Кыз ала качуу же кызды никеге мажбурлап тургузуу көрүнүшү
Кыз ала качуу же кызды никеге мажбурлап тургузуу көрүнүшү - Кавказда, Кыргызстанда, Эфиопияда[1], Руандада, Элладада (Байыркы Грецияда - Европа сулуу уурдалган мифти караңыз) жана ушундай салттары бар башка өлкөлөрдө кездешет. Кыз ала качуу түрк элдеринин да арасында[2] кеңири тараган. Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөрдө кыз ала качуу мыйзамдуу нике эмес, кылмыш деп эсептелет. Адатта, кыздын эркине каршы ала качып, никеге тургузган учурлар менен кыздын, ошондой эле анын туугандарынын макулдугу боюнча ала качкан эки учурду ажырата билүү керек[3].
Бул көрүнүшкө аныктама берүүдө жалпы аныктамалар деңгээлинде да, укуктук регламентация деңгээлинде да ар кандай ык-амалдар колдонулуп келет. Ушул ык-амалдардын ар бири саясий-маданий жана социалдык-экономикалык факторлор менен шартталат. Орус тилиндеги илимий эмгектерде кыз ала качуу көрүнүшүнө байланыштуу алты дискурсту белгилөөгө болот:
- 1. Кыз ала качуунун Советтер Союзуна чейинки дискурсу. Шарттуу түрдө кыз ала качуу көрүнүштөрүн (казактардын арасында) биринчи жолу Татищев менен Броневский XVIII кылымдын ортосунда жазып чыгышкан. XVIII кылымдын ортосундагы-аягындагы россиялык этнографиялык маалымат булактарына ылайык, кыз ала качуу көрүнүшү көчмөн калктардын арасында өтө эле сейрек кездешип, ал кылмыш катары, феодалдык уруулардын жамааттык аң-сезиминде кемсинтүү, мазактоо катары кабыл алынган. Этнографиялык далилдерди түшүндүрүүнүн логикасына ылайык, "аял кишини сатып алуу-сатуу салты нике мамилелеринин борбордук институту болуп", бир тукумдун мүлк мамилелерин жөнгө салгандыктан, Борбордук Азия элдеринин укуктук маданиятына мүнөздүү салттарынын арасында кыз ала качууну кадыресе көрүнүш катары эсептөө мүмкүн эмес болгон. Профессор Б.И. Борубашев жыйынтыктагандай: «Кыз ала качуу учурлары сейрек кездешкен, себеби ушундан улам келип чыккан чыр-чатакка эки тараптын тең тууган-туушкандары тартылып, ортодо келип чыккан касташуу сезими укумдан тукумга өтүп, айрым учурларда оор кесепеттерге алып келген»[4].
Бул дискурстун укуктук аспекттери адат (кадимки укук) менен гана эмес, күндөн күнгө күч алып келе жаткан шариат менен да камсыз кылынып, кыз ала качуу көрүнүштөрүнүн кеңири жайылуусуна тоскоол болгон. Изилдөөчү О.Брусинанын көз карашы боюнча, "Орто Азиядагы адаттардан айырмаланып, шариат жеке укуктарга таянып, коомдун уруучулук түзүмүнө байланышкан адаттарга эмес, нике мамилелериндеги адамдын жеке тандоосу маселесиндеги жарандык укукка кыйла жакыныраак. Демек, элдин аң-сезиминде адамдын жеке тандоосу, тактап айтканда, нике маселесинде аялдардын укуктары жөнүндө түшүнүктөр кеңири жайыла баштаган…»[5].
Россиянын империялык саясаты каада-салттарды сактап, жергиликтүү эл менен жаңы бийликти табыштырууга негизделген тартип менен туруктуулукту камсыз кылуу максатында өлкөнүн маданий-укуктук турмушуна олуттуу мүнөздө кийлигишкен эмес. Россиянын мыйзамдарында адат менен шариаттын коддоштурулган ченемдери камтылган эмес. Нике мамилелери гана өзгөчөлөнгөн: Убактылуу жобонун 203- жана 235-беренелерине ылайык, никеде нааразы болгон тарап Россиялык администрациясынын элдик соттун чечимине даттанууга укугу бар. Мыйзам чыгаруучуларынын көз карашы боюнча, ушул беренелер мусулман аялдардын укуксуз абалда болгондугуна байланыштуу киргизилген[6].
