Бириккен Улуттар Уюмунда кабыл алынган гендердик теңчилик боюнча атайын чаралар

Википедия дан

Гендердик теңчилик – үй-бүлөлүк жана башка укук мамилелеринде жынысына карабастан адамдардын тең укуктуулугуна жетишүүнү билдирген түшүнүк. Аялдар жана кыздар планетадагы калктын жарымын түзөт, бул адамзаттын потенциалынын жарымына барабар. Адамдын маанилүү укуктарынын бири болгон гендердик теңчилик коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууда жана туруктуу өнүгүүнүн негизинде адам потенциалын толук ишке ашырууда негизги ролду ойнойт. Аялдарды коомго тартуу эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана экономикалык өсүштү көтөрөрү далилденген.[1]

Бириккен Улуттар Уюмунун Секретариаты 1999-жылдын үчтүн айында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча чараларды күчөтүү жана тездетүү үчүн "Гендердик теңчиликке жетишүү үчүн атайын чаралар" (ST/AI/1999/9, ошондой эле Gender Equality A/I) боюнча Административдик нускаманы (AI) жарыялады.[2]  2012-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун “БУУ системасында аялдардын статусун жакшыртуу” деп аталган Башкы ассамблеядагы жылдык баяндамасында Атайын чаралар - бул "Профессионалдык жана андан жогору деңгээлдеги гендердик паритетке жетишүүнү тездетүү үчүн иштелип чыккан жол-жоболор"[1] жана бул процедуралардын максаты «жумушка алууда жана кызматка көтөрүлүүдө гендердик тең салмактуулукту» камсыз кылуу жана «аялдарга карата басмырлоонун мурунку жана азыркы формаларын жана кесепеттерин» оңдоо болгон.[3]

Гендердик теңчилик A/I Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 8 жана 101-беренелеринин жана Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жок кылуу жөнүндө Конвенциянын (CEDAW) 4-беренесинин 1-пунктунун максаттарына шайкеш жана аларга ылайык келет.[2]

БУУнун системасында Аялдардын саясий укуктары жөнүндө конвенция[en] (1954-жылдан), Никедеги аялдын жарандыгы жөнүндө конвенция[en](1958-жылдан), Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенция[en] (1981-жылдан) жана ага факультативдик протокол (2000-жылдан бери) иштейт. Америка мамлекеттеринин уюму?! системасында Аялдардын саясий укуктары жөнүндө конвенция, Аялдардын жарандык укуктары жана аялдарга карата зомбулукту жоюу жөнүндө конвенция (1995-жылдан), Африка союзунун[en] системасында –  Адам жана элдердин укуктары боюнча африкалык хартияга «Мапуто протоколу[en]» аялдардын укуктары боюнча (2005-жылдан бери) иштейт. Эл аралык эмгек уюмунун конвенцияларынын ичинен гендердик теңчилик №100 конвенцияда (1953-жылдан бери күчүндө) камтылган. Көптөгөн башка келишимдерде гендердик басмырлоого тыюу салуу каралган.

БУУ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бириккен Улуттар Уюму
United Nations

Organisation des Nations unies
الأمم المتحدة
Организация Объединённых Наций
Organización de las Naciones Unidas

联合国

     БУУга мүчө мамлекеттер
Мүчөлүк:

193 мүчө өлкө

Штаб-квартира:

Америка Кошмо Штаттары  Нью-Йорк
Кошумча кеңселери:
Австрия  Вена[4]
Швейцария  Женева[5]
Кения  Найроби[6]

Ырасмый тилдери:

англис, француз, орус, кытай, араб, испан тилдери

Жетекчилери
Баш катчы

Португалия  Антониу Гутерреш

БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы

Мальдивдер Шахид Абдулла

Негизделген
БУУнун Уставына кол коюу

26-июнь, 1945-жыл

Бириккен Улуттар Уюмунун аялдардын укуктарын колдоо боюнча ишмердүүлүгү анын Уставынын жарыяланышы менен башталган. БУУнун максаттарынын арасында, Уставдын 1-беренесинин 3-пунктунда мындай деп жазылган:

«Экономикалык, социалдык, маданий жана гуманитардык мүнөздөгү эл аралык проблемаларды чечүүдө жана расасына, жынысына, тилине, динине карабастан бардык адамдардын укуктарын, негизги эркиндиктерин урматтоону илгерилетүү жана өнүктүрүү боюнча эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу».

