Согуш мезгилиндеги сексуалдык зордук

Википедия дан
Аялды уурдап бараткан эркекти сүрөттөгөн монумент Кондоттиеро Джованни далле Банде Нере (Пиацца Сан-Лоренцо, Флоренция)

Согуш (куралдуу кагылышуу) учурундагы сексуалдык зомбулук – бул зордуктоо же башка сексуалдык зомбулук көрсөтүү, ошондой эле согуш, куралдуу кагылыш же аскердик басып алуу учурунда согушкерлердин сойкулукка  же сексуалдык кулчулукка мажбурлоосу. Көбүнчө туткундарга жана жеңилген тараптын өкүлдөрүнө карата жазасыз зомбулук көрсөтүү мүмкүндүгү согуштун “олжосу” катары каралат. Бирок өзгөчө улуттар аралык чыр-чатактар ​​учурунда мындай зордук-зомбулуктун башка себептери да болот. Бул зомбулукту бир тараптагы аскер кызматкерлери ортосундагы сексуалдык зомбулуктан айырмалоо керек.[1]

Согуш жана куралдуу кагылыш учурунда сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүү - көбүнчө душманды моралдык жактан алсыратуу үчүн психологиялык курал катары колдонулат. Кээ бир согушкерлердин жеке демилгеси менен ишке ашкан зордуктоолор сыяктуу эле, согушка катышкан мамлекеттин жетекчилиги же куралдуу топтордун лидерлери тарабынан массалык зордуктоону, сойкулукка мажбурлоону жана сексуалдык кулчулукту атайылап уюштуруу учурлары да кезигет.

Ошондой эле, белгилүү бир расалык, улуттук же диний топторду толук же жарым-жартылай жок кылуу жана этникалык кыргын салуу максатында жасалган массалык зомбулуктар да бар. 1990-жылдардын аягында эл аралык укуктун бир катар актыларында мындай зордук-зомбулук дүйнөгө жана адамзатка каршы кылмыш катары карала баштаган. Бирок мындай зомбулук эл аралык жаңжал учурунда жасалган болсо гана адамзатка кыянат кылган кылмыш болуп саналат.[2] Бирок, бул укуктук документтер ушул убакка чейин эл аралык чыр-чатактар үчүн гана колдонулуп келген. 1988-жылы Руанда боюнча Эл аралык трибунал дүйнөлүк тарыхта биринчи жолу зордуктоону геноцид катары кабыл алган. Ал эми 2001-жылы мурдагы Югославия боюнча эл аралык кылмыш трибуналы аялдардын кайталанган жана массалык түрдө зордукталышын адамзатка каршы кылмыш катары таанып баштаган.[3]

Согуш мезгилиндеги сексуалдык зордуктоого аныктама[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Согуш, куралдуу кагылыш, баскынчылык жана эркиндикти чектеген жагдайларда адамга карата сексуалдык зомбулук менен  башка зомбулуктарды так айырмалаган чек коюу өтө татаал. Ар кайсы өлкөлөрдүн мыйзамдарында зордуктоого жана сексуалдык мүнөздөгү башка зордук-зомбулук иштерине ар түрдүү аныктама берилиши мүмкүн. “Зордуктоо”, “сексуалдык кылмыш” жана “сексуалдык зомбулук” деген терминдердин мааниси окшош болгондуктан, көбүнчө бири-бирин алмаштырып колдонулат.[4] Ал эми “Аскердик же согуш учурунда зордуктоо" деген түшүнүк боюнча жалпы кабыл алынган аныктама жок, анткени аныктамага зомбулуктун кандай түрлөрү кирээри жана кандай зордук-зомбулук конфликтке байланыштуу болуп саналаарында айырмачылыктар бар.[5]

Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун толуктап, 2002-жылы кабыл алынган “Кылмыштардын элементтериндеги” 7(1)(g)-1-беренесинде зордуктоого  “адамзатка каршы кылмыш” катары төмөнкүдөй аныктама берилген, башкача айтканда:

Эгерде кылмышкер адамдын денесине кол салган учурда, жабырлануучунун  денесинин бир бөлүгүнө же жыныстык мүчөлөрүнө кылмышкер жыныстык мүчөсү же кандайдыр бир буюм аркылуу аз-маз болсо да тийген болсо;[6]

