бий көтөрүштү. Кийинкилерге анын уругу каратоко, өз аты Мажик аталып калды. Жардамга келгендерди Жакып айлына ээрчитип барып, конок кылып, эртеси аксакалдарына ат мингизип, аягына тон кийгизип, узатты.

Баатыр өмүрүндөгү негизги иши делген чоң эрдикти жасоодон мурда балалык курагы менен өспүрүм кезинин аралыгында майда согуштарга катышып, алгачкы эрдик иши менен көзгө көрүнүшү баатырдык эпостордун сюжетиндеги туруктуу окуялардан. Чыгарманын көлөмүнө, мазмунуна ылайык алгачкы эрдиктердин мүнөзү да түрдүүчө болушу мүмкүн. «Манас» эпосунда бул белгилер бир канча майда окуялар менен чакан согуштардан турат: алтайлык калмактар менен болгон согуш; Эсенкан жиберген соодагер тыңчыларды жайлоо, Нескара менен болгон согуш: он бир дуу-дуунун балбандарынын келиши жана башкалар Сюжеттин өнүгүшүндө татаалданышында гана эмес, чыгарманын башкы идеялык багытынын калыптанышы менен ачылышында баатырдын алгачкы эрдиктери сүрөттөлгөн окуялар менен согуштардын мааниси чоң. Майда уруулар менен элдердин биримдешүүсүнүн бир чоң согуштук союзга биригүүсүнүн белгилүү бир баскычы катары кызмат кылат.

Баатырдын балалык, өспүрүмдүк учурунун качан бүтөрү жөнүндө так чек жок. Салт боюнча баатыр эрезеге жеткен курак катары он эки жаш эсептелет. Айрыкча кан шайланышы күч-кубат гана эмес, акыл-эси боюнча да эл башында турууга жарактуу болгон учур катары эсептелет. Баатыр кан шайлаганга чейинки окуяларды бүт шарттуу түрдү балалык өспүрүм курактарда иштелген алгачкы эрдиктер катары кароого болот.

Радлов жазып алган вариантта бул темага арналган системалуу окуя жок. Айрым маалыматтар гана берилет. Манас он жашында ок атып, он төртүнө чыкканда ордо чайкап кан болгону айтылат. Ошондой эле:

Алтымыш айгыр, жүз кунан

Айдап жеди Кокондон,

Сексен байтал, миң кымкап

Жеткизип алды Букардан.

Кашкардагы Кытайды

Турпан айдап чыгарды,

Турпандагы кытайды

Аксы айдап түшүрдү (Радлов жазып алган вариант, 157) делет. Бул саптардагы Кокон, Турпан, Аксыда Манастын согуштары, алым алганы жөнүндөгү маалымат баатыр алгачкы эрдиктерин көрсөткөн окуялардан кабарлап турат деп эсептөөгө болот. Бирок Манас он төртүндө кан болгону мурда айтылып, Кокон менен Букардан салык алып, Кашкар менен Турпандагы кытайларга каршы согушканы кийин келтирилгендиктен, кан шайлангандан кийинки иштелген иштер болушу да ыктымал. Эпикалык салттардын талаптары сюжеттин мындай түрдө өнүгүшүн да жокко чыгарбайт. Буга «Манастын» негизги варианттарынын айрымдарындагы сюжеттик өзгөчөлүктөр да далил.

Эпостун алгачкы окуяларындагы, айрыкча негизинен «даяр» сюжеттик курулмалар кеңири пайдаланылган баатырдын төрөлүшүн шарттап, өзгөчө сапаттарын алдын ала кабарлап турган белгилер сүрөттөлгөн бөлүмдөр Сагымбай Орозбаковдун варианты менен Саякбай Каралаевдин варианты бири-бирине көп учурларда жакын болгону жана сюжеттин өнүгүш этаптары жалпысынан туура келгени менен Манас иштеген конкреттүү иштер сүрөттөлгөн окуялар эки манасчыда бири-бирине төп келбейт, баатырга ар бири өзүнчө иш иштетет, окуяларды өз алдынча өнүктүрүшөт. Сюжеттин системасына кирген окуялардын мааниси, көлөмү ар вариантта ар түрдүү болушу жана аларды темага бөлүүдө бири-бирине толук туура келе бербеши ыктымал. Сөз болуп жаткан эки негизги варианттын окуяларынын темаларга бөлүнүшү белгилүү деңгээлде шарттуу. Негиз катары алынган Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы сюжеттин өнүгүшүнө ылайык берилген темалар кээде Саякбай Каралаевдин вариантындагы сюжеттин өнүгүшүнө туура келбей, кээде биринде бар окуя экинчисинде жок, же башка темада берилген жана башкалар. Буга баатырдын алгачкы эрдиктеринин сүрөттөлүшү да далил. Бирок сюжеттин жалпы кабыл алынган башкы нугу жана ушуга ылайык чоң-чоң эпикалык темаларга бириктирилген салттык туруктуу өзөк окуялар эки вариантта тең сакталат.

