Евро
Евро (кырг.) | |||||
---|---|---|---|---|---|
| |||||
Коддор жана белгилер | |||||
ISO 4217 коддору | EUR (978) | ||||
Символдор | € | ||||
Жүгүртүү чегарасы | |||||
Расмий түрдө | * Австрия
| ||||
Туунду жана параллелдүү бирдиктер | |||||
Бөлчөктүү | Евроцент (1⁄100) | ||||
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | |||||
Монеталар | 1, 2, 5, 10, 20, 50 евроцент; 1, 2 евро | ||||
Банкноттор | 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500 евро | ||||
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | |||||
Эмиссиялык борбор | Европа борбордук банкы | ||||
www.ecb.europa.eu | |||||
Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн | |||||
1 KGS | = 0,01476 EUR | ||||
1 USD | = 0,9461 EUR | ||||
1 EUR | = 1 EUR | ||||
1 GBP | = 1,384 EUR | ||||
1 JPY | = 0,007851 EUR | ||||
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | |||||
Евро — Европа бирлигине (ЕБ) мүчө жана «евроаймака» кирген мамлекеттердин бирдиктүү валютасы (Австрия, Бельгия, Германия, Грекия, Ирландия, Испания, Италия, Кипр, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Нидерланд, Португалия, Словакия, Словения, Финляндия, Франция, Хорватия, Эстония).
Мындан тышкары, евро Черногорияда жана Косоводо колдонулат. Евро дагы 4 мамлекеттин жана Европа Бирлигинин 8 атайын аймагынын улуттук валютасы. Бирок, евроаймактын мүчөлөрүнөн айырмаланып, бул өлкөлөр Европанын борбордук банкынын каржы-кредиттик саясатына кийлигише албайт жана өз өкүлдөрүн анын башкаруу органдарына жөнөтө албайт. Евро 340 миллиондон ашык европалыктар үчүн бирдиктүү валюта болуп саналат.
2013-жылдын ноябрына карата накталай жүгүртүүдө 951 миллиард евро болгон, бул валюталардын дүйнө жүзү боюнча жүгүртүүдөгү накталай акчалардын эң жогорку жалпы наркы экенин көрсөтүп, бул көрсөткүч боюнча АКШ долларынан да алдыда.
Евро 1999-жылдын 1-январында накталай эмес жүгүртүүгө киргизилген, ал эми 2002-жылдын 1-январында банкнотталар жана монеталар накталай жүгүртүүгө чыгарылган. Евро 1979-1998-жылдары европалык валюта тутумунда колдонулган европалык валюта бирдигин (ЭВБ) 1:1 катышында алмаштырган.
Евро Франкфурт (Германия) шаарында жайгашкан Европанын борбордук банкы (ЕББ) жетектеген Европалык борбордук банк тутуму (ЕББТ) тарабынан башкарылат.
ЕББТга, ЕББ тышкары, ЕБге мүчө бардык мамлекеттердин улуттук борбордук банктары кирет. ЕББ көз карандысыз борбордук банк болуп саналат. Ал евроаймактагы акча-кредит саясатын аныктоодо өзгөчө укукка ээ. ЕББ банкноталарды жана монеталарды чыгарат, накталай акчаларды евроаймактын өлкөлөрүнө бөлүштүрөт, ошондой эле евроаймакта төлөм системаларынын иштешин камсыз кылат.
Европа Бирлигинин бардык мүчө мамлекеттери Европа Бирлигинин келишиминде белгиленген конвергенция критерийлерин аткарса, евроаймакка кирүүгө укуктуу. Өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн конвергенция критерийлерине ылайык ЕБ Кеңеши кабыл алат, андан кийин Европа Кеңеши бекитет.
Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, 2013-жылдын май айынан 2014-жылдын май айына чейин SWIFT системасындагы евронун үлүшү 32% түзгөн (АКШ долларынын үлүшү - 42%, юандын үлүшү - 1,47%, Орусия рублинин үлүшү - 0,35%)[1].
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Банкноттордун биринчи сериясы (2002-жыл)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Номиналы (евро) |
Сүрөтү |
---|---|
5 | |
10 | |
20 | |
50 | |
100 | |
200 | |
500 |
Банкноттордун экинчи сериясы (2013-жыл)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Номиналы (евро) |
Сүрөтү |
---|---|
5 | |
10 | |
20 | |
50 | |
100 | |
200 |
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Heiko Otto: Евро - Банкноттор жана акча кайрылуунун тарыхы (de,en). Текшерилген күнү 28 -август (баш оона) 2017. (нем.) (англ.)
Постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн акча бирдиги | |
---|---|
Жүгүртүүдө | Армения драмы · Азербайжан манаты · Белоруссиялык рубль · Грузия лариси · Евро (Эстония, Латвия, Литва) · Казак теңгеси · Кыргыз сому · Молдован лей · Орусия рубли · Тажикистан сомони · Түркмөн манат · Украина гривны · Өзбек суму |
Жүгүртүүдөн чыккан | Грузиялык купон лари · Латвиялык лат · Латвиялык рубль · Литовтык талон · Литовтык лит · Молдован купон · Советтик рубль · Тажик рубль · Украина карбованец · Эстониялык крону |