Феминисттик активизм
Феминисттик активизм – феминизм жаатындагы коомдук активизм, аял укуктарына байланыштуу түрдүү практикалар: ар кандай коомдук акциялар жана спектаклдер, көркөм жана көргөзмө иш-чаралары, тематикалык талкуулар, жүрүштөр жана пикеттер, феминисттик мыйзамдар үчүн адвокация жана сот аркылуу укуктарды коргоо жана башка жамааттык практикалар жана жеке билдирүүлөр.
Феминизмдин ар кандай көптөгөн аныктамалары бар жана алар негизинен жергиликтүү контекстке, ушул темада жазышкан авторлордун талдоосуна же феминисттик принциптерди карманган же илгерилеткен адамдардын (айрыкча активист аялдардын) өзүлөрүнүн түшүнүгүнө жараша ар кандай чечмеленет. Бирок аныктамалардын көпчүлүгү феминизмди, алгач, "аялдар менен эркектердин ортосундагы тең укуктуулук үчүн коомдук кыймыл" катарында жаралып, түзүмдөштүрүлүп-тутумдаштырылган зомбулукка, басмырлоого жана кодулоого каршы багытталган күрөш менен байланыштырышат[1]. Феминизмдин ар кандай аныктамалары, өзүлөрүн феминисттик кыймыл катары көрсөткөн топтордун экономикалык, социалдык, саясий, улуттук, расалык жана маданий өзгөчөлүктөрүнүн негизинде XIX кылымдын экинчи жарымында түптөлө баштаган.
Активизм бири-бири менен көп кесилишкен социалдык, саясий, экологиялык сыяктуу ар кандай чөйрөлөрдө өзгөртүүлөрдү киргизүү, тездетүү же кошумчалоо аракети. Тигил же бул көйгөйлөрдүн үстүнөн туруктуу мүнөздө иш алып барган активисттик топтор өзгөртүүлөрдү илгерилетүүдө маанилүү ролдордун бирин ойношот. Көйгөйлөрдү чечүүдө ар кандай активисттик топтор ар кандай ык-амалдарды колдонушат. Мындай ык-амалдардын катарына онлайн активизм, кызыкдар адамдар менен узак мөөнөттө иштешүү, түздөн-түз аракет кылуу, белгиленген максаттарга жетүүгө жардам бере турган жаңы мыйзамдарды жана башка иштерди сүрөмөлөө аракеттери кирет.
Феминисттик активизм тике аракет кылуу жана такай сүрөмөлөө аркылуу 1995-жылы Аялдардын бүткүл дүйнөлүк IV конференциясында Пекин иш-аракеттер планынын (ПИП) кабыл алынышында олуттуу салым кошкон. Аталган конференцияда биринчи жолу «аялдардын укуктары – адам укуктары» деген түшүнүк киргизилген[2].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Заманбап феминисттик активизм батышта суфражисттик кыймыл менен башталып, көтөрүлгөн темаларына карата шарттуу түрдө төрт толкунга бөлүнгөн. Негизинен толкундар ошол убакыттагы активисттердин көтөргөн негизги көйгөйү менен мүнөздөлөт (б.а.: биринчи толкун шайлоо жана добуш берүү укуктарына басым жасоо катары сүрөттөлөт), бирок ошондой эле толкундардын тарыхый периоддор менен байланышы да бар. Мисалы, феминист окумуштуулар бүгүнкү күндө жашаган феминисттердин баарын, ишенимдерине карабастан, төртүнчү толкун катары сүрөттөшөт.
Тарыхтагы башка кыймылдар сыяктуу эле, толкундар бири-бирине таасир этип, феминисттик активдүүлүктүн жаңы платформаларын пайда кылган. Экинчи толкунда бул Кэрол Хаништин[en]1969-жылдагы эссенин аталышынан алынган «жеке бул саясий» деген сөз айкашынын феминисттик активизмге таасири. Бул билдирүү коомдук системалар жана структуралар жеке чечимдерди кабыл алууга эч кандай таасир этпейт деген түшүнүккө каршы чыкты (жана тескерисинче). Ал репродуктивдик укуктарды алдыга жылдыруу үчүн идеологиялык импульсту берди жана үчүнчү толкундун активдүүлүгүн чагылдырган иденттүүлүк саясаттын тамырын ачты[3].