Саякбай Каралаевдин вариантында баатырдын алгачкы эрдиктери төмөнкүчө айтылат: Ошпур Жакыпка келип баласын алып кетишин өтүнөт. Жакып Ошпурдукуна барып Манастан койду эмне үчүн көп кырдың десе, баласы ээсиз малды көп жыйып эмне кыласыз дейт. Жакыптын көп малы корук жерди жеп койду деп угуп калмактын балбаны Кочку жети жүз колу менен келип калат. Балаң Манасты бер, Эсенканга айдап кетем деп Жакыпты опузалап Кочку жылкы тиет. Манас кырк бала жолдошу болуп калмактарды бүт кырып салат. Тагылык аттуу калмак гана качып кутулуп, аны Манас көрбөй калат.

Шапак Рысмендеевдин варианты, Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, ТМВда бул окуялар Сагымбай Орозбаковдун вариантында жакын планда берилет.Багыш Сазановдун вариантында айтылбайт.

Манастын кан шайланышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манастын кан шайланышы — эпостун бардык белгилүү варианттарында бар туруктуу сюжеттердин бири, салт боюнча баатырдын балалык, өспүрүм курагынын бүткөн чеги катары эсептелет, сюжеттин орчундуу түйүнү.

Жакыпка канатташ жашап, ынтымагы бир жамаатташ болгон Алтай тоосунун арасындагы казак, кыргыз, алчын, үйшүн, найман, аргын, маңгыл урууларынын белдүү, белгилүү адамдары Жайсаң, Күлдүр, Калдар, бала Мажик, Дөгөн кары, Айдаркан, кыпчактардын Таз чечен, нойгут Акбалта, тотудан Токтобай, лөкүштөрдүн Өмүрзагы чогулуп жыйын курушту. Жакып жыйынга: түбүнөн жоолаша жүргөн Эсенкан баш болуп, жообуз көбөйүп кетти.

Беймарал жатып, бир күнү каптап келген жоодон кыргын таап, кырылып калбагандай бололу. Зордукчу келсе каяша кылып, каршы турганга ылайыктуу бирөөнү кан көтөрүп алалы. «Башчысы болбой марыбайт, баш-аламан жарыбайт» деген оюн айтты. Чогулгандар Жакыптын сөзүн кубатташты. «Кана, чыгым тозор жандан, калп айтпаган чындан, казатка чыгар тыңдан, өткүр чечен тилдүүдөн, өкүмөт жөнүн билчүүдөн бириң кан болууга чыккыла дешсе, кан боломун калкка, кандай да болсо чыдаймын калк башкарган наркка», — деп бел байлап чыккан адам болбойт, журт тунжурап калат. Аңгыча баягы салбырынга барган балдар: камалышыңар кандай, силерди билбейбиз, биздин каныбыз бар. Чеге минген боз быштыны талаада союп, Манас деген баланы кан көтөрүп алганбыз. Биз көтөргөн кан силерге туура келеби дешет. Айтса, айтпаса төгүнбү, Манастын кан болору жөн деп, көпчүлүк дүңгүрөп кубаттап кетишти. Кимдин өкүнүчү болсо, же ким аны кан кылбайт элек дечүлөр ушул көпчүлүктүн алдында азыр айткыла. Бүгүн кандыкка атап коюп, арманы ичте калып, эртең калба салчулар чыкпасын деп, Акбалта журтка кайрылды. Мен нааразымын деген адам болбоду. Талаада бир ат сойдум эле деп өз напсиме тартпайын, токонаалатка калгым келбейт. Бул жерде казак, кыргыз, калмак, маңгул, каңгай, тыргоот мыктылары турасыңар ылайыктуу адамдардан бел байлаганы болсо ошону шайлагыла, мени жөн койгула деп Манас элге кайрылды. Тургандар өзүң эле ылайыксың деп чуулдашты. Алты кулач ак кийизге отургузуп, жыйынды жети айлантып Манасты кан көтөрүштү. Кан өкүмүн колуна берип, башына жыгалуу бөрк кийгизишти. Кандуу журт болдук дешип чогулгандар каниет алышты. Жакын токсон бээ союп, тогуз күнү той берди.

