Сасанийлер мамлекети

Wikipedia дан
Эраншахр
империя
30px
224 — 652


Flag of Afghanistan (1880–1901).svg
Senmurv.svg
Герб
Sassanid Empire 620.png
Борбор калаа Ктесифон
Тил ортофарсча, ошондой эле арамейче
Дин зороастризм, ошондой эле христианчылык, манихейчилик
Калк ирандыктар, армяндар, еврейлер, арабтар, ассирийлер, грузины
Өтүүчүлүк
Парфян падышалыгы
Араб халифалыгы

Сасанийлер мамлекети (пехл. Eranshahr.svg [Ērānšahr] — «ирандыктардын (арийлердин) мамлекети»; фарс. شاهنشاهی ساسانیان‎ [šāhanšāhije sɒsɒnijɒn]) — азыркы Ирак менен Ирандын аймагында, парфян сулалеси Аршакиддердин бийлиги кулашынын жана бийликке перс сулалеси Сасанийлердин келишинин натыйжасында түзүлгөн мамлекет. Ал 224-дөн 651-жылга чейин жашаган. Кээде Сасанийлердин мамлекетине карата империя термини колдонулат[1].

Сасанийлердин сулалеси Ардашир I Папакан тарабынан, Аршакид сулалесинен болгон парфян падышасы V Артабандын (фарс. اردوانArdavan) үстүнөн болгон жеңиштен кийин негизделген. Акыркы сасаний шахиншахы (Падышалардын падышасы), Араб халифалыгы менен болгон 14 жылдык күрөштө жеңилүүгө учураган III Йездигерд (632651) болгон.

Империя эң жогорку гүлдөшүнө Хосров I Ануширвандын тушунда жеткен, ал эми чегарасынын эң чоң (бирок кыска убактылуу) кеңейиши II Хосров Парвиздин (Абарвез, Апарвез, «Жеңген») — I Хосров Ануширвандын небереси жана III Ормизддин баласынын башкаруусунда жеткен, жана ага азыркы Ирандын, Ирактын, Азербайжандын, Армениянын, Афганистандын жерлери, азыркы Түркиянын чыгыш бөлүгү жана азыркы Индиянын, Сириянын, Пакистандын бөлүктөрү кирген; сасанийлердин мамлекетинин аймагы аз-аздап Кавказ, Борбордук Азияны, Араб жарымаралы, Египтти, азыркы Иорданиянын, Израилдин жана Палестинанын жерлерин камтып, Сасанийлик Иранды дээрлик Ахеменийлердин дөөлөтүнчөлүк чекке (кыска убактылуу болсо да) жеткирген.

VII кылымдын ортосунда Сасанийлердин империясы Араб халифалыгы тарабынын талкаланган жана жуткурулган.


Cite error: <ref> tags exist, but no <references/> tag was found