Мөмө өстүрүү

Википедия дан

Мөмө өстүрүү - Өсүмдүк өстүрүү тармагы.

Мөмө, жер-жемиш жана жаңгак алуу максатында атайын бөлүнгөн жерде же короо участкасына мөмө өсүмдүктөрү отургузулат. Мөмө, жер-жемиш жанa жаңгак — баалуу азык-түлүк. Аларда кант (фруктоза, глюкоза, сахароза), май, орг. кислота, минерал зат, түрдүү ви­тамин ж. б. көп. Жаңгакта мындан тышкары сапаттуу 15—22% белок бар. Мөмө-жемиш менен жаңгактан кыям, компот, повидло, мармелад, шарап, спирт ж. б. жасалгандыктан аларды жыл бою тамак-аш катары пайдаланууга болот. Бир кыйла мөмө- жемиш өсүмдүгү шаар менен кыштактарды көрктөндүрүүдө колдонулат.

Мөмө өстүрүү — өсүмдүк өстүрүүнүн байыркы тармактарынан. Мөмө менен жер- жемиштин мекени — Түш.-Чыгыш, Алдыңкы жанa Орто Азия, Закавказье, Жер Ортолук деңиз жээги. Вавилония менен Ассирияда (б. з. ч. 3 миң жыл мурда), Кытайда (2 миң жыл), Индияда (2 миң жылга жакын), Крымда (700 жыл), Греция да (б. з. ч. 400—300 жыл мурда) болгон. Алма, алмурут, кара өрүк, шабдаалы, анар ж. б. 4 миң, чие, алча жанa лимон 2 миң жылдан ашык убактан бери колдо өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.