Феминизмдин биринчи толкунуна чейин башка феминисттик кыймылдар же айрым феминисттик пионерлер болгон, бирок массалык түрдө 20-кылымда гана башталган.
Дүйнөдө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Орусия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Орусияда феминизм 19-кылымдын орто ченинде коомдук кыймыл катары калыптана баштаган[4][5]. Революцияга чейин аялдар кыймылынын негизги маселелери аялдарга акы төлөнүүчү жумушка жана билим алууга мүмкүнчүлүк берүү болгон[5]. Кийинчерээк аялдардын шайлоо укугуна жетишүү максаты биринчи планга чыгып, ал 1917-жылдын жайында ишке ашкан. Октябрь революциясынан кийин большевиктер адегенде аялдар кыймылы менен кызматташып, феминисттер ондогон жылдар бою даярдап, жайылтып келген реформаларды жүргүзүшкөн. Ошону менен бирге Совет өкмөтү аялдардын коз каранды эмес кыймылынын болушун жактырбай, аны буржуазиялык деп эсептеп, мамлекеттин талаптарына жооп берген өзүнүн эмансипация долбоорун ишке ашырган.
1970-жылдардын аягында Советтик Орусияда диссиденттик чөйрөлөрдө жаңы феминисттик кыймыл пайда болгон. Бул кыймыл учурдагы аялдардын көйгөйлөрүн талкуулап, "Аял жана Оруссия" самиздатын басып чыгарган[6], кийинчерээк 1980-1982-жылдары «Мария» журналын чыгарып, ушундай эле аталыштагы аялдар клубун негиздеген. Советтик феминисттер КГБ тарабынан куугунтукка алынган, журналдардын макеттери жана нускалары конфискацияланган, феминисттик самиздаттын көптөгөн катышуучулары эмиграцияга[5][6] мажбур болушкан.
21-кылымдын башында Орусиядагы феминисттик кыймыл, ишенимдери либералдан радикалга чейин созулган бир катар активисттерден турат. Орусияда феминизмдин мүнөздүү көйгөйлөрүнүн арасында:
- Учурдагы аялдарга тыюу салынган 456 кесиптер тизмеси[7].
- Үй-бүлөдөгү зомбулуктун декриминализациясы[8].
- Феминисттик чыгармачылык үчүн саясий куугунтук[9]. англис тилинде
Түркия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түркиядагы феминизм түшүнүгү адабиятка түрк улутчулдугунун жана түркизминин аталарынын бири болгон Зия Гөкалптын «Түркчүлдүктүн негиздери» аттуу китебинин «Түрк феминизми» бөлүмүндө «феминизм» түшүнүгүнө жогору баа бергени менен таанылган[10]. Жаш Түрктөрдүн жана Биримдик жана Прогресс комитетинин мүчөсү болгон Түрк улутчул канаты жалпы улуттун боштондугунда аялдардын боштондугунун маанисине көңүл буруп, аялдардын билим алуусуна чоң күч-аракет жумшаган[11]. Бул аракеттердин натыйжасында Стамбулда жана Анадолуда кыздар лицейлеринин, ошондой эле Инас Санайи-и Нефисе Мектеби жана Инас Дарулфунуну сыяктуу аялдар үчүн университет деңгээлинде билим берүүчү мекемелердин түзүлүшүнө шарт түзүлдү[12].
Бул улутчул канат Түркиянын тарыхындагы биринчи феминист аялдар бирикмеси болгон Теали-и Нисван коомунун, өз доору үчүн абдан катуу талаптарды койгон Осмон укук коому, аялдардын эмгекке катышуусу үчүн күрөшкөн Осмон аялдарынын ишке орноштуруу коомунун түзүлүшүнө биринчилик кылышкан[13].Мындан тышкары, аялдарга күнүмдүк жашоодо ыңгайлыкарды киргизүү үчүн арабага жалгыз түшпөө[14] жана кийимге чектөөлөр[15] сыяктуу кээ бир тыюулар алынып салынды.
Түркиядагы феминизмдин негизги социалдык жана укуктук бурулушу Зия Гөкалптын жана анын батышчыл-улутчул көз караштарынан катуу таасирленген[16] Мустафа Кемал Ататүрктүн Түрк революциясынын натыйжасында аялдарга тең жарандык укуктарды бергени болду[17].
