Мазмунга өтүү

Курманжан Датка

Википедия дан
Маматбай кызы Курманжан
Портрет
Төрөлгөндөгү аты:

Курманжан Датка

Ишмердүүлүк тармагы:

Алай ханышасы, дипломатия, аскерий жана коомдук иштер

Туулган датасы:

1811-жыл
Уруусу: Адыгене

Туулган жери:

Ороке (Орок, Орке) айылы, Ош шаары

Букаралык:

Кокон кандыгынын желеги Кокон хандыгы
Алай хандыгы
Орусия желегиОрусия империясы

Өлгөн датасы:

1907-жыл, 1-февраль

Атасы:

Маматбай

Балдары:

уулдары:
Абдылдабек
Мамытбек
Асанбек
Батырбек
Камчыбек

Курманжан датка (1811-1907) ― Кыргыз элинин XIX кылымдагы коомдук, саясий жана аскер ишмери. 1832-жылдан 1876-жылга чейин Алай кыргыздарынын башчысы, даткасы болуп келген. Бухара эмиратында жана Кокон хандыгында датка наамына ээ болгон. Орус императордук армиясынын полковниги (1876-жылдан тартып). Калк арасында: "түштүк ханышасы", "улуттун энеси" ж.б лакап аттар менен таанымал болгон.

Курманжан Датка 1811–жылы Оштун Жапалак айылына караштуу Орке кыштагында туулган.

Алайдын жана Ош аймагынын башкаруучусу. Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит деген уулуна турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, бир жылдан кийин Үчташ жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, үч жыл чамасында башы бош олтуруп калат.

