Папуа (австралия аймагы)

Википедия дан
Папуа
англ. Territory of Papua

Британ колониясы
1884 — 1949



Желек Герб
Борбор калаа Порт-Морсби
Башкаруу формасы Конституциялык монархия

Папуа аймагы (англ. Territory of Papua) — Жаңы Гвинея аралынын түштүк-чыгыш бөлүгүн ээлеген Британ колониясы, XX кылымдан тартып Австралиянын колониясы. 1949-жылы Австралиянын Жаңы Гвинея аймагы колониясы менен бириктирилип, Папуа-Жаңы Гвинея аймагы түзүлгөн.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Археологиялык далилдер көрсөткөндөй, адамдар Жаңы Гвинеяга кеминде 60 000 жыл мурун келишкен. Меланезиялыктар таштын куралдарды жасашкан жана айыл чарбасы менен алектенишкен.

XVI кылымдын башында Тынч океандын түштүгүндө сүзүп жүргөн португал жана испан саякатчылары Жаңы Гвинеянын сууларына жеткен, 1526-27-жылдары Хорхе де Менезиш жергиликтүү тургундар «Папуа» деп атаган аралга туш болгон.

1545-жылы испаниялык Иньиго Ортис де Ретес аралдын тургундары менен Африканын Гвинея аймагында жашагандардын ортосундагы окшоштугун көрүп, аралды «Жаңы Гвинея» деп атаган. Европалыктар бул арал ачылгандан кийин бир нече кылым бою аралдын ички аймагы жөнүндө маалыматтарды билген эмес[1].

Басып алуу (аннекция)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1883-жылы Квинсленд штаты Жаңы Гвинеянын түштүк бөлүгүн басып алган. Аннексиядан кийинки Британиянын желеги көтөрү аземи.

1883-жылы Квинсленд штатынын премьер-министри Томас Макилрайт, Терсди аралынын полиция кызматынын башчысы Генри Честерге (1832-1914) Порт-Морсбиге барып, Жаңы Гвинеянын чыгыш бөлүгүн аннексиялап алууну буйруган[2][3]. Германиянын аймакты аннексиялаганга кызыкдар болгонунда тууралуу маалыматтар бул кадамга баруунун себеби болгон. Бул туралуу маалыматтарды «Allgemeine Zeitung» немис тилдүү гезитиндеги макаладан окууго болот[2][3].

Терсди аралынын полиция кызматынын башчысы Генри Честер 1883-жылдын 4-апрелинде аннексия боюнча жарлык чыгарган[4], бирок Британ империясынын Өкмөтү аннексияны жактырган эмес[5]. Британ империясынын колониялык катчысы Эдвард Генри Стэнли Квинсленд Өкмөтүнө жазган катында мындай иш-аракет Квинсленддин Британ колониясы катары конституциялык ыйгарым укуктарынан тышкары экендигин баса белгилеген[5].

1884-жылы 6-ноябрда Австралиянын колониялары каржылык колдоо убадасын бергенден кийин, Британиянын протектораты болуп калган. 1888-жылдын 4-сентябрында протекторат Британияга кошулуп, айрым коңшу аралдар менен биргеликте Британ Жаңы Гвинеясы деп аталып калган. 1902-жылы Папуанын британиялык бөлүктөрү Австралиянын жаңы Шериктештигинин курамына өткөн. Папуа актысы 1905-жылы кабыл алынгандан кийин, бул аймак расмий түрдө Папуа аймагы деп аталып, Австралиянын башкаруусу расмий түрдө 1906-жылы башталган[6].

Жаңы Гвинеянын түндүк бөлүгү 1884-жылдан тартып Германиянын көзөмөлүндө болгон, ал эми 1899-жылдан тартып Германиянын Өкмөтү тарабынан Германиянын Жаңы Гвинея колониясы деп эсетелип, Кайзер Вильгельмдин жери деп аталган. 1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда, Австралия 1914-жылдын 11-сентябрында Кайзер Вильгельмдин жерине аскердик экспедициялык күчтөрүнүн 2000 ыктыярчысы менен басып кирген. Бир нече жолу кагылышуулардан кийин австралиялыктар Германиянын колониясын басып алууга жетишкен. 1919-жылы Версаль тынчтык келишиминин негизинде Германия Жаңы Гвинеясы Австралияга өткөрүлүп берилип, ал Жаңы Гвинея аймагы деп аталып, Австралиянын курамына кирген.

II дүйнөлүк согуш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тынч океандагы согуштук иш-аракеттер башталгандан көп өтпөй, Жаңы Гвинея аралына Жапондор басып киришкен. Папуа согуштун натыйжасында аз жабыркаган аймак болгон. Папуа аймагы аралдын түштүктө жайгашкандыгы жана түндүгүндө жайгашкан Оуэн-Стэнли кырка тоолору жапон аскерлеринин чабулунан табыгий коргоо болгон. Согуш учурунда жарандык башкаруу токтотулуп, эки аймакта тең (Папуа жана Жаңы Гвинея) аскердик абал киргизилген.

Австралиянын аскерлери Папуанын Милн булуңунда. Австралия армиясы 1942–жылдын август-сентябр айларындагы Милн булуңундагы салгылашууда II дүйнөлүк согушта жапон империясынын армиясын биринчилерден болуп жеңген.

Жаңы Гвинея менен биригүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

II дүйнөлүк согуштан кийин Папуа жана Жаңы Гвинея актысы боюнча 1949-жылы Папуа жана Жаңы Гвинея аймактары бир аймак катары бириктирилген. Бирок Австралиянын жарандыгы үчүн аймактар бирикенине карабастан, эки аймактын ортосунда айырмачылыктар сакталган[7]. Бул кабыл алынган акт боюнча жаңы аймакта Мыйзам чыгаруу кеңешин (1951-жылы түзүлгөн), сот системасын, мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү башкаруу системасын киргизүү каралган[1].

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Carol A. Foley. The Australian flag: colonial relic or contemporary icon? — Federation Press, 1996. — С. 81—82. — ISBN 1862871884(англисче)

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 U.S. Relations With Papua New Guinea (АКШнын Папуа-Жаңы Гвинея менен мамилеси жөнүндө маалыматтар) (англисче)
  2. 2.0 2.1 The Annexation of New Guinea (Жаңы Гвинеянын аннексияланышы) (англисче)
  3. 3.0 3.1 Queensland's annexation of Papua: a background to Anglo-German friction (Квинсленддин Папуаны аннексиялашы: Англия менен Германиянын ортосундагы чыр-чатактардын чыгышы) (англисче)
  4. Whittaker, J. L.; Gash, N. G.; Hookey, J. F.; Lacey, R. J., eds. (1975). Documents and Readings in New Guinea History: Prehistory to 1889. Milton, Queensland: Jacaranda Press. p. 445. ISBN 0 7016 8176 4. (англисче)
  5. 5.0 5.1 The ties that bind: the Australia-PNG relationship (Австралия менен Жаңы Гвинея мамилелери) (англисче)
  6. Australia takes control of Papua as an ‘external territory’ (Австралия Папуаны "тышкы аймак" катары көзөмөлгө алышы) (англисче)
  7. Passport Manual - Publications - Australian Government Department of Foreign Affairs and Trade (Паспорттук колдонмо. Макала. Австралиянын тышкы иштер жана соода департаменти) (англисче)

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]