жана

Тигил же бул адамга карата күч колдонуу  же күчүн көрсөтүп коркутуу  менен кол салынса, ошондой эле зомбулук коркутуу, күчкө салып мажбурлоо, камакка алуу, психологиялык кысым, кызмат абалын колдонуу, мажбурланган жагдайларды пайдалануу менен  ишке ашырылса, же өзүнүн чыныгы эркин билдирүүгө макулдугун бере албаган адамга карата мажбурлоо кылынса, анда бул аракеттер “зордуктоо” катары эсептелинет.[6]

Согуш мезгилиндеги сексуалдык зомбулук – бул куралдуу кагылышуу, согуш же аскердик оккупация учурунда көбүнчө олжо катары, бирок кээде, өзгөчө этникалык кагылышууларда, башка кеңири социологиялык мотивдерге ээ болгон зордуктоо же сексуалдык зомбулуктун башка түрлөрү. Согуш мезгилиндеги сексуалдык зордук-зомбулук топтук зордуктоо жана предметтер менен зордуктоо да камтышы мүмкүн. Согуш кылмыштары, аскер кызматындагы аскерлердин арасында жасалган сексуалдык асылуулардан, сексуалдык зомбулуктардан жана зордуктоодон айырмаланат.[7]

Согуш учурунда зордукталган кыз, Альберго-деи Поверидеги реформаторияда, Неаполь 1948-ж.

Бул жерде "Денеге кол салуу"  түшүнүгү кыйла кеңири жана гендердик нейтралдуу мааниде колдонулат, анткени кылмыш жасаган адам менен жабырлануучу ар кандай  жыныста жана сексуалдык ориентациялары да түрдүү болушу мүмкүн. Мажбурлоо - бул түздөн-түз физикалык зомбулук гана болуп саналбайт. Ар кандай формадагы коркутуулар жана жабырлануучунун өз ыктыяры менен  негиздүү макулдугун бере албаган абалын колдонуу да мажбурлоого жатат.[8]

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Согуш учурунда же жарандык куралдуу кагылышууларда, өзгөчө куралсыз калкка карата мыйзамсыз иш- аракеттер өкүм сүрөт жана мындай кылмыштар дээрлик жазасыз калат. Жоокерлерге же согушчандарга  басып алынган аймактагы карапайым калкты талап-тоноого башчылары тарабынан ачык эле уруксат берилген учурлар бар. Мындай мыйзамсыз аракеттер согушкерлердин аз төлөнгөн акылары жана өмүрлөрүн чоң тобокелге салгандыгы  үчүн төлөм катары кабыл алынат. Жазасыз зордуктоо мүмкүнчүлүгү жеңүүчүлөргө сыйакы, компенсация же сыйлык катары да каралышы мүмкүн.[4][9]

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, "кайталанган зордуктоолор көбүнчө этникалык кыргын үчүн согуштук курал катары колдонулат.[10] Бир эле XX кылымда дүйнөнүн ар кайсы аймактарында, анын ичинде Боснияда, Камбоджада, Угандада жана Вьетнамда болгон куралдуу кагылыштарда зордуктоолор кеңири орун алган.[10]  2008-жылы БУУнун Коопсуздук Кеңеши “башка этностук топко же  коомчулукка таандык жарандарды басынтуу, үстөмдүк кылуу, коркутуу, таратуу же аларды күч менен көчүрүү үчүн аялдар жана кыздар сексуалдык зомбулукка тартылышат. Мындай кылмыш иш-аракеттери согушта аскердик тактика катары каралат” деп билдирүү жасаган.

Жапон армиясынын "комфорт батальондорунун" биринен кытай кызы

Ал эми Дара Кэй Коэн белгилегендей, кээ бир  топтошуп зордуктоолор куралдуу топтун мүчөлөрүнүн, өзгөчө бул топко күч менен тартылгандардын ортосундагы ынтымакты арттыруу үчүн атайылап уюштурулат.[11][12] “Amnesty International” эл аралык бейөкмөт уюму заманбап согуштарда зордуктоолорду төмөнкү аскерий максаттарга жетүү үчүн атайылап уюштурулуп жатканын ырастайт: мурдагы тургундарды алар көзөмөлдөгөн аймактан кууп чыгуу, калган тургундарды үй-бүлөлүк байланыштарын үзүү аркылуу акырындык менен тукум курут кылуу,  КИЖС (СПИД) жайылтуу, маданиятын жана диний салттарын жок кылуу.[8][13] Гаятри Чакраворти Спивак “баскынчылардын топтошуп зордуктоолорун” согушкерлердин "аймакты ээлеп алуу майрамы" катары мүнөздөйт.[14]

