Спорттогу аялдар

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search

Байыркы замандарда кыздардын, аялдардын спорт менен алектенүүсү улуттарга, доорго, жашаган жерге, экономиканын өсүшүнө жараша болгон. Болжолдуу түрдө 1870-жылдарга чейин аялдар спортунда эч кандай эрежелер, атаандаштык болгон эмес, көңүл ачуучу физикалык активдүүлүк катары каралган.[1] Акыркы убакка чейин көпчүлүк спорт түрлөрүндө аялдарга катышууга тыйуу салынган. 1967-жылы Катрин Швитцер[en] Бостондогу марафондо уруксатсыз чуркап, кээ бир эркек катышуучулар тарабынан кол салууга учураган. Кээ бир өлкөлөрдө аялдарга спорт менен машыгууга тыюу салынган. Ооганстанда 2021-жылдын августунда талиптер бийликке келгенден кийин аялдарга спорт менен машыгууга тыюу салынган.

Учурда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө аялдар спорту сүйүүчүлөр арасында да, профессионалдык жактан да деңгээли өстү.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кужу ойногон кытайлык аялдар. Мин династиясынын сүрөтчүсү Ду Жин.

Байыркы Олимпиада оюндарынын алдында алгач Гера оюндары аталган Гера кудайына арналган аялдардын спорттук иш-чарасы өткөрүлгөн. Байыркы грек мифологияларында Гера оюндарын Олимпиада оюндарын негиздеген падышанын аялы Гипподама негиздеген деген ишеним болгон. Анда ар кандай курактагы кыздар чачын жайышып, бир жак төшү ачык тизеден бир аз ылдый көйнөк кийип 500 фут аралыгына чуркап жарышкан. Бул алардын спорттук кийими болгон.[2] Ал эми 10-17-кылымдардагы Сун, Юань, Мин династияларында аялдар куджу деп аталган профессионал командада топ тээп ойношкон.[3]

17-кылымдын аягында Франциянын билим берүү комитети кыздарга да, балдарга да интеллектуалдык жактан, физикалык жактан тарбия берүүгө өткөн. Германияда 1793-жылдары ГутсМут физкультурасында кыздар тарбиялана баштаган. Бул аялдар спортунун башка өлкөлөргө караганда Германияда жайылышына өбөлгө болгон.[4] 1800-жылдардын аягында аялдар спортко дене бойду түз алып жүрүүгө, жүздүн, келбеттин сулуулугу жана дени сак жашоо үчүн басым жасашкан.[5] 20-кылымга чейин аялдар спорттон фитнеске көп көңүл бурушкан. 1900-жылы Парижде өткөн Жайкы олимпиада оюндарында аялдар биринчи жолу катышкан. Алар Олимпиадага келген спортчулардын эки гана пайызын түзгөн. Алар гольф, крокет жана теннисте күч сынашкан. Бул Олимпиадада 22 аялдын ичинен 6 аял жеңишке жеткен.[6]

1895-жылы Улуу Британияда аялдар арасында футбол боюнча спорттук мелдеш өткөн. Улуу Британиядагы аялдардын таламын талашкан кыймылдардын активдүү өкүлү Флоренс Дикси Британияда футбол боюнча аялдар клубунун президенти болуп турганда аялдардын спорттук кийиминин ыңгайлуу болушун талап кылган. Кийинчерээк 1921-жылы Британиянын футбол ассоциациясы уюм тарабынан уруксат берилбеген жерлерде аялдардын футбол ойношуна тыюу салган. Билдирүүдө: «Футбол аялдар ойной турган оюн эмес, ошондуктан аны жайылтуунун кажети жок»,- деп белгиленет. 1971-жылы гана бул тыюуну алып салышкан.[7]