1832-жылы Курманжан 21 жашында адигине уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап, беш балалуу болгон. Алымбек датка Асан бий уулуна турмушка чыккандан баштап мамлекеттик жана коомдук иштерге аралаша баштаган. Көп жылдар бою Алымбек датканын таасирдүү кеңешчиси, жардамчысы жана насаатчысы болгон. Алымбек датка ордодо, Кашкарда саясий маселелер менен алектенип жүргөн мезгилдерде анын милдетин да кошо аркалаган. Ошол кезде эле Курманжан айымдын атагы Кокон хандыгы эле эмес, коңшу Бухара эмирлигине, атүгүл алыскы Россия серепчилерине да дайын болгон. 1862-жылы Кокон хан сарайындагы козголоңчулар тарабынан Алымбек датка өлтүрүлгөндөн кийин Алайдагы башкарууну Курманжан биротоло өз колуна алган. Ошол эле жылы Бухара эмири Сейит Музаффар Эддин Алай тараптагы кыргыздардан Кокон хандыгына таяныч издөө максаты менен Ошко чейин аскерлери менен келген. Курманжан аларды өгөй уулу Жаркынбай ж.б. балдары, туугандары менен Оштон кастарлап тосуп алышкан. Эмир Алымбектин ордун басчу адамга датка наамын ыйгарууну көздөгөн. Алгач бул наамды Курманжандын пикири боюнча ата баласы деп ошол кезде Ош акими болуп турган Жаркынбайга сунуш кылышкан. Бирок, Жаркынбай бул даражадан караманча баш тартат. Ошентип, Музаффар менен Кокон ханы Кудаяр хан Курманжанга датка наамын ыйгарууга аргасыз болушкан. Ушул окуядан кийин Курманжан "датка" аталып, хандыктын саясий иштерине аралашкан, ордодо жолугушууларды өткөрүп, ханга кеңеш айта алган. Кудаяр үчүнчү жолу такка олтурганда (1865-жылы) Курманжан чоң баласын Абдылдабекти ээрчитип, Коконго келгендиги маалым. Кудаяр хандын энеси Жаркынайым менен Курманжан Шералы хандын заманынан бери эле ынак, сырдаш болуп, Кудаяр бала кезинен эле Курманжанды жакшы билчү. Конокторду ызаат менен тосуп алган жана мөөр ойдуруп, кымкап чапан жаптырып, баалуу белек бердирген. Жаркынбайдын ордуна Абдылдабекти Ошко аким кылып дайындаган. 19-кылымдын 70-жылдарынын башында Курманжан датка Кудаяр хандын саясатына нааразылык билдирген жана элдик кыймылдын башталышына үн кошкон. Орус бийлигинин Алайды каратып алуу аракети жүрүп жаткандыгын билген Курманжан датка Ооганстандын Памирине шашылыш көчүп кетип жаткан жерден майор М.Е.Ионовдун кошууну датка-айымды колго түшүргөн. Курманжан датка каршылык көрсөтпөстөн, М.Е Ионовдун генерал Скобелевге жолугуу жөнүндөгү талабына макул болгон. Бир топ бийлердин коштоосунда кичүү уулу Камчыбекти, небереси Мырзапаясты алып, Чоң-Алайда өргүү алып жаткан М.Д.Скобелевдин лагерине түшкөн. Генерал М.Д. Скобелев Курманжан датканы сый-урмат менен тосуп алып, алтын чөйчөктү белекке берип, парча чапан жапкан. Курманжан датка туткун абалына карабастан өзүн салабаттуу кармап, акылдуу жана терең сөздөрү менен таң калтыргандыктан генерал М.Д.Скобелев орус бийликтерине Курманжан датка жөнүндө маалымдаган рапортторунда ага "Алай канышасы" деген наам ылайык келерин жазган. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Курманжан датка орус бийликтерине багынгандыгын билдирген жана балдарын мурунку жайларына көчүрүп келүүгө, алайлыктарды орус букаралыгын кабыл алууга көмөктөшүүгө мажбур болгон. 1876-жылы күзүндө Кабулдан Курманжан датканын Абдылдабектен башка балдары Мамытбек, Асанбек, Баатырбек келишет да Ошту, Өзгөндү, Кичи-Алайды, Ноокатты башкарып, кан төгүшүү токтоп, тынчтык орногон. Курманжан датка Алай канышасы катары таанылып, кийинчерээк Скобелев, Ош уездинин начальниги Ионов, Түркстан крайынын генерал-губернатору Кауфман, Черняев, ал турсун Россиянын келечектеги согуш министри Куропаткин сыяктуу адамдар менен жакшы мамиледе болгон. Алар менен тез-тез кат алышып, кээде Ошко, Жаңымаргалаң (Скобелев) шаарларына келип, сүйлөшүп турган. Согуш министри генерал Куропаткиндин катында 1901-жылы 1-декабрда император Николай II асыл таштуу шакекти Курманжан даткага белек катары берип жибергендигин маалымдайт. Кай бир учурларда орус бийлигинин зөөкүрлүгүнө каршы да каттарды жазган. 1895-жылы уулу Камчыбек дарга асылган мезгилде, куралчан орус жазалоочуларынын элди кырып жиберүүсүнөн кооптонуп, тагдырга моюн сунууга аргасыз болгон. Россия колониялык бийликтеринин адилеттүүлүгүнөн үмүтүн таптакыр үзгөн жана 20-кылымдын башында саясатка аралашпай калган. 1907-жылдын 1-февралында Оштун жанындагы Мады кыштагында көз жумуп, сөөгү Оштогу Сарымазарга коюлган.@akmatbekovvv_

Курманжан даткага 200 жыл

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
1994-жылы чыккан 50 сомдогу портрети.
2002-жылы чыккан 50 сомдогу портрети.
2009-жылы чыккан 50 сомдогу портрети.

Курманжан датка 1811-жылы кулжа айында Ош шаарынын Орке кыштагында Мунгуш уруусунун Жапалак уруусунун Жапалак уругунан чыккан Маматбай аттуу орто дыйкан,колунда бардар адамдын уй-булосундо жарыкка келген.

Курманжан бой жетип,17ге толгондо 500 түтүндүү жоош уруусунан чыккан Төрөкул деген бийдин,анча мааниси жок Кулсейит деген уулуна турмушка чыккан. Күйөөсү көңүлүнө толбой бир жылдан кийин атасынын үйүнө келе берет.21-жашында Кокон бийликтерине кызмат кылып, Датка деген наам алган Алымбек даткага жолугуп, көп узубай аны менен тагдырын кошкон.