Радлов жазып алган вариантта Манас он төрт жашка чыкканда ордо чайкап кан болгону кыскача эскерилет. Саякбай Каралаевдин вариантында кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенден кийин Алоокени жеңген Манас кан шайланат. Шапак Рысмендеевдин варианты, ТМВ, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында бул окуя Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын сюжеттик нукта айтылып, Манас Алтайда эле кан болот.

Манастын [[Жолой|Жолойду]] жеңип, чайын олжологону — варианттардын көбүндө бар туруктуу окуя. Эпикалык душмандын белгилүү балбан, баатырларынын бири Жолойду башкы каармандын ишине аралаштыруучу түйүндүн милдетин аткарат.

Балбандары Манастан кордук көрүп кайра келгенден кийин он бир дуу-дуу камданып, жүз он миң кол топтоп, Манасты чаап келүүгө Алтайга жөнөшөт. Ошол учурда Манастын туш-тушка койгон кароолдорунун бири Жолой Манжуриядан тогуз жүз төөгө чай жүктөп чыкканын билдирет. Манас тосо барып урущуп, жекеде Жолойду жарадар кылып качырып, чайын олжолоп алып, элге таратат. Атынын күлүктүгүнөн качып кутулган Жолой Дагалак шаарынын каны Кырмус шаага арызданып барат. Көп аскер Манасты чапканы кеткенин айтып, Кырмус Жолойду жубатат.

Жазуу учурунда кеткен кемчиликпи, же башка себеби барбы, эпизоддо бүтпөгөндүк байкалат. Жолойдун кайда, эмнеге барганы, чайды кайда алпаратканы белгисиз. Окуянын толук иштелген түрдөгү үлгүсү Шапак Рысмендеевдин варианты менен Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында берилген. Молдобасан Мусулманкуловдун варианты боюнча Манастан тынчсызданган Эсенкан калмактан өзгөчө балбан Жолой чыкты деп угуп, кашына чакыртып алып, алың келсе Манасты кармап, чамаң жетпесе жакшылап чендеп-байкап кел деп тогуз жүз төөгө чай жүктөп, жүз балбан кошуп берип жөнөтөт. Аларды Манастын кароолчулары көрүп, кабар беришет. Окуянын андан наркы өнүгүшү Сагымбай Орозбаковдун вариантына, Шапак Рысмендеевдин вариантында Молдобасан Мусулманкуловдун вариантына жакын айтылат. Радлов жазып алган вариантта Көкөтөйдүн ашында Коңурбай Мааникерди сурап зордук кылып чыр чыгарганда Манас Жолойду токсон төөгө жүктөлгөн чайын тартып алганын эскерет.

Саякбай Каралаевдин вариантында атайын окуя катары айтылбаганы менен Манас менен Жолой беттешкен учурлар да Манас Жолойдун чайын тартып алганын, же Жолой чайын Манаска тарттырганы эскерилет.

Манастын Таласка көчкөнү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манастын Таласка көчкөнүКөзкамандар окуясынын ичине кирип, Манаска туугандарынын дагы бир кастыгын баяндаган сюжеттеги өзүнчө бутак.