1916-жылы Америкалык спортту сүйүүчүлөр союзу биринчи жолу аялдар арасында сууда сүзүү боюнча улуттук мелдеш уюштуруп, 1923-жылы чуркоо, велосипед тебүү сыяктуу жеңил атлетика боюнча мелдеште демөөрчүлүк кылган.[8] Аял киши алгачкы жолу 1967-жылы марафондо чуркаган. Ал Бостон марафонунун катышуучусу Катрин Швитцер болгон. Уюштуруучулар менен башка эркек катышуучулар аны иш-чарадан чыгарып салууга аракет кылышкан, бирок чуркоочу айым багынып бербей, финишке чейин жеткен.[9] Ошентип отуруп Европа өлкөлөрүндө аялдардын спорту профессионалдык деңгээлде кеңири жайыла  баштаган.

Ал эми кыргыздарда жашоо цивилизациясында дене маданияты тармагында колдонулуп келген улуттук спорт жана дене кeнүгүүлөрү арбын. Улуттук каада-салттагы спорттук оюндарынын түрү болгон эр сайыш, жамбы атмай, ат чабыш, кыз куумай сыяктуу оюндарда аялдар да активдүүлүгүн көрсөтүп келишкен. Ат жалында эркектерден кем калышпай ат оюндарына катышып келген аялдар тарыхта кеңири баяндалат.[10] Алсак, “Манас” эпосунун бардык вариантында Кыз Сайкал же Сайкал аттуу баатыр кыз Манас баатыр менен жекеме-жеке сайышка түшүп, Манас андан жеңилип кала жаздаганы тууралуу эпизоддор бар.[11] Ал эми 17-кылымда нойгут уруусунан чыккан Жаңыл мырзанын баатырдыгы, намыскөйлүгү, көзгө атар мергендиги тууралуу “Жаңыл мырза” поэмасынын варианттарында чагылдырылган.[12]

Кыз куумай оюнуна катышып, жигиттерге жеткизбей ат чапкан, жигиттерди кууса тез эле жетип камчы салып, аларды уяткарган кыздар азыр да көп кездешет.

Спорттогу жыныска карата бөлүү

Стереотиптер[оңдоо | булагын оңдоо]

Спорттогу гендердик стереотиптер – спортчу айымдар туш болгон негизги көйгөйлөрдүн бири. Аялдардын спорту эркектердикине караганда анча популярдуу эмес. Анткени аялдардын спортуна финансы каражаттары азыраак бөлүнөт жана ММКлар да азыраак көңүл бурушат. Кыз менен уулдун ортосунда тандап жатып, ата-энелердин көбү спорт секциясына уулун берет. Мындай коомчулуктун калыптанган көз карашынан психологиялык соккуга учурап, спортту таштап койгондор да жок эмес. Мындай жектөөлөргө мурунку хоккейчи жана эл аралык класстагы судья франциялык Шарлот Жирар-Фабр туш болгон. «Биринчи матчтан баштап эле өтө жагымсыз сѳздѳрдү угууга туура келди: мени талпак деп да аташты, бул жер мен үчүн эмес экенин айтышты. “Хоккей – эркектердин спорту, сен болсо ашканаӊа бар!” сыяктуу сѳздѳрдү уктум. Ал учурда тогуз жашта элем. Хоккейге барууну кыялданчумун, бирок клубдан мага дароо эле эркек балдар менен кыздар муз үстүнѳ бир учурда чыга алышпайт деп айтышты»,- деп эскерет.[13]

2018-жылы Абу-Дабиде өткөн Дүйнөлүк чемпиондукта жиу-житсу боюнча күмүш медаль алган кыргызстандык Малика Боотаева: “Жиу-житсудагы курама командада жалгыз кызмын. Башында эркектердин арасынан колдоо таба албай жүрдүм. Алар мени теңине албагандай сезилчү. Керек болсо учурашсам көңүл буруп коюшчу эмес” деп маек берген.[14] Мындан тышкары, эркектердин спорту бир гана эркектерге, аялдардыкы – аялдарга гана таандык деген стереотип бар.

