Исламдын алтын доору
Исламдын алтын доору, же Исламий ренессанс — Араб халифалыгы өз тушундагы эң ири мамлекет болуп турган чакта, VIII кылымдын ортосунан XIII кылымдын ортосуна чейин мусулман окумуштуулары, жазуучулары жана өнөр адамдары дүйнөлүк илим менен маданияттын өнүгүшүнө маанилүү салым кошушкан доор. Бул убакта жалпы мусулмандык маданий мейкиндик жаралган жана анын таасири кийин Батыштын өнүгүшүнө да тийген.
Араб халифалыгы кулагандан кийин исламий маданияттын өнүгүшү Саманийлер деген перс мамлекетинде, андан кийин Газневийлер, Караханийлер, Селжукийлер, Тимурийлер, Осмонийлер сыяктуу түрк элдеринин малекеттеринде уланган.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
7-кылымда мусулмандардын мамлекетине Араб жарым аралынын өлкөлөрүнөн тышкары Пиреней жарым аралынын маанилүү бөлүгү, Түндүк Африка өлкөлөрү, Түштүк Кавказ, Иран, Ооганстан, Индиянын түндүк-батышы жана Орто Азиянын бир бөлүгү каратылып, бул мамлекет ири феодалдык империяга – Араб халифалыгына айланган эле. Ошентсе да, мусулмандардын экспансиясы интеллектуалдык жана маданий агартуучулук менен коштолуп жүрүп олтурган. Ошондо, мусулмандар мамлекеттин чегарасын кеңейтүү менен кошо эле башка элдердин маданияттарын да өздөштүрүп, аларды араб тили аркылуу бириктирип, жалпы адамзаттык цивилизациянын өнүгүшүндө маанилүү кадам жасашкан.
Ислам пайда болгон алгачкы кылымдарда мусулман аалымдары аракет, билим жана абийирдүүлүк бул дүйнөдөгү жашоону да, аркы дүйнөдөгү жашоону да жакшыртат деп терең ишенишкен. Мусулмандар илим-билимге өзгөчө көңүл бурушкандыктан, ошол тушта байыркы грек илимпоздорунун эмгектери арабчага которулуп, ошол эле убакта кавказдык, индиялык, персиялык, египеттик, сириялык жана орто азиялык элдердин өнүккөн илимдери өздөштүрүлгөн болчу.
Жогорку окуу жайлар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Араб тили административдик жана диний тил катары жайылгандан кийин, жер-жерлерде мечиттерге караштуу мектеп деңгээлиндеги билим берүүчү жайлар пайда болгон. Бара-бара филологиялык жана табигый илимдер өнүгүп, 8-кылымдан баштап эле илимий-окуу борборлору: Басрада, Куфада жана Багдадда грамматикалык мектептер ачыла баштаган. Ал эми мусулмандардын жогорку окуу жайлары 9-кылымда пайда боло баштайт.
Эң алгачкысы болуп, 829-жылы Багдадда «Дар ул-улум» же «Байт ул-Хикма» деген академия ачылгандыгы тарыхта маалым. Буга бүткүл дүйнөдөн илимпоздор тартылган жана бул жер изилдөөлөрдүн, астрономиянын жана көптөгөн грекчеден, фарсычадан которулган котормолордун жана санскрит эмгектеринин борбору болуп калган. Багдад шаары мусулмандардын алгачкы ири интеллектуалдык борбору болгон. Индия, Персия жана Византиядан келген илимпоздор мусулман аалымдарынан билим алуу үчүн Багдадга чогулуп турушкан.
859-жылы Фатима аль-Фихри деген мусулман аял Түндүк Африкада Аль-Карауин деген эң эски университеттердин бирин мечити жана китепканасы менен кошо түптөгөн. Ал эми 972-жылы Каирде аль-Азхар университети негизделген. 10-кылымда Андалусиядагы Кордовада эле 27 медресе болгондугу жана анда медицина, математика, астрономия, философия сабактары окутулгандыгы белгилүү. Кийин 1064-жылы Багдада ачылган Низамия медресеси да жогорку билим берүү жагынан кызмат аткарган.
