Ала качуу

Википедия дан

Ала качуу – – жигит турмуш куруу үчүн кызды ала качкан, уурдаган көрүнүш. Кыз ала качууда куда түшкөн кызга калың төлөөгө каражат жетишпесе, бир аз калың төлөнгөндөн кийин жигит кыздын макулдугу менен кызды ала качкан. Жигиттин атасы урукташтарынан киши ээрчитип, кыздын атасынын алдына түшкөн. Эки тарап жарашкандан кийин никелешүүнүн салттуу ырымдары улантылган. Кыз ала качуунун дагы бир себеби, кыздын ата-энеси кыз каалаган жерине барууга каршы чыгышса жана келген жуучуларга макулдугун беришпесе, жигит кыздын макулдугу менен ала качкан. Кудалар бири-бири менен жарашкандан кийин калың төлөнгөн.
Кыз ала качуунун мындай түрү оокаттуу, урук-туугандуу бүлөлөрдө жолуккан. Улуттук салтта кыздын макулдугусуз эч убакта кыз ала качуу болгон эмес. Эгерде кыздын макулдугу жок ала качуу жүргүзүлсө, урук, уруулардын ортосунда жаңжал чыгып, кан төгүлгөн. Кыз ала качуу улуттук никелешүүдө өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш болгон. Азыркы учурда кыз ала качуу бул кыздын макулдугусуз болсо анда кылмыш болуп саналат, ала качкандар жоопко тартылат, бул боюнча жогорку кеңеште мыйзам кабыл алынып жатат. Кыз ала качуунун айынан көптөгөн үй-бүлөлөр кайра ажырашып, жашап кете албай жатышат.

Ала качуу Бүгүнкү күндө Кавказда, Кыргызстанда, Казакстанда, Африка континентиндеги бир катар өлкөлөрдө кездешет. Ала качуу 2 өңүттөн каралып келе жатат: Кызды эркинен тыш ала качуу жана кыздын өз каалоосу менен болочок күйөөсүнүн ала качып кетиши.[1] Эркинен тыш ала качуу – кыздын макулдугу жок, күчкө салып, кыйнап же басынтып жигиттин үйүнө алып кетүү. Мында кыздын (адамдын) фундаменталдык укугу тепселенип,[2] анын каалоосу, намысы, кыялдары, ал тургай бүтүндөй тагдыры талкаланышы толук мүмкүн. Ошондуктан заманбап дүйнө коомчулугу мындай ала качууну “кылмыш”, “жапайы жосун” деп таанып, жектеп келет. Ала качууга кабылган кыздардын 22-35 пайызы ала качкан жигитти мурда тааныбаган абалда болушарын изилдөөлөр көрсөткөн.[3] Ала качуунун дээрлик баары бир нече адамдын, көбүнчө, үйлөнүүнү көздөгөн жигит жана анын досторунун катышуусу менен ишке ашырылат. Кызга күч колдонуп автоунаага салып кетишет же аны алдап болочок күйөөсүнүн үйүнө алып барышат.[3] Кызды анын макулдугу менен ала качуу – формалдуу мүнөзгө ээ көрүнүш. Кыз ата-энесине айтпай (кээде ата-энелердин макулдугу менен) өз каалоосу менен жигиттин үйүнө “ала качылат”. Мындай ала качуу – көбүнчө компромисс менен аяктайт. Ата-энелер, кээде укук коргоо органдары да кыз-жигиттин ортосундагы сүйүүгө каршы чыгышпай, айрыкча кыздын тандоосуна көнүп, ага макул болгон учурлар кездешет. Ала качуу көпчүлүк өлкөлөрдө кылмыш – адам уурдоо деп саналат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ала качуу тууралуу байыркы Римдин өнүгүү этабын камтыган тарыхый булактарда айтылат. Алардын бири – б.з.ч. 502-505-жылдардагы Сабинск согушу.[4] Алгач Римде жалаң эркектер жашаган, алар жакыр болгондуктан коңшу уруулар аларга кыздарын бергиси келчү эмес. Ошондо Ромул (Римдин түптөөчүсү) Консуалий майрамын уюштуруп, сабиндиктерди конокко чакырат. Так ушул майрам өтүп жаткан учурда римдиктер куралсыз сабиндиктерге чабуул коюп, кыздарын уурдап кетишет. Бул окуянын аягы Сабинск согушуна алып барганы тарыхта белгилүү. Ушул окуядан кийин ала качуу Римдин каадасына айланып кеткен дешет. Кийин христиан дининин келиши менен Римдеги бул көрүнүш айыптала баштайт. Христианчылыктын келгенине карабай ала качуу славян элдеринде көп жылдарга сакталуу кала берген. Польшада орто кылымга, Чехияда 16-кылымга чейин, Украинада 17-кылымга чейин бул көрүнүш сакталып турган.[5]