Сауд Арабиясында 2013-жылы гана жеке менчик мектептердин окуучу кыздарына спорт менен машыгууга, ал эми аялдарга велосипед тебүүгө (бирок парктарда жана эс алуу зоналарында гана) уруксат берилген. Ал эми 2018-жылы аялдарды футбол матчы ѳтүп жаткан стадионго биринчи жолу киргизишкен.

Сын пикирлер[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстанда гендердик стереотипке таяп спортто жүргөн аялдарды сындагандар көп. Кыргызстан курама командасынын футболчусу Айжан Боронбекова мектепте футбол ойноп жүргөндө мугалим эжейлеринин бири “кыз бала да футбол ойночу беле? Мындан ары да ойной турган болсоӊ сени эч ким аял кылып албайт!” деп айткан сѳзүн мисал келтирет.[15] Бадминтон боюнча машыктыруучу Фарход Рахматов кыздарды спортко аралаштырбай жаткандыктын дагы бир себеби – диний көз карашка байланыштуу деп эсептейт. “Алысыраак айылдарда ата-энеси, агасы диний көз караштан улам да кыздарын спорт менен машыгууга жибербейт. Алардын айрымдары эгер кыздар окуса же спорт менен машыкса, анда алар жаман иш кылып жаткандай ойлошот. Мисалы, биз менен чогуу кыздар дагы машыгат. Алардын жаман иш кылганга убактылары да жок. Биз коомчулук эмне дейт деп ошого көп көңүл бурабыз. Эгер кыздар окуса, ал өзүн-өзү камсыз кыла ала турганын ойлошпойт”.[16]

Социолог Рейна Артурованын айтуусу боюнча, кыздардын натыйжага жетүүсүнѳ алардын спорт жаатында ѳнүгүү мүмкүнчүлүктѳрү жана үй-бүлѳсүнүн колдоосу да таасир этет. Баары ата-энеси кызынын спорт менен алектенүүсүн колдогонуна же баары бир инвестицияны уулуна жумшоону туура кѳргѳнүнѳ жараша болорун белгилейт.[9]

Спорттогу сексуалдаштыруу[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз дин ишмери Өзүбек Чотонов күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышкан Кыргыз курама командасынын спортчу кыздарын сынга алды. Ал спортчулардын трико менен «жарым жылаңач» чыгып жатканына нааразы болгон. Ошол эле убакта ушундай эле трико кийген жигит балбандарга карата сын айткан жок.[17]

2021-жылы Норвегиянын гандбол боюнча аялдар командасына пляждагы гандбол боюнча Европа чемпиондугунда бикининин ордуна кыска шорта кийгени үчүн 1500 евро айып пул салынды.[18] Спортчу аялдар өздөрүнүн кийимдериндеги кош стандарттарга каршылыгын көп жолу айтып чыгышкан. Жеңил атлетика, пляж волейболу жана теннис сыяктуу спорттун бир нече түрлөрү боюнча аялдар “кызыгууну жандандырууга жардам берүү үчүн”  ачык кийимдерди кийүүгө милдеттүү.

Эмгек акыдагы айырма[оңдоо | булагын оңдоо]

Башка индустриялардагыдай эле спортто дагы аял жана эркек спортчулардын кирешелеринде олуттуу айырма бар. 2021-жылы Форбстун жыл сайын жарыялаган 100 эң көп киреше тапкан спортчулардын тизмесине 2 аял эле кирген.  

2019-жылы Америка Кошмо Штаттарынын аялдар командасы “институционалдаштырылган гендердик дискриминацияга" каршы АКШ футболун сотко берип, адилеттүү эмгек акы жана дарылоону талап кылып жатышканын жарыялашкан.[19]

Кыргыз спортундагы аялдар[оңдоо | булагын оңдоо]

2020-жылы Жайкы Олимпиада оюндарында күрөш – Эркин стилдеги 68 кг салмактагы аялдар арасындагы медалдык подиум.