Мусулман окуу жайлары пайда кылган академиялык салттар азыр да, айрыкча Батышта практикаланып келет.
Илим-билимге кошулган салым
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Математика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мусулмандар математикада Мухаммед ибни Мусанын алгоритми аркылуу жана алгебра, геометриялык маселелер, даражаларды ченөө жана тригонометриялык жадыбалдардын өнүгүүсү менен маанилүү ийгиликтерге жетишишкен. Индиялыктардын цифралык системасын өздөштүрүп, мусулман илимпоздору чоң сандар менен операция жүргүзө башташкан. «Нөл» деген цифранын сан катарына кошулушуна мусулман математиктери себеп болушкан. 9-кылымда Орто Азиядан чыккан аль-Хорезми деген математик алгебраны өз алдынча илим кылып, тригонометриялык функцияларды, синус, тангенс, котангенс сыяктуу түшүнүктөрдү иштеп чыккан. Ал себепчи болгон «алгебра» жана «алгоритм» деген түшүнүктөр азыркыга чейин колдонулууда. Аль-Хорезми математикада эле эмес, астрономия, география жана тарых илимдерине да зор салым кошкон.
Чыгаан математик жана астроном болгон аль-Баттани деген илимпоз болсо, томолоктук үч бурчтуктарды эсептөө усулдарын баяндаган жана азыркыга дээрлик толук шайкеш келген күндүк жылды эсептеп чыккан. Ошондой эле, Абу-л-Вафа деген илимпоз да геометрия менен астрономия жагынан орду толгус бир катар ачылыштарды жасаган.
Астрономия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алгачкы мусулман аалымдары Куранда баяндалган чечмелөөнүн негизинде жердин тоголок экендиги жөнүндөгү бүтүмгө келишкен. Мусулмандар жердин тоголок формада экендигин билип, Жер шарынын көлөмүн аныктоо үчүн 827-жылы Сирия чөлүндө меридиандын жаасын өлчөшкөн.
Мусулмандар астрологиялык жадыбалдарды оңдоп-түздөп, толуктап, Вега, Альдебаран, Альтаир сыяктуу көп жылдыздарга ат коюшкан.
Багдадда, Самаркандда жана Дамаскта обсерваториялар бар болгон. Мусулман астрономдору Птолемейдин планетардык үлгүсүн анын мусулман альманахтарынын жадыбалдарына ылайык келүүсү үчүн оңдоп түзөшкөн жана бөлөк планеталык системалардын бар экендигин моюндашкан.
Астрономия жаатындагы жетишкендиктер саякатчылар үчүн багытты аныктоодо жана убакытты эсептөөдө топ жылдыздардын абалын жана жылдыздардын кыймылын билүүсү керек болгондо, чоң жардамын тийгизген.
«Ай баскычтары» деп таанылган 28 ырааттуу жылдыздар тобун бөлүшкөн арабдар үчүн Ай дагы зор мааниге ээ болгон. Айдын бул баскычтардагы абалы жыл мезгилдерин көрсөткөн.
Физика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Физика жагынан Ибни Хайсам деген илимпозду «оптиканын атасы» деп да коюшат. Ал математика, астрономия, оптика жана механика менен алектенип, изилдөөлөрүндө математикалык далилдер менен дыкат эксперименттерди жасаган.
Орто Азиядан чыккан Аль-Бируни деген илимпоз болсо, тартылуу күчү бар экендиги жөнүндө алгачкы болуп айткан, гелиоборборчулук жөнүндө билген жана «Пикнометр» деген физикалык-химиялык приборду ойлоп тапкан. Ал тарых, география, филология, астрономия, математика, механика, геодезия, минералогия, фармакология, геология ж.б. ушул сыяктуу өз мезгилиндеги дээрлик бардык илимге ээ болгон.
Химия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Химия илими Ислам пайда болгондон бир жарым кылымдан кийин өнүгө баштаган. Бул жаатта Жабир ибни Хайян деген илимпоз фармакологиялык химия менен бир катар ачылыштарды жасагандыгы маалым. Ал ошол эле убакта алхимик, дарыгер, фармацевт, математик жана астроном болгон.
