Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши
Буунун Коопсуздук Кеңеши – БУУнун туруктуу иштөөчү башкы саясий органы, БУУнун уставы боюнча ага эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча башкы жоопкерчилик жүктөлгөн. БУУга мүчө өлкөлөрдүн өкүлчүлүгүнүн негизинде иштейт. Ал 15 мүчөдөн турат, алардын бешөө туруктуу мүчө болуп саналат (Орусия, АКШ, Улуу Британия, Франция жана Кытай). БУУнун Коопсуздук Кеңеши белгиленген тартипте кабыл алган чечимдер БУУга мүчө баардык мамлекеттер үчүн милдеттүү болуп саналат. БУУнун Коопсуздук Кеңеши эл аралык тирешүүлөргө алып келиши мүмкүн болгон баардык талаштарды иликтөөгө, мындай талаштарды жөнгө салуунун жол-жоболору жана усулдары боюнча сунуштарды берүүгө, БУУга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу же БУУдан чыгаруу жөнүндө сунуш кылууга, тынчтыкты бузган же баскынчылык актысын жасаган мамлекетке карата мажбурлоо чараларын көрүү, анын ичинде куралдуу күчтөрдү колдонуу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу. Олуттуу маселелер боюнча чечимдер көпчүлүк 9 добуш менен кабыл алынат, мында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн бири да каршы добуш бербөөгө тийиш (кара:Бир добуштуулук принциби).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү | ||
---|---|---|
Туруктуу мүчөлөрү | Улуу Британия • Кытай • Орусия • Америка Кошмо Штаттары • Франция | |
2021—2022 жж. убактылуу мүчөлөрү | Индия • Ирландия • Кения • Мексика • Норвегия | |
2022—2023 жж. убактылуу мүчөлөрү | Албания • Бразилия • Габон • Гана • Бириккен Араб Эмирликтери | |
2023—2024 жж. убактылуу мүчөлөрү | Мальта • Мозамбик • Швейцария • Эквадор • Жапония | |
2024—2025 жж. убактылуу мүчөлөрү | Алжир • Гайана • Корея Республикасы • Словения • Сьерра-Леоне | |
Мурунку туруктуу мүчөлөрү | Тайвань (1945—1971) • КСРБ (1945—1991) |