Бириккен Улуттар Уюмунун ишинин биринчи жылында Экономикалык жана социалдык кеңеш аялдардын статусу боюнча комиссия түзгөн, ал гендердик теңчиликке жана аялдардын абалынын өнүгүүсүнө гана арналган глобалдык башкаруу органына айланган. Комиссиянын алгачкы ийгиликтүү аткарылган милдеттеринин бири – Адам укуктарынын жалпы декларациясынын долбоорунда гендердик бейтарап туюндуруунун сакталышын көзөмөлдөө болду.[1]

БУУ уставы – Экинчи дүйнөлүк согуш маалында гитлердик биримдикке (“ок” өлкөлөрү, же нацисттик блок) каршы коалициянын зор дөөлөт мамлекеттери (СССР, АКШ, Улуу Британия, Франция, Кытай) тарабынан иштелип чыгып, 1945-жылдын 25-июнунда 50 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан Сан-Францискодогу конференцияда бир добуштан кабыл алынган көп тармактуу эл аралык келишим. Устав алгы сөздөн, 19 главадан, 111 беренеден жана БУУнун Эл аралык Сотунун Статусунан турат. Уставда анын бардык мүчөлөрүнүн эгемен теңчилиги; зор дөөлөт мамлекеттердин – БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн бирдей пикири (бөгөт коюу укугу); анын бардык мүчөлөрүнүн өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди ак ниеттүүлүк менен аткаруусу; эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү; БУУ мүчөлөрүнүн кандай гана мамлекет болбосун, анын аймактык кол тийгистигине жана саясий көз карандысыздыгына каршы коркутуп-үркүтүүдөн же күч колдонуудан баш тартышы; баскынчыларга каршы мажбурлоо чараларын колдонуу боюнча иш-аракеттерге БУУнун көмөк көрсөтүүсү; БУУнун мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөсү. Устав БУУ мүчөлүгүнө кабыл алуу тартибин, башкы органдардын (Башкы ассамблеянын, Коопсуздук кеңешинин, Камкордук боюнча кеңешинин, Эл аралык соттун, катчылыктын) түзүмү менен иш-милдетин жөнгө салат; зарыл болуучу көмөкчү органдарды түзүү укугу (7-берене); эл аралык талаштарды тынчтык жолу менен чечүү; БУУнун тынчтыкка коркунуч туулгандагы, тынчтык бузулгандагы, баскынчылык болгондогу иш-аракети; аймактык эл аралык уюмдар менен макулдашуулардын ж. б. БУУ иштери боюнча маселелердин укуктук статусу каралган.

I бөлүм: Максаттары жана принциптери

1-берене

Бириккен Улуттар Уюмунун максаттары:[7]

1. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо жана ушул максатта дүйнө жүзүнө коркунучтарды болтурбоо жана жоюу, агрессиянын же башка тынчтыкты бузуу аракеттерин басуу боюнча натыйжалуу жамааттык чараларды көрүү, адилеттүүлүктүн жана эл аралык укуктун принциптерине ылайык тынчтык жолу менен ишке ашыруу, тынчтыктын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон эл аралык талаш-тартыштарды же кырдаалдарды жөнгө салуу же чечүү;

2. Элдердин тең укуктуулугу жана өз тагдырын өзү чечүү принцибин урматтоого негизделген мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты бекемдөө үчүн башка тийиштүү чараларды көрүү;

3. Экономикалык, социалдык, маданий жана гуманитардык мүнөздөгү эл аралык проблемаларды чечүүдө жана расасына, жынысына, тилине жана динине карабастан бардык адамдардын укуктарын жана негизги эркиндиктерин урматтоону илгерилетүү жана өнүктүрүү боюнча эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу;

4. Бул жалпы максаттарды ишке ашыруу үчүн улуттардын аракеттерин макулдашуучу борбор болуу.

III бөлүм: Органдар

8-берене[8]

Бириккен Улуттар Уюму анын негизги жана көмөкчү органдарында эркектер менен аялдардын каалагандай жана бирдей шарттарда катышуу укугуна эч кандай чектөө койбойт.

IV бөлүм: Башкы ассамблея

13-берене

1. Башкы ассамблея изилдөөлөрдү уюштурат жана төмөнкү максаттарда сунуштарды берет:

1. Саясий чөйрөдө эл аралык кызматташтыкка көмөктөшүү жана эл аралык укуктун прогрессивдүү өнүгүшүн жана аны кодификациялоону колдоо;

2. Экономикалык, социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында эл аралык кызматташтыкты колдоо жана расасына, жынысына, тилине жана динине карабастан бардык адамдардын укуктарын жана негизги эркиндиктерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.

IX бөлүм: Эл аралык экономикалык жана социалдык кызматташтык

55-берене

Элдердин тең укуктуулугу жана өз тагдырын өзү чечүү принцибин урматтоого негизделген улуттардын ортосундагы тынчтык жана достук мамилелер үчүн зарыл болгон стабилдүүлүктүн жана бакубатчылыктын шарттарын түзүү максатында Бириккен Улуттардын Уюму төмөнкүлөргө көмөк көрсөтөт:

1. Турмуш деңгээлин жогорулатуу, калкты толук иш менен камсыз кылуу, экономикалык жана социалдык прогресс жана өнүгүү үчүн шарттарды түзүү;

2. Экономикалык, социалдык, саламаттыкты сактоо жана ушул сыяктуу проблемалар жагындагы эл аралык проблемаларды чечүү; маданият жана билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтык;

3. Расасына, жынысына, тилине жана динине карабастан бардык адамдардын укуктарын жана негизги эркиндиктерин жалпы урматтоо жана сактоо.

