Каныкейдин Семетейди алып качышы

Википедия дан

Каныкейдин Семетейди алып качышы Манастын өлгөнүнө кырк күн толо элек эле, ак пейил туулган Абыке Бакайга барып: «Кан өлгөндө баары өлүп, өрт өчкөндөй болбойлук. Келгендерден кеп уктум, төмөнкү үч кан элинде эр өлтүрүшкөн кыргын болуптур. Манастан калган журт эле, кыйраштырбай кыйшыгы болсо тузөп, үзүр-мазыр кеп айтып, калыстык менен элдештирип кайталык» — деди. Бакай: — «Жыйының менен жылас бол, рроо́ооробалам жыйынга кантип барамын, жыргалынан айрылган баягы жылмайган Бакай экен деп, өзөк сөзгө каламын. Кечээ Манас «Мен өлгөндө топко барбай жүр, кан өлгөндө карысы, төөгө жакын болуучу, жетимиңдин төөсүн кайтар” — деген. Абыке жан, тобуңузга барбаймын, Тоодайым Манас эрим жок, Абыке, тозогуңа калбаймын. Жар конуштан кайрылбайм, кан өлгөндө карыга төөсү жакын болуучу, кайтарган төөдөн айрылбайм» — деп өзүнүн мындан ары бийлик ишке катышпасын билдирди. Абыке Аргын кандын Ажыбайын ээрчитип, үч кандын элиндеги чатакты басканы кетти. Ошентип, Манас өлүп, Бакай бийликтен өзү баш тартып, эл-жерди башкаруу Көбөштүн колуна өтөт. Ал сүйүнгөнүнөн баабединге бата айтып, коросонго кой айтып, аргын менен кыргызга султан болуп, арам кан соруп мантыккан мите — көк кенедей толуп, көбө баштады. Ошондо Жакып кичүү аялы Бакдөөлөттөн туулган алты арамын жана Манастан калган кырк чорону жыйып, арак-бозого ала деңгил мас кылып «Ат өлгөндө кесек ит, соору керек болуучу, ага өлгөндө иниге, кесек ит жеңе керек болуучу». Каныкей жесир жүрүп жээлигип, эр эңсеп калыптыр. Алты миң жамбы, миң кундуз пара жеген Бакай аны Текеченин Ормонбегине качырып берген жатыптыр. Манастан калган мурапың эле Каныкейди бириң алсаң болбойбу» — деп көкүттү. Көбөш Жакыптын тилине дароо көнүп: «тием десе жеңе эле, нике кыйып алалык тийбейм десе долуну жол үстүнө сүйрөтүп, даңгыттарга жаралык» — деп бүтүм чыгарып, Кыргылчал менен Тазбайматты арачыга жибермек болот. Бирок, чоролордун бир тобу Манастын аларга кылган жакшылыктарын санап келип:

Эриң Манас султандын

Этегин кармап эр болдук,

Эр уулу менен тең болдук.

Тузу оор Манастын,

Тузу бизди сорбойбу.

Арбагы асыл Манастын

Арбагы бизди сорбойбу?

Кырктын башы Кыргыл чал,

Тузу ачуу Манастын

Тузуна кантип сиебиз?

Арбагы алтын Манастын

Айлына кантип киребиз?