Жашы жете элек балдарды согушта колдонгон кээ бир согуштук топтор алар үчүн атайылап зордуктоо уюштурушуп,   “жетилген курак ырымын”  жасашат. Ушундай жол менен жаңыдан кошулган жаш согушкерлер үчүн зомбулукка карай жол ачылат. Мындай түшүнүк “чыныгы мырзалык сапаттар ” катары зордук-зомбулукту жана үстөмдүктү элестеткен патриархалдык коомчулукта өзгөчө актуалдуу. Экономикасы талкаланган жана коопсуздук камсыздалбай калган аймактардан жер которууга мажбур болгондор  сексуалдык же эмгек кулчулугу максатында  адам сатуунун же уурдоонун курмандыгы болуп калышкан. Кээ бир кагылыштарда кыздардан жана аялдардан жашыруун маалыматтарды алуу үчүн зордуктоолорду кыйноо катары колдонушкан. Топтошуп зордуктоолорду “аскерлердин биримдигин чыңдоо иш-тажрыйбасы” катары мүнөздөп, Коэн куралдуу топтордун мүчөлөрү мындай “социализация өнөктүгү” учурунда төмөнкүдөй өзгөрүүлөргө туш болорун белгилейт:

  1. Башкалардан өзүн артык сезе башташат;
  2. “Айбаттуу” делген статуска жана абройго ээ боло баштайт;
  3. Өздөрүн өзгөчө эр ойлоп башташат;
  4. Топко берилгендигин жана тобокелчиликке баруу даярдыгын билдиришет.

Ошентип, уюшкан зордуктоолор согуштук курал катары колдонулбаган учурларда куралдуу топтордун биримдигин бекемдөө каражаты боло алат.[11]

Гендердик аспектилер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдарды зордуктоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сюзан Браунмиллер тарыхый документтерди да, теорияны да колдонуп, согуштагы зордуктоолорду кеңири изилдеп чыгууга аракет кылган биринчи тарыхчы болгон.[15] Ал жасаган иштеринин жыйынтыгында төмөнкүдөй тыянакка келген:

Согуш эркектерге аялдарды жек көрүү үчүн “эң сонун” психологиялык чөйрө түзүп берет. Куралдуу күчтөрдүн сүрү —бул  алардын колундагы куралдын аёосуз күчү, куралдаш жолдоштордун ортосундагы өзгөчө рухий байланыш, берилген жана аткарылган буйруктардын темирдей тартиби. Мына ушундай аскердик көрүнүштөр аялдар төмөнкү баскычта турат деп эсептеген эркектердин ойлорун бекемдеп берет. Ошондой эле, зордукчулар - бул дүйнөдөгү эң эксклюзивдүү эркектер жамаатына кошулуу менен өзгөчөлөнүп өзгөргөн карапайым адамдар.

Келли Доун Эскин учурда согуштардын курмандыгына айланган  жай тургундардын саны көбөйүп жатканын белгилейт. Алардын кеминде кырк беш миллиону Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон. Көптөгөн изилдөөлөргө ылайык, эркектер менен аялдар бирдей кыйноолорго дуушар болушат, бирок аялдар көбүрөөк зордуктоонун курмандыгы болот (анткен менен, эркектер менен балдарды зордуктаган учурлар да жок эмес).[16]

Украинадагы орусиялык аскерлердин аялдарды зордуктоого каршы протест (Сан-Франциско, Калифорния, 28-май, 2022-жыл)

Бирок чыр-чатактар ​​учурунда эркектерге карата сексуалдык зомбулук темасы дээрлик ачыла элек, анткени мындай зордукка кабылган эркектер аялдарга караганда азыраак билдиришет жана көпчүлүк учурда көрсөтмө бере беришпейт.  Ошондой эле, бул жаатта иштеген кээ бир бейөкмөт уюмдар тарабынан аялдарга карата зомбулукка көбүрөөк көңүл бурулуп, ал эми эркектерге карата зордуктоолор көп учурда көз жаздымда калат.[16]  Бирок аялдар да зордуктоо боюнча бардык учурларды билдире беришпегендиктен, бул көрүнүштүн реалдуу масштабы боюнча ишенимдүү маалыматтарды алуу өтө кыйын.[17] Куралдуу кагылышуулар учурунда сексуалдык зомбулуктун курмандыктары болуп, каршылаштардын аял-балдары гана эмес, согушкерлердин союздаштары, же өз өлкөсүнүн жарандары, ал тургай өз армиясынын аскер кызматкерлери да болушу мүмкүн.[18]

