2023 футбол боюнча Азия Кубогу
2023 футбол боюнча Азия Кубогу AFC Asian Cup Qatar 2023 كأس آسيا 2023 | |
---|---|
2023 футбол боюнча Азия Кубогу | |
Чемпиондук тууралуу маалыматтар | |
Өткөрүү жайы | ![]() |
Өткөрүү шаарлары | Доха, Эль-Хаур, Лусаил, Эр-Райян, Эль-Вакра |
Стадиондору | 9 (дагы караңыз) ↓ |
Мелдеш мөөнөтү | 12-январь – 10-февраль 2024[1] |
Катышуучулар саны | 45+1 |
финалда | 24 |
Байгелүү орундар | |
Чемпиондуктун статистикасы | |
Ойнолгон матчтар | 168 |
Киргизилген голдор | |
тандоодо | 551 (551 топ бир оюнда) |
Бомбардир(лер) | ![]() |
Хронологиясы | |
![]() |
2023 футбол боюнча Азия Кубогу — футбол боюнча Азия конфедерациясына кирген мамлекеттердин улуттук курамдары катыша турган, 18-жолку мелдеш. Турнирди кабыл алып жаткан өлкө – Катар 2019-жылы өткөн Азия кубогун жеңип алган соң өз үйүндө аны коргойт.[2] Бул мелдеш алгач 2023-жылы Кытайда өтүшү керек болчу, бирок COVID-19дун айынан андан баш тартышкан.[3]
АФК буга 2022-жылы 17-октябрда Катарда өтөөрүн жар салган.[4] Ысык температуралардан улам мелдеш жайында эмес, 2024-жылдын 12-январынан тартып, 10-февралына чейин өтмөк болгон.[5][6]
Мелдеш өткөрүүчү өлкөнү тандоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2019-жылы Кытай турнирди өткөрө турган өлкө катары тандалган. Ал боюнча мелдеш 2023-жылдын 16-июнунан тартып 16-июлуна чейин өтүшү керек болчу.[7] COVID-19 пандемиясына байланыштуу (жана Кытайдын пандемияны түп тамыры менен жок кылып женүү тууралуу саясатына ылайык[8]) уюштуруу укугунан баш тарткан.[9][10] АФК ал укукту экинчи жолу ойнотуп,[11] ага төрт өлкө өзүнүн каалоосун билдирген: Австралия, Түштүк Корея, Индонезия жана Катар.[12] Бирок Австралия менен Индонезия 2022-жылы күз мезгилинде жарыштан өз каалоолору менен четтешкен.[13] Футбол конфедерациясы турнирди Катар өлкөсү өткөрөөрүн билдирет.[4]
Оюндар өтүүчү жерлер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азия кубогун Катардын беш шаары кабыл алат.[14] Жалпысынан 9 стадион болсо, анын 7си 2022-жылы өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпионатына карата салынган жана ал талааларда бардык тепкичтеги беттештер ойнолгон. Дүйнө биринчилиги ойнотулбаган 2 стадион – 2011-жылы Азия кубогун кабыл алган шейх Джассим бин Хамад стадиону жана буга чейин эч кандай турнир өтпөгөн Абдулла бин Халиф стадиону.