Айтып турса артында

Асыл эркек бала бар,

Ага кантип тиебиз?! (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 12) деп Көбөштүн айтканынан баш тартмак болушат. Көбөш каарданганда, Тазбаймат менен Кыргылчал арачылыкка жөнөйт. Өкүрүмүш болуп Каныкейдин ордосуна түшкөн ал экөө алтымыш катын кошокчу менен тул түбүндө олтурган Акылайга жолугушуп, Көбөшкө тийүүгө анын макулдугун дароо эле алышат. Муну көргөн Каныкей «Кырктын башы Кыргылчал арага келчү сен белең? Көкбөрү болуп сүйрөтүп иттерге тийчү мен белем?! Сени ант урсун» деп каарданып, эки жагын караса алты торпок, төрт тайга сатып алган Актинтенин сабы ак сандыктан чыгып туруптур аны алып качырып калат. Каныкейдин сырын жакшы билишкен Тазбаймат, Кыргылчал, Акылай баш болгон алтымыш аял кошокчу качып жөнөштү. Кыргылчалды атка минерде түп этектен алган Каныкей куйругун шылый чапты, качып бараткан Тазбайматка Актинтени уруп калды эле оң далынын бөксөсүнө тийип, эки кабыргасын кыйратып кетти. Кызыл ала кан болгон Тазбаймат менен Кыргылчал силерге Каныкей өлсө да тийбейт, Ормонбекте ою бар, — деп Абыке, Көбөшкө айтып келишет. Ошондо алты арам Каныкей тил алса бирөө алганы, тил албаса таманын тилип туз салып, жыртык кара үй берип, жырык кара уй берип, бадачыга саанчы кылып салганы, балтыр бешик Семетейди жол үстүнө сүйрөтүп даңгыттарга жарганы келеме шарып кармашып шерт кылышат. Каныкейди чаап алмак болуп кол камдаганда Ырамандын Ырчыуул бул жоосунсуз жорукка нааразылыгын билдирип, кырк чорого Манастын өткөргөн жакшылыктарын дагы бир жолу баштан аяк эстерине салып айрыкча, Каныкей энедей кызмат кылганын унутушса ант урарын айтып:

Тилимди алсаң кырк чоро,

Жеңекеме баралык,

Катын да болсо жеңемди

Караан кылып алалык,

Семетей он экиге чыкканча

Жетимди эптеп багалык.

Бала он экиге келгенде

Белди бекем бууйлук,

Медер кылып жетимди,

Бээжиндеги Кытайдан

Берендин кунун кууйлук!

Белгилүү Манас баатырдын

Арбагын минтип сыйлайлык (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 16) деди. Кырк чоро анын тилин албады. Көбөш Каныкейди чапканы камына баштады, кыркы кырк жерден кыдырып келген чоролор ага кошулушту. Ырамандын Ырчыуулу гана аларга кошулбай атасынын шаарына качып кутулду. Көбөштүн чапканы келе жатканын Каныкей ийниндеги жылаңач бала — колдоочусу аркылуу билет. Ошондо, Каныкей: — Манастын байбичеси (эң биринчи алган аялы) катары барктуу элең, арың жок экен, баатырдын арбагын сыйлабай өлгөнүнө кырк күн боло элек жатса эр издеп калыпсың, тийчү эриңе кет — деп Акылайды ордодон алтымыш катын кошокчусу менен кууп чыкты. Каныкей көзүнүн жашы төгүлүп, Чыйырдыга жалынып: Энеке, аякка түштү темир тор, энеке маңдайга келди калың шор, уулуңдан калган ботоң Семетейди жазгырып көзгө көргөзбөй ала качпасаң алты арам келсе соо кылбайт — деди. Чыйырды: — Мен