Борбордук Америка

Википедия дан
Борбордук Америка.

Борбордук АмерикаТүндүк Америка материгинин эң түштүк четки бөлүгү. Тропиктик кеңдиктен орун алган. Анда Мексика (түштүк-чыгыш бөлүгү), Белиз, Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Никарагуа, Панама жана Сальвадор мамлекеттери жайгашкан. Борбордук Американынын табигый түндүк чеги Мексика тайпактоосунун түштүк четиндеги Бальсас тектоникалык өрөөнү, түштүгү Дарьен мойногу боюнча өтөт. Кээде түндүк чеги Теуантепек мойногу, түштүк чеги Панама мойногу аркылуу жүргүзүлөт. Туурасы Юкатан жарым аралы тушта 960 км, Панама мойногунда 48 км ге чейин. Борбордук Азиянын Түндүк Америка менен Түштүк Американын аралыгында жайгашкандыктан, табигый шартында эки материктин тең таасири бар. Тектоникалык жактан эки материк менен тең байланышта, климаты, флора жана фаунасы боюнча көбүнчө Түштүк Американын түндүк аймактарына окшош. Орто бийик тоолор жана жанартоонун аракетинен пайда болгон кыркатоолор басымдуу. Катуу жер титирөөлөр болот, аракеттеги жанартоолору (Тахумулько, бийиктиги 4217 м жана башкалар) бар. Климаты тропиктик, жылына 3000-5000 мм ге чейин жаан-чачын жаайт. Түндүк-чыгышын нымдуу тропик токою, түштүк-батышын жана түндүгүн жалбырагын күбүүчү токой жана бадал өсүмдүктөр ээлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]