Түркестандагы нике тажрыйбалары жөнүндө маалымат булактарында: «Кыз ала качууга байланыштуу окуялар дээрлик кездешкен эмес <…> Түркестандын элдик сотунда көбүнчө нике келишимине (калың боюнча) жана ажырашууга байланыштуу доо-арыздар каралган»[7].
- 2. Кыз ала качуунун 1920-жылдардагы советтик дискурсу Совет бийлигинин эски патриархалдык үрп-адаттарына каршы күрөшү менен коштолгон. Совет бийлигинин алгачкы жылдары каада-салттар жана адаттар шариатка ылайык айрым чөлкөмдөрдө убактылуу элдик-төңкөрүштүк мүнөзгө ээ деп сүрөттөлүп келсе, ал эми 20-жылдары "эски салт" катарындагы адат менен шариат "кесепеттүү феодалдык-партриархалдык эски үрп-адат" катары карала баштаган. Алсак, 1920-жылы КПнын БАКнин жана Элдик комиссарлар кеңешинин КАССР (ЭКК) "Калыңды жокко чыгаруу жөнүндө" декрети кабыл алынса, 1921-жылы мажбурлап никеге тургузуу жосуну үчүн жазык жоопкерчилиги каралган "Аялдарды никеге турууга мажбурлоо жөнүндө" декрети жарыяланган. Ошол эле жылы КАССР ЭКК "Кыргыздардын нике укугу жөнүндө" декретин кабыл алып, анын негизинде РСФСРдин нике, үй-бүлө жөнүндө биринчи декреттери жана мыйзамдар кодекси иштелип чыккан. Аталган декрет советтик үй-бүлө-нике укугунун башталышы болуп, ал жарандык никени гана таанып, кадимки укук боюнча, диний үрп-адаттардын негизинде кыйылган никеге юридикалык маани бербейт. Никеге мажбурлап тургузуу үчүн кызды ала качууга жол берген кадимки укуктун ченемдери ушул документте мыйзамсыз деп табылат. 1928-жылы РСФСРдин Жазык кодексине киргизилген ушул курамдар "Уруучулук турмуштун эски үрп-адаттары катарындагы кылмыштар жөнүндө" деп аталган өзүнчө главага бириктирилген[8].
Бул мезгилде илимий эмгектер этнографиялык эволюционизм салтын жигердүү өздөштүрүп, элдик каада-салттар акырындык менен өнүгүп келе жаткан маданий механизм катары каралган. Мындай механизмде кайчы пикирлер, ошондой эле прогрессивдүү бийлик жарыялангандан кийин иш жүзүндө эски үрп-адаттар да кездешиши толук мүмкүн. Кыз ала качуу, көп аял алуу сыяктуу нике стратегияларынын негизги үлгүлөрү так ушул феодалдык-патриархалдык турмуштун эски үрп-адаттары деп эсептелет. Социалдык окумуштуулар элге каршы келген, патриархаттык каада-салттар менен үрп-адаттардын ордуна[9] "пайдалуу" салттар менен үрп-адаттарды жандандыруу ишинде катышуу буйрутмасын алышат.
- 3. XX кылымдын 30-жылдарынын орто ченинде советтик аялдарды тез арада эмансипациялоо долбоору ийгиликтүү жүзөгө ашырылды деп бир добуштан табылганда[10], ошондой эле аялдарды жеке максаттарда пайдалануу түп-тамырынан жоюлганда, кыз ала качуу дискурсу дээрлик жокко чыгарылган. Бул көрүнүш кайра 60-жылдардын соңунда пайда болгон. Кыз ала качуу сыяктуу көрүнүштөргө болгон кызыгуунун кайра жанданышына совет мамлекетинин эларалык деңгээлде жасаган идеологиялык чакырыктары менен күрөшү шарттады дешке болот. Мамлекеттин инсандын укуктары менен эркиндиктерин жогору баалай тургандыгын көрсөтүү максатында Советтер бийлигинин диктатурасы, советтик жолбашчылардын залимдиги тууралуу дүйнө жүзү боюнча айтылган сын-пикирлерди төгүнгө чыгаруу максатында[11] Советтер Союзу Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эларалык пактты иштеп чыгып, илгерилетүү демилгесин көтөрүп чыккан (1966-жылы БУУ кабыл алган).