турганда алар балага тие албайт батынып — дегенде, Каныкей: — Алты арамдын башта батынып жаныңа келе албай жүргөнү Манастын бардыгынан эле. Эми ал күн өттү, — деп Чыйырдыны ишендирип, Семетейди көтөртүп качырып жиберди да өзү кара күңдүн баласын Семетейдин бешигине бөлөмөк болот. «Көбөшүм чукуйт көзүңдү, Абыке бузат айлыңды, Менин баладан көөнүм ток бекен», — деп, күң Каныкейди кордоп баласын бербейт. Каныкей ачуусу менен аны өлтүрүп, анын баласы Жообузарга Семетейдин кийимин кийгизет. Жообузар Семетей экөө бир күндө туулгандыктан, аны Семетейге арка-бел болот деп ага арнап Манас чоң той өткөргөн экен. Ошондуктан Каныкей тел эмизип балдарды Темирканга качып кетүүгө ой кылып турганда «Көбөштөп» ураан чакырып, жамгырдай кылып жаа тартып, мөндүрдөй кылып ок атып кырк чоро баш болгон алты арамдын калың колу каптап кирди. Манастын ордосун кайтарган Байчоро келген жоого «Манастап» ураан чакырып каршы чыгат да, Чыйбыт, Кочкор экөөнү катар сайып кулатат, бирок, өзү колго түшөт. Аны өлтүрүшмөк болгондо Манастын арбагын сыйладым эле деп тайсалдап башын куткарат. Каптаган кол Манастын тамынын баарын уратып, талынын баарын сулатып, андан калган сан дүйнөнү камчыга ченеп бөлүштү. Каныкей тул түбүндө Жообузарды эмизип отурганда Көбөш келип: «Ат өлсө соору керек деп, ага өлсө жеңе керек деп» арачы салсак алтообуздун бирибизге тийбейсиң, мени кыйратып алуучу, балтыр бешик балаңбы деп наркескен менен кундактагы баланы алты бөлө чаптырды. Бизге тийбесең мына деп, Каныкейдин оң далысынын кечирин айбалта менен жара чапты. Каныкей төбөсү менен тик түштү, өө дегенде оозунан өжөк-өжөк кан кетти. Жер кучактап жатып калган анын башын Көбөш алмадай кесмек болгондо, Манастын чоросу, Шууту арага түшө калып: «Көбөш, сен кан эмессиң бекерсиң Кан экениң чын болсо, канткенде катындын башын кесесиң» — деп жүйө сөз айтып, жанын аман алып калды. Күнү-түнү жатып араң эсин жыйган Каныкей, башына түшкөн оор күнгө арман кылды. Аргасыздан таштап кетип баратканын ойлоп, көзүнө жаш алып эл-жери менен коштошту. Ыйдан пайда болбосуна көзү жеткен Каныкей кайратына келип, чачын төбөсүнө түйүп, Манастан калган эски бөрктү, жакасы алтын, жеңи жез, кош бадана торгой көз соот кийимди кийип, Манастын асмандан түшкөн боз кисеси менен белин бекем курчанып, Алмамбеттин Сырбараңын таянып жолго чыкты. Кара-Кырдын тумшугунда кайкалап жаткан урчуктагы кан Манастын коргончосуна туш келгенде бетин тытып ыйлап, «Эсен бир жаткын Таласым, Аман бир жаткын Манасым» — деп коштошту. Манас , Алмамбет, Чубак, Серек, Сыргактардын арбактарынан Семетейди колдой көргүлө деп суранды. Денесинде жараты бар Каныкей кыйналып араң дегенде Үч-Кошойго жетип, В менен Семетейге кошулду. Каныкейдин кыйналганын көргөн Чыйырды акыл сөздөрүн айтып Каныкейге төркүнүнө качууга кеңешин берди.

