Рахмонов Дилдорбек
Дилдорбек Уринбоевич Рахмонов | |
Туулгандагы ысымы: |
Дилдорбек Уринбоевич Рахмонов |
---|---|
Туулган жылы: | |
Туулган жери: | |
Ишмердүүлүгү: |
коомдук жана театралдык ишмер, актёр, акын, жазуучу, журналист. |
Жарандыгы: | |
Театр: |
Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры |
Сыйлыктары: |
Көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган |
Дилдорбек Уринбоевич Рахмонов (өзб. Дилдорбек Раҳмонов); (1941), Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР - Кыргызстандын коомдук жана театралдык ишмери, Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын артисти, акын, жазуучу, журналист[1].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дилдорбек Рахмонов 11 март 1941 жылы Ош шаарында, кызматчылардын үй-бүлөсундө төрөлгөн. Анын атасы Уринбой Рахмонов Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүсү жана артисти болгон[2].
Дилдорбек ажы Рахмонов атасын жолун жолдоду, маданият жана искусство ишине кызмат кылды. 1960-1963 жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Ош политехникалык институтун аяктаган. 1963-1993 жылдары айдоочу, театр артисти, улук методист, мастер, прораб, ПТО инженери, кампалар башчысы, башкы инженер, фотокорреспондент, элдик контролёр болуп иштеген.
1993-2002 жылдары жеке бизнес менен алектенген. 2002 жылдан пенсионер. Дилдорбек Рахмонов Ош шаарынын байыркы тарыхына жана анын тургундарына арналган 50 тан ашык макалаларын жана ырларын гезиттерде жарыялаган. Бош убагында ыр жазат[3]. Дилдорбек Рахмонов үч кинофильмде үч эпизодик роль ойногон: "Захар Беркут" кинофильмде (А. Довженко атындагы киностудиясы, 1971 жыл), "Көчө" кинофильмде («Кыргызфильм» киностудиясы, 1972 жыл) жана өзбек карыяны эпизодик ролу "Курманжан датка" кинофильмде («Айтыш-фильм» киностудиясы, 2014 жыл, режиссёр Садык Шер-Нияз)[4].
Дилдорбек Рахмановдун Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын сахнасында чыгармачылык ишмердиги (1957-1958, 1963-1968 жылдар). Көптөгөн башкы жана эпизодик ролдор ойногон, анын ичинен көрүүчүлөргө жана сынчыларга жаккан жана алардын алкышын алган төмөнкүдөй анын ролдору: К. Яшиндын "Равшан менен Зулхумор"до кабарчы, Шекспирдын "Отелло"сундо 1 сенатор, А. Абдугафуровдун "Алданган кыз"да Гани башкы ролу, "Өкүнүч"да башкы ролу, Ш. Саъдулланын "Ёрилтош"ида аскер башчысы, Т. Сабировдун "Орзигул", И. Акрамовдун "Адолат", Хуршиддын "Фархад менен Ширин", А. Навоинын "Лейли менен Меджнун", "Тахир менен Зухра", жазуучу Аваз Утардын пьесалары боюнча спектаклларда жана башка көптөгөн ролдорду ойногон жана көптөгөн концерттик программаларда катышкан. Көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган. Үйлөнгөн, анын 3 уулу жана 3 кызы, 22 небереси, 6 чөбүрөсү бар[5].
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Атасы - Уринбой Рахмонов (1910-1980) - Кыргызстан түштүгүнда Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүсү, кыргызстандык артист жана жазуучу. Энеси - Турсунхон Туйчибоева (1918—1954). Жубайы - Матлюбахон Умарова (1952)[6]. Балдары: Диляфруз (1971), Дилмурод (1973), Наргиза (1976), Насимий[7], (1978), Дониёр (1982), Нозима (1985)
Тасмаграфиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жылы | Түп нуска аталышы | Кыргызча аталышы | Ролу |
---|---|---|---|
1971 | Захар Беркут | Захар Беркут | Эпизод |
1972 | Улица | Көчө | Эпизод |
2014 | "Курманжан датка" | "Курманжан датка" | Өзбек карыя |
Театрдагы чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1957 жыл - Сабир Абдулла "Алпамыш", Самад Вургун «Юлдуз».