Ошол күндөн баштап Курманжан өлкөнүн саясий окуяларына, Кокон бийликтеринин аракеттерине күйөөсү Алымбек менен катар эле баштаган. Жаштайынан тың, акыл–эси, ой-туюму башкалардан өзгөчө болуп, чечкиндүүлүгү менен айырмаланат. «Күчтүү эркектин артында андан күчтүү аял турат» дегендей Курманжан тез эле элге, алынып, Алымбектин кеңешчисине айланат. Ордо жана коомдук иштерге аралашып,ошол кездин бийлик саясатын өзгөчө түшүнгөн. Алымбек датканы Нүзүп өлгөндөн кийин аталыктын ордуна кыргыз элинен Курманжан демилгечи болуп жөнөтөт. Тактан баш тартып келе жаткан Алымбектин тизгинин буруп, Элди ээрчиткен эрен баш калкалап кете турган болсо, беш тайпа журттун абалы эмне болот? Журоксуй тургандай артында эч кимин болбосо бир жөн. Артында беш уулун, беш Алымбек турбайбы» деп кайра жөнөтөт. Мына аялдын акылынын тунуктугу, кашкойлугу.

Алымбек менен Курманжан 29 жыл эриш-аркак жашайт. 1892-жылы Алымбекти Кокондо кас душмандары өлтүрүп кетет. Мөгдүрөп олтуруп калбастан , күйөөсүнүн даткалык бийлигин улантып, өзүнүн көсөмдүгү жана дипломатиялык жөндөмдүүлүгү менен, Алай элине эле эмес, бүт Фергана өрөөнүнө даңктуу башкаруучу катары бааланган. Аял экенине карабай Курманжанга саясий титул берилип,Кокон хандыгында таасирлүү саясий фигуралардын бирине айланат. Кокон хандыгы кулагандан кийин жер жайнаган орустар толкуса кыргыздын кырылаарына көзү жеткен Курманжан датка, генерал Скобелевдин чакыруусуна көнүп шартнаамага(келишимге) мөөр басат.

Энелик тагдыры

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аял – жар, Аял – эне. Аял - бакыт. Курманжан энебиздин дагы бир эл оозунда калган данкы уулу Камчыбекке байланыштуу. Жалган жалаа менен орус жазалоочулары Камчыбекти дарга асышат. Эл алдында Курманжан «Жашыба балам, душманын соз кылбайбы. Жашыды, майтарылды деп таба кылбайбы. Сал моюнга сыйыртмакты» деп ал баласына кайрат берет. Ойлосонуз ,эне учун баласынын олумго дуушар болушу, канчалык куйут, канчалык тозоктун азабындай азап... Ошол эле учурда создун озундо канчалык сыймык жатат. Дарга асканда аркан узулуп кетип, эч качан башы ийилбеген Курманжан :»Жараткан ОЗУ баламды актап жатат,Баламдын куноосу жок. Жаза бир,олум бир ,баламды бошоткула!» деп чыгат. Бирок талабы орундалбайт. Чыр чыгарчуу болсо, куралчан орустар бейкуноо кыргыздарды кырып салышы мумкун эле. Бул болсо эли учун болгон курмандыгы болчу.

Курманжан датканын кадыр баркы кыргыз тарыхында көрүнүктүү орунду ээлейт. Ал өзү жаратылыш ыйгарган жекече бийик инсандык жана мамлекеттик сапаттары менен журт башына көтөрүлгөн таңгаларлык акылдуу, эрктүү-талапчыл жана кайраттуу зайып болгон. Анын иштери менен ысымы уламыштарга айланган. Ошол алыскы замандын көчүндө аны "Алай канышасы" деп аташкан жана аны бийик тутушкан.

Уламадан уланган сөздө Курманжандын мүнөзүнүн чыйрактыгы менен акылынын тунуктугу анын ата-энеси тандап берген күйөсүн чанып таштап кеткен кыз кезинде эле эл көзүнө көрүнгөнү айтылат. Айтканынан кайтпаган кыз өзүнөн үч эсе улуу күйөсүнүн боз үйүндө бир күн гана болуп, үйүнө баса бериптир. Ал учурда мындай окуя адам укпаган өзгөчө жорук болгон. Анан ошол учурда анын жерине Алымбек деген бек келип калат. өзүнүн бийлигине салып кайындалган жаш келинди бошотуп алат да, никелүү жубайы катары өзу менен ала кетет.
Адигине уруусунун бийи Алымбек Кокондогу хан бийлигине жакын болуп, коп сандаган сарай оюндарына жигердуу катышкан. Гүлчөдөгү өз конушунда тынч алып жата албай, хан сарайында парваначы деген жогорку даражага жеткен Алымбек датка 1862-жылы кезектеги сарай төңкөрүшүндө козголончулардын тузагына илинип, өмүрү кыйылат.