Ачылыш оюну 12-январда Лусаил стадионунда кожойке Катар менен Ливан курамалары ортосунда өтөт.[15] Жарым финалдар Ахмед бин Али жана Эль-Тумама талааларында өтсө, финалдык оюнду 10-февралда кайрадан Лусаил улуттук стадионунда өткөрүлөт.[15]
Катар | ||
---|---|---|
Шаар | Стадион | Сыйымдуулугу |
Лусаил | Лусаил стадиону | 88 966 |
Эль-Хаур | Эль-Байт стадиону | 68 895 |
Эр-Райян | Халифа эл аралык стадиону | 45 857 |
Ахмед бин Али стадиону | 45 032 | |
Эдьюкейшн сити стадиону | 44 667 | |
шейх Джассим бин Хамад стадиону | 15 000 | |
Доха | Эль-Тумама стадиону | 44 400 |
Абдулла бин Халиф стадиону | 10 000 | |
Эль-Вакра | Эль-Джануб стадиону | 44 325 |
Тандап алуу оюндары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азия Кубогуна тандап алуу оюндары 2019-жылдын июнь айынан 2022-жылдын июнуна чейин өткөрүлгөн. Ага 46 улуттук курам катышып, 4 раунддук тандап алуунун жыйынтыгы боюнча финалдык турнирге 24 команда жолдомо алган.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы тандап алуунун 3-раундунда өзүнүн тайпасында 2-орунду ээлеп, мөөнөтүнөн мурда финалдык турнирге жолдомо алган.[16] Квалификацияда F тайпасында Кыргызстан Тажикстан, Сингапур жана Мьянма командалары менен күч сынашкан.[16]
Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алгачкы эки раунду 2022-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатына да квалификация катары ойнолгон. Турнирди өткөрүп жаткан Катар кожойке катары автоматтык түрдө ага катышууга жолдомо алган (Ага чейин өткөн Дүйнө биринчилигинде да Катарда өткөндүгүнө байланыштуу бул өлкө ага автоматтык түрдө катышкан).
Финалдык баскычка өткөн 24 команданын ичинен 20 курама буга чейинки 2019-жылкы Азия Кубогуна да катышкан.
Бул мелдештерде жалгыз дебютант курама – Тажикстан, биринчи жолу катышууда. Иран курамасы 15-жолу катары менен катышып, Азия Кубогунун Квалификациясынын рекордун жаңылады, ал 1968-жылдан бери бир дагы турнирди калтырбай катышып келет.
Гонконг болсо Азия Кубогуна 56 жылдан соң алгачкы ирет кайтып келет. Ал эми иргелген Индонезия менен Малайзия 2007-жылдан бери финалдык турнирге өтө албай келген.
Мурунку турнирге катышкан төрт команда кезектеги оюндарга катышпай калды: Түндүк Корея, Йемен, Түркмөнстан жана Филиппиндер.
Команда | Тандалып алынышы | Квалификая датасы | Турнирге
катышуусу |
Акыркы жолку
катышуусу |
Эң мыкты жетишкен ийгилиги |
---|---|---|---|---|---|
![]() |
ДЧ-2022* тандап алуу, 2-раунд,
А тайпасынын жеңүүчүсү |
7-июнь 2021 | 7-жолу | 2019 | Тайпалык этап (1980, 1984, 1988, 1996, 2011,2019) |
![]() |
ДЧ-2022 тандап алуу, 2-раунд,
В тайпасынын жеңүүчүсү |
11-июнь 2021 | 5-жолу | 2019 | Жеңүүчүлөр (2015) |
![]() |
ДЧ-2022 тандап алуу, 2-рануд,
С тайпасынын жеңүүчүсү |
15-июнь 2021 | 15-жолу | 2019 | Жеңүүчүлөр (1968, 1972, 1976) |
![]() |
ДЧ-2022 тандап алуу, 2-рануд,
D тайпасынын жеңүүчүсү |
15-июнь 2021 | 11-жолу | 2019 | Жеңүүчүлөр (1984, 1988, 1996) |
![]() |
ДЧ-2022 тандап алуу, 2-рануд, Е тайпасынын жеңүүчүсү жана кийинки өткөрүүчү өлкө | 7-июнь 2021 | 11-жолу | 2019 | Жеңүүчүлөр (2019) |
![]() |
ДЧ-2022 тандап алуу, 2-раунд
F тайпасынын жеңүүчүсү |
28-май 2021 | 10-жолу | 2019 | Жеңүүчүлөр (1992,2000, 2004,2011) |
![]() |
ДЧ-2022 тандап алуу, 2-рануд,
G тайпасынын жеңүүчүсү |
15-июнь 2021 | 11-жолу | 2019 | Экинчи орун (1996) |
![]() |
ДЧ-2022 тандап алуу, 2-раунд,
Н тайпасынын жеңүүчүсү |
9-июнь 2021 | 15-жолу | 2019 | Жеңүүчүлөр (1956, 1960) |
![]() |
