Telegram

Википедия дан

Telegram - тексттик билдирүү жана түрдүү форматтагы медиафайлдар менен алмашууга мүмкүндүк берген смартфон жана башка түзмөктөр үчүн түзүлгөн бекер кроссплатформалык мессенжер. Жыл сайын 12 млн АКШ доллары өлчөмүндө Павел Дуров тарабынан каржыланган АКШ жана Германиядагы бир нече компаниянын кубатында иштеген жабык коддуу менчик сервер бөлүгү жана баштапкы ачык коддуу, анын ичинде GNU GPL лицензиялуу бир нече клиент колдонулат.[1]

2016-жылдын февраль айындагы эсеп боюнча, кызматтын активдүү колдонуучуларынын саны 100 миллион кишиден ашат. Ал эми күн сайын жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн саны 15 миллиардга жетет. 2017-жылы август айында Павел Дуров өзүнүн Telegram-каналынан күн сайын катталган жаңы колдонуучулардын саны 600 миң экенин кабарлаган.

Боттор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иштеп чыгуучулар атайын API-дын жардамы менен "ботторду", программалар менен башкарылган атайын эсептерди түзө алышат. Кадыресе боттор жеке жана топтук чаттарда атайын буйрутмаларга жооп беришет, жана ошондой эле интернетте издөө сала алышат же башка тапшырмаларды аткара алышат, көңүл ачуу максатында жана бизнесте колдонулат.

Павел Дуров 2015-жылдын сентябрь айында жакынкы мезгилде ботторго жарнама жайгаштырып, тыйындаштыруу мүмкүндүгү болорун жар салган.

2017-жылдын 18-майында боттор үчүн төлөм API'си көрсөтүлгөн. Колдонуучулар бул функцияны текшерип көрсүн үчүн Telegram командасы "Убакыт машинесин" сатып алууну сунуштаган тесттик бот түзгөн (колдонуучулардан акча алынган эмес).

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Телеграммаларды колдоо кызматы