Адам укуктарынын жалпы декларациясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гендердик теңчилик 1948-жылдын 10-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясына ылайык, адам укуктары боюнча эл аралык укуктун бир бөлүгү болуп калды. Адам укуктарынын тарыхындагы бул орчундуу документте төмөнкүлөр айтылат:

“Бардык адамдар эркин жана кадыр-баркы, укуктары боюнча бирдей төрөлөт” жана “ар бир адам ушул Декларацияда баяндалган бардык укуктар менен эркиндиктерге расасы, дини же башка абалына карабастан ээ болушу керек".

Аялдардын абалы боюнча биринчи дүйнөлүк конференция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1970-жылдары эл аралык феминисттик кыймыл күч ала баштаганда, БУУнун Башкы ассамблеясы 1975-жылды Аялдардын эл аралык жылы деп жарыялап, Мехико шаарында аялдардын абалы боюнча биринчи дүйнөлүк конференцияны уюштурган. Конференциянын сунушу боюнча 1976-1985-жылдар Бириккен Улуттар Уюмунун аялдарынын он жылдыгы деп жарыяланган жана он жылдыктын милдеттерин ишке ашыруу үчүн ыктыярдуу фонд түзүлгөн.

Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Европа Кеңешинин Аялдарга карата зомбулуктун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана аны менен күрөшүү жөнүндө конвенциясы 1979-жылы Башкы ассамблея Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциясы[en] (CEDAW) кабыл алган, аны көбүнчө аялдардын укуктары жөнүндө эл аралык билл деп аташат. Конвенциянын 30 беренеси аялдарга карата дискриминация концепциясын так аныктайт жана мындай басмырлоону токтотуу үчүн улуттук деңгээлде иш-аракеттердин күн тартибин сунуштайт. Конвенция маданият менен салтты гендердик ролдорду жана үй-бүлөлүк мамилелерди калыптандыруучу таасирдүү күч катары тааныйт жана аялдардын репродуктивдүү укуктарын ырастаган адам укуктары боюнча биринчи келишим болуп саналат.

CEDAW комитети конвенциянын №17 беренесине ылайык түзүлгөн. Бул конвенциянын нормаларынын сакталышын көзөмөлдөгөн эксперттик орган. Комитеттин курамына моралдык жактан күчтүү жана аялдардын укуктары боюнча компетенттүү 23 көз карандысыз эксперт кирет. Алар катышуучу мамлекеттер тарабынан сунушталган адамдардын тизмесинен жашыруун добуш берүү менен шайланат. Комитеттин мүчөлөрүн шайлоодо цивилизациянын жана укук системаларынын ар кандай формаларынын өкүлдөрүнүн тең укуктуу географиялык бөлүштүрүлүшү эске алынат.

Комитет төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:

•  Конвенциянын нормаларын ишке ашыруу боюнча катышуучу-мамлекеттердин мезгил-мезгили менен берилүүчү докладдарын, ошондой эле бейөкмөт уюмдардын альтернативдүү отчётторун карайт жана баалайт;

•  Конвенциянын конкреттүү жоболору жана беренелеринин ортосундагы өз ара байланыш боюнча жалпы (башкы) сунуштарды иштеп чыгат, алар катышуучу мамлекеттерге багытталат жана аларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттердин милдеттенмелерин аныктайт;

•  Катышкан мамлекеттердин отчёттору боюнча акыркы сунуштарды даярдайт. Бул эскертүүлөр өлкөлөргө жөнөтүлүп, жарыяланып турат;

•  Факультативдик протоколдун[en] жол-жоболорунда каралган иштер боюнча чараларды көрөт;

•  Конвенциянын жоболорун жана CEDAW комитетинин акыркы сунуштарынын мамлекет тарабынан аткарылышын көзөмөлдөйт.

Мехикодогу конференциядан беш жыл өткөндөн кийин аялдар боюнча экинчи дүйнөлүк конференция өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында иш-аракеттердин күн тартиби аялдардын мүлккө ээ болуу жана көзөмөлдөө укуктарын, ошондой эле мураска, балдарга камкордукка жана жарандыкты жоготууга болгон укуктарын камсыз кылуу үчүн улуттук аракеттерди күчөтүүнү талап кылат.

Кыргыз Республикасы Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциясына 1996-жылы кол коюп, 1997-жылы февраль айында ратификациялаган. Конвенциянын жоболоруна ылайык, кошулган өлкөлөр анын жоболорун ишке ашырууга милдеттенишет жана ар бир төрт жылда БУУнун CEDAW комитетине конвенциянын аткарылышы жөнүндө отчёт берип туруулары керек. Мамлекеттик отчёттордон тышкары комитет өз ишинде альтернативдик отчёттор деп аталган коомдук уюмдардын маалыматын кабыл алат жана колдонот. Альтернативдик отчётту даярдоого негизинен бейөкмөт уюмдар тартылат.