Жыл өткөн сайын кыргыз спортунун деңгээли көтөрүлүүдө. 2021-жылы Токиодо болуп өткөн Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызынын алдыңкы орундарды камсыздашы кыздардын спортко болгон кызыгуусун дагы да арттыды. Аталган балбан кыздардан сырткары Сезим Жуманазарова, Калмира Билимбекова, Айжан Сабырбек кызы, Бермет Нурдин кызы сыяктуу спортчулар эл аралык беттештерде ийгиликтерди жаратышууда. Аялдар күрөшү боюнча улуттук курам 2021-жылы дүйнөдөгү эң ийгиликтүү 5 команданын катарына төртүнчү болуп жазылды.[20] Бул убакка чейин Кыргызстандагы аялдар спортту СССРдин карамагында кезде тоскоолдуктарга карабастан аз-аздан өнүгүп, көпчүлүк убакта профессионалдуу деңгээлге жеткен эмес. Ошентсе да Олимпиадага чейин катышып, ийгилик жараткандар бар:

Татьяна Колпакова[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстандан чыккан аялдар арасында алгачкы Олимпиада чемпиону. 1959-жылы Аламүдүн айылында туулуп, кичине кезинен жеңил атлетика менен машыккан ал 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада узундукка секирүү боюнча атаандаштарын артта калтырып, алтын медаль тагынган.

Мария Пинигина[оңдоо | булагын оңдоо]

Советтик жеңил атлетчи, 1958-жылы Чүй облусуна караштуу Ивановка айылында туулган. 1988-жылы Сеулда өткөн Олимпиада оюндарында 4х400 метр эстафетасында чемпион аталып, бул эстафетада рекорд жаратып Гиннесстин рекорддор китебине катталган. 1984-жылы СССРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу аталган ал бир нече жолу Дүйнө жана Европа чемпиону, СССРдин 16-жолку чемпиону болгон.

Татьяна Сидоренко[оңдоо | булагын оңдоо]

1966-жылы Фрунзеде төрөлгөн, волейбол боюнча Кыргызстан жаштар курама командасынын мүчөсү болгон. 1988-жылы Сеулда болгон Олимпиада оюнунда СССР курама командасынын атынан чыгып, алтын медалды, 1990-жылы Кытайда Дүйнөлүк чемпионатта Дүйнө чемпиондору болушту.

Елена Баранова[оңдоо | булагын оңдоо]

1972-жылы Фрунзеде төрөлгөн аялдар баскетболунун легендасы. Елена Баранованы Европа, Азия, АКШ тарыхтагы эң мыкты оюнчулардын катарына кошкон. Профессионалдуу баскетболго 15 жашында келген. СССР курама командасы менен 1992-жылы Барселонада өткөн Олимпиада оюнунда 1-орунду алып алтын медаль тагынышкан.

Ольга Артаманова[оңдоо | булагын оңдоо]

Орто салмактагы кыргыз дзюдочусу,1977-жылы туулган. 2000-жылы Сиднейде өткөн Жайкы Олимпиада оюнунун катышуучусу болгон, Азия оюндарынын эки жолку коло медалынын ээси улуттук жана эл аралык деңгээлдеги турнирлерде да алдынкы орундарга татыган. 2014-жылдан тартып улуттук курама команданын машыктыруучусу болуп дайындалган.

Людмила Сироткина[оңдоо | булагын оңдоо]

2004-жылкы Олимпиадада Кыргызстан командасынын атынан чыгып, беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган мелдеште 23-орунга илинген. 2005-2008-жылдары Орусия курамасынын мүчөсү, Орусиянын спорт чебери (2009) болгон.  

Ольга Решеткова[оңдоо | булагын оңдоо]

1982-жылы Фрунзеде төрөлгөн. 2010-жылы Ванкуверде өткөн Олимпиада оюнуна катышкан кыргыз лыжачысы. Карьерасында 4 Дүйнө чемпиондугуна катышып, командалык спринтте 15-орунду камсыздай алган спортчуларыбыздын бири.

