Футбол боюнча Европа чемпионаты 2016
Футбол боюнча Европа чемпионаты 2016 англ. UEFA Euro 2016 фр. Championnat d'Europe de football 2016' | |
---|---|
Чемпиондук тууралуу маалыматтар | |
Өткөрүү жайы | Франция |
Өткөрүү шаарлары | 10 |
Стадиондору | 10 |
Мелдеш мөөнөтү | 10 июнь — 10 июль 2016 |
Тандоо мөөнөтү | 7 сентябрь 2014 — 17 ноябрь 2015 |
Катышуучулар саны | 54 |
финалда | 24 |
Байгелүү орундар | |
Чемпион | Португалия (1-чи-жолу) |
Экинчи орун | Франция |
Финал | Стад де Франс, Сен-Дени |
Чемпиондуктун статистикасы | |
Көрүүчүлөр | 2 351 435 (46 107 топ бир оюнда) |
Ойнолгон матчтар | 51 |
тандоодо | 268 |
Киргизилген голдор | 108 (2.12 топ бир оюнда) |
тандоодо | 700 (2.61 топ бир оюнда) |
Бомбардир(лер) | Антуан Гризманн (6 топ) |
тандоодо | Роберт Левандовский (13 топ) |
Мыкты оюнчу | Антуан Гризманн |
Хронологиясы | |
Футбол боюнча Еврорпа чемпионаты 2016 (кыск. «Евро-2016») — 15-жолу УЕФА тарабынан уюштурулуп жаткан футбол боюнча Европа биринчилиги. Бул турнир 2016 жылдын 10 июндан тартып, 10 июлга чейин өткөрүлөт[1]. 2008 жылы сентябрь айында УЕФАнын аткаруу комитети Евро-2016да биринчи жолу 24 команда ойноору тууралуу токтом чыгарган. 2010 жылдын 28 май күнү Женевада турнирди өткөрө турчу мамлекет аныкталган, ал — Франция (үчүнчү жолу).
Уюштуруучуларды тандоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Заявкалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Италия — Европа чемпионатын 2 жолу кабыл алган (1968, 1980).
- Түркия — мурда Европа чемпионатын кабыл алган эмес.
- Франция — Европа чемпионатын 2 жолу кабыл алган (1960, 1984).
- Алынган заявкалар
- Норвегия жана Швеция — Швеция Футбол боюнча 1992 жылы өткөн Европа чемпионатын кабыл алган; заявка өкмөт тарабынан колдоо таппагандыктан 2009 жылы декабрь айында жокко чыгарылган.
- Шотландия жана Уэльс — мурда еврорпа чемпионатын кабыл алышкан эмес; өзүлөрүнүн кандидатурасын финасылык кризистен улам алып салышкан.
- Ирландия — мурда Европа чемпионатын кабыл алган эмес; Шотландия менен ийгиликсиз сүйлөшүүлөрдөн улам, заявкасын артка чакыртып алган.
- Орусия — мурда Европа чемпионатын кабыл алган эмес; 2009 жылдын декабрь айында Батыш Европада эки турнирди катары менен өткөрүүгө мүмкүн эместигинен улам, баш тарткан (Орусия 2018 жылы өтө турчу футбол боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алмакчы)
Добуш берүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Добуш берүүдө УЕФАнын Аткаруу Комитетинин 13 мүчөсү катышкан. Биринчи раундда ар бир добуш берүүчү 3 өлкөнү катары менен коюшу керек. биринчи коюлган өлкө 5 балл, экинчи коюлганы 2 балл, ал эми үчүнчү тизилген өлкө 1 балл алышкан. Биринчи раунддун жыйынтыгы боюнча эң аз упай топтогон өлкө (Италия) жарыштан чыккан. Экинчи раундда Чемпионатты өткөрө турган өлкө добуштардын көпчүлүгү боюнча аныкталган.[2].
Өлкө | Раунд[3] | |
---|---|---|
1-чи | 2-чи | |
Франция | 43 | 7 |
Түркия | 38 | 6 |
Италия | 23 | — |
Бардыгы | 104 | 13 |
Тандап алуу турнири
[түзөтүү | булагын түзөтүү]54 команданын ичинен финалдык бөлүккө 23ү өтүп, бул турнирдин ээси — Франция курама командасына кошулушту.