- 1958 жыл - Хамид Алимджан «Ойгул жана Бахтиёр», М.Шатров «Революция аты менен».
- 1963 жыл - Мухаммаджон Хайруллаев «Бала», Абдулла Каххар «Табыттан добуш», Яхёхон Маматхонов «Мели хоббон, Наби товон».
- 1964 жыл - Ахмад Бобожон «Поэма трагедиясы», Байсеитов, Шаңгытбаев «Бали, бали, кыздар ай», Шекспир «Отелло», Касымали Жантөшев «Шайтан кыз», Прем Чанд «Нимми».
- 1965 жыл - Сахиб Жамал «Гули сиёх», З.Фатхуллин «Жаштыктагы сүйүү», Касымали Жантөшев «Тоо бүркүтү», Иззат Султан «Бүркүт учушу».
- 1966 жыл - Иззат Султан «Белгисиз киши», Сабир Абдулла «Гул менен Нооруз», Чыңгыз Айтматов «Саманчынын жолу», Уйгун «Парвона».
- 1967 жыл - Алишер Навои «Дилором», Адхам Рахмат «Абдулла Набиев», Уткир Рашид «Жуучу», Касымали Жантөшев «Кыз муруту менен».
- 1968 жыл - Абдулла Кадыри «Төркүнөн чаян», Анатолий Софронов «Ашпозчу аял эрге тийди», Мирзабек Тойбаев «Жаңы келин», Ж.Бекниязов, Исмаилов «Эки от ортосунда», Абдугани Абдугафуров «Өкүнүч».
Мындан тышкары, ал көп сандагы концерттик программаларда катышкан.
Тиркемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Актёрская династия. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015.
- ↑ Рахмонов, Д. [[1] Они стояли у истоков]. ЭхоОша (11 -июнь (кулжа) 2011). Текшерилген күнү 20 сентября 2015.
- ↑ Дилдорбек Рахмоновдун өзбек тилиндеги ырлары. Текшерилген күнү 13 -февраль (бирдин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 13 -февраль (бирдин айы) 2016.
- ↑ Персоны Центразии
- ↑ Биографии знаменистостей
- ↑ Персоны Центразии
- ↑ Персоны Центразии
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Персоны Центразии
- Биографии знаменистостей
- Актёрская династия
- Они стояли у истоков
- Дилдорбек Рахмоновтун өзбек тилиндеги ырлары
- Дилдорбек Рахмоновтун өзбек тилиндеги ырлары
- Всемирная мультиязычная сеть национальных библиотек
- Библиографический каталог Archived 2018-03-08 at archive.today
- Рахмоновдор мууну
- Дилдорбек Рахмонов - Кыргызстандын коомдук жана театралдык ишмери, Ош театрынын артисти, акын, жазуучу, журналист
- Арип боюнча инсандар
- Туулгандар 11 -март (жалган куран)
- Туулгандар 1941-жылы
- Арип боюнча актёрлор
- Кыргызстандын актёрлору
- СССРдин актёрлору
- Инсандар арип менен
- Сүрөттөрү жок маданият ишмерлери тууралуу макалалар
- Webarchive template archiveis links
- Кыргызстан
- Ош облусу
- Ош шаары
- Актерлор
- Кыргыз обончулары
- Чөлкөм таануу
- Кыргыз тарыхы
- Көркөм өнөр
- Музыка
- Кыргыз таануу
- Искусство
- Кыргыз маданияты
- Кыргыз акындары
- Кыргыз ырчылары
- Кыргыз театры
- Кыргыз киносу
- Ош шаарынын Бабур театры
- Маданият ишмерлер
- Кыргыз журналисттери