Абу Райхан ал-Бируни

Википедия дан
Абу Райхан ал-Бируни
Biruni-russian.jpg
КСРБнын почта маркасындагы ал-Бирунинын портрети
Толук аты-жөнү Абу Райхан Мухаммад ибн Ахмед ал-Бируни
Төрөлгөн 4-октябрь 973
Кият, Хорезм, Саманийлер мамлекети
Көз жумган 11-декабрь 1048 (77 жаш)
Газни, Газневилер мамлекети
Кызыккан темалар астрономия, физика, география, математика, минералогия, тилбилим, философия, индология, фармакология, тарых, медицина, картография, антропология, психология, теология, астрология, Жер илимдери, Табигый илимдер, Диндердин тарыхы


Абу Райхан ал-Бируни (толук аты жөнү — Абу Райхан Мухаммад ибн Ахмед ал-Бируни; фарс. ابوریحان بیرونی‎, араб. بو الريحان البيروني‎‎ ; 4-октябрь 979-жыл , Кият, Хорезм, Саманийлер мамлекети — 11-декабрь 1048-жыл, Газни, Газневилер мамлекети) — орто кылымдагы перс энциклопедист окумуштуусу жана ойчул, тарых, география, филология, астрономия, математика, механика, геодезия, минералогия, фармакология, геология ж.б. боюнча көптөгөн фундаменталдуу эмгектердин автору.

Беруни грек, латын, араб, фарсы, түрк, хинди ж.б. тилдерди өздөштүргөн. Байыркы замандын окумуштуулары (Пифагор, Сократ, Платон, Аристотель, Гален, Птолемей) жөнүндө илимий эмгектерди жазган. Анын эмгектери табият таануу жана коомдук илимдердин тармактарын изилдөөгө багытталган.

Берину поляк окумуштуусу Николай Коперниктен дээрлик 500 жыл мурда эле асман телолорун, аалам түзүлүшүн, күн системасын окуп үйрөнүп, жер шар формасында экендигин жана ал өз огунда айлануу менен күндү тегеренип жүрөт деген тыянакты илимий түрдө далилдеген. Д. Менделеевден 1000 жыл мурда көптөгөн металл, минерал жана химиялык заттардын салыштырмалуу салмагын изилдеп, так эсептеп чыккан.

ал-Беруни

Биринчилерден болуп жер шарынын радиусун эсептеп чыгып, ал 40 миң км түзөт деп жазган жана Жер шарынын глобусун жасаган. Анын пикири боюнча, күн бул жанып турган от. Ал бөлүп чыгарган нурдун ылдамдыгын билүү өтө кыйын, аны үндүн гана ылдамдыгына теңеп билүүгө мүмкүн. Бирок ал андан да чоң ылдамдыкта жүрөт деп эскерткен.

Тарых илими боюнча да бир канча эмгектеринде 7-кылымдагы Муканнанын көтөрүлүшү, карматтар кыймылы жөнүндө маалыматтар камтылган. Кыргыздарды тили боюнча түрк элдерине кошуларын жана өздөрүнүн падышасын кан же хан деп аташарын эскерткен. Анын эмгектери англис, араб, орус, өзбек тилдерине которулган.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттик шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

...