Барскоон
Айыл
Барскоон
|
Барскоон — Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айыл.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Барскоон айылы райондун батыш тарабынан, Ысык-Көлдүн түштүгүнөн, Тескей Ала-Тоонун этегинен орун алган. Райондун борбору Кызыл-Суудан 45 км батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 147 км чыгышта, деңиз деңгээлинен 1712 метр бийиктикте жайгашкан.
Барскоон капчыгайы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тескей Ала-Тоонун суу бөлгүч тилкесинен Ысык-Көлдүн түштүк жээгине чейин 60 км аралыкка созулуп жаткан ири капчыгайлардын бири. Деңиз деңгээлинен 1608– 3500 м бийикте. Капчыгай протерозой жана палеозойдун кристаллдык тектеринен (гранит, сланец, гранит-диорит ж.б. антропогендик чөкмө тектеринен, төмөнкү бөлүгү болсо, көл жээгиндеги аллювий-пролювий чөкмөлөрүнөн турат. Капталдары тик (60-70° чейин) жана бийик (2 кмге чейин); таманы төр жагында кууш (150-300 м).
Генезистик тиби боюнча көп бөлүгү кууш эрозиялык капчыгай, жогорку жагы төр тибинде. Капчыгай неогендин акырында (плиоцендин 2-жарымы) жана антропoгенде (плейстоценде) пайда болгон. Рельефи боюнча 3 бөлүктөн турат. Жогорку бөлүгү бийик тоолуу аймакка туура келет, байыркы жана азыркы мөңгүлөр өөрчүгөн, төр, тепши сымал өрөөндөр, аска, төө карын(морена) жана башка морфоскульптуралар мүнөздүү; ортоңку бөлүгү орто бийиктиктеги жана жапыз тоолор зонасында; эрозий-денудациялык морфоскульптуралар(негизинен 1 кмге чейин терең капчыгайлар); куюлма шагылдар ж.б. мүнөздүү; кооз шаркыратмалар бар; төмөнкү бөлүгү көл жээгиндеги түздүккө туура келет (капчыгайдын оозунан көлгө чейин ); aллювий, пролювий шиленди конусу ээлейт; дарыя нугунун түбү жайык (500–600 мге чейин); капталдары тик. Капчыгай аркылуу Барскоон суусу агып өтөт. Климаты мелүүн континенттик; кышы суук, жайы салкын, январдын орточо темпеоатурасы - 5 - 8°С, июль айыныкы +12 - 17°С. Жылдык жаан чачыны 350 – 600 мм. Капчыгайда жалпы аянты 0,48 чарчы кмге жеткен чакан көлдөр бар. Көл жээгиндеги түздүккө кургак талаа, тоо этегине шалбаалуу талаа, орто бийиктиктеги тоолорго карагай-бадалдуу токой, бийик тоолуу бөлүгүнө субальп, альп шалбаасы жана бийик тоолуу тундра ландшафттары мүнөздүү. Токой чарбасы, жайлоо-кыштоолору бар. Ал жайкы жана кышкы жайыт үчүн пайдаланылат. Капчыгай аркылуу Жогорку-Нарын, Ак-Шыйрак сырттарына жана Кумтөргө баруучу автoмобиль жолу өтөт. Аймакта туризм спорту жакшы өнүккөн.
Барскоон колтугу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Барскоон айылынан 3,5 км алыстыктагы булуңча. Узундугу 1 км, туурасы оозунда 0,9 км, тереңдиги 50 м, ага Барскоон суусу куят. Батыш жээги жантайыңкы, чыгышы тик, түндүк жана түштүк-батыш жээктеринде кумдуу жазы тилке жатат. Төрүнөн 200 м аралыкта галоценде көлдүн деңгээли көтөрүлгөндө пайда болгон шилендилер кезигет. Булуңчанын таманы чөкмө(кум, алевролит, чополуу илээшкек) тектерден туруп, көл тарапты карай жантайып турат.
Барскоон суусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жети-Өгүз районундагы чоң суулардын бири. Узундугу 62 км, алабынын аянты 352 чарчы км. Тескей Ала-Тоосунун орто бөлүгүндөгү Кереге-Таш ашуусунан(3684 метр) башталып, Ысык-Көлгө куят. Ал эми жай айларында Барскоон жана Тамга айыл аймактарынын сугат аянттарына пайдаланылат. Жалпы узундугу 100 кмге жеткен 49 куймасы бар. Анын ирилери болуп Дүңгүрмө, Шаркырак, Ат-Жайлоо, Жан-Коргон, Кереге-Таш жана башка суулар эсептелет. Алабында жалпы аянт 0,48 чарчы км келген 9 көл бар. Алабынын жалпы аянтынын 10%тин мөңгүлөр ээлеп жатат. Суу май айынан баштап кирип, сентябрь айында барып тартылат. Жылдык орточо чыгымы секундасына 4,07 метр кубду; эң көбү секундасына 55,8 метр кубду, эң азы секундасына 0,11 метр кубду түзөт. Суунун күн чыгыш жак капталында Барскоон айылы жайгашкан.