Финалдык турнирге өткөн командалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Курама | Квалификация ыкмасы | Квалификация датасы | Катышуу | Катары менен | Акыркы жолу | Мыкты көрсөткүч |
---|---|---|---|---|---|---|
Франция | Уюштуруучу | 28 май, 2010 | 9 | 7 | 2012 | Чемпион (1984, 2000) |
Англия | Е тайпасында 1-орун | 5 сентябрь 2015 | 9 | 2 | 2012 | 3-орун (1968, 1996) |
Чехия | A тайпасында 1-орун | 6 сентябрь 2015 | 6 | 6 | 2012 | (1996)[К 1] 2-орун |
Исландия | A тайпасында 2-орун | 6 сентябрь 2015 | Дебют | Дебют | Дебют | Дебют |
Австрия | G тайпасында 1-орун | 8 сентябрь 2015 | 2 | 1 | 2008 | Тайпалык этап (2008) |
Түндүк Ирландия | F тайпасында 1-орун | 8 октябрь 2015 | Дебют | Дебют | Дебют | Дебют |
Португалия | I тайпасында 1-орун | 8 октябрь 2015 | 7 | 6 | 2012 | (2004) 2-орун |
Испания | C тайпасында 1-орун | 9 октябрь 2015 | 10 | 6 | 2012 | (1964, 2008, 2012) Чемпион |
Швейцария | Е тайпасында 2-орун | 9 октябрь 2015 | 4 | 1 | 2008 | Тайпалык этап (1996, 2004, 2008) |
Италия | H тайпасында 1-орун | 10 октябрь 2015 | 9 | 6 | 2012 Вице-чемпион | (1968)Чемпион |
Бельгия | B тайпасында 1-орун | 10 октябрь 2015 | 5 | 1 | 2000 | (1980) 2-орун |
Уэльс | B тайпасында 2-орун | 10 октябрь 2015 | Дебют | Дебют | Дебют | Дебют |
Румыния | F тайпасында 2-орун | 11 октябрь 2015 | 5 | 1 | 2008 | (2000) чейрек финал |
Албания | I тайпасында 2-орун | 11 октябрь 2015 | Дебют | Дебют | Дебют | Дебют |
Германия | D тайпасында 1-орун | 11 октябрь 2015 | 12 | 12 | 2012 | (1972, 1980, 1996) Чемпион |
Польша | D тайпасында 2-орун | 11 октябрь 2015 | 3 | 3 | 2012 | (2008, 2012) Тайпалык этап |
Орусия | G тайпасында 2-орун | 12 октябрь 2015 | 5 | 4 | 2012 | (2008) 3-орун[К 2] |
Словакия | C тайпасында 2-орун | 12 октябрь 2015 | Дебют | Дебют | Дебют | Дебют[К 3] |
Хорватия | H тайпасында 2-орун | 13 октябрь 2015 | 5 | 4 | 2012 | (1996, 2008) 1/4 финал[К 4] |
Түркия | A тайпасында 3-орун | 13 октябрь 2015 | 4 | 1 | 2008 | (2008) 3-орун |
Венгрия | бириккен матч жеңиш | 15 ноябрь 2015 | 3 | 1 | 1972 | (1964) 3-орун |
Ирландия | бириккен матч жеңиш | 16 ноябрь 2015 | 3 | 2 | 2012 | (1988, 2012) тайпалык этап |
Швеция | бириккен матч жеңиш | 17 ноябрь 2015 | 6 | 5 | 2012 | (1992) 3-орун |
Украина | бириккен матч жеңиш | 17 ноябрь 2015 | 2 | 2 | 2012 | (2012) тайпалык этап[К 5] |
- ↑ Чехия курама командасы Чехословакия курама командасынын жолун улантуучусу болуп саналат. Чехословакия 3 жолу бул турнирге катышып, эң мыкты жыйынтыгы болуп Футбол боюнча Европа чемпионаты 1976дагы 1-орун болуп эсептелинет.
- ↑ Орусия курама командасы СССР курмама командасынын жолун улантуучулары болуп саналат. СССР 5 жолу бул турнирге катышып, эң мыкты жыйынтык 1960 жылдагы Европа биринчилигинде 1-орунга татыган
- ↑ Чехословакия курама командасы бул турнирге 3 жолу катышып, эң мыкты көрсөткүч — 1976 жылы өткөн Европа биринчилигинде 1-орунга жеткен
- ↑ Хорватия Югославия курама командасынын жолун улантуучусу болуп эсептелинет. Югославия бул турнирге 5 жолу катышып, эң мыкты көрсөткүч 1960 жана 1968 жылдары 2-орунга татыган
- ↑ Украина СССРдин курама командасынын жолун улантуучусу болуп саналат
Өткөрүлө турчу жерлер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул турнирде оюндарды кабыл алчу стадиондор ар кайсы жылдары Европанын жана дүйнө биринчиликтерин кабыл алып келишкен. Алардын катарында 1938 жана 1998 жылдары өткөн дүйнө чемпионаттары, 1960 жана 1984 жылдардагы Европа чемпионаттары, жана Конфедерациялар кубогу 2003 да бар.