Дүйнөдө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

21-кылымда ала качуу Кавказда: Грузия, Ингушетия, Чеченстан жана Азербайжанда кездешет. Борбордук Азияда бул көрүнүштү Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан, Африка континентинде Эфиопия, Руанда, Кения жана башка өлкөлөр практикалап жүрөт.[6] Азербайжанда “гошлуб гачмаг” деген түшүнүк бар, чечмелениши: “бирге качуу”. Кыздын ата-энеси никеге каршы болушса, сүйүктүүсүнөн ажырагысы келбеген кыз болочок күйөөсүнүн үйүнө качып кетет. Бул көрүнүш ала качуу болуп жаткан өлкөлөрдүн баарында кездешет десе болот. Өз эрки менен “ала качылган” кыз арадан убакыт өткөндөн кийин күйөөсү экөө ата-энесинен бата, ыраазычылыгын алуу үчүн өз үйүнө кайтып келет, мындайда көбүнчө ата-эне түзүлгөн никени таанууга аргасыз болушат. Бул тажрыйба көбүнчө ата-эне кызды башка бирөөгө берүүнү көздөп, ал эми кыз өз жигитинен ажырагысы келбеген учурда колдонулат. Европа өлкөлөрүндө ала качуу жолу менен мажбурлап никеге туруу жосуну лөлүлөр арасында учурайт деп айтылат. Мындай фактылар заманбап жашоодо Ирландияда, Англияда, Чехияда, Нидерландарда, Болгарияда жана Словакияда катталган.[7]


Кыргызстанда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ала качуу - кылмыш деп эсептелгенине карабай Кыргызстанда кеңири тараган гендердик зомбулуктун бир формасы. Аялдарга карата зордук көрсөтүү адам укугун одоно бузуу деп тааныгандыктан бул нерсе эл аралык актылар менен айыпталат. Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексине ылайык, ала качууга айыпталгандар 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратылат.[8] Эгер жашы жете элек кызды ала качса, ала качуучу 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажырашы мүмкүн. Катаал жазага, адам укугу үчүн күрөшкөн уюмдардын кескин сынына, каргашалуу окуяларга карабай ала качуу тыйылбай келет. Кыргызстандагы ала качуу боюнча ар кандай сандар берилүүдө: Дьюка университети изилдөө жүргүзүп, үй-бүлөлөрдүн 16-23 пайызы ала качуу менен түзүлөт деп жыйынтык чыгарган.[9] Ал эми кээ бир изилдөөлөргө карата макулдугу жок ала качуу 5 пайыз,[9] ЮНИСЕФ өлкөдө 24 жашка чейинки аялдардын 13 пайызы мажбурлоо менен турмушка чыккан деп коңгуроо кагат.[10] БУУ реалдуулукта такыр башкача болушу мүмкүн, анткени ала качуунун курмандыктары “үй-бүлөмдү уят кылбайын” деп көбүнчө укук коргоо органдарына кайрылбайт деп эсептейт.[10] 2019-жылы ИИМ ала качуулар боюнча 6 айда 118 кылмыш иши ачылганын билдирген. Бирок Кыргызстанда бул жаатта ачылган кылмыш иштеринин көбү сотко жетпейт. 2018-жылы укук коргоо органдарына ала качуу боюнча 895 арыз түшүп, болгону 168 кылмыш иши ачылган. Калган арыздарды арыз ээлери кайтарып алышкан.

