Бостон (уруу)

Википедия дан
Бостон, уруу‎»‎ барагынан багытталды)

Бостон - ичкилик (Булгачылар) уруулук тобундагы эң ири уруулардын бири. Этнонимдин параллелдери кара багыш, саруу, черик урууларынын курамдарында урук аталыштары катары белгилүү. Кыргыздар жөнүндөгү орто кылымдардагы баалуу маалымат болгон Сайф ад-Дин Аксыкендинин «Мажму ат-Таварихинде» (16-к.) Салус бек Булгачыдан тараган кыргыз уруусу катары чагылдырылат. Уруунун тегинин байыркылыгын анын курамындагы ыждар, сазан, жиңдөө, чаманай, гөдөк ж. б. урук аттары айгинелейт. Этноним «мөмө багы», «бакча» деген маанини берет. Элдик этимологияда «боз тон» деп да чечмелеп жүрүшөт. Мындан сырткары, «бостон» - орто кылымдардагы кыпчак (Дешт и-Кыпчак түрк уруулары) урууларынын курамынан да эскерилет. Бостондор Ош, Баткен облустарынын аймактарын, Жалалабаттын кээ бир жерлерин байырлашат. Бул уруунун өкүлдөрүнүн айрым бөлүктөрү азыркы Өзбекстан (Вуадил, Айым, Коргонтөбө), Тажикстан (Жергетал, Мургаб райондору) аймактарындагы кенен ареалды мекендеп келишери маалым.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]