Конвенциянын 18-беренесине ылайык, мамлекет конвенция күчүнө киргенден кийин бир жылдын ичинде жана андан кийин ар төрт жылда бир алгачкы отчётун берүүгө милдеттүү. Мезгил-мезгили менен берилүүчү отчёттор (ар бир 4 жылда) Конвенциянын жоболорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттер тарабынан кандай мыйзамдык, соттук, административдик же башка чаралар көрүлгөндүгү жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. Отчёттор аялдардын укуктарын илгерилетүү боюнча жетишкендиктер тууралуу маалыматты камтуусу керек. Ошол эле учурда отчёттордо конвенция боюнча милдеттенмелерди аткарууга тоскоол болгон кыйынчылыктар көрсөтүлүшү мүмкүн. Мезгил-мезгили менен берилүүчү отчёттор ар бир катышуучу мамлекет конвенция боюнча өз милдеттенмелерин канчалык деңгээлде түшүнөрүн жана аткарарын көрсөтөт.

Комитет конвенциянын жоболору тиешелүү өлкөлөрдө кандайча ишке ашырылып жаткандыгы жөнүндө кошумча маалыматты камтыган бейөкмөт уюмдардан өлкөнүн альтернативдик (көмүскө) отчётторун кубаттайт. Мындан тышкары Комитет БУУнун адистештирилген агенттиктеринен кошумча маалыматтарды алат. Альтернативдик отчётторду даярдоо процессине БУУнун адистештирилген мекемелерин жана аялдар уюмдарын тартуу мезгилдүү докладдарды кароонун натыйжалуулугун жогорулатат.[9]

CEDAW комитетине альтернативдик отчётторду тапшыруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жок кылуу жөнүндө конвенция (CEDAW)
Катышкан өлкөлөр

      Кол коюу жана ратификациялоо аркылуу тарап       Кошулуу же мурастоо жолу менен партия       Келишимге баш ийген, таанылбаган мамлекет       Жөн гана кол койду

      Кол коюучу эмес
Кол койду

Бештин айынын 18, 1979

Жайгашкан жери

Нью Йорк

Күчүнө кирди

Аяк оонанын 3, 1981

Абалы

20 ратификация

Кол койгондор

99

Мүчөлөр

189

Депозитарий

Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык секретары

Тилдер

Англис, араб, кытай, француз, орус, испан

CEDAW комитетине альтернативдик отчётторду тапшыруу – бул Кыргыз Республикасындагы Бейөкмөт уюмдардын кеңешинин БУУнун Аялдарды басмырлоону жоюу боюнча комитетине тапшырган альтернативдик отчёттор жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын БӨУ кеңешинин БУУнун аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча комитетине тапшырган альтернативдик отчёту – өкмөттүн CEDAW`дын жана комитеттин корутунду сунуштарынын жоболорун жүзөгө ашыргандыгы тууралуу мезгилдик докладына БӨУ кеңешинин атынан жазылган кошумча маалыматты камтыган документ.

КРнын Өкмөтүнүн биринчи мезгилдик докладына карата альтернативдик отчёт (АО) (1998-жыл) "Аялдарды колдоо борбору" жана «Диамонд» коомдук бирикмелери тарабынан 1999-жылы декабрда даярдалып комитетке тапшырылган. "Аялдарды колдоо борборунун" тажрыйбасынын негизинде, бир же эки уюмдан тапшырылган альтернативдик отчёт кырдаалды өзгөртө албай тургандыгы маалым болгон. Ошондуктан АОну даярдоо үчүн жарандык коомдун бир нече уюмдары биригип КРнын "БӨУ Кеңеши" деген тармактык уюмду негиздешкен (юридикалык каттоодон өтпөгөн тармактык уюм, мүчөлүккө ачык).

2003-жылы бул уюмга төмөнкү БӨУлар кирген: Аялдарды Колдоо борбору, "Адилет" укуктук клиникасы, Кризистик борборлордун ассоциациясы, Репродуктивдик ден соолук альянсы, Ишкер айымдарга колдоо көрсөтүүчү ассоциация, Гендердик изилдөөлөр борбору, "Элмурас" бирдиктүү республикалык саясий партиясы.

КРнын Өкмөтүнүн экинчи мезгилдик докладына (2004-жыл) АОну даярдоодо, АО тапшыруу жол-жоболору боюнча, Кеңештин мүчөлөрү Комитеттин биринчи мамлекеттик доклад (1999-жыл) боюнча билдирген корутунду сунуштарынын жүзөгө ашырылгандыгын мониторингдеп, экинчи докладды талдап чыгышты. Ушул документтерди карап жатканда АОго төмөнкү маселелер боюнча толуктоолор киргизилиши керек экендиги аныкталды:

  • саясай укуктар жана коомдук турмуш;
  • аялдардын зомбулукка дуушар болушу;
  • аялдарды сатуу жана кулчулук;
  • аялдардын жерге болгон укугу;
  • качкын аялдардын укуктары;
  • аялдардын репродуктивдик укуктарын коргоо жана АИВ/СПИДдин гендердик аспектилери.