Ала качууга байланыштуу 2 чуулгандуу окуя бар. Биринчиси - 2018-жылы 20 жаштагы Бурулай Турдали кызын 29 жаштагы жигит ала качып баратканда кармалып, кыз жана аны ала качкан жигиттер милиция бөлүмүнө жеткирилет. Кыз милиция бөлүмүндө ала качууга шектелген жигит тарабынан бычакталып каза табат. Ала качкан жигит өзүнө да бычак сайып, бирок аман калган. Кийин ал “адам өлтүрүү”, “ала качуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды.[11] Экинчи окуя – Айзада Канатбек кызынын ала качуунун курмандыгы болушу. 2021-жылы 26 жаштагы Айзаданы тааныш жигити ала качып, көп өтпөй экөөнүн жансыз денеси Бишкектин четинде унаадан табылган. Кылмышкер жигит алгач кызды өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйган. Ала качууга катышкан 5 жигит ар бири 6-7 жылга эркинен ажыратылды.[12]

Ала качуунун себептеринин бири – жигиттин калың төлөөгө мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу.[13] “Куда түшүү”, “сөйкө салуу”, “кыз узатуу” деген каадаларды өзүнө камтыган салттуу үйлөнүүгө аз эмес чыгым кеткендиктен колунда жок же ашыкча ысырапкорчулукту каалабаган жигиттер ала качуу аркылуу турмуш курууну туура көрүшөрүн сурамжылоолор көрсөткөн.[13] Бул жол кээде кыз-жигиттин, алардын ата-энелеринин макулдашуусу менен да тандалышы мүмкүн. Бул – үлпөт тойду ашыкча шаан-шөкөтсүз, көп чыгымсыз өткөрүү менен аяктайт. Кыз менен мамиле түзүүнү билбөө, жигиттин уялчаактыгы, “кыз макулдук бербейт” деп коркушу, өтмүшүнүн жакшы эмес болушу (мурда соттолуп чыкса, баңги болсо), билимсиздик да кызды мажбурлап ала качууга себеп дешет адистер. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, ала качылган кыздардын 30-50 пайызына чейинкилери ала качкан адам менен никелешүүгө мажбур болушат.[13] Кыздарды никелешүү үчүн ала качуунун негизги себептери деп аялдар төмөнкүлөрдү эсептешет: ала качкан адам кыздын башка адамга күйөөгө чыгышын каалаган эмес (30 пайызы), ала качкан адам кыз макулдугун бербейт деп корккон (24 пайызы), ала качкан адам кыз менен таанышууга батынган эмес (21 пайызы) же калың берүү мүмкүнчүлүгү болбогон (18 пайызы), ата-энеси, туугандары кызды ала качууну туура көрүп, талап кылышкан (19 пайызы). Эркектер дагы ушул эле себептерди белгилешкен, бирок алар кыз менен таанышуудагы кыйынчылыктарды жана калың төлөөнүн мүмкүн болбогонун көбүрөөк көрсөтүшкөн (21 пайызы).[13]

Кыргызстанда ала качууга каршы “155” улуттук кампаниясы өткөрүлгөн. “155” улуттук кампаниясы – жазык мыйзамдарына сунуш киргизүү, кыз ала качкандарга байланыштуу сот процесстерине колдоо көрсөтүү, өлкөдө ала качууну түп тамырынан жоюуну көздөгөн жарандык демилге. Мажбурлап никеге тургузууну жектеп “Быйылкы жазда АЛАР жок” аттуу акциясы өткөрүлгөн.

Динде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Исламда ала качуу деген түшүнүк жок, бул көрүнүш адам уурдоо катары бааланат. Ислам дининде “Мусулмандын каны, жаны, ар-намысы экинчи мусулман үчүн арам” деп айтылат.[14] Бул хадистин мазмуну Исламдын ала качууну колдобой турганын, адамдын ар-намысы кол тийгис экенин белгилеп турат. Дин аалымдары кыздын макулдугу жок нике жараксыз деп эсептелерин, анын эркинен тыш турмуш куруу чоң күнөө дешет: “Шариятта кыз ала качуу күнөө болуп эсептелет. Адам уурдоо катары болуп калат. Бирөөнүн кызын уруксатсыз алып кетүүгө эч кимдин акысы жок”.[15] Шариятка ылайык, турмуш курууда ата-энелер макулдашып, кыздын укугу тепселенбеши керек деп белгиленет. Христиан дини да ала качууну айыптайт.[16]

