Ван кыргыздары

Википедия дан
Ван жергесинде жашаган кыргыз балдары бийлешүүдө.

Ван кыргыздары, лат. кыр. Van qyrǵyzdary - дүйнөдөгү кыргыздардын диаспоралык топторунун бири. Алар учурда Түркиянын чыгышындагы Ван көлүнүн аймагында 1980-жылдардан бери жайгашканы үчүн илимде "Ван кыргыздары" деп аталып калышты. Түпкү теги - Ооганстан Памирин жердеген ичкилик кыргыздардан. Түркияда башка да кыргыз топтору бар.

Кыскача таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бүгүнкү күндө Түркиянын Чыгыш Анатолия жергесиндеги Ван вилайетин жердеген кыргыздар "Ван кыргыздары" деп аталып келет. Алардын айрымдары оболу орус баскынчыларынан качып, Тажикстандын Мургаб районунан Ооганстан Памирине оогон, мындагы жергиликтүү кыргыздар менен жуурулушкан. Советтик аскерлердин күчү менен Ооганстанга социалисттик түзүлүш таңууланганда, алардын бир даары Рахманкул хандын башчылыгы астында Пакистанга (Гилгит өрөөнүнө) өтүп кеткен. 1982-жылы бул топтун кыйла бөлүгү Стамбулга ооп барган, каалагандары кайра Ооган Памирине кайткан.

Түркия Өкмөтү аларга Ван вилайетинен (ил) атайын жер бөлүп берип, жашоо шарттарын түзүп, Улуу Памир айылын тургузуп беришкен. Андагы кыргыздардын саны азыркы күндө 5000ге жетет.

Туркиянын Ван колунун боюндагы кыргыз боордошторубуздун Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаевке[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылдын июнь-июль айларында Кыргызстандын Ош областындагы Чон-Алай районунун Кашка-Суу айылынан мен, Игамкулов Давут Учубекович аралыгы бир кылымга жакын ажырап калган туугандарымдан атайын барып кабар алып, Туркияда бир ай журуп келдим. Менин чон атам Эгемкул. Афганистандан Туркияга кеткен кыргыздардын арасында Эгемкул чон атамдын бир тууганы Кудайкулдан уулдары Шермамат ажы менен Тажибайдын балдар-кыздары, алардын урпактары бар экен. Ботон эл ботон жердеги туугандардан кабар алуу, мумкунчулугу болсо жардам беруу ар бир эле атуулдун максаты болсо керек. Туркиядагы кыргыз туугандардын саламын буткул кыргыз элине алып кайттым. Баардыгыныздар Туркиялык боордошторубуздун саламдарын кабыл алыныздар.

Ушул Вандагы элдин Кыргыз Республикасынын Президенти Сиз урматтуу Алмазбек Шаршенович Атамбаевке ото чон, озгочо саламдары бар.

Убагында Манас бабабыз узулгонду улаган, чачылганды чогулткан болсо, ушул кундо бабабыз Эр Манастын эрдигин азыркы президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев да кайталап кыргыз эли учун тарыхый миссияны аткарат деген Туркиялык кыргыз боордошторумдун чон ишеничи менен суранычтарын билдирип кайрылып отурам. Урматтуу Алмазбек Шаршенович Сиз 2012-жылдын башында Туркиялык кыргыздардын окулдорун Анкарада атайын чакырып кабыл алганыныз учун буткул Туркиядагы кыргыздар ыраазы. Сизден биз Туркиялык кыргыздарды Кыргызстанга кочуруп кетер деп умут кылып суйунушуп отурушат. Жалпы кыргыз элинен умуттонуп саламдарын айтышты. Элибизге бардык жакшылыктарды ыроолошту.

Урматтуу кыргыз элим, Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Баарыныздарга боордоштук саламын менен Чон-Алайлык тууганыныздар Игамкулов Давут Учубекович.

Салты. Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күйөөгө чыгаарда кийилчү элечек түрү - калек (кәләк) кийген вандык кыргыз кыз. 21.06.2009.

Вандык кыргыздар Ооганстандан ооп баргандыктан каада-салттары оогандык кыргыздарга окшош. Кийим-кечек кийүү маданияты да оогандык кыргыздардыкындай.

Ал эми улуттук оюндары, тамак-ашы Кыргызстандагы кыргыздардан айырмаланбайт.

Кадимкидей кой союлуп, шорпо куюлуп, боорсок жасап, конок күтүү каада-салты аларда да сакталып калган. Ат чабыш, улак тартыш, эңишке чыгуу, ат оюндарын кудум эле биздегидей ойношот.

Вандык кыргыздарды алатоолуктардан айырмалап турган нерсе – кыргыз тилинин диалектилик өзгөчөлүгү.

Түркияны жердеп жашаган кыргыздардын көпчүлүгү азыр кыргыз тилин унутуп баратышат. Улуу мууну гана кыргыз тилинде сүйлөбөсө, жаштардын баары мектепте түрк тилинде окуп, бири-бири менен түрк тилинде гана пикир алышат.

Ван жергесинде жашап жаткан кыргыздар жыл сайын салттуу түрдө майрам өткөрүп келишет. Бул иш-чарада кыргыздын маданиятын: улуттук тамак-аштарын, каада-салттарын, кол өнөрчүлүгүн, улуттук оюндарын тартуулашат. Улуттук оюндардан “Эр оодарыш”, “Улак тартыш”, “Ат чабыш” ондары ойнолот.

Кыскача адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кайыпов С. Жылга бергис жарым күн: Илимий-пoпулярдык китеп – Б.: Учкун, 2006. - 220 б.
  • Kayıpov Sulaiman. Folklor Üzerine Yazılar: Makaleler, Bildiriler. – Ankara, 2006.
  • Жумабаев Б. Памир: Улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөш. – Бишкек: Учкун, 2009. – 192 бет.
  • Жумабаев Б. Батыштан Азиянын жүрөгүнө чейин // Кыргыздар / Түзгөн Кеңеш Жусупов. – Бишкек, 2003. – Т. 5. – 289-298-беттер.
  • Жумабаев Б., Маанаев Э. Памир кыргыздары: Тарыхий-этнографиялык очерк. – Бишкек, 2009. – 186 бет.
  • Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (ISBN 9967-00-001-5). – 160 б.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]