Манас элин чогултуп алып кыргыздын жер ортосу Таласка көчсөм кандай дейсиңер? — деп кеңеш салат, чогулгандар анын Таласка көчүшүн туура табышат. Байжигит элге кайрылып Алтайга кайра көчүп кетүүгө уруксат сурап, ошондой эле анын өтүнүчү да канаттандырылат. Манас Таласка көчүүгө камдана баштайт. Байжигит элден бата алуу үчүн ажыраш аяк той бермек болуп акылдашканы Манаска келе жатса алдынан Шыгайдын уулу Жапак чыгып, тойго кытайларды да чакырышын талап кылып, Алтайдан келген кыргыздар мени тоготпой, Манасты улук көрөсүңөр деп опурулат. Жапак Манас менен эки ата өткөн тууган (Шыгай Ногойдун иниси), ал Коңурбай менен бирге өсүптүр. Кытайды тойго чакырса Коңурбай келип Манасты өлтүрүп, бийликти мага алып берсе деген үмүтү бар экен. Байжигиттин Манас элди эл кылып бириктирди, экөөбүзгө тең тууган деген жүйөөлүү сөзүнө болбой, Жапак тоюңа кытайларды чакырбасаң айлыңды чаап алам деп кекетет. Ачуусу келген Байжигит колуңдан келгенин аяба дейт, бирок, Манаска барып арызданды деп күпүр кеп кылар деп намыстанып, кайра тартып айлына кетип калат. Тоюна калмак-кытайларды да чакырмай болгон Байжигит Жапакка өчөшүп кытайларга кабар айтпай, айланасындагы элди гана тойго чакырат. Жапак Алымбеке дегенин камданып келсин, мен жардам берем, Манасты жайлайбыз деп айттырып, Коңурбайга жиберет, кабарчы барганда Коңурбай үйүндө жок экен. Алымбекенин айткандарын уккан Алооке Жапакты шылдыңдап күлөт да, азыр Манаска ал жетпейт, андан көрө Жапак Манасты кытайларды чаап алалы деп азгырып чыксын, эли-жеринен узап, кытай жерине барганда Жапак ичинен чыкса, Коңурбай сыртынан беттесе экөөлөп балким жеңер дейт. Байжигиттин тою башталып, көп эл чогулат. Алоокеге нааразы болгон Жапак ал коркуп келбесе, өзүм эле жараймын — деп күүлөнүп өз алдынча камдана баштайт. Элин бөлөк кондуруп, жигиттерин, туугандарын шайлантып коёт да, элдин көзүнчө Манаска бой бербей койсом эл мени билип калбайбы да, кийин Манасты өлтүрсөм мен кан болбогондо ким болмок эле деп ойлойт. Чыр чыгаруу үчүн тойго келген элдин сакалдуу-көкүлдүүлөрүн, мыктыларын бүт сөгүп тилдеп чыгат. Алоокенин ордун басымыш болгон сенсиңби? — деп Көкөтөйдү камайт. Атасына тил тийгизгени үчүн Бокмурун камчы менен эсин оодара чапканына да болбойт. Тойго чакырып алып, Манас тууганына сөктүргөнү эмнеси деген элдин нааразылыгы Манаска да жетет. Ал Жапактын бул эмнеси мен барып билип, чоң атам Шыгайга кол берип келейин деп аттанат. Камсыз начар ат менен бара жаткан Манасты Каныкей токтотуп, сууту канбай жатат, чабыла турган Аккула тердесин ошону минип, жүгү жеңил болуп калбасын курал-жарагыңды алып, жоо кийимдериңди кийип ал — деп алдап мурда Жапактан шекшиген Каныкей камдантып аттандырат. Шекшинген Бакай да Манас менен кошо жөнөйт. Шыгайдын айылына жакындаганда Жапак туугандары, жигиттери менен ат коюп, Манаска жабылышат. Тууганына кол кайырбаган Манасты коргоп, Бакай алар менен чабыша кетет. Кокустан келип уруштун үстүнөн чыккан Көкчөкөз Манаска болушуп Жапакты өлтүрөт. Кабар жетип Шыгайдын айлына ат койгон кырк жигитти Бакай токтотуп калат. Сакалдуулардан калыстар чогулуп келип, Манас өлгөн туугандарын урмат менен көмөт. Той улантылып, түрдүү тамашалар, ат чабыш болуп, Аккула чыгып келет. Той тарап, Байжигит Алтайга, Манас Таласка көчөт. Таласка келип жайланып, кыргыздардын туш тарабы менен кабарлашып тынч жатып калат.

Бул окуялар Радлов жазып алган вариантта жок. Саякбай Каралаевдин вариантында да айтылбайт. Башка манасчылардан Шапак Рысмендеевдин вариантында Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Жапактын өлүмү бар, бирок чыр Көзкамандарга арналган той учурунда Айгандан алган олжону талаштан чыгат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4чубак алманбет
  1. "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4