Википедия:Сомо/2-миңжылдык
Көрүнүш
Экинчи миң жылдык — биздин замандын 1001-жылынын 1-январынан, биздин замандын 2000-жылдын 31-декабрына чейинки убакыт аралыгы.
Бүткүл адамзат үчүн 2-миң жылдык мурунку миң жылдыктарга караганда техникалык жана социалдык жактан ойлоп табууларга, өнүгүүгө, өзгөрүүгө бай болду. Мындан сырткары адам саны мурунку миң жылдыктарга караганда болуп көрбөгөндөй өсүп, азыркы күнгө чейин уланып келе жаткан "демографиялык жарылуу" болгон.
Негизги окуялар
[булагын түзөтүү]- 1054-жыл — Улуу бөлүнүү
- 1066-жыл — Норманддыктардын Англияны басып алуусу
- 1096—1291-жылдар — Кресттик жүрүш
- 1206—1260-жылдар — Монголдордун басып алуулары
- 1400—1500-жылдар — Европада борборлошкон мамлекеттердин пайда болушу
- 1420—1580-жылдар — Ренессанс
- 1453-жыл — Константинополдун кыйрашы
- 1492-жыл — Американын ачылышы, жаңы колониализм доору
- 1517—1648-жылдар — Реформация
- 1640—1649-жылдар — Англия революциясы
- 1750—1900-жылдар — Өнөр-жай революциясы
- 1775—1783-жылдар — АКШнын көз карансыздыгы үчүн күрөш
- 1789—1799-жылдар — Улуу француз революциясы
- 1855—1876-жылдар — Кыргыздардын Орус Империясынын курамына кошулушу
- 1914—1918-жылдар — Биринчи дүйнөлүк согуш
- 1917-жыл — Октябрь революциясы
- 1924-жыл—Кара Кыргыз Автономиялуу Облусунун түзүлүшү
- 1926-жыл—Кыргыз Автономиялуу Республикасы
- 1936-жыл—Кыргыз ССРи
- 1939—1945-жыл — Экинчи дүйнөлүк согуш
- 1961-жыл — Космоско учуу
- 1991-жыл—Кыргыз Республикасынын эгемен мамлекет болуп жарыяланышы
Улуу инсандар
[булагын түзөтүү]- Вильгельм I — Англияны каратып алган
- Салах ад-Дин — Экинчи Кресттик жүрүштөгү кресттөөчүлөрдү жеңген Египеттин жана Сириянын султаны
- Чыңгыз хан — Моңгол империясынын түзүүчүсү, Бүтүндөй Азия жана Европаны өзүнө каратып алган
- Тамерлан
- Жанна д’Арк
- Иоганн Гутенберг — китеп басууну ойлоп чыгарган
- Мартин Лютер — диний ишмер, лютерандыктын негиздөөчүсү
- Иван Грозный — Орус мамлекетинин биринчи башчысы (царь)
- Христофор Колумб — Американы ачкан португалдык кеме сүзүүчү
- Леонардо да Винчи — Кайра жаралуудагы улуу сүрөтчү, инженер
- Оливер Кромвель
- Исаак Ньютон — Тартылуу күчүн ачкан окумуштуу, физик
- Пётр I — Орус империясынын биринчи императору, реформатор
- Джордж Вашингтон — АКШнын негиздөөчөлөрүнүн бири жана биринчи президенти
- Наполеон I
- Владимир Ленин — СССРдин негиздөөчүлөрүнүн бири, революционер
- Иосиф Сталин — революционер, Советтик саясий, мамлекеттик, аскер жана партия ишмери.
- Альберт Эйнштейн — физик-теоретик, азыркы теоретикалык физиканын негиздөөчүлөрүнүн бири
- Франклин Рузвельт — АКШнын 32-президенти, XX кылымдын биринчи жарымындагы дүйнөлүк окуялардын негизги фигураларынын бири
- Адольф Гитлер
- Юрий Гагарин — адамзаттын тарыхында биринчи болуп космоско учкан адам
- Нил Армстронг — Айдагы биринчи адам