Техника
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ошол эле орто кылымдардагы мусулмандардан чыккан эрудит, ойлоп тапкыч, дарыгер, инженер жана акын болгон Аббас ибни Фирнас жасалма канаттар менен учууну эң биринчи ишке ашырып, парашютту, дельтапланды ойлоп тапкан адам болгон.
Гуманитардык илимдер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Орто кылымдардагы мусулмандарда тарых жана география илимдери да өнүккөн. Аль-Вакиди менен Аль-Балазури мусулмандардын биринчи жортуулдарынын тарыхын жазышса, ал эми Мухаммад ат-Табари, аль-Масуди, Ибни Кутайба жана башкалар жалпы тарых боюнча кабарларды, ар кандай элдердин жашоосу тууралуу баалуу маалыматтарды чогултушкан.
Мусулман окумуштуулары, саякатчылары жана соодагерлери Египетке, Иранга, Индияга, Шри-Ланкага, Индонезияга, Кытайга, Батыш жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө каттаган саякаттары жөнүндөгү кызыктуу баяндарды жазып калтырышкан. Алардын кабарларынын негизинде башка мусулман окумуштуулары, мисалы Махмуд Кашкари сыяктуулар дүйнөнүн картасын түзүшкөн.
Имам аль-Газали болсо, ошол кезде окутуунун жана тажрыйбанын үлгүсү болуп турган жана ислам теологиясы боюнча улуу аалым болгон.
Ал эми Ибни Халдун социологиянын негиздөөчүсү жана социалдык илимдердин алгачкы изилдөөчүсү катары тарыхта таанымал орду бар чоң интеллектуалдардын бири болгон.
Китепканалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ислам дүйнөсүндөгү алгачкы китепкананын мүдүрү Халид ибни Язид деген адам болгон. Кийин ар кайсы жерлерде коомдук жана жеке китепканалар көбөйүп, хансарайда да китепкана боло турган. 11-кылымда мусулмандарга карап турган Кордовадагы хансарайдын китепканасында эле 400 000 китеп болгондугу белгилүү.
Орто кылымдардагы мусулман дүйнөсүндө аялдар Куран үйрөнүү, укук таануу, теология, искусство жана медицина жагынан билим алууда ийгиликтерге жетишишкен. Аялдардын арасынан башкаруучулук жана акимдик кызматта иштегендер, чечендик өнөргө ээ болгондор, мечит жана башка коомдук жайларды кургандар, теологдор жана акындар көп чыккан.
Ошентип, Ислам цивилизациясы дүйнө жүзүн өзгөрткөн улуу жетишкендиктердин жана ишенимдин интеллектуалдык мурасын жараткан. Мусулман аалымдары кылымдар бою жоголуп кете турган илим-билимди сактап келишкен жана ар дайым жаңы ачылыштарды ачып турушкан. Чыгармачылыктын ушундай жаңырыгында мусулмандар кылымдар бою дүйнөгө өздөрүнүн салымын кошуп келишкен. Анкени, алар илим-билим издөөнү өздөрүнүн диний парзы катары карашкан. Албетте, мындай жетишкендик адамзаттын жашоосуна нарк берген диндин уникалдуу өзгөчөлүгүнөн келип чыгат.
Медицинанын өнүгүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ислам коомундагы эң биринчи оорукана 707-жылы аль-Валид ибни Абдулмалик деген халифтин тушунда курулган. Бул оорукананы кармоо чыгымы жана бейтаптарды азык-түлүк менен камсыздоо милдети мамлекеттин моюнунда болгон. 832-жылы Харун ур-Рашиддин уулу халиф аль-Мамун Багдадда «Даанышмандык үйү» деген академия курдурат. Мамлекеттин каржылоосу менен байыркы грек ойчулдарынын эмгектери арабчага которула баштап, котормочулук кыймылынын аркасы менен китепканалар ачылып, арабча илимий терминология калыптанып, математика, астрология, астрономия жана медицина сыктуу илимдер өнүгө баштаган. Гален, Гиппократ сыяктуу байыркы авторлордун эмгектерин пайдаланып, мусулман илимпоздору медицинаны андан ары өнүктүрүүнү колго алышкан. Ал кезде бардык эле аалымдар анча-мынча медициналык билимге ээ болушкан жана дарыгерлер абдан бааланган. Ошол эле IX кылымдын башында Багдадда 860 лицензиялуу дарыгер жана көптөгөн ооруканалар менен мектептер болгондугу маалым. Ислам медицинасынын тарыхындагы маанилүү учур ар-Рази, аз-Захрави, Ибни Сина сыяктуу залкар илимпоздордун жашаган мезгилин ичине камтыйт.