2004-жылдын январь айында КРнын экинчи мамлекеттик мезгилдик доклады жана Кеңештин АОсу каралгандан кийин, Комитет КРнын Өкмөтүнүн доклады боюнча корутунду эскертүүлөрү менен бөлүшкөн. Тактап айтканда, КРнын Өкмөтүнө «CEDAW конвенциясынын 4-беренесинин 1-пункту боюнча убактылуу атайын чараларды кабыл алуу менен шайлануучу жана дайындалуучу бийлик органдарында аялдардын санын көбөйтүү» боюнча чара көрүү сунушталган (166-сунуш). Ушул эскертүү боюнча КРнын аялдар уюмдары аялдар үчүн убактылуу атайын чаралардын көрүлүшүн сүрөмөлөшкөн. Натыйжада, КРнын "Кыргыз Республикадагы шайлоолор жөнүндө" кодексинин жаңы редакциясына 72-берене киргизилип, ага ылайык, талапкерлердин тизмесин түзүп жатканда саясий партиялар бир жыныстын өкүлдөрүнүн саны 70%, ал эми кезектешүүдөгү айырманы үч позициядан ашырбашы керек.

Кеңештин үчүнчү жана төртүнчү АОлору Комитетке 2008- жана 2015-жылдарда тапшырылган. КРнын БӨУ Кеңешинин альтернативдик отчётторун тапшыруунун ийгиликтүү натыйжаларынын бири – КРнын Жазык кодексинин 154-, 155-беренелерине кыз ала качууга байланыштуу өзгөртүүлөр менен толуктоолордун киргизилиши болду. Кыргызстандагы кыз ала качуу көрүнүшү тууралуу маалымат АОдо биринчи жолу 2004-жылы чагылдырылган: отчётто кыз ала качуу боюнча так жана даана статистикалык маалымат келтирилген. Ушундан улам CEDAW комитети КРнын Өкмөтүнүн доклады (2004-жыл) боюнча корутунду эскертүүлөрүндө «кыз ала качуу жосунун жазалаган мыйзамдардын жүзөгө ашырылышын камсыз кылган чараларды токтоосуз аткаруу керек» деп сунуштаган (170-сунуш).

Ошол эле учурда КРнын Өкмөтүнүн үчүнчү мезгилдик докладында (2007-жыл) 170-сунуш боюнча маалыматтык-үгүттөөчүлүк иш жүргүзүлдү деп баяндалып, бирок мыйзамдарды (КРнын ЖКнын 154-, 155-беренелери) өзгөртүү тууралуу эч нерсе деп айтылбайт. Кеңештин Альтернативдик отчётунда учурдагы юридикалык базага карабастан, мамлекет иш жүзүндө кыз ала качуу көйгөйүнө кылмыш иши катары карабай көз жаздымды калтырат деп эскертилген. Андыктан CEDAW комитетинин жыйынтыктоочу сунуштарында (2008-жыл) «Комитетти кыз ала качуу жосуну тынчсыздандырбай койбойт, бирок мыйзам тарабынан мындай көрүнүшкө катуу тыюу салынгандыгына карабастан, бул көйгөй мурунку жыйынтыктоочу эскертүүлөрдө да көтөрүлгөн...» деп айтылат.

Айрым депутаттардын, жарандык коомдун активисттеринин жана ЖМКнын «Быйылкы жазда АЛАР жок» акциясында жана «155» улуттук кампаниясында жигердүү катышуусу менен кыз ала качуу жосунун жазалоону күчөтүү чечимдери кабыл алынган. Натыйжада 2013-жылы КРнын ЖКнын 154-, 155-беренелерине кыз ала качуу жосунун жазалоону күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген.

КРнын Өкмөтүнүн доклады боюнча альтернативдик/көмүскө отчётту даярдап, CEDAW комитетине тапшыруу менен, БӨУлар КРнын аялдарынын абалын жакшырта алышат.

Кыргыз Республикасы адегенде баштапкы отчётун берип, андан кийин мезгилдүү отчётторун CEDAW комитетине үч жолу тапшырган: I – 1999, II – 2004, III – 2008-ж.

Алгач бейөкмөт уюмдар обочолонуп иштеп, ар бир уюмдан өзүнчө отчёт беришкен. 2003-жылы алдыңкы аялдардын бейөкмөт уюмдары чогулуп, альтернативдик отчётторду жазуу үчүн атайын “БӨУ Кеңеши” өнөктөш уюмун (мүчөлөр үчүн ачык уюм) түзүшкөн. 2004 жана 2008-жылдагы отчёттор бейөкмөт уюмдар кеңеши, ошондой эле Кыргызстандагы башка аялдардын бейөкмөт уюмдары тарабынан жазылган.

Белгилей кетчү нерсе, бейөкмөт уюмдар өкмөттүн отчётторун кароого катыша алат, ошондой эле комитеттин мүчөлөрү менен жолугуп, аларга өз өлкөсүндөгү аялдардын укуктары жаатындагы эң орчундуу маселелер боюнча маалымат бере алат.

Аялдарга карата зомбулукту жоюу боюнча БУУнун декларациясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдарга карата зомбулукту жоюу боюнча декларация Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылдын 20-декабрындагы 48/104 резолюциясында добуш берүүсүз кабыл алынган. Анын алкагында "бардык адамдардын тең укуктуулугуна, коопсуздугуна, эркиндигине, бүтүндүгүнө жана кадыр-баркына карата укуктарды жана принциптерди аялдарга универсалдуу колдонуунун чукул зарылдыгын" таануу камтылган.