Бирок курмандыктардын көбү карапайым адамдар. Ар кандай куралдуу кагылышууларда аялдарды зордуктоо боюнча көп сандагы катталган фактыларга карабастан, көптөгөн өлкөлөрдүн куралдуу кагылыш учурунда жарандарды коргоо боюнча мыйзамдарында аялдарга карата сексуалдык кылмыштарга өзгөчө көңүл бурулбайт. Белгилей кетчү нерсе, аскердик абал ачык түрдө сексуалдык зомбулукка тыюу салган жерлерде дагы зордуктоо фактысы менен болгону бир нече гана күнөөкөр жоопко тартылган. К.Д.Эскиндин айтымында, согуш мыйзамдары боюнча, көбүнчө аялдарга карата сексуалдык кылмыштар анчейин маанилүү эмес деп эсептелинет жана кылмышкерлерди олуттуу жоопкерчиликке тартууну көздөшпөйт.

Ошондуктан, жакынкы убактарга чейин эле зордуктоо -  согуштун жашыруун, изилденбеген элементи бойдон кала берген. “Human Rights Watch”[en] бейөкмөт уюмунун билдирүүсү боюнча, бул - согуштун олуттуу гендердик өзгөчөлүгү менен шартталган, анда көбүнчө эркектер өтө ырайымсыздыкты, анын ичинде аялдарга карата зомбулукту көрсөтүшөт.

Бул гендердик мүнөздөгү согуш зордуктоосу "тараптуу түрдө сексуалдык же жеке мүнөз катары сүрөттөлүп, жаңжалдардагы сексуалдык зомбулукту саясаттан ажыраткан жана согуш кылмышы катары эске алынбай калган сүрөттөлүшкө" салым кошкон.[19]

Көптөгөн кылымдар бою жеңүүчүлөргө ар кандай олжолорду, анын ичинде аялдарды тартып алууга ачык же кыйыр түрдө укуктар берилип келген. Мындан тышкары, согуш учурунда зордуктоолор  аскерлерди фронтко жөнөтүүнүн  кесепети катары гана бааланган, ал эми согушуп жаткан жоокерлер үчүн мыйзамдуу материалдык сыйлыктар  (көбүнчө согушкерлердин айлык акылары өз убагында төлөнбөйт) жана жоокерлердин эрдиги, ийгилиги катары эсептелинген.[19]  Байыркы убактагы согуш зордуктоосуна шилтеме жасап, Гарольд Вашингтон согуштун өзү зордуктоо катары сүрөттөлөт жана кол салууга дуушар болгон шаарлар анын курмандыктары деп ырастайт. Ал согуш зордуктоо аялдар жана эркектер жөнүндө стереотиптердин контекстинде пайда болот деп ырастайт, бул зордук-зомбулук күч эркектерге таандык жана аялдар анын курмандыгы деген негизги ишенимдин бир бөлүгү. [20]

Эркектерди зордуктоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бирок калыптанган ишенимдерге карабастан, куралдуу кагылыштар учурунда эркектерди зордуктоо да кеңири таралган.  X кылымда эле перс жазуучусу Ибн Мискавейх Азербайжандын Бердаа шаарына орустар баскынчылык менен киргенин жана жергиликтүү уландардын орус аскерлери тарабынан зордукталганы жөнүндө баяндаган. Ал эми бүгүнкү күндөгү абал жөнүндө сөз кылсак, 2009-жылы Лара Стемпл тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, куралдуу кагылышуу учурунда жана дүйнө жүзү боюнча камак жайларында эркектерге карата сексуалдык зомбулуктун көп учурлары аныкталган.[21] Мисалы, 1980-жылдары Сальвадордо саясий камактагы эркектердин 76%  сексуалдык зомбулукка дуушар болушкан; Сараеводогу концлагерлердин туткундарынын 80%га жакыны зордуктоо же сексуалдык кыйноолордун курмандыгы болгон. Стемпл бул жагдайга жетиштүү изилдөөлөр жүргүзүлбөгөндүгүн айтат. Ал эми изилдөөчүлөр тарабынан зордукка кабылган аялдарга караганда сексуалдык зомбулукка туш болгон эркектерге азыраак көңүл  бурулат. Ушул себептен, Стемпл бул көрүнүштүн чыныгы масштабын баалоо кыйын деген тыянак чыгарган. [22] [23]