Экөө Семетейди алмак-салмак көтөрүп качып жөнөштү.

Белести басып өтө албай,

Караган, бута, таш көрсө

Эки айым бекинген менен бата албай,

Жалганчы дүйнө оңбой кал,

Же жайдак жерге жата албай,

Чапчактын белин аша албай,

Эки айым, чарчап, ыйлап баса албай (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 25), жолдо абдан кыйналышат. Ичерге суусу, жээрге татым тамактары жок болгондуктан Каныкейдин эмчегинен сүт чыкпайт. Балтыр бешик Семетей алты күнү даам сызбай, ачкалыктан үнү чыкпай калат. Айласы түгөнгөн Каныкей эки жору талашып жаткан өпкөнү ажыратып, Семетей менен Чыйырдыга бышырып берип өзү тамак издеп чыгат. Эч жерден эч нерсе таба албай өкүл атасы Карынбайдын кер торпогун жолуктурат, аны кубалап жүрүп кармап алып келе жатканда астынан чыккан ач көз, адамгерчиликсиз Карынбай торпогун бербей тартып алып калат.

Жолу болбой кайгырган Каныкейге Манастын кою жайылчу адырда марча жалап калган кер борук өзү жүгүрүп келет. Аны кармап, союп азык кылды. Каныкей кайрадан жолго чыкмак болгондо Чыйырды карыганда эми кайда барайын, убара болбой өзүң Семетейди алып кете бер, мен ушул жерде калайын деди, Каныкей ага жалынып жатып, ыкка көндүрүп алып жөнөйт. Карыган Чыйырды шайы ооп баса албай калганда аны Семетейге кошуп көтөрүп алат. Казкалдак учса карыккан, безбелдек учуп жол тартса канат-башы талыккан таз карга учуп так каткан, таңдайы куурап тим жаткан чөлдү жети күн уйку көрбөй басып өтүп, балтыр этин оорутуп, согончогун жоорутуп араң дегенде Сыр-Дайранын боюна жетет. Кирип турган зор дайрадан өтө албай айласы куруйт. Астыңа салса ак жолтой, аркасы бийик Сан колдой, караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан Олуят чалдын уулу Бакай кыямат кеткен Манас менен биттейинде биригип, бармактайда баш кошуп, кылычтын мизин атташып, акыреттик дос болушуп, доону бирге доолашып, жоону бирге жоолашып келишкен экен. Канатынан кайрылган, Канкору Манасынан айрылган Бакай беш жүз түтүнү менен Беш-Таштын башы бек жайлоого чыгып кетип, алты арамга бой бербей жашап турат. Ошол Бакай уйкудан чочуп ойгонуп, Каныкей менен Семетейдин абалын билгени аттанып чыгат. Төрт-Күлдүн төмөн жагына, Төрө Манас сайган багына жетип келсе, талынын баарын сулатып, тамынын баарын уратып, такыр чаап кетиптир. Кук эткенден кузгун жок, как эткенден карга жок болгон бул жерди кытайдан кол келип чапкан экен, Семетей, Каныкейлерди өлтүргөн экен деп болжоп, Манаска тете болот деп караан кылып олтурган баладан айрылганча өлүп тынайын деп Бакай шамшарын сууруп өзүнө урмак болот. Кайра эс токтотуп ойлонуп, Каныкей өлсө, караан кылып олтурган бала өлсө, алардын артынан мен өлсөм ушу турган калайык өрт өчкөндөй болбосун. Отко салса күл болбос, жоого түшсө күң болбос Каныкейдин ийниндеги жылаңач бала бар эле, ал алты айчылык азапты алдын ала кабар кылчу эле, Каныкей андан душмандын келе жатканын билип, бой бекитип жашынып калдыбы издеп көрөйүн дейт. Таласты бүт тинтип Каныкейлерди таппаганда Манастын коргончосуна келет. Ал жерден аза күтүп жаткан Кумайыкты жолуктуруп, Каныкейлерди тап деп аны из кубалатат. Кумайык из кубалап жүрүп, Кайыпчынын кара үңкүрүнө келип, Каныкейлер союп жеп кеткен кер боруктун сөөгүн табышат да Каныкейлердин изине даана түшкөнүн сезишет. Басууга дарманы жетпей, айласы кеткен Каныкей элде өлбөй, белде өлмөк болгонуна өкүнөт. Чыйырды кайрат берип, сүйүнө турган белги болгонун айтат. Боз-Дөбөгө чыгып караса Бакай көрүнөт. Каныкей