Франция | |||
---|---|---|---|
Сен-Дени | Марсель | Лион | Париж |
Стад де Франс | Велодром | Люмьер | Парк де Пренс |
Батыруусу: 81 338 орун | Батыруусу: 67 000 орун | Батыруусу: 61 556 орун | Батыруусу: 50 186 орун |
Вильнёв-д’Аск | |||
Пьер Моруа | |||
Батыруусу: 50 186 орун | |||
Ланс | |||
Боллар-Делелис | |||
Батыруусу: 45 000 орун | |||
Бордо | Сент-Этьен | Тулуза | Ницца |
Матмю Атлантик | Жоффруа Гишар | Стадион Тулузы | Альянц Ривьера |
Батыруусу: 42 566 орун | Батыруусу: 42 000 орун | Батыруусу: 40 000 орун | Батыруусу: 35 624 орун |
Турнирдин форматы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Каытшуучулардын санын 16дан 24кө чейин көбөйтүү үчүн, финалдык турнирге дагы ар биринде 4 командадан болгон 2 кошумча тайпа жана дагы бир плей-офф стадиясын (1/8 финал) кошуу тууралуу чечим чыккан. Плей-оффко өз тайпаларынан биринчи жана экинчи орунга ээ болгон командалар, жана дагы 3-орунга ээ болгон дагы 4 команда (3-орундагы командалар тайпа ичинде чогулткан упайлары боюнча аныкталат) чыгат.
1/8ге үчүнчү болуп чыккан тайпалардын тизмеги | A1 | B1 | C1 | D1 |
---|---|---|---|---|
ABCD | C3 | D3 | A3 | B3 |
ABCE | C3 | A3 | B3 | E3 |
ABCF | C3 | A3 | B3 | F3 |
ABDE | D3 | A3 | B3 | E3 |
ABDF | D3 | A3 | B3 | F3 |
ABEF | E3 | A3 | B3 | F3 |
ACDE | C3 | D3 | A3 | E3 |
ACDF | C3 | D3 | A3 | F3 |
ACEF | C3 | A3 | F3 | E3 |
ADEF | D3 | A3 | F3 | E3 |
BCDE | C3 | D3 | B3 | E3 |
BCDF | C3 | D3 | B3 | F3 |
BCEF | E3 | C3 | B3 | F3 |
BDEF | E3 | D3 | B3 | F3 |
CDEF | C3 | D3 | F3 | E3 |
Тайпалык этап
[түзөтүү | булагын түзөтүү]А тайпасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]{{#if:|{{{датасы}}} |
|
Стадион: Стад де Франс, Сен-Дени Көрүүлөр: 75 113[4] |
{{#if:|{{{датасы}}} |
|
Стадион: Феликс Боллар, Ланс Көрүүлөр: 33 805[5] |
{{#if:|{{{датасы}}} |
|
Стадион: Парк де Пренс, Париж |
{{#if:|{{{датасы}}} |
|
Стадион: Велодром, Марсель Көрүүлөр: 63 670[6] |
{{#if:|{{{датасы}}} |
|
Стадион: Стад де Лион, Лион Көрүүлөр: 49 752[7] |
{{#if:|{{{датасы}}} |
|
Стадион: Пьер Моруа, Вильнёв-д'Аск Көрүүлөр: 45 616[8] |
B тайпасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]{{#if:|{{{датасы}}} |
|
Стадион: Матмю Атлантик, Бордо Көрүүлөр: 37 831[9] |
Финалдык турнир
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чучукулак жана командаларды жайгаштыруу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чучукулак Парижде 2015 жылы 12 декабрда саат 18:00 болгон.
Командалар төрт себетке чачыратылган:
- Себет 1: тандап алуу циклден 5 команда, учурдагы Европа чемпиондору Испания курама командасын кошкондо.
- Себет 2, 3 жана 4: ар биринде алтыдан команда
Франция курама командасы эч бир себетте болгон эмес, анткени ал чемпионатты кабыл алып жаткаандыгы үчүн автоматтык түрдө А тайпасынан биринчи позиция берилген.
|
|
|
|
Чучукулактын жыйынтыгы боюнча финалдык стадиянын катышуучулары алты квартетке бөлүнүшкөн (Aдан Fке чейин), ал тайпалардан плей-оффко эң күчтүү делген эки курама жана үчүнчү орун алышкан төрт курама өтмөкчү.
Демөөрчүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дүйнөлүк демөөрчүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Adidas[10]
- Carlsberg[11]
- Coca-Cola[12]
- Continental[13]
- Hisense[14]
- Hyundai-Kia[15]
- McDonald’s[16]
- Orange[17]
- SOCAR[18]
- Turkish Airlines[19]
Уюштуруп жаткан өлкөнүн демөөчүлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Билеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Евро 2016 билеттерин бир нече этаптардан алууга болот [26]:
- 2015 жылдын 10 июндан 10 июлга чейин: бул этаптын алкагында, бир миллион билет даяр болгон. Андан кийин билеттик чучукулак уюштурулуп, анын нгегизинде талапкерлер өзүнүн билдирүүсү тууралуу кулактандырууларпды алышкан;
- 2015 декабрь айынан тартып 2016 жылдын январь айына чейин: билеттердин негизги массасын ойнотууга заявкаларды таштоо башталган;
- 2016 жыл, февраль: мурда заявка бергендерге билеттерди таратып берүү иштери жүргөн (2015 жылдын 14 декабрынан тартып 2016 жылдын 1 февраль күнүнө чейин заявка бергендерге);
- 2016 жыл, март айы: мурдагы этаптардан уткан билеттерди алып сатуу боюнча официалдуу порталдын ачылышы;
- 2016 жыл, айпрель-май айлары: билеттерди почта аркылуу жеткирип берүү иштери жүргөн.
Эскекртүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ UEFA EURO 2016 : dates clés. (фр.)
- ↑ France to host UEFA EURO 2016
- ↑ AFP: France win race to host Euro 2016
- ↑ Full Time Summary Group A – France v Romania (PDF). UEFA.org. Union of European Football Associations (10 June 2016). Текшерилген күнү 10 -июнь (кулжа) 2016.
- ↑ Full Time Summary – Albania v Switzerland (PDF). UEFA.org. Union of European Football Associations (11 June 2016). Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2016.
- ↑ Full Time Summary – France v Albania (PDF). UEFA.org. Union of European Football Associations (15 June 2016). Текшерилген күнү 15 -июнь (кулжа) 2016.
- ↑ Full Time Summary – Romania v Albania (PDF). UEFA.org. Union of European Football Associations (19 June 2016). Текшерилген күнү 19 -июнь (кулжа) 2016.
- ↑ Full Time Summary – Switzerland v France (PDF). UEFA.org. Union of European Football Associations (19 June 2016). Текшерилген күнү 19 -июнь (кулжа) 2016.
- ↑ Full Time Summary – Wales v Slovakia (PDF). UEFA.org. Union of European Football Associations (11 June 2016). Текшерилген күнү 11 -июнь (кулжа) 2016.
- ↑ С Adidas бортто.
- ↑ Carlsberg ЕВРО менен бирге.
- ↑ Coca-Cola Евро менен бир жолдо.
- ↑ Continental ЕВРОго көмөк көрсөтөт.
- ↑ Hisense ЕВРО-2016нын 10-чу глобалдык демөөрчүсү болду.
- ↑ Hyundai-Kia өнөктөштөрдүн катарында.
- ↑ McDonald's ЕВРО өнөктөштөрүнүн катарында.
- ↑ OrOrange кайрадан ЕВРО менен бирге. Архивировано из первоисточника 2 -июнь (кулжа) 2016. Текшерилген күнү 13 -июнь (кулжа) 2016.
- ↑ SOCAR signs as Official Sponsor for UEFA national team competitions. Текшерилген күнү 13 -июнь (кулжа) 2016. Түп булактан архивделген күнү 9 -январь (үчтүн айы) 2014. (англ.)
- ↑ Turkish Airlines ЕВРОнун өнөктөштөрүнүн катарында. Текшерилген күнү 13 -июнь (кулжа) 2016. Түп булактан архивделген күнү 14 Апрель 2016.
- ↑ Abritel-HomeAway менен болгон макулдашуу.
- ↑ Эми Crédit Agricole менен бирге.
- ↑ FDJ - ЕВРО-2016нын биринчи улуттук демөөрчүсү.
- ↑ La Poste менен болгон макулдашуу.
- ↑ PROMAN ЕВРО-2016нын улуттук демөөрчүсү болду.
- ↑ SNCF ЕВРОнун демөөчүсү болду.
- ↑ http://ru.uefa.com/uefaeuro/ticketing/index.html Archived 2016-06-11 at the Wayback Machine Евро 2016 билеттерин кантип алуу керектиги тууралуу кеңири маалымат