Юлия Фернас[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча спорт чебери, 1984-жылы төрөлгөн. Кыргызстандын биринчи “темир аял” атыккан спортчусу. Триатлон менен машыгууну баласы 4 айлык кезинде баштап, үй-бүлө менен спортту бирге алып кеткен. Бир нече марафондордо алдынкы орунду камсыздаган. 2017-жылы Копенгагенде өткөн триатлондо 226 чакырымдык марафонду 12,5 саатта басып өткөн алгачкы Кыргызстандык айым.[21] Скандинав басыгы жана чуркоо боюнча машыктыруучу, IRONCITYMAN долбоорунун автору.

Айсулуу Тыныбекова[оңдоо | булагын оңдоо]

2014-жылдын 8-февралында Парижде өткөн Алтын Гран-при мелдешинде аялдар күрөшү боюнча 58 кг салмактагы кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова менен азербайжандык Юлия Раткевич (кызыл) чейрек финалда күрөштү.

Эркин күрөш менен машыккан Кыргыз аялдар спортундагы көрүнүктүү жүз. 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиадага катышкан алгачкы кыргыз кызы. Төрт жолку Азия чемпиону, эки жолку Дүйнө чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси аталган. 2021-жылы Токиодо өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медалды камсыздады. 62 килограмм салмак боюнча United World Wrestling рейтингинде биринчи орунда турат. Айсулуу Тыныбекова спорттогу көрсөткөн ийгиликтери үчүн 2017-жылы “Даңк” медалы менен, 2019-жылы “Спорттогу мыкты көрсөткүч” аталышында Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты, 2021-жылы Токио Олимпиада оюндарындагы жетишкендиги үчүн II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

Кыргыз кыздарынын спортко, күрөшкө кызыгуусун ойгото алган Айсулуу Тыныбекованын аркасынан Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова да эркин күрөш боюнча Азия, Дүйнөлүк чемпиондуктарда алдынкы орундарды багынтып ийгилик жаратышууда.

Айпери Медет кызы[оңдоо | булагын оңдоо]

1999-жылы төрөлгөн. 2017-жылдан бери эркин күрөш боюнча эл аралык, дүйнөлүк беттештерге катышып алдынкы орундарды камсыздаган. 2017-жылы Азия чемпиондугунун эки жолку күмүш медаль ээси, 2018-жылы 76 килограмм салмактагы Азия оюндарында коло медалдын ээси болгон. 2021-жылы Токиодо өткөн Жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу, 2021-жылы Белградда 23 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медалдын жана Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло медальдын ээси болду. United World Wrestling рейтингинде 76 килограмм салмак ченинде экинчи сапка көтөрүлдү. Рейтинг Түркияда өткөн “Яшар Догу” турнирдин негизинде 2022-жылы жаңыланды.

Мээрим Жуманазарова[оңдоо | булагын оңдоо]

1999-жылы туулган Мээрим Жуманазарова Токио-2020 Жайкы олимпиадада коло медалдын ээси болгон. 2021-жылы Дүйнө чемпиону, 2020-жылы Дүйнө кубогунун ээси, Азия чемпиондугу жана Азия оюндарынан алдынкы орундарды багындырган. Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери аталган. United World Wrestling рейтингинде 68 килограмм салмак ченинде биринчи орунга жайгашкан.

Дарья Маслова[оңдоо | булагын оңдоо]

Дарья Маслова, Бхубанешварда жеңил атлетика боюнча 22-Азия чемпионатында 5000 метрге чуркоодо алтын медалдын ээси.

Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери, жеңил атлетчи Дарья Маслова 1995-жылы төрөлгөн. Алыс аралыкка чуркоо боюнча Азиянын жаштар арасындагы чемпиондугунун жеңүүчүсү, Универсиаданын коло медаль ээси. Рио-2016 Жайкы олимпиадасынын 10 миң метр аралыгына чуркоо боюнча катышуучусу. Токио-2020 Олимпиадасына марафонго жолдомо алып, 88 катышуучунун ичинен 36-болуп келген. 2021-жылы октябрь айында карьерасын жыйынтыктаганын билдирген.[22]

Алина Литвиненко[оңдоо | булагын оңдоо]

1995-жылы туулган. Аялдар футболу боюнча кыргыз курамасынын незигдөөчүлөрүнүн бири, 13 жашында курама команда менен оюн алып барган. 13 жашында эл аралык футбол тарыхында эң жаш бомбардир аталган. Бардыгы болуп курама команда менен 6 оюнга катышкан.

Айдана Оторбаева[оңдоо | булагын оңдоо]

Футбол жана футзал боюнча Кыргыз улуттук курамынын мүчөсү катары бир канча оюнда жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөн. Кыргыз Республикасынын футбол боюнча спорт чебери, Профессионалдуу футболисттер ассоциациясынын директорлор кеңешинин төрагасы, “MAESTRO” футбол мектебинин негиздөөчүсү, Кыргыз аялдар футболу ассоциациясынын вице-президенти. Ал 1995-жылы туулган. 18 жашынан тартып курама команда менен оюн көрсөтүп келет. Ал 2020-жылы болгон пандемия убагында волентёрлук кыймыл ачып, андагы жаш улан-кыздар обсервацида дарыгерлерге жардам көрсөтүшкөн.

Валентина Шевченко[оңдоо | булагын оңдоо]

1988-жылы Фрунзеде төрөлгөн. Аралаш уруш (ММА) боюнча жеңил жана өтө жеңил салмак категориясында беттештерге катышкан ал муай-тай боюнча 11 жолку Дүйнө чемпиону, кикбокс боюнча 3 жолку Дүйнө чемпиону, UFC`нин 6 жолку чемпиону аталган. Аралаш уруш боюнча 2003-жылдан бери беттеш өткөзүп келет. Ал тхеквандо жана муай-тай боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, бокс боюнча спорт чебери, дзюдо боюнча спорт чебери болуп саналат. UFC`де мыкты мушкерлердин арасында сап башында турат. ММА`да 25 беттеш өтөзүп, 22син жеңген. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан “Даңк” медалы менен сыйланган. Анын эжеси Антонина Шевченко да муай-тай боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Кыргызстандын жана Түштүк Американын чемпиону, Кыргызстандын спорт чебери, Орусиянын бокс боюнча спорт чебери. UFC`де мелдештерге катышып келет.

Жаңыл Окоева[оңдоо | булагын оңдоо]

48 килограмм категориясында эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргогон оор атлетчи. Ал 1993-жылы төрөлгөн. 2015-жылкы Дүйнө чемпиондугунун катышуучусу, Рио-2016 Жайкы олимпиадасына катышып, онунчу орунду камсыздай алган.

Бермет Дуванаева[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз теннисчиси Бермет Дуванаева 1988-жылы төрөлгөн. ITF аялдар трассасында жалгыздап ойнолуучу разрядда бир жолу жеңүүчү болгон. 2012-жылы жалгыздап ойноо боюнча дүйнөлүк көрсөткүчтө 449-орунга жайгашкан. Ал эми түйөй менен ойноочу оюнда 2010-жылы 820-орунга жайгашкан. Федерациянын кубогу үчүн өткөзгөн оюндарында спортчу 16 жолу рекорддук жеңишке жетишип, 8 жолу жеңилүү ызасын тарткан.  

