Павлодар облусу

Павлодар облусу
Өлкө

Казахстан

Калкы

752793

Жыштыгы

5,99 адам/км²

Телефон коду

+7 7182 xx-xx-xx

Расмий сайты

Павлодар областы - Казакстанда 1938-ж. уюшулган. Борбору — Павлодар ш.

Павлодар областы республиканын түн.-чыгыш бөлүгүндө, Иртыш дарыянын ортоңку агымында, токойлуу талаа жана жарым чөл зоналарында жайгашкан. Клима­ты кескин континенттик, жайы кургак, ысык; июлдун орт. температурасы 20—22°С, январдыкы —17,5...—19,5°С. Жылдык жаан-чачыны 220—305 мм. Ири дарыясы — Иртыш. Иртыш дарыясынан Иртыш — Караганда каналы жана бир йене суу сактатыч, плотиналар курулган.

Областта көл көп, көбү туздуу. Жеринин көпчүлүк бөлүгү айдоого айланган. Жаныбарлары: кемирүүчүлөр, карышкыр, түлкү, торгой, бөдөнө, өрдөк, чил ж. б. Көлдөрүндө балык көп.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.