Дүйнө жүзүндөгү илимий мейкиндикте ушул мезгилде бир катар чет элдик советологдордун эмгектери жарык көргөн (алардын катарында Р. Пайпс, Чагатай ж.б.). Бул эмгектерде Казакстан жана Орто Азиянын нукура калкынын кескин азайышынан улам кун, калың сыяктуу эски үрп-адаттар жоюлган деп айтылат. Советтик илим "буржуазиялык илимдин апологеттерине" каршы чыга баштайт. Мыйзам чыгаруу жааты декларациялуу деңгээлде күчтүү өнүккөндүктөн, мамлекет менен коомдун саясий жана маданий прогрессине, ошондой эле инсандын укуктары менен эркиндиктеринин корголгондугуна күчтүү жүйө болуп бере алган. Кыз ала качуу дискурсундагы демилгелер этнографиялык өңүттөн укуктук өңүткө жөн жерден жылышкан эмес. Укуктар жаатындагы бир катар түшүнүктөргө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилген: элдердин маданий өзгөчөлүккө болгон укугун колдоо менен, "каада-салт" түшүнүгү бардык жергиликтүү институттар менен тажрыйбаларга жайылып, мамлекет бардык жергиликтүү үрп-адаттар менен каада-салттарга, ошондой эле мыйзамдарга каршы келбеген ченемдер менен институттарга (мисалы, ак сакалдар соттору) колдоо көрсөтүп, мыйзамдуу жана салттуу деген түшүнүктөр аралашып калган.
- 4. Кыз ала качуу маселесине кызыгуу кайрадан XX кылымдын 80-жылдарынын башында жандана баштаган. Тактап айтканда, ошол кездеги кызыгууну саясий-идеологиялык өнүгүү факторлору козгогон. Биринчиден, Советтер Союзунда коммунизмди курууга байланыштуу божомолдор иш жүзүндө орундалбай, ал эми коммунисттик коомдун "негиздери" күндөн күнгө өсүп келе жаткан товар таңсыктыгында жана сенек мезгилдеги керектөөлөр менен мүмкүнчүлүктөрдүн ажырымында карапайым калкка түшүнүксүз болгон. Башкаруучу саясий партия өз идеологиясын күчөтүп, укуктар жана эркиндиктер жаатындагы жетишкендиктерди көрсөтүп келген. 80-жылдардын соңунда партиянын жетекчилери "улуу бурулуштан" алынган сабактарды кайра баштап изилдеп, башка өңүттөн түшүнүүгө аракет кыла башташкан. КПССтин XIX конференциясында 30-жылдардагы экономикада кескин секирик жасоо саясаты "адамды коомдук менчик жана башкаруу ишинен алыстаткан" саясат катары мүнөздөлгөн[12]. Совет бийлигинин мурунку он жылдыктарынын ийгилигинде партия ойногон ролдун канонго дал келген түшүндүрмөсү менен бирге, коомдун турмушундагы көптөгөн окуялар кайра башынан бааланган. Айрыкча, А.И. Перщиц кыз ала качуу көрүнүшүн функционализм өңүтүндө жаңыча карап, төмөнкүдөй аныктама берүүнү сунуштайт: «үй-бүлөнүн зулумдук түзүлүшү жана кыздарды алып-сатуу көрүнүштөрү менен коштолгон коомдун эмоционалдык ашкере кызыгандыгын жөнгө салган клапан». Так ушул мезгилде кыз ала качуунун оң маанайда түшүндүрүлгөн үлгүлөрү келип чыгып, алар экономикалык факторлор менен шартталып, ала качкан жана ала качылган тараптардын социалдык статустарындагы ажырымдын табигый жыйынтыгы катары каралат.
Кыз ала качуу көрүнүшүн изилдеген окумуштуулардын көз-карашы боюнча, ушул мезгилде, "эски патриархалдык үрп-адаттардын" бардык түрлөрүн репрессивдүү мүнөздө көзөмөлдөгөн советтик мыйзамдар иш жүзүндө риторикалык стратегияга өтө башташкан. Режимдин либерализациясынан улам буга чейин тыюу салынып келген никеге туруу стратегиялары, ошондой эле кыз ала качуу көрүнүштөрү да көбөйүп кеткен.