ДЧ-2022 тандап алуу, 2-рануд, А тайпасында 2-орун жана алгачкы өткөрүүчү өлкө | 4-июнь 2019 | 13-жолу | 2019 | Экинчи орун (1984, 2004) |
![]() |
ДЧ-2022 тандап алуу, 2-рануд,
С тайпасында 2-орун |
15-июнь 2021 | 10-жолу | 2019 | Жеңүүчүлөр (2007) |
![]() |
ДЧ-2022 тандап алуу, 2-рануд,
Е тайпасында 2-орун |
15-июнь 2021 | 5-жолу | 2019 | Раунд 16 (2019) |
![]() |
ДЧ-2022 тандап алуу, 2-рануд,
G тайпасында 2-орун |
15-июнь 2021 | 5-жолу | 2019 | Төртүнчү орун (1956, 1960) |
![]() |
ДЧ-2022 тандап алуу, 2-рануд,
H тайпасында 2-орун |
15-июнь 2021 | 3-жолу | 2019 | Тайпалык этап (2000, 2019) |
![]() |
АК-2023* тандап алуу, 3-раунд A тайпасынын жеңүүчүсү | 14-июнь 2022 | 5-жолу | 2007 | Чейрекфинал (2004, 2011) |
![]() |
АК-2023 тандап алуу, 3-раунд В тайпасынын жеңүүчүсү | 14-июнь 2022 | 3-жолу | 2019 | Тайпалык этап (2015, 2019) |
![]() |
АК-2023 тандап алуу, 3-раунд С тайпасынын жеңүүчүсү | 14-июнь 2022 | 8-жолу | 2019 | Төртүнчү орун (2011) |
![]() |
АК-2023 тандап алуу, 3-раунд D тайпасынын жеңүүчүсү | 14-июнь 2022 | 5-жолу | 2019 | Экинчи орун (1964) |
![]() |
АК-2023 тандап алуу, 3-раунд E тайпасынын жеңүүчүсү | 14-июнь 2022 | 7-жолу | 2019 | Төртүнчү орун (2004) |
![]() |
АК-2023 тандап алуу, 3-раунд F тайпасынын жеңүүчүсү | 14-июнь 2022 | 1-жолу | Дебют | жок |
![]() |
АК-2023 тандап алуу, 3-раунд D тайпасында 2-орун | 14-июнь 2022 | 4-жолу | 1968 | Үчүнчү орун (1956) |
![]() |
АК-2023 тандап алуу, 3-раунд A тайпасында 2-орун | 14-июнь 2022 | 5-жолу | 2019 | Тайпалык этап (1996, 2000, 2004, 2007) |
![]() |
АК-2023 тандап алуу, 3-раунд C тайпасында 2-орун | 14-июнь 2022 | 8-жолу | 2019 | Үчүнчү орун (1972) |
![]() |
АК-2023 тандап алуу, 3-раунд E тайпасында 2-орун | 14-июнь 2022 | 4-жолу | 2007 | Тайпалык этап (1976, 1980, 2007) |
![]() |
АК-2023 тандап алуу, 3-раунд F тайпасында 2-орун | 14-июнь 2022 | 2-жолу | 2019 | Раунд 16 (2019) |
*ДЧ-2022 – футбол боюнча Дүйнө чемпионаты 2022 **АК-2023 – футбол боюнча Азия Кубогу 2023 |
Ачылыш аземи
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ачылыш оюну 12-январда Лусаил стадионунда кожойке Катар менен Ливан курамалары ортосунда өтөт.[15]
Финалдык турнир
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чүчүкулак тартуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азия Кубогунун финалдык оюндарына чүчүкулак 2023-жылы 11-май күнү Катардын борбору Доха шаарында өткөн.[17]
(Төмөндөгү жадыбалда өлкөлөрдүн аталышынын жанындагы кашаада чүчүкулак тартылган мезгилдеги ФИФАнын дүйнөлүк рейтинги боюнча ээлеген орундары көрсөтүлгөн).[18]
1-себет | 2-себет | 3-себет | 4-себет |
---|---|---|---|
![]()
|
![]()
|
![]()
|
![]()
|
Тайпалык этап
[түзөтүү | булагын түзөтүү]А тайпасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]В тайпасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]С тайпасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]D тайпасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Е тайпасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]F тайпасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Статистика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калыстар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мелдештин маркетинги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түз алып берүүчүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Qatar to host 2023 AFC Asian Cup in January (англ.)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы) (1 March 2023).