Джонс Хопкинс университетинин медайымдар мектебинин кызматкери Мервин Кристиан да эркектердин сексуалдык зомбулукка кабылган учурлары көп катталбай каларын жана бул маселе терең изилденбей жатканын белгилейт.[24]

Кесепеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Физикалык кесепеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2013-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө согуш зордуктоонун курмандыктары травматикалык жаракаттар, жыныстык жол менен жугуучу оорулар, энелик өлүм, каалабаган кош бойлуулуктар, кооптуу бойдон алдыруулар жана туруктуу гинекологиялык көйгөйлөр негизги тынчсызданууну жаратат.[25] Согуштук зордуктоо кагылыш болгон аймактарда болгондуктан, тез контрацепцияга, антибиотиктерге жана абортко жеткиликтүүлүк чектелген. Адамдын иммундук жетишсиздик вирусун (ВИЧ) жугузуу сейрек эмес.[26]

Психологиялык кесепеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Согушта зордуктоо курмандыктары жана аман калгандар психосоциалдык көйгөйлөргө дуушар болушат. [27]

Жабырлануучулардын кыска мөөнөттүү психологиялык жаракаттарына коркуу, алсыздык, капа болуу, ориентацияны жоготуу, обочолонуу, алсыздык жана үмүтсүздүк кирет. Эгерде дарыланбаса, сексуалдык зомбулуктун жана зордуктоонун психологиялык кесепеттери кыйратуучу, кээде өлүмгө да алып келиши мүмкүн. Сексуалдык зомбулуктун натыйжасында өлүмдүн себептери өзүн-өзү өлтүрүү жана зордуктоочу тарабынан өлтүрүү болуп саналат. Сексуалдык зордуктоо курмандыктары үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан ар-намыс өлтүрүү катары өлтүрүлүшү дагы мүмкүн.

Узак мөөнөттүү психологиялык жаракаттарга депрессия, тынчсыздануу оорулары (анын ичинде травмадан кийинки стресс синдрому (PTSS)), көптөгөн соматикалык симптомдор, флешбектер, уланып жаткан травма, өнөкөт уйкусуздук, өзүн жек көрүү, кош түш көрүү, паранойя, интимдик мамилени калыбына келтирүү кыйынчылыгы камтышы мүмкүн. мамилелер, уялуу, жийиркенүү, ачуулануу жана туруктуу коркуу. [28] Алар уктай албай кыйналышы, табитинин өзгөрүшү же толук эмоционалдык көйгөйлөр, анын ичинде травмалык стресстен кийинки бузулуу, депрессия, баңгилик же көз карандылык пайда болушу мүмкүн. Медициналык психологиялык колдоо ресурстарынын жетишсиздиги согуштук зордуктун курмандыктарын андан ары кыйын абалга алып келет.[29]

Психосоциалдык жана социалдык кесепеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зордуктоодон келип чыккан физикалык жана психологиялык зыяндан тышкары, согуштун контекстиндеги сексуалдык зомбулук зордуктоо курмандыктары менен алардын жамааттарынын ортосундагы байланышты үзгүлтүккө учуратат. Согуштук зордуктоо феномени структуралык жактан бүтүндөй коомдорго таасир этиши мүмкүн, бул зордуктоону куралдуу кагылышууларда курал катары стратегиялык колдонуунун негизинде жаткан логика менен тыгыз байланышкан. «Душман» аялдарды зордуктоо да ошол коомдун эркектерине карата кордук жана кемсинтүү актысын түзөт.[30]

