Рахмонов Дилдорбек

Википедия дан
Дилдорбек Уринбоевич Рахмонов
Туулгандагы ысымы:

Дилдорбек Уринбоевич Рахмонов

Туулган жылы:

11 -март 1941(1941-03-11) (83 жаш)

Туулган жери:

Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР, СССР

Ишмердүүлүгү:

коомдук жана театралдык ишмер, актёр, акын, жазуучу, журналист.

Жарандыгы:

 Кыргыз ССР
СССР желеги СССР
 Кыргызстан

Театр:

Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры

Сыйлыктары:

Көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган

Дилдорбек Уринбоевич Рахмонов (өзб. Дилдорбек Раҳмонов); (1941), Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР - Кыргызстандын коомдук жана театралдык ишмери, Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын артисти, акын, жазуучу, журналист[1].

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дилдорбек Рахмонов 11 март 1941 жылы Ош шаарында, кызматчылардын үй-бүлөсундө төрөлгөн. Анын атасы Уринбой Рахмонов Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүсү жана артисти болгон[2].

Дилдорбек ажы Рахмонов атасын жолун жолдоду, маданият жана искусство ишине кызмат кылды. 1960-1963 жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Ош политехникалык институтун аяктаган. 1963-1993 жылдары айдоочу, театр артисти, улук методист, мастер, прораб, ПТО инженери, кампалар башчысы, башкы инженер, фотокорреспондент, элдик контролёр болуп иштеген.

1993-2002 жылдары жеке бизнес менен алектенген. 2002 жылдан пенсионер. Дилдорбек Рахмонов Ош шаарынын байыркы тарыхына жана анын тургундарына арналган 50 тан ашык макалаларын жана ырларын гезиттерде жарыялаган. Бош убагында ыр жазат[3]. Дилдорбек Рахмонов үч кинофильмде үч эпизодик роль ойногон: "Захар Беркут" кинофильмде (А. Довженко атындагы киностудиясы, 1971 жыл), "Көчө" кинофильмде («Кыргызфильм» киностудиясы, 1972 жыл) жана өзбек карыяны эпизодик ролу "Курманжан датка" кинофильмде («Айтыш-фильм» киностудиясы, 2014 жыл, режиссёр Садык Шер-Нияз)[4].

Дилдорбек Рахмановдун Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын сахнасында чыгармачылык ишмердиги (1957-1958, 1963-1968 жылдар). Көптөгөн башкы жана эпизодик ролдор ойногон, анын ичинен көрүүчүлөргө жана сынчыларга жаккан жана алардын алкышын алган төмөнкүдөй анын ролдору: К. Яшиндын "Равшан менен Зулхумор"до кабарчы, Шекспирдын "Отелло"сундо 1 сенатор, А. Абдугафуровдун "Алданган кыз"да Гани башкы ролу, "Өкүнүч"да башкы ролу, Ш. Саъдулланын "Ёрилтош"ида аскер башчысы, Т. Сабировдун "Орзигул", И. Акрамовдун "Адолат", Хуршиддын "Фархад менен Ширин", А. Навоинын "Лейли менен Меджнун", "Тахир менен Зухра", жазуучу Аваз Утардын пьесалары боюнча спектаклларда жана башка көптөгөн ролдорду ойногон жана көптөгөн концерттик программаларда катышкан. Көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган. Үйлөнгөн, анын 3 уулу жана 3 кызы, 22 небереси, 6 чөбүрөсү бар[5].

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атасы - Уринбой Рахмонов (1910-1980) - Кыргызстан түштүгүнда Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүсү, кыргызстандык артист жана жазуучу. Энеси - Турсунхон Туйчибоева (19181954). Жубайы - Матлюбахон Умарова (1952)[6]. Балдары: Диляфруз (1971), Дилмурод (1973), Наргиза (1976), Насимий[7], (1978), Дониёр (1982), Нозима (1985)

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Түп нуска аталышы Кыргызча аталышы Ролу
1971 Захар Беркут Захар Беркут Эпизод
1972 Улица Көчө Эпизод
2014 "Курманжан датка" "Курманжан датка" Өзбек карыя

Театрдагы чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мындан тышкары, ал көп сандагы концерттик программаларда катышкан.

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Актёрская династия. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015.
  2. Рахмонов, Д. [[1] Они стояли у истоков]. ЭхоОша (11 -июнь (кулжа) 2011). Текшерилген күнү 20 сентября 2015.
  3. Дилдорбек Рахмоновдун өзбек тилиндеги ырлары. Текшерилген күнү 13 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 13 -февраль (бирдин айы) 2016.
  4. Персоны Центразии
  5. Биографии знаменистостей
  6. Персоны Центразии
  7. Персоны Центразии

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]