- ↑ https://assets.the-afc.com/downloads/tournament-regulations/AFC-Asian-Cup-2023%E2%84%A2-Competition-Regulations.pdf
- ↑ https://www.championat.com/football/news-4694579-kitaj-otkazalsya-ot-provedeniya-kubka-azii-v-2023-godu.html
- ↑ 4.0 4.1 https://web.archive.org/web/20221017072047/https://www.the-afc.com/en/about_afc/committees/executive_committee/news/qatar_to_host_afc_asian_cup_2023_india_and_saudi_arabia_shortlisted_for_2027_edition.html
- ↑ https://www.forbes.com/sites/steveprice/2022/10/17/qatar-wins-2023-asian-cup-bid-just-over-a-decade-since-it-last-hosted-the-tournament/
- ↑ https://dohanews.co/qatar-to-host-2023-afc-asian-cup-in-january/
- ↑ https://www.the-afc.com/competitions/afc-asian-cup/news/afc-asian-cup-china-2023tm-competition-dates-confirmed
- ↑ https://www.the-afc.com/en/national/afc_asian_cup/news/important_update_on_afc_asian_cup_2023%E2%84%A2_hosts.html
- ↑ https://www.espn.com/soccer/afc-asian-cup/story/4664785/china-withdraw-as-afc-asian-cup-2023-hosts
- ↑ https://www.outlookindia.com/sports/afc-seeks-new-host-for-2023-asian-cup-after-china-s-withdrawal-news-199549
- ↑ https://www.the-afc.com/en/national/afc_asian_cup/news/afc_extends_afc_asian_cup_2023%E2%84%A2_eoi_deadline_to_july_15_2022.html
- ↑ https://www.the-afc.com/en/national/afc_asian_cup/news/four_expressions_of_interest_received_to_host_afc_asian_cup_2023%E2%84%A2.html
- ↑ https://bola.tempo.co/read/1645736/dua-kandidat-tuan-rumah-piala-asia-2023-indonesia-tersingkir
- ↑ https://www.the-afc.com/en/national/afc_asian_cup/photo/afc_asian_cup_qatar_2023%E2%84%A2_stadiums.html
- ↑ 15.0 15.1 15.2 https://www.the-afc.com/en/national/afc_asian_cup/news/asiancup2023_adds_world-class_lusail_stadium_to_elevate_fan_experience.html
- ↑ 16.0 16.1 https://rus.azattyk.org/a/31897248.html
- ↑ https://www.the-afc.com/en/national/afc_asian_cup/news/seeding_for_afc_asian_cup_qatar_2023%E2%84%A2_final_draw_confirmed.html
- ↑ https://www.fifa.com/fifa-world-ranking/men?dateId=id13974
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Футбол боюнча Азия Кубогу 2019
- Футбол боюнча Азия Кубогу 2015
- Футбол боюнча Азия Кубогу 2011
- Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- AFC Asian Cup Qatar 2023 Archived 2024-01-07 at the Wayback Machine
- Кыргыз футбол союзу