2019-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөр согуш маалындагы сексуалдык зордук-зомбулуктар жабыр тарткан коомдо интимдик өнөктөштөрдү кыянаттык менен пайдалануу учурларын көбөйтүшү мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Перудагы жарандык согуштун кесепеттери боюнча жүргүзүлгөн изилдөө чыр-чатакка байланыштуу сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган аялдар согуштан кийин интимдик өнөктөрүндөн зомбулукка кабылуу коркунучуна дуушар болушкан.[31]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. H. Benedict, The Nation: The Plight of Women Soldiers (анг.), May 6, 2009. Зиярат күнү: 07.03.2023.
  2. Haddad, H.N. Hum Rights Rev (2011). Mobilizizng the Will to Prosecute@ Crimes of Rape at the Yugolav and Rwandan ribunals@. Human Rights Review 12: 109-132.
  3. Рафаэль Гругман, Женщина и война. От любви до насилия — Москва: Алгоритм, 2018, стр. 352
  4. 4.0 4.1 War on Women – Time for action to end sexual violence in conflict. Nobel Women's initiative (May 2011). Текшерилген күнү 7 -март (жалган куран) 2023. Түп булактан архивделген күнү 7 -март (жалган куран) 2023.
  5. Ragnhild Nordå and Dara Kay Cohen, Conflict-Related Sexual Violence (анг.) Annual Review of Political Science 2021 24:1, 193-211
  6. 6.0 6.1 Elements of Crime International Crominal Court www.icc-cpi.int Зиярат күнү: 07.03.2023.
  7. The Nation: The Plight of Women Soldiers.
  8. 8.0 8.1 Minzoni-Deroche, Angela. Rape as a tactic of war – Advocacy Paper (англ.). Caritas France (ноябрь 2005).
  9. "Rape as a weapon of war in the Democratic Republic of the Congo". Torture 22 (1): 24-37. 2012. 
  10. 10.0 10.1 Sexual violence as a weapon of war. Текшерилген күнү 7 -март (жалган куран) 2023. Түп булактан архивделген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2019.
  11. 11.0 11.1 Cohen, D.K. (2011). "Causes of Sexual Violence During Civil War: Cross-National Evidence (1980–2009) Prepared for the Minnesota International Relations Colloquium, March 28, 2011."
  12. Nordås, Ragnhild; Cohen, Dara Kay (11 May 2021). "Conflict-Related Sexual Violence". Annual Review of Political Science. 24 (1): 193–211. doi:10.1146/annurev-polisci-041719-102620. ISSN 1094-2939. S2CID 236571930.
  13. Smith-Spark, Laura. How did rape become a weapon of war? (англ.), BBC News (8 December 2004).
  14. Spivak, Gayatri Chakravorty. A Critique of Postcolonial Reason: Towards a History of the Vanishing Present. — Cambridge, Massachusetts: Harvard University Press, 1999. — P. 300. — ISBN 0-674-17764-9.
  15. Eiji Takemae; Robert Ricketts; Sebastian Swann (2003). Allied Occupation of Japan. A&C Black. p. 67. ISBN 978-0-8264-1521-9. 
  16. 16.0 16.1 Thomas, Dorothy Q.; Reagan, E. Ralph (1994). "Rape in War: Challenging the Tradition of Impunity". SAIS Review, Johns Hopkins University Press.
  17. Watts, Charlotte; Zimmerman, Cathy (2002). Violence Against Women: Global Scope and Magnitude. https://www.researchgate.net/publication/11410834. 
  18. Askin, Kelly Dawn (1997). War Crimes Against Women: Prosecution in International War Crimes Tribunals (in англ.). Martinus Nijhoff Publishers. ISBN 90-411-0486-0. Lay summary. 
  19. 19.0 19.1 Dorothy Q., Thomas; Ralpg E., Raegan (1994). Rape in War^ Challenging the Tradition of Impunity. SAIS Review, Johns Hopkins Uniersity Press.
  20. Levinson, Bernard M (2004). Gender and Law in the Hebrew Bible and the Ancient Near East. p. 20. ISBN 978-0-567-08098-1. 
  21. Stemple, Lara (1 January 2009). "Male Rape and Human Rights". Hastings Law Journal 60 (3): 605. https://repository.uchastings.edu/hastings_law_journal/vol60/iss3/3/. 
  22. The rape of men (17 July 2011).
  23. Stemple, p. 612.
  24. "Rape as a 'weapon of war' against men".
  25. Sexual and gender-based violence in areas of armed conflict: a systematic review of mental health and psychosocial support interventions. 
  26. Provision of antiretroviral treatment in conflict settings: the experience of Médecins Sans Frontières. 
  27. Sexual and Gender-Based Violence against Refugees, Returnees and Internally Displaced Persons. Guidelines for Prevention and Response, UNHCR (SGVB Guidelines). United Nations High Commission for Refugees.
  28. War, rape and genocide: From ancient times to the Sudan. Apha.confex.com.
  29. The Nature and Psychosocial Consequences of War Rape for Individuals and Communities. 
  30. Skjelsbæk, Inger (25 July 2016). "Victim and Survivor: Narrated Social Identities of Women Who Experienced Rape During the War in Bosnia-Herzegovina". Feminism & Psychology 16 (4): 373–403. 
  31. The Legacy of Wartime Violence on Intimate-Partner Abuse: Microlevel Evidence from Peru, 1980–2009.