Бул мезгилден кийин Түркияда узак убакыт бою таасирин жоготкон феминисттик кыймыл 1980-жылдын аяк оонанын 12-синде болгон төңкөрүштөн кийин бирикмелер жана көп сандаган басылмалар аркылуу кайрадан пайда болуп, ошондон бери аялдарга карата зомбулук, аборт укугу, гендердик ролдор жана ЛГБТ адамдардын укуктары сыяктуу темаларда катуу күрөш жүргүзө баштады.
Кыргызстандагы феминисттик активизм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстандагы феминисттик активизмдин башка формаларынан айырмалап турган нерсеси - анын түзүлүштүк жана тутумдук зомбулук жана басмырлоо, гендердик теңчилик контекстинде адам укуктарынын бузулушу, ошондой эле жашоонун бардык чөйрөлөрүндөгү аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин актуалдаштырып, сын көз караш менен карагандыгы. Ошол эле учурда ушул маселелердин үстүнөн аялдардын башка уюмдары да иш алып барышат, бирок коомдо жана ЖМКда феминизмге байланыштуу терс стереотиптер калыптанып калгандыктан, алар өзүлөрүн феминисттик уюмдарбыз деп аташпайт.
Кыргызстанда өзүлөрүн феминисттик уюмдарбыз деп ачык аташкан биринчи коомдук демилгелер 2009-жылдан баштап пайда боло баштаган. Алардын келип чыгышын Бишкек шаарында коюлган Вагина монологдору[en] деген биринчи кайрымдуулук пьесасы шарттаган. Ушул пьесадан кийин Кыргызстандын коомунда сексуалдык жана сексуалдык зомбулукка байланыштуу тыюу салынган темалар ачык талкууга алынган. Өлкөнүн ар кандай чөйрөлөрүндө феминисттик перспектива пайда болуп, искусстводо, укук коргоо чөйрөсүндө жана жарандык коомдо, Интернет мейкиндигинде, айрыкча, блогдор чөйрөсүндө жана коомдук желелерде, ошондой эле ар кандай жамааттар менен коомдоштуктарда альтернативдик гендердик дискурсту жаратууда. Ошол эле учурда феминисттик талдоо сексизмдин, мизогиниянын, гомофобиянын жана трансфобиянын алдын алууда гана эмес, экономикалык жана социалдык теңсиздик маселелерине караштырууда да олуттуу роль ойноп, натыйжада, ЖМКда да, мамлекеттик стратегиялар менен мыйзамдарда да чагылдырылат. Феминисттик талдоо бүгүнкү күнү гендердик маселелерде эксперттик позициянын маанилүү бөлүгү болуп, коомдук пикирге, ошону менен катар чечим кабыл алуучу адамдардын пикирине олуттуу таасирин тийгизе алды.
Уюмдар, коомдоштуктар жана демилгелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстандагы феминисттик активизм өзүнөн өзү түзүлгөн уюмдун ар кандай формаларын чагылдырып, ага төмөнкүлөр кирет: жарандык тармактын жана бейөкмөт уюмдардын алкагындагы жамааттык демилгелер; белгилүү бир убакыт аралыгында иштеген формалдуу жана формалдуу эмес топтор; жеке феминисттик демилгелер жана Интернеттеги демилгечил топтор. Өзүнөн өзү түзүлгөн ушул уюмдар бири-бири менен кесилишип, активизмдин бир гана түрүн карманышы мүмкүн же бир гана жолку же туруктуу максаттарды көздөшү мүмкүн. Төмөндө өзүнөн өзү түзүлгөн уюмдун ар кандай ык-амалдарын колдонгон Кыргызстандагы ар кандай феминисттик демилгелер келтирилген:
Бишкек феминисттик демилгелери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жамааттарга багытталган феминисттик активисттик топтордун бири - Бишкек феминисттик демилгелери. Анын негизделишине 2009-жылы Бишкекте коюлган «Вагинанын монологдору» деген аталыштагы кайрымдуулук пьесасы түрткү берген. Топ жантыгынан чечим кабыл алуу, тилектештик жана акыйкаттык принциптерин карманат. Бишкек феминисттик демилгелердин артыкчылыктуу максаттарынын бири ар кандай коомдоштуктарды феминисттик принциптерди өнүктүрүүгө багытталган ишке тартуу. Иштин негизги багыттары - феминисттик билим, искусство, зомбулукка каршы кампаниялар, ЖМК жана коомдук көчө акциялары, кыймылды бүтүндөй өлкөдө да, дубандарда да негиздөө. 2014-жылдан тарта Бишкектеги жалган курандын 8-де өткөрүлгөн маршты координациялаган уюм болуп келген. 2020-жылы марштан кийин маршты уюштурган башка уюмдар менен 8/365 бейрасмий кыймылды уюштуруп, марштын координациясын тапшырды.