Аялдарга карата зомбулукту жок кылуу жөнүндө декларация түздөн-түз аялдарга карата зомбулук маселелерине тийиштүү. Ал аялдарга карата зомбулукту «аялдарга дене-бой, жыныстык же психологиялык зыян же азап алып келген зомбулуктун жыныстык белгиге негизделип ишке ашырылган кандай болбосун акты, ошондой эле мейли, ал коомдук же жеке жашоодо болсун, мажбурлоо же негизсиз эркиндиктен ажыратуу сыяктуу актыларды ишке ашыруу опузалары» катары аныктайт. Декларация аялдарга карата зомбулук ошол эле убакта аялдардын теңсиздиги менен башка укуктардан пайдаланууга чектөөлөрдүн себеби жана натыйжасы болуп саналарын моюнга алат. Анда аялдарга карата зомбулук “аялдар менен эркектердин ортосундагы тарыхый жактан калыптанган күчтөрдүн теңсиз катышы” болуп саналгандыктан, аялдардын адамдын бардык укуктарын ишке ашыруусуна олуттуу тоскоолдукту билдирет. Ал мамлекеттен анын алдын алуу жана жоюу чараларын, анын ичинде зыяндуу гендердик стереотиптер жана дискриминациялык маданий ченемдер маселесин чечүү боюнча туура чараларды кабыл алууну талап кылат;

Пекин иш-аракеттер платформасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдардын абалы боюнча комиссия

United Nations Commission on the Status of Women
Commission de la condition de la femme
Comisión de la Condición Jurídica y Social de la Mujer
联合国妇女地位委员会

لجنة الأمم المتحدة المعنية بوضع المرأة
Штаб-квартира:

 АКШ, Нью-Йорк,
East 42 Street, 220

Уюмдун түрү:

Экономикалык жана социалдык Советтин көмөкчү органы

Жетекчилери
председатель

Джеральдин Бирн Насон
Ирландиянын желеги Ирландия

Негизделген

21 июня 1946

https://www.unwomen.org/en/csw

Пекин иш-аракеттер платформасы (ПИП) – 1995-жылы 4-15-сентябрда Пекин шаарында болуп өткөн IV Бүткүл дүйнөлүк аялдар конференциясында иштелип чыгып, кабыл алынган жыйынтыктоочу документ. Аталган конференцияга 189 өлкөнүн расмий делегациясы жана 17 миң адам катышкан. Алардын катарында мамлекеттик бийлик органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган Кыргыз Республикасынын делегациясы да болгон. Документ алты бөлүмдөн турат: «Максаттар», «Дүйнөлүк контекст», «Эң маанилүү көйгөйлүү тармактар», «Стратегиялык максаттар жана чаралар», «Уюштуруу механизмдери» жана «Каржылоо механизмдери».

Пекин иш-аракеттер платформасынын "Максаттар" бөлүмүндө аталган документ "аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүчү күн тартиби” катарында каралат. Күн тартибинин максаты – аялдардын абалын жакшыртуу боюнча Найроби стратегияларын тез арада жүзөгө ашыруу, ошондой эле аялдарды коомдук жана жеке турмуштун бардык чөйрөлөрүнө жигердүү катыштырууда келип чыккан тоскоолдуктарды жоюу. Ал үчүн аялдарды экономикалык, социалдык, маданий жана саясий маселелерди чечүү процесстеринде ар тараптуу жана теңме-тең катышуу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылуу керек.

ПИПтин максаты – 1995-2000-жж. жүзөгө ашырыла турган артыкчылыктуу иш-чаралар тобун түзүү. Стратегиялык иш-аракеттер чөйрөлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

A. Аялдар жана жакырчылык.

B. Билим берүү жана аялдарды кесиптик жактан даярдоо.

C. Аялдар жана саламаттыкты сактоо.

D. Аялдардын зомбулукка дуушар болушу.

E. Аялдар жана куралданган чыр-чатактар.

F. Аялдар жана экономика.

G. Аялдардын башкаруу органдарынын ишинде жана чечим кабыл алуу процессинде катышуусу.

H. Аялдардын абалын жакшыртуучу институтташтырылган механизмдер.

I. Аялдардын укуктары.

J. Аялдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары.

K. Аялдар жана айлана-чөйрө.

L. Кыздар.

ПИП негизинде 1995-жылдын декабрь айында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 50-сессиясында ПИПтин негизги тематикалык багыттары ("Аялдар өнүгүү процессинде"; "Кыздар"; "Элет жергесиндеги аялдардын абалын жакшыртуу"; "Аялдарды сатуу"; "Мигрант аялдардын зомбулукка дуушар болушу" ж.б.) боюнча резолюциялар кабыл алынган.

ПИП Кыргыз Республикасында улуттук гендердик мыйзамдардын өнүгүүсүнө өбөлгө болгон. Гендердик мыйзамдардын өнүгүүсү 1996-жылы аялдардын укуктары боюнча негизги эл аралык конвенциялардын ратификацияланышы, Үй-бүлө, аялдар жана жаштар маселелери боюнча мамлекеттик комиссиянын түзүлүшү, ошондой эле Аялдардын абалын жакшыртуу боюнча улуттук иш-аракеттер планынын ("Аялзат" программасы) бекитилиши менен башталган.