- 5. Советтер Союзунун кулашы менен мурунку советтик республикаларда улуттук саясат күч алып, "үрп-адаттар кайрадан жандана" баштаган. Үрп-адаттардын катарына совет бийлиги өкүм сүрүп турган мезгилде куугунтукка алынып, тыюу салынып келген нерселердин баары кирген. Жапырт коомдун аң-сезиминде кыз ала качуу маданий каада-салт катары кабыл алынып, романтикалык маанайга ээ боло баштаган. Мисалы, Кыргызстанда кыз ала качууга романтикалык маанай тартуулап, мындай көрүнүштү чыныгы эркектерге "ата-бабалардан" калган мурас катары чагылдырган көркөм тасмалар тартылып, адабий чыгармалар жазылган. Кыз ала качуу нике стратегиясында басымдуулук кылган үлгү боло баштаган. Жада калса, үйлөнүү чечимин өзара макулдашып алган жаштар да "кыз ала качуу" стратегиясын колдонууга аргасыз болушкан, себеби коомдун басымдуу көпчүлүгүнүн аң-сезиминде кыз күч менен турмушка чыгып, эркек зордукчул мүнөзгө ээ болушу керек деген түшүнүк орноп калган. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мыйзамдарында инерция боюнча же адам укуктарынын декларациясына ылайык, кызды ала качуу үчүн жаза каралганы менен, сот өндүрүшүндө алар эч качан колдонулган эмес. Россияда кыз ала качуу, федерациянын ар кандай субъекттериндеги тажрыйбаларга карабастан, жазык жоопкерчилигине тартыла турган жосун деп эсептелет. 1996-жылы кабыл алынган РФнын ЖКде ушул сыяктуу беренелер жок. РФнын ЖКде адам уурдоо үчүн төрт жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган, бирок ушул берененин (РФнын ЖКнин 126-беренеси) эскертүүсүндө - "уурдалган адамды өз ыктыяры менен бошоткон адам жазык жоопкерчилигинен бошотулат, эгер анын жүрүм-турумунда кылмыш курамы камтылбаса" деп айтылат.
- 6. 2000-жылдардын башында Борбордук Азиядагы (өзгөчө Кыргызстандагы) кыз ала качуунун социологиялык жана антропологиялык дискурсуна чет өлкөлүк изилдөөчүлөр баш бага башташкан (С. Амслер, Р. Кляйнбах, С. Вернер). Изилдөөлөрдүн натыйжаларынын негизинде кыз ала качуу көрүнүшү адам укуктары өңүтүнөн гана эмес, тарыхый жана салттык жүйөөлөр боюнча жаңыча баалана баштаган. Р. Кляйнбахтын гипотезасы боюнча, тарыхты канчалык тереңирээк казган сайын, кыргыздардын арасында кыз ала качуу окуяларынын ошончолук аз кездешкенин жана мындай көрүнүшкө ар дайым терс көз-карашта болгондугу байкалат[13]. Көп өтпөй бир топ бейөкмөт уюмдар уюштурган маалыматтык жана сүрөмөлөө кампанияларынан улам, кыз ала качуу - күн тартибинде каралган негизги маселе эмес, коомдук мейкиндикте басымдуулук кылган дискурска айланган. Эларалык уюмдар тийиштүү изилдөө иштерине жана кыз ала качууга каршы өткөрүлгөн маалыматтык кампанияларга колдоо көрсөтүү менен, анын кылмыш иш экендигин так жана даана белгилешкен. Кыз ала качуу боюнча мыйзамдарды иш жүзүндө иштетүү аракеттери көрүлүп, 2012-жылдын соңунда Кыргызстанда ушул берене боюнча биринчи жолу соттук өкүм чыккан.
Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдө жана Россияда кырдаал мынчалык жигердүү өнүкпөгөнү менен, Кыргызстандагы кыз ала качуунун илимий дискурсу ушул өлкөлөрдөгү дискурстарга олуттуу таасирин тийгизген. Чеченстан, Татарстанда топтолгон материалдар, сибирь элдеринин жана орус казактардын каада-салттары боюнча жүргүзүлгөн бир катар изилдөө иштери Россиядагы кыз ала качуу көйгөйүн учурдун курч маселелеринин бирине айланткан. Бирок кыз ала качуу чечиминде боло турган өзгөрүүлөр ушул мамлекеттердин улуттук саясатына жараша болот.
Эскертмелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Кыргызстан: "Велоспорт жана мен - зомбулукка каршыбыз!" [Электрондук ресурс]: URL: http://rus.azattyk.mobi/a/24752992.html (Дата обращения: 20.12.15)
- ↑ Россиянын Сибириндеги элдердин (алтайлыктар, об угорлору), орус татарларынын жана казахтардын арасында да кездешет.
- ↑ Брусина О. Брак и развод в народных судах Туркестана: взаимодействие адата и шариата при российском управлении [Электрондук ресурс]: URL: http://www.central-eurasia.com/top/law-studies/?uid=1500(жеткиликсиз шилтеме).