Манастын өлгөнүнө кырк күн толо элек каралуу башым менен абам Бакайга кантип көрүнөм дейт. Антип салт күткөндөй Таласта жаткан чагыбыз жок, — деп Чыйырды шартка жараша болуу керектигин айтат, Каныкейдин колунан Семетейди алып Бакайдын астынан тосуп чыгат. Семетейди аман көргөнүнө сүйүнгөн Бакай эт бышымдай эси ооп жатып калат. Бакай эсине келип, силерди мындай акыбалга ким алып келди же, Бээжинден келген жоо барбы? — дейт. Чыйырды түрмөктүү кептин түйүнүн түгөл айтып берет. Өзүн көрүп кайгырып ыйлаган Каныкейге Бакай кайратына келтирер кебин айтат. Чыйырдыны атына мингизип, Семетейди койнуна катып Сыр-Дайраны кечмек болот. Мойнуна курун салып Манастын арбагына жана башкалар пирлерге жалынып, колундагы мылтыгы менен дайраны көздөй атып калат. Өйдө жагын карасаң акпай дайра токтолуп, ылдый жагын карасаң сайы чыгып жок болуп, Бакайлар дайрадан аман-эсен өтүп кетишет. Манастын тирүү чагында көп жерди көргөн Бакай Каныкейлерди Кара-Кырдын кара үңкүрүнө алып келип, бетегеден жулуп алдыларын жумшактап жаткырып, өзү ууга кетет. Акжолтой киши тез эле алты аркар, төрт кулжа атып келип, качкындарды тоюндурат. Куу табылгы, куу ыргай түтүн чыкпас отунду жети күндүк кылып камдап берип, өзү Каныкейлерге азык-түлүк, ат-тон камдап келгени жолго чыгат. Шаша жол жүргөн Бакай күүгүм кире, күн бата Таласка жете келди. Текече кан, Шыгай кандын журтунан колуна эч нерсе илиндире албай, Эштектердин Жамгырчысына барса, ал Көбөштөргө кошулуп, Манастын жылкысына сыртынан ээлик кылып калыптыр. Бакай аны ат үстүнөн ыргыта сайып, башын кесмек болгондо Телкызыл атын тартуу кылып жан соогалайт. Анын кеңеши боюнча чылбырын үзүп, ээри менен жылкыга качып келген, Жакып минип жүргөн Акборчукту, Кошой азага алып келген Тайторуну алат. Тайторуга Алмамбеттин Аккаңкы ээрин (Алмамбет Семетейге белекке берип кой деп Чоң казат маалында Жамгырчыга атайы тапшырган) токуйт. Бакай андан чыгып, Манастын казына каткан үңкүрүн сактаган төкөр уста Бөлөкбайга жолугуп анын керборугун азыкка алат. Каныкей үңкүргө чыдап жаталбай үч күндөн кийин кайрадан жолго чыкты. Семетей менен Чыйырдыны көтөрүп, нечен кыйын жол басып, чаалыгып-чарчап, күн кылкылдап батканда касиеттүү Байтерекке жетип, жардам сурап жалынды. Байтеректин жалбырагы жазылып, купта жак бетиндеги бир бутагынан булактай агып сүт кетти. Ачка болгон качкындар жан аякты тосушуп, ал сүттөн ичкенде ооруган жерлери басылып, кадимкидей дем-күч алышып ошол Байтеректин түбүнө жатып калышат. Түн ичинде атасынан баласына чейин колдоп жүргөн пир — он эки айры ак бугу келип, кундактагы баланы туягы менен чапкылап ойготуп эмизет. Семетей кундагынан суурулуп эмгектеп кетет. Аны туйбай калган Каныкей, баланы кундагынан таппай, кайгысынан өз жанын өзү кыймак болот. Чыйырды: — Манас дагы бала кезинде кээ бир түнү ушинтип кайып болуп кетүүчү изде дейт. Аңгыча таң атып жерге жарык түшүп, Семетей кеткен жактан изи көрүнөт. Анын эки колу тийген кир коломто сындуу оюлуп, эки тизе тийген жер кол арык болуп бөлүнүп калган экен. Изди кубалап чуркап барган Каныкей Семетейди ак марал эмизип турганын көрөт, ошол учурда ак марал кайып болуп кайда кеткени билинбейт. Семетейге арбак конуп, алты миң эрдин сүрү пайда болуп калган экен. Чыйырды менен Каныкей Семетейди алмак-салмак көтөрүп жолго чыгышты. Бакай айткан убадасын аткарыш үчүн шашып-бушуп жетип келсе, Каныкейлер үңкүрдө жок. Алда эмне болгон деп из чалып, кеткен жагын билет да, артынан жөнөйт.