Орто кылымдардагы мусулман дүйнөсүнөн чыккан чыгаан илимпоз дарыгерлер булар менен гана чектелбейт. Мисалы, Ибни аль-Байтар 2600дөн ашык сандаган дарыларга жана дары чөптөргө сыпаттама жазса, анын 300ү жаңы табылга болгон. 10-кылымда Бакр ибни аль-Касим аль-Маусилий деген мусулман дарыгер соруп алуу усулу менен челкөздү ажыратып алуу үчүн түтүк ийнени ойлоп тапкан. Анын усулу боюнча, тунукчел менен коньюктива байланышкан жердеги лимб аркылуу ийне киргизилген. Ал эми 11-кылымдагы Али ибни Иса 130дай көз ооруларын баяндаган «Тазкира» деген илимий эмгек жазган. Бул китептин котормосу да Батышта 19-кылымдын ортосуна чейин офтальмология боюнча эң абройлуу басылма болуп келген. Ал эми Али ибни Аббас аль-Мажуси деген 10-кылымдагы илимпоздун «Китаб уль-Маликий» деген медициналык энциклопедиясы бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек. 13-кылымда жашаган Ибни ан-Нафис болсо, кан айлануунун кичи айлампасы жөнүндө эң биринчи жазган.
Демек, орто кылымдардагы мусулман илимпоздорунун эң жогорку жетишкендиктерин медицинадан да көрүүгө болот. Дал ошол Араб халифалыгында эң биринчи ооруканалар, бейтапканалар курулуп, алгачкы медициналык институттар түптөлгөн. Ошол доордо илим-билимдин исламий парадигмасы өз багытында терең жана ар тараптуу болгондуктан, мусулман медицинасынын таасири күчтүү болуп, ал кеңири аймактарга жайылган. Медициналык өзгөчө мектептердеги адистерден сабак алуу үчүн саякаттаган илимпоздор аркылуу бүткүл мусулман дүйнөсүнө медициналык жана фармацевтикалык билимдер жайылып турган. Ислам цивилизациясы дарыкананы ачып, фармацевтикалык терминологияны жана практиканы, анын ичинде дарыларды жасоо усулдарын да иштеп чыккан. Мусулман илимпоздору химия менен ботаниканы өзүнчө дисциплина катары эмес, дарыларды жасоодо пайдалуу экендигине көңүл буруп карашкан. Ал кезде акушер аялдарга талап көп болсо да, мусулман аялдар медицинанын башка тармактарын да үйрөнүшүп, хирург жана дарыгер да болуп турушкан.
Айыл чарба багытындагы өнүгүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Негизги макала: Исламий агрардык төңкөрүш
Архитектура
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Негизги макала: Ислам архитектурасы
Европага тийгизген таасири
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ал эми ошол кезде Европа караңгылык доорун сүрүп, аларда сабаттуулук деген түшүнүк дин кызматкерлеринин монополиясы гана болгон эле. Грекчеден арабчага болгон котормолор мусулмандар тарабынан которулуп жаткан убакта Батыш дагы, «классикалык Греция» дагы жок болчу. Көптөгөн мусулман эмес европалыктар мусулманча ысымдарды, кийимдерди жана үрп-адаттарды кабыл алышкан жана араб тилин коомдук жана жеке жашоолорунда колдонушкан. Батыштын окуу жайларында араб тилинин колдонулуусу улантылып олтуруп, ал Батыштын окумуштууларына, айрыкча Кордовадагы мусулман окуу борборунда жеткиликтүү болгон.