Бишкектеги феминисттик демилгелердин активисттик аянтчасынын кыздары түзгөн Кыргызстандын активист кыздары тобу,
Сообща
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2008-жылдын февраль айында БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун дүйнө жүзү боюнча аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотуу үчүн “Аялдарга каршы зомбулукту бирге токтотобуз” кампаниясын баштаган. Кыргызстанда бул кампания "Сообща" аты алдында кыз ала качуу жосуну үчүн каралган жазалоону катуулатуу максатында ондогон уюм жана активисттерди улуттук тармакка бириктирген. Кыргызстанда кампанияга мүчө болуп Кыргыз Республикасынын БУУ агенттиктери, Жогорку Кеңешинин депутаттары, гендердик саясат боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы Бишкек Феминисттик Демилгелери, КР Кризистик борборлор Ассоциациясы, Аялдарга жардам көрсөтүү борбору, Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор, Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы, Бир дүйнө Кыргызстан, «Ачык линия» коомдук фонду, Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому, "Сезим" кризистик борбору ж.б. кошулган.
2012-жылы "Сообща" бир катар адвокациялык иш-чаралардын демилгечиси болуп, улуттук кампания 155 менен бирге аялдарды ала качуу үчүн жазаны 3 жылдан 10 жылга чейин күчөтүүнү киргизе алды[18].
Ушул сыяктуу нааразычылык акцияларынан, мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү сунуштарынан, феминисттик басылмаларды чыгаруу менен коштолгон ар кандай иш-чаралардан улам феминисттик активизм ЖМКда көбүрөөк байкалып, эл арасында кеңири талкуулана баштаган. Так ушул 2012-жылдан баштап феминисттик активизмде активист аялдардын ар кандай муундарынын өкүлдөрү катышкандыктан, анын курамы ар түрдүү боло баштаган. Учурда Кыргызстанда феминизм Кыргызстандагы аялдардын жарандык тармагындагы кууш багыт катары эмес, жигердүү коомдук кыймыл катары таанылып калды.
Пан Ги Мундун кампаниясы 2008-2015 жж. пландалганына карабастан, Кыргызстанда "Сообща" кыймылынын мүчөлөрү 2023-жылга чейин аялдар укуктары үчүн иш алып барган тармакка айланып дагы деле бейрасмий кыймыл катары иш алып барып жатат. Бүгүнкү күндө "Сообща" тармагына Кыргызстандагы аялдар укуктары жаатында иштеген 81 уюм жана андан тышкары феминист активисттер кирет.
Новый ритм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2013-жылдан баштап феминисттик активизм Кыргызстандагы жаштардын арасында кеңири жайылып, өзүнчө түзүлгөн уюмдун жаңы форматтарына ээ болуп, региондорго чейин жеткен. Туруктуу иш алып барган автономдук топтордун бири - Ош шаарындагы Новый ритм жаштардын тобу. Новый Ритм Кыргызстандын түштүгүндө орун алып, саясий жана диний жактан көз карандысыз жаштар үчүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жаштар бирикмеси. Новый Ритм 2014-жылдан бери "жаштардан жаштарга" деген ураанды кармануу менен иштеп келет жана жаштарга чогулуп, жарандык коомдун өнүгүүсү үчүн өз идеяларын ишке ашырчу аянтчаны камсыз кылып, жаштардын ар тараптан өнүгүүсүнө салымын кошууда алгылыктуу иштерди жасоодо. Ошондой эле, жаштардан түзүлгөн топ түштүктөгү жападан жалгыз феминисттик бирикме болуп, гендердик маселелерди дагы көтөрөт, Новый Ритмдин максаты жигердүү, таасирдүү жана ар түрдүү, ар тараптуу жарандык коомго көмөктөшүү, жаштардын жарандык позициясын көтөрүү, активдештирүү жана адам укуктары сакталган коомду түзүү үчүн келечек муундардын мүмкүнчүлүтөрүн кеңейтүү болуп саналат[19].
