Кук аралдары
Кук аралдары | |||||
| |||||
Гимн: «Te Atua Mou E» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 4-август 1965-жыл
( Жаңы Зеландия менен эркин ассоциация) | ||||
Расмий тили | кук тили, англис тили | ||||
Борбор шаары | Аваруа | ||||
Ири шаарлар | |||||
Башкаруу формасы | Конституциялык монархия | ||||
Падыша Падышанын өкүлү Премьер-министр |
Чарльз III Том Марстерс Марк Браун | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
215-орун - дүйнөдө 236,7 км² 0 | ||||
Калкы • Бааланган (2021) • Жыштыгы |
15,040 адам (223-орун) 63,3 ад./км² | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
384 млн $ 21,994 $ | ||||
Акча бирдиги | Жаңы Зеландия доллары, Кук аралдарынын доллары | ||||
Домени | .ck | ||||
ISO коду | CK | ||||
ЭОК коду | COK | ||||
Телефон коду | +682 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC -10:00 |
Кук аралдары (англ. Cook Islands) — Тынч океандын борбордук бөлүгүндөгү архипелаг. Полинезияда. Жаңы Зеландия менен эркин ассоциациядагы «өзүн-өзү башкарган аймак». Архипелаг 15 аралды камтып, эки топко (Түштүк жана Түндүк) бөлүнөт. Ири аралдары: Раротонга, Мангаиа, Пенрин, Ракаханга, Манихики, Дейнжер, Суворов ж. б. жанар тоонун аракетинен пайда болуп, бийиктиги 652 м.
Аянты 236,7 км2. Калкы 19,8 миң (2009); негизинен полинезиялыктар жана маорилер жашайт. Расмий тили — кук (аралда жашаган маорилердин тили) жана англис тилдери. администрациялык борбору — Аваруа (калкы 12,9 миң; Раротонга аралында). Акча бирдиги — Жаңы Зеландия доллары. Аралдын башчысы — Улуу Британия королевасы. Аралда Жаңы Зеландия өкмөтүнүн өкүлү да бар. Мыйзам чыгаруучу органы — парламент (Өкүлдөр палатасы).
Этимология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Архипелагды азыркы аталышы менен XIX кылымда орус деңиз саякатчысы Иван Крузенштерн англис саякатчысы Жеймс Куктун урматынан атаган. 1773-1775-жылдары бул аралдарга келген Жеймс Кук өзү Херви аралдары (англ. Hervey Islands) деп атаган.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аралга VI кылымдын башында полинезиялыктар отурукташа баштаган. Алгач аралды ачкандардын арасында орус деңиз сүзүүчүлөрү да болгон. Алар архипелагдагы бир атоллго Суворовдун ысымын ыйгарышкан. 1888-жылдан Улуу Британия протектораты. 1901-жылы Кук аралдары Жаңы Зеландияга кошулуп, 1965-жылы өз ыктыяры менен Жаңы Зеландияга бириккен. 1971-жылдан арал өз алдынча эл аралык укукка ээ субъект катары Тынч океан аралдары форумуна мүчө. 1974-жылы Жаңы Зеландияда Кук аралынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү ачылып, ал 1985-жылы элчилик болгон. 1987-жылы аралдын өкмөтүнө бейтараптыкты сактоо милдеттендирилген. Кук аралы БУУга мүчө болбогону менен анын атайын уюмдарына кирет.
Физикалык жана географиялык мүнөздөмөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Географиялык абалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кук аралдары мамлекети Тынч океанынынын Полинезия аймагында экватор менен түштүк тропиктин ортосунда жайгашкан. Жалпы аянты 2,2 миллион км², 15 аралдардан жана атоллдордон турат. Кургактыгынын жалпы аянты 236,7 км²[1].
Эң түндүгүнөн (Пенрин атоллу же Тонгарева) эң түштүккү аралына (Мангая аралы) чейинки аралык болжол менен 1400 км түзөт.
