Мазмунга өтүү

Мадумаров Абдурахмон Мамасиддикович

Википедия — ачык энциклопедия
Абдурахмон Мамасиддикович Мадумаров
(өзб. Абдураҳмон Мамасиддиқович Мадумаров)
Төрөлгөндөгү ысымы:

Абдураҳмон Мамасиддиқович Мадумаров

Туулган датасы:

1929 жыл(1929)

Туулган жери:

Өзгөн шаары, Ош облусу,  Кыргыз ССР

Өлгөн датасы:

2008 жыл(2008)

Өлгөн жери:

Ош шаары, Ош облусу,  Кыргызстан

Жарандыгы:

 Кыргыз ССР  ССРС
 Кыргызстан

Кесиби:

Белгилүү коомдук ишмер, ишкер, Ош шаары тейлөө комбинаты тери-жүн цехынын башчысы

Карьерасы:

1941 - 2000 жылдары

Багыты:

Белгилүү коомдук ишмер, ишкер, Ош шаары тейлөө комбинаты тери-жүн цехынын башчысы

Сыйлыктары:

Көптөгөн орден, медаль жана ардак грамоталар менен сыйланган

Абдурахмон Мамасиддикович Мадумаров (өзб. Абдураҳмон Мадумаров; (1929-2008), Өзгөн шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР — белгилүү коомдук ишмер, ишкер.

Абдурахмон Мадумаров 12-январь 1929-жылы Өзгөн шаарында, дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын атасы Мамасиддик Мадумаров Ош облусу Өзгөн районунун колхоз кыймылынын негиздөөчүсү, революционер, көптөгөн жылдар бою колхоз төрагасы болгон. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Мамасиддик Мадумаров өз ыктыяры менен фронтка кетти. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Абдурахмон Мадумаров тылда иштеди жана фашисттер үстүнөн жеңиш учун өз салымын кошту[1].

Советтик армиянын катарынан кайтып келип, Абдурахмон Мадумаров 1950-1953-жылдары Кыргызстандын, Ош облусунун жана ар түрдүү мелдештерди самбо боюнча чемпиону болду. 1953-жылы анын колу сынып, ал самбо күрөшү боюнча Ташкент шаарында машыктыргыч болуп калат. 1954-жылдан пенсияга чыкканга чейин Ош турмуш жагын тейлөө комбинаты тери-жүн цехынын башчысы болуп иштеди. 1980-1982 жылдары Ош шаарында килем өндүрүү боюнча цех ачты жана аны башкарды. 1990-жылы Ош шаарында жаңы ачылган тери-жүн фабриканын ишин жүзүнө ашырган.

Абдурахмон Мадумаровдун Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн өсүшүн, жаңы түрлөрүнүн көбөйтүү, керектөө товарларынын сапатын жакшыртуу жана көп жылдык ак ниет иштегендиги, мамлекеттик пландарын туруктуу ашыгы менен аткарууга кошкон зор салымын баалап, өкмөтүбүз аны көп сандаган ордендер, медалдар жана ардактуу грамоталар менен сыйлаган[2].

Абдурахмон Мадумаров ошондой эле Ош шаарынын коомдук турмушуна активдүү катышкан. Ошондой эле мунун аркасында Ош шаарынын Алебастрова көчөсүнө электр, суу түтүк тармагы, жаратылыш газы, канализация, телефон линиясы өткөрүлгөн, жолго асфальт төшөлгөн.