Мыйзам[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1918-жылы 3-январда Совет бийлигинин “Эмгекчилердин жана эзилген элдердин укуктарынын декларациясынын” жарыяланышы аялдардын укуктарын эркектерге теңеген. Жеке, мүлктүк жана саясий мамилелерде аялдар көз карандысыз экенин жарыялаган. 1921-22-жылдары эркиндикке жолтоо болгон коомдук кооптуу адаттарга каршы күрөш күчөйт. 1921-жылы 14-июнда Туркестан борбордук аткаруу комитети “Көп аялдуулукка жана калыңга тыюу салуу жөнүндө” декрет чыгарган.[17] Бул декреттер кийин күчүн жоготкон. Кыргыз ССРинде “Никеге туруу үчүн ала качуу” деген норма 1982-жылы киргизилип, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. 2013-жылы ала качуунун жазасы 5 жылдан 10 жылга чейин деп узартылды. Күнөөлүү тарапка 180 миң сомдон 220 миң сомго чейин айып пул салуу нормасы да иштейт.[8] Казакстанда 4 жылдан 12 жылга чейин, Өзбекстанда 15 күнгө коомдук иштерге тартуу, же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза мөөнөтү бар. Грузияда 8-16 күнгө коомдук ишке тартылат же 2 жылдан 4 жылга чейин эркинен ажыратылат. Азербайжанда 3 жылдан 5 жылга чейин,[18] Түркмөнстанда 3 жылга чейин, Ингушетия жана Чеченстанда 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Кылмыштын бул түрүнө жаза Эфиопияда 3 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу деп белгиленген. Эгер ала качуу кызды зордуктоо менен коштолсо, анда бардык өлкөдө кошумча жаза каралат. Мындан тышкары аталган өлкөлөрдө ала качуу кылмышын айып пул төлөтүү аркылуу жапкан учурлар кездешет.

Зордуктоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ала качуулар кээде кызды зордуктоо кылмышы менен коштолот. 2016-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн “Коомдун гендердик маселелерди кабыл алуусу” иликтөөсүндө, аялдардын 58 пайызы, эркектердин 53 пайызы кызды ала качууда сексуалдык зордук көрсөтүлгөн болсо кыз кетип калышы керек жана укук коргоо органдарына кайрылыш керек деп эсептегенине карабастан, аялдардын 39, эркектердин 26 гана пайызы алардын кызын, карындашын же сиңдисин ала качып кетсе үйүнө алып кетише турганын жана милицияга кайрылып арыз беришерин айтышкан.[13] Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жашы жете элек кызды зордуктагандар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.[19] Бул – жашы жете элек кызды ала качып, зордуктагандар 25-30 жылга чейин соттолушу мүмкүн дегенди билдирет. Кылмыштын бул түрүнүн эскирүү мөөнөтү жок. Зордуктоо боюнча соттолгондор мунапыска илинбейт жана шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыгарылбайт. Деген менен ала качууга байланыштуу иштердин көбү сотко жетпей калат. БУУнун Өнүктүрүү программасынын изилдөөлөрү боюнча 2020-жылдын 9 айында Кыргызстанда “зордуктоо” беренеси боюнча 269 кылмыш иши ачылган. Анын 200ү сотко жетип, сотто 17 гана иш каралган. Көпчүлүк учурда жаштардын туугандары бири-бири менен өз ара келишип алып, арыздар түшсө дагы сот өндүрүш процессине жетпей калат.[13] Кыздарды мажбурлап ала качуулар көбүнчө сексуалдык зордук менен коштолот, бирок ушундай болгондо да жапа чеккендердин өздөрү жана ата-энелери ала качкан адамды айыптоодон баш тарткан учурлар аз эмес.  

Кесепеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ала качуунун башкы кесепети – кыздын тагдыры. Кээде уят болуудан, улуттук салттарды бузуудан жана ата-энесинен корккондуктан, экономикалык көз карандысыздыктын жоктугунан, укук коргоо органдарына кайрылууга мүмкүндүк бербеген туугандардын басымынан улам кыздар зордукка кабылгандан кийин аргасыз абалда калышат.[13] Бул кээде алардын өзүнө кол салышына да жеткирет. Кызды көбүнчө “эл сөз кылат”, “кыз баш ийиши керек” жана “ата-энем уят болот” деген түшүнүктөр тушайт. Кыз психологиялык басымга кабылат, жигиттин үй-бүлөсү “кетип калсаң каргайбыз” деп коркутушу мүмкүн. Босогого улгайган аял жатып алат, аны аттап чыгып кетсе кыз бактысыз болот деген ырым-жырым бүгүн да актуалдуу. Кыргызда бул жосунду “кемпир өлдү” деп аташат. Кээде кыздын ата-энеси “отуруп кал, бизди уят кыласың” деп кыздын эркине каршы чечим кабыл алышы да ыктымал. Анткени ала качылып, бирок отурбай кетип калган кызда кайрадан турмуш курууга мүмкүнчүлүгү аз деген түшүнүк жашайт. Ала качылган кыздын кайра келип калышы ата-эненин намысын тепселейт деген эски түшүнүкү азыркы учурда деле карманган адамдар бар. Ошентип, ала качууга туш болгон кыз барган жеринде отуруп калса да, отурбай кетип калса да психологиялык травма алары анык. Demography журналынын изилдөөсү, ала качуу менен турмуш курган аялдардан төрөлгөн балдар, өз каалоосу менен күйөөгө чыккан аялдардын балдарына караганда 40-200 граммга кичине төрөлөрүн көрсөткөн. “Бул балдар эмнеге кичине төрөлөрү так эмес, бирок мажбурлап турмуш курган аялдын психологиялык травма алып калышынын кесепети болушу ыктымал” дейт Дьюка университетинин профессору жана изилдөөнүн авторлошу Чарльз Беккер.[20]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. E. Dugan, "Bridenapping': a growing hidden crime". The Independent. (англ.) 9 October 2011. Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  2. Адам укуктарынын жалпы декларациясы — БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1948-жылдын 10-декабрындагы 217 А (III) резолюциясы менен кабыл алынган. https://www.un.org/ru/documents/decl_conv/declarations/declhr.shtml
  3. 3.0 3.1 Reconciled to Violence. State Failure to Stop Domestic Abuse and Abduction of Women in Kyrgyzstan (англ.) // Human Rights Watch. — 2006. — Vol. 18, no. 9.
  4. Т. Ливий, История Рима от основания города, XXIII (орус.) http://ancientrome.ru/antlitr/t.htm?a=1364002300 Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  5. Гура А. В. Брак и свадьба в славянской народной культуре: семантика и символика. — М.: Индрик, 2012. — С. 936. — (Орус. ).
  6. UNICEF supports fight to end marriage by abduction in Ethiopia, 2004. (англ.) https://reliefweb.int/report/ethiopia/unicef-supports-fight-end-marriage-abduction-ethiopia Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  7. H. McDonald, Gardai hunt gang accused of seizing Roma child bride https://www.theguardian.com/world/2007/sep/23/ireland Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  8. 8.0 8.1 Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодекси, 172-берене.
  9. 9.0 9.1 A. Jones, Babies of kidnapped brides suffer, too, 2017 // Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  10. 10.0 10.1 ЮНИСЕФ. Заявление ООН о краже невест и детских браках 2018. Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  11. Кыргызстан: Нарастает давление на обеспечение безопасности женщин и девочек, 2019 (орус.) https://www.hrw.org/ru/news/2019/05/28/330476 Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  12. С. Султаналиева, Еще одна женщина убита в случае «кражи невест» в Кыргызстане, 2014. https://www.hrw.org/ru/news/2021/04/12/378456 Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  13. 13.0 13.1 13.2 13.3 13.4 13.5 13.6 Коомдун гендердик маселелерди кабыл алуусу (улуттук иликтөөнүн жыйынтыктары) 2016-жыл. Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  14. Муслим:2564
  15. Open Line. Мужчины об ала качуу (орус.) https://openline.kg/men_about/ Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  16. Халкидон соборунун 27-эрежеси. (Ап. 67; Трул. 92; Анкир. 11; Василия Вел. 22, 25, 26, 30, 36, 42).
  17. Ж. Ч. Тегизбекова Регулирование брачно-семейных отношений кыргызов по обычному праву 2015. Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  18. Азербайжан Республикасынын Кылмыш жаза кодекси, 144-берене. (орус.) http://continent-online.com/Document/?doc_id=30420353#pos=1641;-57 Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  19. Кылмыш жаза кодекси, 161-берене.
  20. Чарльз М. Беккер Сюзан Штайнер // Чем отличаются браки по принуждению: данные о схожести в кыргызстанских браках 2018. (орус.) Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.