Мингизгени Чыйырды,

Көтөргөнү Семетей,

Айласы кетип чыркырап.

Таманы ташка тапталып,

Чекеси күнгө какталып.

Суусунга муздак суу таппай,

Жан кыюуга уу таппай,

Болбосо көлөкөлөп кетүүгө,

Серүүнүрөөк жер таппай.

Чарчабай өлүп алууга,

Ошондо, беленирээк көр таппай.

Оозуна гана каптап чаң толуп,

Туура булак, аккан суу

Каныкей, бир жутууга зар болуп.

Туйгунунан айрылып,

Туралбай жетим-жесириң

Так ошентип кар болуп (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 55) турушканда Бакай жете барат. Алып келген азыгын берип, атына мингизип Каныкейге болгон акыл-кеңешин айтып, Букарга бар дейт. Семетейди бир тууганың Ысмайылга бала кылып бер, он эки жашка келгенде Таласка келсе, өзүм тосуп алып алты арамдан өткөн өчтү алабыз дейт. Каныкей: — Букарга барбайм, биринчиден тентиген катын атыгам, экинчиден өз атам Темиркандан көөнүм калган. Алмамбет баатыр жаңы келгенде, Манас ага тулпар ат энчилеп бербесе болбойт деп, жетимиш нарга алтын жүктөп, мени төркүлөтүп, атам Темиркандын Актулпарын сураткан, ал бербей коюп, көөнүм калган. Ошондуктан Семетейдин карын бөлөсү Үмөтөйгө же Кокон менен Самаркандын бирине кирип кетейин — дейт. Бакай: — Манас тирүү кезинде Кокондуктар да, Самаркандыктар да кордук көрүп калган эле, Үмөтөйдүн да атамды Бээжинге алып барып өлтүргөн деген кеги бар. Аларга барып болбойт. Тилимди алып төркүнүңө эле бар — дейт. Каныкей макул болот. Бакай Букарга барчу жолдун дайнын толук сүрөттөп айтып, Каныкейлер менен коштошуп Таласка кайра кетет. Чыйырды менен Каныкей күндүзүндө тынч албай, түн ичинде уйку албай, Тайтору менен Акборчук кылт дегизип суу жутпай, кырк дегизип чөп чалбай арадан кыйла жол жүрүп Темиркандын чек арасы Ак-Чийге кирип барышты. Туулуп өскөн жерин көргөндө Каныкейдин бала чагы эсине түшүп ал жөнүндө Чыйырдыга баян курат. Каныкейдин атасы Темиркан эркек балалуу болбой он эки кыз көрөт, он эки кызын оё бычып калың жеп, он эки канга берет. Он үчүнчү болуп Каныкей, андан эки жылдан кийин Ысмайыл төрөлөт. Атасына эрке өскөн Каныкей кыз кезинде өз билгенин кылып, оң жагында сексен кыз, сол жагында сексен кыз, желбеген жорго ат минип; желбегей торко тон кийип, Букардан алты күнчүлүк алыс жердеги Кең-Көлчүккө жыл маалында бир сапар сейил куруп келчү экен. Ошол Кең-Көлчүктү көрө кетели деп Каныкей Чыйырдыга кайрылат. Келишсе көлчүк соолуп, тегерегиндеги чынар бак куурап, сарайы урап калыптыр. Каныкей аны көрүп:

— О, кагылайын, энеке,

Эки күнү Букарга

Жатпай өлөт экенбиз,

Жер жүзүнө биз байкуш

Батпай өлөт экенбиз.

Семиз элек, жал кетип,

Арык болот экенбиз.

Серпилчү эл — журт мында жок,

Энеке, карып эле болот экенбиз (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 62) деп жаман белги катары кабыл алат. Чыйырды: — Кайгырбагын, Көлчүгүң соолуп калганы Манастын өлгөнү, талың куурап, сарайың кулаганы кулдардан (Абыке, Көбөштөн) кордук көрүп тентип келгениң. Көлчүктүн кайнар чыкчу орто жеринде кара чым бар экен төлгө кылып оодарчы, — деди. Каныкей Манастын арбагына жалынып, андан калган найза менен чымды аңтара сайганда, кайнардын көзү ачылып, Кең-Көлчүк толуп, айланасындагы чынарлар гүлдөп кадимки калыбына келди. Бул белгиден Чыйырды Семетей атасы Манастын ордун басарын билет. Бакай берип кеткен азыктан жарты жилик эт, жарым көөкөр сүт калыптыр, аны көлчүктүн толгонуна баабедин кылып ичип-жешет. Ошол кезде жашы жыйырма бешке келип, атасынын ордуна, эли-журтун былк эткизбей бийлеп калган Каныкейдин иниси Ысмайыл алтымыш балбаны жанында ат арытып куш салып чыгат. Алыстан Каныкейдин көлчүгү толуп, Чынары гүлдөгөнүн, ал жерде кош ат байланып турганын көрүп, — Коңурбайдан жараланып келген жездем Манас өлүп, анын дүйнөсүн аталаш инилери талап алып, эжем Каныкей балтыр бешик баласын аркалап Букарды көздөй качты деп уктум эле. Ошол эжем болуп жүрбөсүн, баралычы деп жигиттерине буюрду. Алтымыш балбандын келе жатканын көргөн Каныкейлер чочулайт. Аңгыча Ысмайыл каралуу турган Каныкейди тааный коюп, алтын жаак айбалтасын бөйрөгүнө таянып: «Арстаным, жездем өлбөй кал», — деп өкүрүп кирди, алтымыш кошчу жигити кошо өкүрүштү. Каныкей башынан өткөргөн кордугун арман менен баяндап келип:

Ук, Ысмайыл сөзүмдү

Найзага таккан желекти,

Айкөлдөн калган белекти,

Ала качып Кең-Колдон

Алып келдим өзүңө.

Береки жылма баскан

Букарды Талаам десем оңбоюн,

Ушу, жыргалдан калган чунакты

Ысмайыл, балам десем, оңбоюн!