Каныкей Кубанычбекова[оңдоо | булагын оңдоо]

Ок атуу боюнча спорт чебери 1999-жылы төрөлгөн. Ок атуу спорту боюнча Кыргызстандын намысын эл аралык мелдештерде татыктуу коргоп, алдынкы орундарды багындырган. Бул спорт түрүнөн Олимпиадага биринчи жолу жолдомо алып, анда 48-орунга жайгашты.[23]

Эскермелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Wanat S. The American Woman in Sport: Ellen W. Gerber, Jan Felshin. Pearl Berlin and Waneen Wyrick. “The American Woman in Sport”, Reading, Massachusetts — Melon Park, California, London, Don Mills, Ontario, 1974, pp. 562. International Review of Sport Sociology. 1975;10(2):103-104. doi:10.1177/101269027501000210  
  2. Gardiner, E. Norman, "The Rise of the Sports Festival in Greek Sports and Festivals", London: MacMillan, 1910,p. 47-48
  3. A. Barr, History of Football: Cuju, 2009 https://bleacherreport.com/articles/228587-history-of-football-cuju
  4. Arnd Krüger (2003): Germany, in: James Riordan & Arnd Krüger (eds.): European Cultures in Sport. Study of nations and regions. (англ.). Bristol: Intellect 2003, pp.57–88
  5. Jessica Padgett, The Issues of Women in Sport (англ.). Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
  6. Эл аралык Олимпиада комитетинин сайты https://olympics.com/ioc/olympic-games
  7. Аялдардын спорттук кийимдери кандай өзгөрүүдө? 27.10.2017, Текшерилген күнү: бугу айынын 18, 2022.
  8. Woolum, Janet (1998-01-01). Outstanding Women Athletes: Who They are and how They Influenced Sports in America. Greenwood Publishing Group. ISBN 9781573561204.
  9. 9.0 9.1 «Сени эч ким аял кылып албайт». Спортто гендердик стереотиптерге кабылган кыздар. 2021, Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
  10. Абдуллаев М.Т. Кийзбаев М.С., Акматов.Ч. “Улуттук оюндар”: окуу куралы Бишкек:.”Махсприм” 2012.-361 б.
  11. "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440.
  12. Б. Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 1 том. https://www.academia.edu/12931704/%D0%91%D0%B5%D0%BB%D0%B5%D0%BA_%D0%A1%D0%BE%D0%BB%D1%82%D0%BE%D0%BD%D0%BE%D0%B5%D0%B2_%D0%9A%D1%8B%D0%B7%D1%8B%D0%BB_%D0%9A%D1%8B%D1%80%D0%B3%D1%8B%D0%B7_%D0%A2%D0%B0%D1%80%D1%8B%D1%85%D1%8B_1
  13. M. Pinna, Will women ever win the race to equality in sport? 20/11/2020. Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
  14. Г. Талантбекова, Жиу-житсу боюнча дүйнөнүн күмүш медаль ээси Малика: төрт баланын энесимин, 29.04.2018. Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
  15. «Сени эч ким аял кылып албайт». Спортто гендердик стереотиптерге кабылган кыздар // 06.07.2021. Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
  16. К. Элкеева, "Аялзат" берүүсү: Спорт менен алектенген кыз-келиндер тушуккан тоскоолдуктар, 14.08.2017 // Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
  17. "Бүт дүйнө алардын окорочкасын жана фигурасын көрүп турат." Өзүбек ажы Чотонов Кыргызстандын чемпиондорун жарым жылаңач формада көрсөткөнү үчүн айыптады 08.10.2021 (орус.). Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
  18. J. Gross, Women’s Handball Players Are Fined for Rejecting Bikini Uniforms, 20.07.2021. (англ.). Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
  19. The Fight for Equal Pay in Women’s Sports 02.04.2019 (англ.). Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
  20. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курамасы топ-5ке кирди, 21.12.2021
  21. М. Казама, Спортсменка из Кыргызстана впервые преодолела марафон «Железный человек» 21.08.2017 (орус.). Текшерилген күн: бугу айынын 18. 2022.
  22. Д. Акимова, Дарья Маслова, жөө күлүк: “Башка өлкөнүн чакырууларына макул болгон эмесмин” 13.10.2021. Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.
  23. Вдохновляющие и сильные женщины в истории кыргызского спорта 08.03.2022 (орус.). Текшерилген күн: бугу айынын 18, 2022.