2017-жылдан бери Ош шаарында жалган курандын 8-де феминисттик марш уюштуруп келет[20][21].
Жетишет
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аялдардын укуктары, адилеттүү сот жана деколонизация маселелерин арт-интервенциялар, спектакльдар жана пикеттер аркылуу көтөргөн жарандык фем-активисттердин кыймылы.
Кыймылдын негиздөөчүлөрүнүн бири Айжамал Бектенова “деколониалдык феминисттик искусство аймактын мурасына, аялдардын заманбап образына кайрылып, ошол эле маалда гендердик зомбулук менен дискриминация сыяктуу маанилүү маселелерди көтөрөт” дейт[22].
“Жетишет” кыймылынын башка негиздөөчүлөрү феминист ырчы Зере Асылбек, "Кыз" аттуу аялдардын укуктары жана эркиндиктери үчүн манифест ырынын автору[23], жана Кыргызстандагы популярдуу блогер Элдана Форайс.
ШТАБ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Штаб (Школа теории и активизма – Бишкек) платформасы 2012-жылдан бери маалыматтык жана билим берүү программаларын уюштуруп, негизги багыттарынын бири изилдөө жана көркөм чыгармачылык иштерин жүргүзүү үчүн көркөм өнөрчүлөрдүн, студенттердин, жазуучулардын жана башка активисттердин чөйрөсүнөн стипендия алуучулар үчүн аянтча түзүп берүү болуп эсептелет. Бул уюмдун эң башкы багыты феминисттик искусство аркылуу түшүнүктүү болгон патриархалдык үстөмдүктү сынга алуу. ШТАБ Фемзин Weird Sisters[24] демилгесине маалыматтык жана ресурстук жактан колдоо көрсөтүп келген.
Онлайн демилгелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстандын жана Орто Азиядагы башка өлкөлөрдүн кыздары негиздеген Sheisnomad жана Feministmin феминисттик медиадолбоорлору коомдук желелерде жана блогдор чөйрөсүндө көп окулуп талкуулануучу баракчаларга айланды. Ушул долбоорлор өлкөдөгү жана бүтүндөй чөлкөмдөгү кыз-келиндердин башынан өткөн окуялары менен тажрыйбаларына көңүл бөлүп, онлайн мейкиндигиндеги күнүмдүк сексизм, мизогиния жана аялдарды коркутуп-үркүтүү көрүнүштөрүнө байланыштуу феминисттик күн тартиптер үчүн мобилизациялоо аянтчасы болуп келген (бүгүнкү күндө эки платформа тең активдүү эмес) .
2015-жылы ар кандай уюмдардын активист аялдары менен эркектери биригишип, artFAQt уюмунун алкагында өзүлөрүнүн жеке активисттик ишин башташкан . Өз ишинде artFAQt искусство жана маданият жаатында феминисттик талдоо ыкмасын колдонуп, көбүнесе, өз ара тажрыйба алмашууга көбүрөөк басым жасаган.
Эскертмелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ "БУУнун аялдарды басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын төртүнчү мезгилдик отчету жөнүндө" КРнын Өкмөтүнүн №872 токтому, 31-декабрь, 2012-жыл
- ↑ Попкова Л., Жидкова Е. Феминизм, или История борьбы женщин за права человека: «курица – не птица…» / В кн.: Гендер для «чайников» / Под ред. И. Тартаковской. – М., 2009.
- ↑ History of Feminism Текшерилген күн: 28.04.2023.
- ↑ Юкина И. Русский феминизм как вызов современности. — (орус.) СПб.: Алетейя, 2007. — ISBN 978-5-903354-21-4.
- ↑ 5.0 5.1 5.2 Пушкарёва Н. Начало женского движения в России: вчера, сегодня, завтра] (орус.) Михалёва Г.М. (отв. ред.). — М., 2010. — ISBN 9785873175828. Текшерилген күн: 28.04.2023.