Барскоон шаркыратмасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Барскоон суусунун алабында жайгашкан, туризмдин очогу болгон кооз шаркыратма. Андан ар кандай бийиктиктеги 3 шаркыратма агып түшүп турат. Биринчи шаркыратма Барскоон өрөөнүнүн батыш капталынан агып түшкөн Шаркырак суусунун ортоңку агымындагы карбондук сланец тегинен түзүлгөн тик кашаттан түшүп, диаметри 10-15 мге чейин фонтан сымал чачырап турат. Айланасына карагай токою, чытырман бадалдар(четин, тал, ит мурун, табылгы, шилби, чычырканак), жапалак арчалар өсөт. Экинчи шаркыратманын бийиктиги 24 метр. Чоң шаркыратмадан 150 метр төмөн бийиктиктен 12 метр келген кашатта үчүнчү шаркыратма агып түшөт. Негизинен Барскоон шаркыратмасы туристтер, эс алуучулар үчүн ыңгайлуу жай болуп эсептелет. Анда 1962-жылы дүйнөнүн туңгуч космонавты Юрий Алексеевич Гагарин, кийин калган космонавттар болушкан. Мында алгач чоң таштын бетине түшүрүлгөн бюст, кийин учкуч-космонавттын элеси түшүрүлгөн эстелик тургузулган. 1975-жылы шаркыратмалар табият эстелиги катары мамлекеттик коргоого алынган.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы — 9020 адам (2020-жыл)[1].
Белгилүү инсандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Улуу Ата Мекендик согушка, оорук жумуштарына катышкан 400гө жакын барскоондуктардын 121и СССРдин орден-медалдары менен сыйланышкан. Тынчтык мезгилинде өзү туулуп-өскөн кичи мекенине барандуу эмгек өтөп, Ленин ордени менен сыйланган: Токтокан Сартова, Абдылда Карасартов, Шайымбүбү Бобоева, Султан Кыдыбаев, Эмгек Кызыл Туу жана "Ардак Белгиси", Октябрь Революциясы ордендери менен сыйланган: Сатар Өмүралиев, И.Сулайманов, А.Касаболотова, Такен Келгенбаев, А.Досмамбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болгон: Сайра Байгубатова, Ысхак Малаев, Ильяс Касендеев,Асан Сооромбаев, Т.Исакова,1992-93-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болгон Турсунбек Чыңгышев, министрлер: Ысхак Малаев, : Ильяс Касендеев, Мустафа Кидибаев, Талант Узакбаев, Чыңгыз Узакбаев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер: Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын 1-орун басары, элчи Мукун Асейинов, элчи Тилектеш Ишемкулов, М.Акынбаева, К.Төлөгөнов, Сылый Деркембаева, Акылбек Дүйшөмбиев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Муканбет Токтобаев; "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер": Мухамбет Алыбаев, Алымкул Мамбетакунов, Тилектеш Ишемкулов, Каныбек Эдилбаев, Токтомуш Турдумамбетов, Т.Шамырова; эстрада ырчысы Жылдыз Осмоналиева, акын-жазуучулар: Эсен Чылабаев, С.Калемалиев, Р.Калдаманов, Кубан Мамбетов; илимдин докторлору, профессорлор жана академиктер: Асейин Исмаилов, Кусейин Исмаилов, Мустафа Кидибаев, Мухамеди Кутуев, Э.И.Исмаилова, Ж.К.Орозобекова, М.Исмаилов, В.М.Касымова, Ш.Соодамбеков; ардагерлер арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Абакир Рысов; Ж.Сарыкеев, Мукаш Айтбаев, Ү.Стамбеков баштаган 31 илимдин кандидаты, "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн" 32 отличниктери, "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" Озуйпа Үсөнбаева, "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер" Кадыр Жумаев ж.б бар.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Жети-Өгүз району: Энциклопедия/Башкы ред. Д.Б.Андашев: Автор-түзүүчү К.Ж.Мамбетов - Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" Башкы редакциясы, 2019. -664 б., илл.
- * Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: 2004 ISBN 9967-14-006-2 Archived 2016-03-27 at the Wayback Machine
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Байыркы Барсхан шаары тууралу баян. Шоокум сайты(жеткиликсиз шилтеме)