10-11-кылымдарда гана билимге кызыккан европалыктар, мисалы математик Леонардо Фибоначчи жана кийин рим папасы боло турган Орильяктык Греберт сыяктуулар Испанияга атайын барышып, мусулмандардын ири илимий борборлорунан билим ала башташкан. Алар кайра үйүнө араб тилиндеги китептерден турган баалуу жүк менен кайтышып, аларды латын тилине которо башташат. Батыш окумуштуулары мусулмандардан алган илим-билимден кийин гана чиркөөнүн көзөмөлүндөгү окуу жайлардан алыстап, өз алдынча боло башташкан. Кылымдар бою Жакынкы Чыгыштагы мусулман өлкөлөрүнө окшоп келген мусулмандык Испания аркылуу Европага исламдык билимдердин көпчүлүк бөлүгү келип кирген. Батышка мусулмандык илим-билим Испания менин Италиянын академиялык борборлору аркылуу кирсе, ал эми идеялар кресттүүлөрдүн жортуулдары учурунда жана которулган документтер аркылуу кирген. Ошентип, мусулмандар байыркы античтик доордогу илим-билимдин жетишкендиктерин өздөштүрүп, аны андан ары өркүндөтүп, кийин кайра Батыш элдерине өткөрүп беришкен.
Арабча илимий адабиятты латынчага которуунун интенсивдүү жараяны 12-кылымда, исламдын пайда болушунан беш жүз жыл өткөндөн кийин башталган. Бул кыймылдын эң жигердүү ишмери катары Толедо шаарында иштеген Кремондук Герард деген котормочу эскерилет. Ал арабчадан латынчага математика, астрономия, оптика, философия, медицина боюнча 70тен ашык китепти которгон. Бул китептердин арасында Птолемейдин «Алмагест» деген эмгеги, Евклиддин «Башталыш» деген эмгеги, Аристотелдин «Физика», «Асман жөнүндө» жана башка табигый илимий трактаттары, Архимеддин «Тегеректи өлчөө жөнүндө» эмгеги, Гиппократ менен Галлендин медициналык тарктаттары, ошондой эле, мусулман илимпоздорунан Сабит ибни Курра, аль-Кинди, Ибни Сина, аль-Хайсам, аль-Фараби, ар-Рази сыяктуулардын эмгектери да болгон. Демек, Евклиддин, Архимеддин, Птолемейдин жана башка байыркы авторлордун эмгектери Батыш Европада мусулмандар аркылуу таанылган. Грек чыгармаларынын арабдашкан нускасы Латын Европасына жетип, ал жакта грек тексттерине болгон кызыгууну туудурган. Птолемейдин «Мегале синтаксис» деген эмгеги Батыш Европада «Альмагест» деген арабча котормосу менен таанылып отурат. Жөөттөр менен христиандар философиянын сырларын түшүнүү үчүн орто-азиялык Аль-Фараби деген мусулман философтун эмгектерин окушкан.
Арабчадан латынчага илим-билимди которгондордун дагы бири Баттык Аделард деген философ жана саякатчы болгон. Ал Евклиддин «Башталышын» жана аль-Хорезминин астрономиялык жадыбалдар жөнүндөгү «Зиж» деген эмгегин которуп, европалыктарды тригонометрия менен тааныштырган. Булардан башка Сицилияда да котормочулардын продуктивдүү мектеби боло турган.
Ошентип, XIII кылымдын аягында мусулмандардын илими менен философиясы Европага өткөрүлүп берилип калган эле. Кийин үстөмдүк кылуучу «Батыш» деп аталган цивилизация, башкача айтканда, европалык цивилизация, ошентип, орто кылымдардагы ислам цивилизациясынын идеяларын жана материалдарын өздөштүрүшкөн соң гана, анын негизинде курулган. Андай болсо да, христиандык Европа мусулмандардын окуусун моюнга алгысы келбей, окуу булактарын гректерге гана таандык кылууга аракеттенген.