Пекинде конференция өтүлгөндөн бери Пекин иш-аракеттер платформасы жүзөгө ашырылып жатканда, анын дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктерин аныктоо үчүн ар бир өнүгүү факторунун ролу менен таасирин баалаган серептөөлөр беш жылда бир жолу өткөрүлүп турду. Жалпы-жонунан үч сереп даярдалды. Пекин декларациясынын жана Пекин иш-аракеттер платформасынын (Пекин +5) биринчи беш жылдык серептөөсүндө ПИПти дүйнө жүзү боюнча, ошондой эле Кыргызстанда жүзөгө ашыруу тажрыйбасы жыйынтыкталып, БУУнун Башкы ассамблеясынын «2000-жылдагы аялдар: эркектер менен тең укуктуулугу жана ХХI кылымдагы тынчтык» деп аталган 23-атайын сессиясында 2000-жылы июнь айында Кыргыз Республикасы тарабынан тааныштырылган. Ошол сессияда мүчө мамлекеттер Пекин декларациясын жана Пекин иш-аракеттер платформасын жүзөгө ашыруу боюнча келечектеги иш-чаралар менен демилгелер камтылган расмий документ кабыл алышкан. Ал документте Пекин иш-аракеттер платформасын жүзөгө ашыруудагы жетишкендиктер менен тоскоолдуктар көрсөтүлүп, өкмөттөр, жеке тармак жана жарандык коом үчүн Пекин иш-аракеттер платформасын дүйнөлүк, улуттук жана чөлкөмдүк деңгээлде кыйла майнаптуу илгерилетүү боюнча сунуштар келтирилген. Пекин +10 дүйнөлүк сереби Пекин иш-аракеттер платформасынын мамлекетте жүзөгө ашырылышына арналып, жыйынтыктары Кыргыз Республикасы тарабынан БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 49-сессиясында тааныштырылган. Башка мүчө-мамлекеттердин катарында Кыргыз Республикасы Пекин декларациясын, анын Иш-аракеттер платформасын, ошондой эле БУУнун Пекин+5 сессиясынын жыйынтыктоочу документин толугу менен жактай тургандыгын билдирди. Аталган сессияда мамлекеттер Пекин иш-аракеттер платформасын жүзөгө ашыруу процессин тездетүүнү макулдашышты.

2010-жылдын март айында Пекин шаарында болуп өткөн Аялдардын бүткүл дүйнөлүк IV конференциясынын 15 жылдыгы белгиленди. БУУнун Башкы ассамблеясы БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 54-сессиясынын алкагында өкмөттөрдүн Пекин иш-аракеттер платформасынын максаттарын канчалык деңгээлде орундатышкандыгын карап чыкты. Бардык өлкөлөрдүн жарандык коомдору ПИП жана мамлекеттик иш-аракеттер пландарын жүзөгө ашырууда алган сабактары жана алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүп өтүштү. ПИП, ошондой эле Миң жылдык өнүгүү максаттарын жүзөгө ашырууда келип чыккан тоскоолдуктарды жоюуга көбүрөөк басым жасалды. Пекин декларациясын жана ПИП "Пекин +20" жүзөгө ашыруу алкагындагы КРнын улуттук сереби 2014-жылы түзүлүп, 2015-жылдын март айында Нью-Йорк шаарында БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 59-сессиясында кароого тапшырылган.

Туруктуу өнүгүү максаттары №5 – гендердик теӊчилик[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бишкек коңуштарынан өспүрүм кыздар үчүн гендердик теңчилик тренингтери. 2019 жыл.

Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) 2015-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан “бардыгы үчүн жакшыраак жана туруктуу келечек үчүн план” катары иштелип чыккан 17 өз ара байланышкан максаттардын жыйындысы.

ТӨМ 5: "Гендердик теңчиликке жетишүү жана бардык аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү".

"Эч кимди артта калтырбоо" убадасы аркылуу өлкөлөр эң алгач артта калгандар үчүн прогрессти тездетүүгө милдеттеништи. ТӨМ 5 аялдарга жана кыздарга бирдей укуктарды, дискриминациясыз эркин жашоо мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде жумуш ордунда басмырлоосуз же кандайдыр бир зордук-зомбулуксуз жашоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө багытталган. Бул гендердик теңчиликке жетишүү жана бардык аялдар менен кыздардын укуктарын кеңейтүү.

Аялдардын абалы боюнча комиссия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдардын абалы боюнча комиссия гендердик теңчиликти илгерилетүү жана аялдардын укуктарын кеңейтүү үчүн арналган башкы гана дүйнөлүк өкмөттөр аралык орган болуп саналат. Аялдардын абалы боюнча комиссия аялдардын укуктарын илгерилетүү, дүйнө жүзү боюнча аялдардын статусун каттоо, гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча дүйнөлүк стандарттарды белгилөөдө маанилүү ролду ойнойт.