Күйөсү каза тапкан мезгилде Курманжан Алайдын тагдырын өз колуна бек кармап турган. Ал бир гана алайлыктардын урматтоосуна арзыбастан, ошол эле учурда иш жүзүндө он миң жигиттен куралган ишенимдүү кошунга таянган. Ошол заманда аялга карата Чыгышта жасалган мамилеге карабастан, Кокон башкаруучулары Курманжанды "датка" даражасы менен Алайдын башкы башкаруучусунун тактысына көтөрүүгө макул болушкан. өзүнүн бой көтөргөн мүнөзу менен белгилуу болгон Кокондун жогорку өкүмдары Кудаяр хан Курманжан датканы эң атактуу бек катары тосуп алууга аргасыз болгон.

Кийинки, балким, Курманжан датканын өмүрүндөгү эң маанилүү учур XIX кылымдын 70-жылдарында өз аскери менен Кокон хандыгынын аймагына келген Россияга карата кылган мамилеси менен байланышкан. Биринчи кезекте өрөөндө "Ак падышанын" аскерлеринин пайда болушун Курманжан датка терс кабылдаган. Анын бул көз карашы көп жагынан уулдары тарабынан аныкталган сыяктуудай, ал эми датканын алты уулу болгон. Алар тоого бекинип алып, өзгөчө улуу уулу Абдылдабек баштап россиялык аскерлерге куралдуу каршылык көрсөтүшкөн.

Курманжан датканын Алайдагы кадыр-баркын жакшы түшүнүү менен, Фергананын биринчи аскер губернатору, Шипканын болочок баатыры, өзүнүн мейманын "княгиня" деп атаган генерал М.Скобелев аны бардык сый-урматын көрсөтүп тосуп алган. Орус генералы ага: "О, эр жүрөк, тайманбас уулдардын энеси. Мени да өзүмдүн уулум деп кабыл ал", - деп айткан дешет. Бул чыгыш аялынын жүрөгүн жылытат. Ал аны уулдарына каршьшык көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө кат жазууга үгүттөйт. Курманжан датка орус башкаруучулары менен андан ары мамиле түзүүдө акыл-эстүүлүктү жана кыраакылыкты көрсөткөн. Бул иште ошол кездеги кыргыздардын арасында кадыр-баркы чоң Шабдан Баатыр көп жагынан көмөгүн тийгизген.

XIX кылымда тартылган Курманжан Датканын сүрөттөрү
(И. П. Ювачёвдун китебинде биринчилерден болуп жарыкка чыккан)

А ошондон кийин, 1893-жылы кайгылуу окуя болуп өткөн. Курманжан датканын уулдары Камчыбек, Мамытбек жана небереси Арстанбек контрабандисттердин тобунун уюштуруучулары катары камакка алынышат. "Алай канышасы" орус бийликтерине жардам сурап кайрылат. Камчыбекти куткарып калууга мүмкүн болбоду. 1895-жылы аны дарга асышат. Курманжан датка сүйүктүү уулун өлүм жазасына тартып жатышканда катышып турган.

Мамытбек менен Арстанбек болсо энесинин канатын сууга салып коргогон жигердуу аракетинин, ошондой эле ага жан тарткан орус бийлигинин өкүлдөрүнүн жардамы аркасында эки жылдан кийин сүргүндөн кайтып келишкен. Бул ал учун чыныгы майрам болгон. Ошол жылы Курманжан датка 85ке чыккан.
Курманжан датканын кадыр-баркын ушунчалык жогору болгондуктан, ал жөнүндө император Николай IIнин өзүнө айтышкан, падыша ага атайын белек тартуулоону чечкен. Белекти камдоодо зергердик иштин эң мыкты чеберлери мээнеттенген. Императордун белегин тапшыруу учун Мады кыштагына көп сандаган атчан күзөтчүлөрдүн коштоосунда Оштун уезддик начальниги келген. Ал тартуу чындыгында эле падышанын атына татыктуу белек - ичине империянын мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылып, жакут жана розалар менен кооздолгон чынжырчасы жана төөнөгүчү бар аялдардын алтын сааты болучу.
1907-жылдын 1 -февралында "Алай канышасы" Курманжан датка 97 жашында каза болгон. Бул күн бүткүл кыргыздар үчүн аза.

Ал тууралуу адабият (кыскача тизме)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Турсунай Омурзакова: Доор, инсан, ишмердүүлүк. 2002.
  • Төлөгөн Касымбеков: Кел кел, Сынган кылыч тарыхый романдары.
  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.