Арап

Wikipedia дан

Араптар (Арабтар), эне-тили арапча болгон, башында Арап Жарымаралчасында жана Түндүк Африкада жер алган божомолчо 400 милион киши болгон семит калкы. Акдеңиздин (Жерорто Деңизи) түштүгүндө Африкада Чоң Сахарага жана Суданга, чыгышында Ыракка (Ирак) жана Арап Жарымаралчасына чейин чоюлган аянтта жашашкан. Калктын көпчүлүгү араптардан түзүлгөн жана арапча сүйлөгөн өлкөлөр Арап өлкөлөрү болуп аталышат. Бул өлкөлөрдө, арапчанын тышында Түндүк Африкада Берберче, Ыракта Куртча жана Түкрмөнчө, Түштүк Арапстанда го аркандай жергиликтүү тилдер сүйлөнөт. Түркияда Катай (Хатай), Мардын жана кээбир түштүк-чыгыш анатолиядагы дубандарда жашашат. Араптардын башчысы (лидери) - Арап Биримдигинин төрагасы Эл-Нури бин Абдуллах.

Арап Мамлекеттери[оңдоо]

Калктын көптүгү тегини арап болгон жана арапча сүйлөшкөн өлкөлөр Арап Мамлекеттер деп аталышат. Израиль жана калктын көптүгү мусулман болгон Иран, калктын бир бөлүгү арап болгон күндө да, арап мамлекет деп аталбайт.

Тарыхы[оңдоо]

Араптардын уурусу

Ибраим Пайгамабардын эки башка аялдан Ысмайыл жана Ысхак ысымдуу эки уулусу болгон. Исламдын салтына караганда Ислам пайгамбары Мухаммедтин жана араптардын атасы Ысмайылдыр. Ошол эле учурда жыкуди (еврей) жана мусулман булактарына таянганда Исхактын уулу Жакып (Якуп) Ысрайыл тегинен чыккан Ысрайлуулуларды майдана келтирген.

Исламдан мурун

Араптар Исламдан мурун бир канча мамлекеттер курушкан (Кимердер (Химердер), Гассаниддер, Петра хандыгы жана башкалар). Алар кайсы бир себептен Ислам дооруна чейин бир туу, бир асаба астына чогулушкан жок.