Мойнуна тумар тагып ал,

Башы менен берейин

Ысмайыл, жетимиңи багып ал! (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 71) деп кыркып берип чыбыгын, ит аягын кечирип, кылычтын мизин аттатып кылып берди ырымын. Ысмайыл Каныкейди ээрчитип Букарга келип, Семетейге он сегиз күн той берип бала кылып багып алды. Темиркан: «Балам Каныкей касиеттүү жан эле, атайы келип калыптыр, капа кылбай сегиз жүз түтүн бөлүп берип, Букарга кан көтөрүп алалы. Баласы он экиге келгенде Манастын ашын берели, Семетей Кытайдан атасынын кунун кууйм десе тирек болуп берели», — деди. Радлов жазып алган вариант боюнча Манас өлгөндө Каныкейдин жети айлык боюнда болот: Жакып: «Каныкей, Абыке, Көбөштүн бирине тийсин», деп Меңдибайды арачыга жиберет. Ал боюмдагы бала кыз болсо аны өлтүрүп тием, эркек болсо тийбейм деп жооп берет. Шооруктун кызы Акылай өз макулдугу менен Абыкеге тиет. Мезгили жетип Каныкей төрөгөндө Акылай баланын киндигин кесем деп шылтоолоп өлтүрмөк болот. Бакдөөлөт баланы ага бербей аман сактап калат. Жакып, Абыке, Көбөш кол курап, Манастын ордосун чапмак болуп даярданып жатышканда Каныкей жаңы туулган баласын койнуна катып Бакдөөлөттү ээрчитип Алтыбайдын аралына жашынды. Алар Абыке, Көбөш Манастын ордосун талап кеткенден кийин өкүл ата Карынбайга баш калкалоого барышса ал жардам берүүдөн баш тартты. Бакай ат-тон, азык камдап, Каныкейлерди Караканга жөнөттү. Ачып-арып келе жаткан Каныкейлерге агасы Солтонкул жолдон жолугуп үйүнө алып келди. Каныкейдин баласын атасы Темиркан өзү багып алып, той берди. Тойдо балага эч ким ат коё албай турганда ак боз ат минген аксакал киши пайда болуп «Семетей» деп ат коюп кетти. Багыш Сазан уулунун вариантында Манастын өлгөнүнө он эки ай толо электе Көбөш менен Акылай алдыртан сүйлөшүп, көңүлдөш болушуп акыры үйлөнүп тынышат. Жакып элди чогултуп Каныкейди Абыкеге алып бергиле деп кыйнады. Эл: «Манас менен Каныкей кимибиз тирүү калсак төшөк жаңыртпайлы деген шерти бар, Каныкей тилибизди албайт» дешет. Жакып Абыкенин кырк чоросун (Манастын кырк чоросу Кичи казатта курман болушат. Абыке Манас өлөөрдүн астында кырк жаш бала чогултуп, Манастын кырк чоросунун ат-тонун, жарак-жабдыгын берип, ошол чоролордун аты менен ар бирин атайт) арачыга жиберет. Жаш балдар Каныкейге батына алышпайт, акыры Ажыбай, Сыргак (мурунку чоролордун аты коюлган жаш балдар) «кан жардыгы катуудан кайран жаны таттуудан» Жакыптын талабын айтышат. Каныкей Манас менен шерттешкенин айтып, Жакыптын талабын четке кагат. Жакып аргын менен ногойдун колун каптатканда Каныкей Манастын жоо кийимдерин кийип, Аккелте менен аларды атып өзүнө жолотпойт. Ал кезде жайлоодо жүргөн Абыке келип калып, камап жаткан колду кубалап, өзү актыгымды билдирем деп Каныкейге келет. Ал алдап алганы келди деп ойлоп, аны канжар менен саят. Ачуусу келген Абыке Каныкейге жан каттатпай тогуз күн камайт. Каныкей Чыйырдыны жетелеп Семетейди көтөрүп качып чыгат. Бакай өзүнүн алтымыш нарынын башын кесип кумга көөмп, аларды жоо алып кетти деп Абыкеге даттанып барат. Абыке Бакайдын нарларын издеп Ооганга чейин барып он беш күндөн кийин келет. Бакай бул убакыттын ичинде Каныкейди Караканга жеткирип кайтканга үлгүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-035-5