- ↑ Азыркы мезгилде дин аалымдары шариат боюнча кыздын макулдугусуз нике кыюуга болбойт деп айтканына карабастан, жергиликтүү молдолор ала качылып келген кыздын эркине каршы нике кыйып салган учурлар көп эле кездешет.
- ↑ Борубашев Б.И. Регулирование брачно-семейных отношений по адату // Вестник КРСУ. – 2009-ж. – Т.9 (№ 2). – С. 28.
- ↑ Брусина О. Брак и развод в народных судах Туркестана: взаимодействие адата и шариата при российском управлении [Электрондук ресурс]: URL: http://www.central-eurasia.com/top/law-studies/?uid=1500(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Брусина О. Брак и развод в народных судах Туркестана: взаимодействие адата и шариата при российском управлении [Электрондук ресурс]: URL: http://www.central-eurasia.com/top/law-studies/?uid=1500(жеткиликсиз шилтеме).
- ↑ Мамутов А.М. Преступления, составляющие пережитки патриархально-родового быта / Под ред. С.Я. Булатова. – Алма-Ата, 1963; Советтер бийлиги орногондон кийин алгачкы жылдары Түркестан АССРде колдонулуп келген шариат соттору менен жол-жоболору 1924-жылы биротоло жоюлган/ Караңыз: Базаров М. Советская религиозная политика в Средней Азии в 1918-1930 годы [Макаланын электрондук версиясы]: URL: http://poli.vub.ac.be/publi/etni-1/mustafo_bazarov.htm Archived 2020-02-17 at the Wayback Machine
- ↑ 1960-жылы РСФСРдин ЖКде бул главага бир аз өзгөртүүлөр киргизилген.
- ↑ Бобровников В.О. Обычай как юридическая фикция: «традиционный ислам» в религиозном законодательстве постсоветского Дагестана // Гуманитарная мысль юга России. – 2006-ж. – №1. – С.4-18.
- ↑ Орто Азиядагы аялдар "Худжума" сыяктуу окуяны башынан өткөрүшүп (аялдардын эл алдында паранжаларын чечип, жүзүн ачып боштондукка чыгышы), жергиликтүү башкаруу түзүмдөрүнө, жигердүү саясий жана экономикалык турмушка кийлигишип, жер-жерлерде коммунисттик кыймылга катышып келишкен. Аялдарга таандык маселелер жер-жерлерде түзүлгөн кыз-келиндер кеңештеринде жөнгө салынып, каралып келген.
- ↑ Мамутов А.М. Преступления, составляющие пережитки патриархально-родового быта / Под ред. С.Я. Булатова. – Алма-Ата, 1963.
- ↑ ССКПнын Бүткүл союздук XIX конференциясынын материалдары – М., 1988. – С. 37; Левина Н.Б. Повседневность 1920-1930-х годов: «борьба с пережитками прошлого» // Советское общество: возникновение, развитие, исторический финал: – 1997. – Т. 1. – С. 244.
Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1. Базаров М. Советская религиозная политика в Средней Азии в 1918-1930 годы [Макаланын электрондук версиясы]: URL: http://poli.vub.ac.be/publi/etni-1/mustafo_bazarov.htm Archived 2020-02-17 at the Wayback Machine
- 2. Бобровников В.О. Обычай как юридическая фикция: «традиционный ислам» в религиозном законодательстве постсоветского Дагестана // Гуманитарная мысль юга России. – 2006 – №1. – С.4-18.
- 3. Борубашев Б. Регулирование брачно-семейных отношений по адату // Вестник КРСУ. – 2009. – Т.9 (№2).
- 4. Брусина О. Брак и развод в народных судах Туркестана: взаимодействие адата и шариата при российском управлении [Электрондук ресурс]: URL: http://www.central-eurasia.com/top/law-studies/?uid=1500(жеткиликсиз шилтеме)
- 5. Левина Н. Повседневность 1920-1930-х годов: «борьба с пережитками прошлого» // Советское общество: возникновение, развитие, исторический финал: В 2 т. – 1997. – Т. 1. – С. 244–291.
- 6. Мамутов А.М. Преступления, составляющие пережитки патриархально-родового быта / Под ред. С.Я. Булатова. – Алма-Ата: Казгосиздат, 1963.
- 7. Russ Kleinbach & Lilly Salimjanova Kyz ala kachuu and adat: non-consensual bride kidnapping and tradition in Kyrgyzstan [Электрондук ресурс]: // Central Asian Survey, (June 2007) 26:2, 217-233 URL: http://faculty.philau.edu/.../study.htm(жеткиликсиз шилтеме)