Аялдардын абалы боюнча комиссия БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин алдындагы көмөкчү түзүмдөрдүн бири болуп саналат. Ал 1946-жылдан бери (адегенде адам укуктары боюнча комиссиянын алдындагы подкомитет катары) бар. Ал географиялык бөлүштүрүү принцибин эске алуу менен БУУга мүчө 45 мамлекеттин өкүлдөрүнөн турат, алар 4 жылга шайланат: 13 мүчө — Африканы, 11 — Азияны, 9 — Латын Америкасын жана Кариб деңизин, 4 — Чыгыш Европаны, 8 мүчө-өлкө — Батыш Европа жана башка өлкөлөр. Комиссия аялдар боюнча бүткүл дүйнөлүк конференцияларды уюштурду жана февраль-март айларында Нью-Йоркто жылдык сессияларды өткөрөт; адатта сессиялар сессиянын артыкчылыктуу темалары боюнча «макулдашылган корутундуларды» кабыл алышат. Аялдардын укуктарынын бузулушу боюнча комиссияга билдирүүнүн тартиби бар. Комиссия 1995-жылы аялдар боюнча Бүткүл дүйнөлүк конференцияда кабыл алынган Пекин иш-аракет платформасында аныкталган маселелер боюнча прогресске мониторинг жүргүзөт.[10]

БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1325 резолюциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2000-жылдын 31-октябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 1325-резолюциясын кабыл алган, анда «аялдар үчүн бирдей укуктар жана алардын тынчтыкты, коопсуздукту сактоо жана өнүктүрүү боюнча бардык аракеттерге бирдей жана толук катышуусунун маанилүүлүгү баса белгиленген». Резолюцияда гендердик жаңжалдарды чечүү үчүн негиз болгон төрт элемент киргизилген: алдын алуу, коргоо, катышуу жана тынчтыкты орнотуу.

Кыргыз Республикасы БУУнун мүчөсү катарында БУУнун ККР 1325 кошулуп, Пекин иш-аракеттер платформасына (5-пункт – аялдар жана куралданган чыр-чатактар) кол коюп, конфликттердин алдын алуу жана аларды жөнгө салуудагы аялдардын ролун жана катышуусун күчөтүү, ошондой эле аялдардын чыр-чатактуу кырдаалдардагы өзгөчө керектөөлөрү менен муктаждыктарын эске алып, алардын укуктарын коргоо боюнча милдеттенмелерин өзүнө алган.

Дагы кара:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жок кылуу жөнүндө конвенция

Аялдарга карата дискриминацияны жок кылуу жөнүндө декларация[en]

Гендердик теңчилик

Гендердик теңсиздик

БУУ Аялдар[en]

Аялдардын укуктары

Бейджин декларациясы[en]

Гендердик паритеттин индекси[en]

Бириккен Улуттардын Уюмунун секретариаты[en]

Бириккен Улуттар Уюмунун аялдардын абалы боюнча комиссиясы[en]

Аялдар боюнча бүткүл дүйнөлүк конференция, 1975[en]

Аялдар боюнча экинчи дүйнөлүк конференция, Копенгаген, 1980[en]

Аялдар боюнча төртүнчү Дүйнөлүк конференция, Пекин, 1995[en]

Колдонулган адабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. https://www.kg.undp.org/content/kyrgyzstan/ky/home/sustainable-development-goals.html Archived 2021-08-02 at the Wayback Machine

2. https://www.un.org/ru/global-issues/gender-equality

3. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7

4. БУУ. Аялдардын абалы боюнча дүйнөлүк төртүнчү конференция .https://www.un.org/womenwatch/daw/beijing/platform/

  1. 1.0 1.1 1.2 UN. Gender equality. https://www.un.org/ru/global-issues/gender-equality
  2. 2.0 2.1 United Nations (21 September 1999). "ST /AI/1999/9. SPECIAL MEASURES FOR THE ACHIEVEMENT OF GENDER EQUALITY" (PDF). New York: Secretariat. p. 7. Retrieved 9 December 2014. The Professional and higher categories comprise five Professional grades: (P-1 to P-5), two Director levels (D-1, D-2) and the levels of Assistant Secretary-General and Under-Secretary-General.
  3. General Assembly (4 September 2012). "67/347 Improvement in the status of women in the United Nations system". Report of the Secretary-General. United Nations (A /67/347): 58. Retrieved 11 December 2014. Advancement of women: implementation of the outcome of the Fourth World Conference on Women
  4. Отделение Организации Объединенных Наций в Вене
  5. United Nations Office at Geneva
  6. United Nations Office Nairobi
  7. United Nations Charter, Chapter I: Purposes and Principles. https://www.un.org/ru/about-us/un-charter/chapter-1
  8. United Nations Charter, Chapter III: Organs https://www.un.org/en/about-us/un-charter/chapter-3
  9. CEDAW в вопросах и ответах. http://wsc.kg/c-e-d-a-w-v-voprosah-i-otvetah/ Archived 2022-01-17 at the Wayback Machine Кирүү күнү: бугу айынын 14, 2022.
  10. БУУӨП. Туруктуу өнүктүрүү максаттары.https://www.kg.undp.org/content/kyrgyzstan/ky/home/sustainable-development-goals.html Кирүү күнү: бугу айынын 14, 2022.