Мазмунга өтүү

Мадумаров Абдурахмон Мамасиддикович

Википедия дан
Мадумаров, Абдурахмон Мамасиддикович‎»‎ барагынан багытталды)
Абдурахмон Мамасиддикович Мадумаров
(өзб. Абдураҳмон Мамасиддиқович Мадумаров)
Төрөлгөндөгү ысымы:

Абдураҳмон Мамасиддиқович Мадумаров

Туулган датасы:

1929 жыл(1929)

Туулган жери:

Өзгөн шаары, Ош облусу,  Кыргыз ССР

Өлгөн датасы:

2008 жыл(2008)

Өлгөн жери:

Ош шаары, Ош облусу,  Кыргызстан

Жарандыгы:

 Кыргыз ССР  ССРС
 Кыргызстан

Кесиби:

Белгилүү коомдук ишмер, ишкер, Ош шаары тейлөө комбинаты тери-жүн цехынын башчысы

Карьерасы:

1941 - 2000 жылдары

Багыты:

Белгилүү коомдук ишмер, ишкер, Ош шаары тейлөө комбинаты тери-жүн цехынын башчысы

Сыйлыктары:

Көптөгөн орден, медаль жана ардак грамоталар менен сыйланган

Абдурахмон Мамасиддикович Мадумаров (өзб. Абдураҳмон Мадумаров; (1929-2008), Өзгөн шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР - белгилүү коомдук ишмер, ишкер, Ош шаары тейлөө комбинаты тери-жүн цехынын мүдүру.

Абдурахмон Мадумаров 12 январь 1929 жылы Өзгөн шаарында, дыйкандарды үй-бүлөсундө төрөлгөн. Анын атасы Мамасиддик Мадумаров Ош облусу Өзгөн районунун колхоз кыймылынын негиздөөчүсү, революционер, көптөгөн жылдар бою колхоз төрагасы болгон. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Мамасиддик Мадумаров өз ыктыяры менен фронтка кетти. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Абдурахмон Мадумаров тылда иштеди жана фашисттер үстүнөн жеңиш учун өз салымын кошту[1].

Советтик армиянын катарынан кайтып келип, Абдурахмон Мадумаров 1950-1953 жылдары Кыргызстандын, Ош облусунун жана ар түрдүү мелдештерди самбо боюнча чемпиону болду. 1953 жылы анын колу сынып, ал самбо күрөшү боюнча Ташкент шаарында машыктыргыч болуп калат. 1954 жылдан пенсияга чыкканга чейин Ош турмуш жагын тейлөө комбинаты тери-жүн цехынын башчысы болуп иштеди. 1980-1982 жылдары Ош шаарында килем өндүрүү боюнча цех ачты жана аны башкарды. 1990 жылы Ош шаарында жаңы ачылган тери-жүн фабриканын ишин жүзүнө ашырды.

Абдурахмон Мадумаров ар дайым жаңы өндүрүштөрдү түзүү, өндүрүшкө жаңы буюмдарды жана элге керектөө товарларынын иштеп чыгарууну умтулдуу. 1988 жылы Россиянын өндүрүүчүлөрү менен бирге Ош шаарында резина буюмдарын иштеп чыгаруучу завод ачүүнү каалады. Бирок, жоопкерчиликти сезбеген жана жаңы идеяны түшүнбөгөн айрым кызмат адамдары кесепетинен, ал өзунун тилегин ишке ашыра албады.

Абдурахмон Мадумаровдун Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн өсүшүн, жаңы түрлөрүнүн көбөйтүү, керектөө товарларынын сапатын жакшыртуу жана көп жылдык ак ниет иштегендиги, мамлекеттик пландарын туруктуу ашыгы менен аткарууга кошкон зор салымын баалап, өкмөтүбүз аны көп сандаган ордендер, медалдар жана ардактуу грамоталар менен сыйлаган[2].

Аялы Минавар ажы Туйчибаева менен бирге 51 жылдан ашык жашады, алты баланы тарбиялады. Улук уулу Кахрамон ажы Ташкент чыгыш таануу институтун аяктаган, Советтер Союзунун Сирия, Йемен, Иордания элчиликтерине жана соода өкүлчүлүктөрүне котормочу, Ош кыргыз-өзбек университетинин араб борборунун директору, араб тили мугалими болуп иштеген. Экинчи уулу Ботиржон Ташкент Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган, Өзбекстандын жана Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарында жүздөгөн макалаларын чыгарды. Ал жөнүндө Исмат Хушевтын "Акталбаган үмүт узак аңгемеси" 1 китеп, 12-бөлүк, 2014 жылы чыккан китебинде жазылган. Улуу кызы Мисирё ажы мектепте математика мугалими болуп иштейт, кенже уулу Абдумалик ажы жана кенже кызы Феруза ажы ишкерлер.

Абдурахмон ажы Мадумаров ошондой эле Ош шаарынын коомдук турмушуна активдүү катышкан. Ошондой эле мунун аркасында Ош шаарынын Алебастрова көчөсүнө электр, суу түтүк тармагы, жаратылыш газы, канализация, телефон линиясы өткөрүлгөн, жолго асфальт төшөөлгөн. 1994 жылы аны менен бирге жубайы жана улук уулу Меккеге ажыга барышкан жана ар бир мусулман учун ыйык болгон ажылык сапарын жасашкан. 24 март 2008 жылы коомдук ишмер Абдурахмон ажы Мадумаров каза болду, буга карабастан ал аркасында өз ишин жана эмгеги менен Кыргызстан элинин эсинде түбөлүккө калат.

Атасы - Мамасиддик Мадумаров - Ош облусу Өзгөн районунун колхоз кыймылынын негиздөөчүсү, революционер, көптөгөн жылдар бою колхоз төрагасы болгон. Энеси - Хожинисо Рахмонова (19071932). Жубайы - Минавар ажы Туйчибаева (1936-2003). Балдары: Кахрамон ажы (3 март 1954 жыл), Ботиржон (1958-декабрь 1991 жыл), Мисирёхон ажы (1960 жыл), Абдумалик ажы (1964 жыл), Феруза ажы (1969 жыл), Зарифа (1976 жыл).