- ↑ 6.0 6.1 Малаховская Н. Как начиналось женское движение в конце 70-х // ФЕМИНФ. — 1993. — № 3. Тешерилген күн: 28.04.2023.
- ↑ Для женщин в России закрыты 456 видов работ. Дальнобойщица, помощница капитана и капитан — о том, как они преодолели этот запрет 13.07.2017. (орус.). Текшерилген күн: 28.04.2023.
- ↑ Финальная версия законопроекта о домашнем насилии стала неожиданностью для его соавторов. Они назвали документ «реверансом в сторону фундаменталистов» 30 ноябрь 2019. Текшерилген күн: 28.04.2023.
- ↑ «У живых женщин есть тело» 24.12.2019. (орус.) Текшерилген күн: 28.04.2023.
- ↑ Ziya Gökalp (1923). "İkinci kısım, üçüncü bölüm, dördüncü madde, beşinci başlık". (түрк.) Türkçülüğün Esasları. Kapı Yayınları. s. 218.
- ↑ "Osmanlı Son Döneminde Kızların Eğitimi ve Öğretmen Faika Ünlüer'in Yetişmesi ve Meslek Hayatı" (түрк) dhgm.meb.gov.tr. Текшерилген күн: 28.04.2023.
- ↑ "Kız Liseleri" (түрк.) Mübeccel İzmirli. 1977.
- ↑ "Milliyetçilik, Toplumsal Cinsiyet ve Modernleşme Eksenleri Üzerinden Türk Kadın Hareketine Tarihsel Bir Bakış". (түрк.) Elif Gözdaşoğlu Küçükalioğlu. 2020.
- ↑ "Târih Boyunca İstanbul Faytonları". Zdergisi İstanbul.
- ↑ "OSMANLI İSTANBUL'UNDA GİYİM KUŞAM | Büyük İstanbul Tarihi". istanbultarihi.ist.
- ↑ "Ziya Gökalp ve Atatürk". Atatürk Ansiklopedisi. 3.03.2021. (түрк.) Текшерилген күн: 28.04.2023.
- ↑ "Atatürk'ün Kadın Devrimi ve 80 Yıl Sonrası" (түрк). Müzeyyen Güler. Текшерилген күн6 28.04.2023.
- ↑ Отчёт по информационной кампании движения "Сообща покончим с насилием в отношении женщин и девочек" 17-22 июнь, 2013 (орус.) Текшерилген күн: 28.04.2023.
- ↑ Новый ритм Archived 2023-05-05 at the Wayback Machine Текшерилген күн: бугу айынын 5, 2023.
- ↑ kloop.kg Мэрия Оша запретила проводить марш за права женщин (орус.) Текшерилген күн: бугу айынын 5, 2023.
- ↑ refugee.ru Эльвира Тилек о Кыргызстане с точки зрения феминизма (орус.) 27/08/2020. Текшерилген күн: бугу айынын 5, 2023.
- ↑ Кабар Азия. IWPR “Борбор Азиядагы деколонизация: нарративдердин өзгөрүшү” аттуу аймактык конференциясын өткөрдү Текшерилген күн: бугу айынын 5, 2023.
- ↑ kloop.kg 14.09.2018. Не указывай, как мне жить. Посмотрите клип «Кыз» — про свободу кыргызских женщин от навязчивого чужого мнения (орус.) Текшерилген күн: бугу айынын 5, 2023.
- ↑ Фемзин "Weird Sisters", выпуск 1: FAQ сексиста/Хотят ли феминистки, чтобы женщины служили в армии? (орус.) Текшерилген күн: 28.04.2023.
Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1. Попкова Л., Жидкова Е. Феминизм, или История борьбы женщин за права человека: «курица – не птица…» / В кн.: Гендер для «чайников» / Под ред. И. Тартаковской. – М.: Генрих Белл атындагы фонд Просветительско-издательский центр «Звенья», 2009.
- 2. SparkNotes окуу ресурсу: «Словарь разновидностей феминизма» hooks, bell. (1984). Feminist Theory. From Margin to Center. South End Press, p.15
- 3. Permanent Culture Now website: Introduction to Activism.
- 4. Report: The Fourth World Conference on Women, Beijing Declaration and Platform for Action, 1995.