Кубатбек Боронов

Википедия дан
Боронов, Кубатбек Айылчиевич‎»‎ барагынан багытталды)
Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов
Желек
Желек
Кыргызстандын премьер-министри
желек
желек
16-июнь, 2020 — 6-октябрь, 2020
Президент: Сооронбай Жээнбеков
Андан мурунку: Мухаммедкалый Абылгазиев
Андан кийинки: кызмат орду бош
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
20-апрель 2018 — 16-июнь 2020
Президент: Сооронбай Жээнбеков
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри
желек
желек
24-декабрь 2011 — 20-апрель 2018
 
Туулган жери: Зергер айылы, Өзгөн району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Кубатбек Айылчыевич Боронов (15-декабрь 1964, Зергер айылы, Өзгөн району, Ош облусу, Кыргыз ССР) — мамлекеттик жана саясий ишмер, 2020-жылдын 17-июнунан тарта Кыргыз Республикасынын премьер-министри.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кубатбек Боронов 1964-жылы 15-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Зергер айылында туулган. Ал 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун Айыл чарба, курулуш факультетин аяктаган. 2011-жылы Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясын юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

  • 1982-1983Ош облусунун Алай районунун "Социализм" совхозунун сүт-товардык фермасында каттоочу;
  • 1983-1985 — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • 1985-1991 — Фрунзе политехникалык институтунун студенти;
  • 1991 – "Фрунзекурулуштун" 9-курулуш-монтаждык башкармалыгы трестинде каменщик;
  • 1992-1996 — "Кыргызкурулуш" АК караштуу "Стройлескомплект" ПБдө инженер, базанын башчысынын орун басары, базанын башчысы;
  • 1998-2000 — "Кыргызкурулуштун" жыгач иштетүүчү заводунун директору;
  • 2001-2002 — "Гоктүрк" ЖЧКнын директорунун орун басары;
  • 2003 - Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Башкы штабынын пландоо, экономикалык жана логистика бөлүмүнүн башчысы
  • 2003-2006Кыргыз Республикасынын ӨКМ жана Өзгөчө кырдаалдар Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары.
  • 2006-2008Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түндүк аймактар ​​аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары.
  • 2009-2010 — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы;
  • 01.2010 - 08.2010 — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларга чара көрүү департаментинин директору.
  • 08.2010 - 12.2011 — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары.
  • 12.24.2011 - 04.20.2018 — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри.
  • 04.20.2018 - 06.15.2020 — Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары.
  • 17.06.2020-жылдан тарта — Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]