№ | Арал | Административдик борбору | Аянты,
км² |
Калкы,
адам[2] (1.12.1996) |
Калкы,
адам[2] (1.12.2001) |
Калкы,
адам[2] (1.12.2006) |
Калкы,
адам[2] (1.12.2011) |
Калкы,
адам[3] (1.12.2016) |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Түштүк тобу | ||||||||
1 | Раротонга | Аваруа | 67,1 | 10 374 | 9 451 | 10 226 | 10 572 | 13 044 |
2 | Аитутаки | Арутанга | 18,3 | 2 272 | 1 743 | 1 975 | 1 771 | 1928 |
3 | Атиу | 26,9 | 942 | 600 | 558 | 468 | 437 | |
4 | Мангаиа | 51,8 | 1 083 | 739 | 631 | 562 | 499 | |
5 | Мануаэ | 6,2 | — | — | — | — | — | |
6 | Мауке | 18,4 | 643 | 469 | 372 | 300 | 297 | |
7 | Митиаро | 22,3 | 318 | 226 | 193 | 189 | 155 | |
8 | Такутеа | 1,2 | — | — | — | — | — | |
Түндүк тобу | ||||||||
9 | Манихики | 5,4 | 656 | 497 | 344 | 238 | 213 | |
10 | Нассау | 1,3 | 99 | 72 | 75 | 73 | 78 | |
11 | Палмерстон | 2,1 | 49 | 48 | 62 | 60 | 58 | |
12 | Пукапука | 1,3 | 778 | 662 | 507 | 451 | 444 | |
13 | Ракаханга | 4,1 | 249 | 158 | 127 | 77 | 80 | |
14 | Суворов | 0,4 | 4 | 1 | — | — | — | |
15 | Тонгарева | Омока | 9,8 | 604 | 351 | 254 | 213 | 226 |
Жалпы[4] | 236,7 | 18 071 | 15 017 | 15 324 | 14 974 | 17 459 |
-
Пукапуканын учактан тартылган сүрөтү
-
Айтутакинин түштүк тарабындагы Тапуаэтай аралы
-
Раротонгадагы океан жээги
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Климаты тропиктик пассаттык, нымдуу. Жылдык орточо температурасы 24°Сден (түштүгүндө) 28°Сге чейин (түндүгүндө). Жылдык жаан-чачынын саны 2000 мм. Ноябрдан апрелге чейин тайфундар болуп турат. Өсүмдүктөрү адамдардын таасиринен өзгөргөн. Раротонга жана Мангаиа анда нымдуу дайыма жашыл тропик токойлору сакталган. Кокос пальмасы, цитрус өсүмдүктөрү, ананас, банан, жашылча ж. б.өстүрүлөт. Орнитофаунага бай. Аралда эндемик 4 куштун түрү мекендейт.
Маданияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кийим тигүү, мөмө-жемиш консервалары, аррорут (крахмал) даярдоо өндүрүшү иштейт. Белек-бечкектерди чыгарат. Кара бермет, ташбака чопкуту чогултулат. Балык кармалат. Мейманкана жана туризм окуу борбору, Түштүк Тынч океан университетинин филиалы (Раротонга аралында) бар. Туризм өнүккөн. Сырттан азык-түлүк, отун ж. б. алат. Башкы соода шериктештери: Жаңы Зеландия, Австралия, Япония.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Cook Statistics Office. Total Population and Land Area by Island. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2011. Түп булактан архивделген күнү 23 -март (жалган куран) 2012.
- ↑ 2.0 2.1 2.2 2.3 COOK ISLANDS Kūki 'Āirani City population
- ↑ Census of Population & Dwellings 2016
- ↑ Cook Islands Demographic Profile 2006-2011
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кук Аралдарынын Өкмөтү
- Кук аралдарынын каржы жана экономикалык башкаруу министрлиги
- Кук аралдарынын жаңылыктар порталы
Океания өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Австралия • Вануату • Жаңы Зеландия • Кирибати • Маршалл Аралдары • Микронезия Федеративдик Штаттары • Науру • Палау • Папуа-Жаңы Гвинея • Самоа • Соломон аралдары • Тонга • Тувалу • Фижи | |
Ассоциацияланган мамлекеттер | Кук аралдары • Ниуэ аралы | |
Көз каранды аймактар | АКШ тышкы кичи аралдары • Америка Самоасы • Гавайи • Гуам • Жаңы Каледония • Исла-де-Паскуа • Норфолк аралы • Питкэрн аралдары • Токелау • Түндүк Мариана аралдары • Уоллис жана Футуна • Француз Полинезиясы |