Австралия доллары
Австралия доллары (кырг.) | |||||
---|---|---|---|---|---|
Australian Dollar (аңгл.) | |||||
| |||||
Коддор жана белгилер | |||||
ISO 4217 коддору | AUD (036) | ||||
Символдор | A$ | ||||
Жүгүртүү чегарасы | |||||
Эмитент | Австралия | ||||
Расмий түрдө | Кирибати Науру Тувалу | ||||
Туунду жана параллелдүү бирдиктер | |||||
Бөлчөктүү | Цент (1⁄100) | ||||
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | |||||
Монеталар | 5, 10, 20, 50 цент, 1, 2 доллар | ||||
Банкноттор | 5, 10, 20, 50, 100 доллар | ||||
Тарыхы | |||||
Киргизилди | 14.02.1966 | ||||
Мурда колдонулган валюта | Австралия фунту | ||||
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | |||||
Эмиссиялык борбор | Австралиянын резервдик банкы | ||||
www.rba.gov.au | |||||
Акча сарайы | Австралиянын падышалык зээрканасы | ||||
www.ramint.gov.au | |||||
Перт зээрканасы | |||||
www.perthmint.com.au | |||||
Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн | |||||
1 KGS | = 0,02029 AUD | ||||
1 USD | = 1,301 AUD | ||||
1 EUR | = 1,375 AUD | ||||
1 GBP | = 1,902 AUD | ||||
1 JPY | = 0,01079 AUD | ||||
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | |||||
2023-жылдык инфляция | |||||
Инфляция | 6% | ||||
Австралия доллары (белгиси: $; коду: AUD) — Австралия Бирлигинин акча бирдиги, Рождество аралы, Кокос аралдары жана Норфолк аралы, ошондой эле Тынч океанында жайгашкан, көзкарандысыз Кирибати, Науру жана Тувалу мамлекеттеринин да расмий акча бирдиги болуп саналат[1][2][3]. 100 центке бөлүнөт.
Адатта доллар ($) белгиси менен кыскартылып белгиленет, бирок A$, $A, AU$ жана $AU сыяктуу белгилөөнүн башка варианттары бар.
Австралия доллары — дүйнөлүк соода-сатык операцияларында эң көп колдонулган валюталардын арасында алтынчы орунда турат.
1988-жылдан бери банкнотторду жасоо үчүн кагаздын ордуна, атайын жука пластик колдонулат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Австралиянын доллары 1966-жылдын 14-февралында жүгүртүүгө киргизилген жана ушул убакытка чейин колдонулуп келген австралиялык фунттун алмаштырган[4].
Башында алмаштыруу курсу 1 австралия фунту 2 австралия доллларына барабар болгон[4].
Жаңы улуттук валютаны киргизүү иш-чаралары 1960-жылы Австралиянын резервдик банкы тарабынан башталган. Көп убакыт аралыгында өлкөдө жаңы акча бирдигин даярдоо жана дизайнын иштеп чыгуу аракеттери жүргүзүлгөн. Бул убакыттын ичинде валютанын аталышы боюнча миңдеген сунуштар айтылган. 1965-жылы Австралиянын премьер-министри Роберт Мензис «the royal» деген аталышты сунуш кылган. Бирок, ал калктын колдоосуна ээ болгон эмес, ошондуктан валюта доллар деп аталып калган[4]. Трейдерлердин арасында австралиялык долларды «оззи» (aussie) деген каймана ат менен атоо кеңири таралган[5].
1988-жылы биринчи полимерден жасалган банкнот жүгүртүүгө чыгарылган[6].
Монеталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1966-жылы 1, 2, 5, 10, 20 жана 50 центтик монеталар жүгүртүүгө киргизилген. Бир долларлык монета 1984-жылы, ал эми эки долларлык монета 1988-жылы жүгүртүүгө чыгарылган[7].
1 жана 2 центтик монеталар 1991-жылы, 1 долларлык купюра 1984-жылы жана 2 долларык купюра 1988-жылы жүгүртүүдөн чыгарылган. Накталай эсептешүүлөр сумманы тегеректөөнүн стандарттык эрежелери боюнча жүргүзүлөт, 5 центке чейин тегеректелет.
Бардык австралия долларынын монеталарынын алдыңкы бетинде (аверс) Елизавета II сүрөтү түшүрүлгөн жана Австралиянын Королдук Зээрканасы тарабынан чыгарылат (англ. Royal Australian Mint). Елизавета II каза болгондон кийин чыгарылган монеталарга Чарльз III сүрөтү түшүрүлө баштады[8][9].
Австралиянын монеталары[10] | |||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Сүрөт | Номинал
(вату) |
Техникалык параметрлери | Сүрөттөөмөсү | Чыгарылган жылы | |||||
Диаметр
(мм) |
Калыңдыгы
(мм) |
Салмагы
(г) |
Материал | Кыры
(гурт) |
Алдыңкы бети
(аверс) |
Арткы бети
(реверс) | |||
1 цент | 17,65 мм | >1,4 мм | 2,60 г | 97% жез, 2,5% цинк, 0,5% калай | жылмакай | Елизавета II | Acrobates pygmaeus | 1966-1991 жж. | |
[1] | 2 цент | 21,59 мм | <1,9 мм | 5,20 г | 97% жез, 2,5% цинк, 0,5% калай | жылмакай | Елизавета II | Chlamydosaurus kingii | 1966-1991 жж. |
5 цент | 19,41 мм | 1,3 мм | 2,83 г | Жез-никель эритмелери:
75% жез, 25% никель |
жол-жол болгон кырлуу | Елизавета II, 2024-жылдан тартып Чарльз III | Эхидна | 1966 | |
[2] | 10 цент | 23,60 мм | 1,5 мм | 5,65 г | Жез-никель эритмелери:
75% жез, 25% никель |
жол-жол болгон кырлуу | Елизавета II, 2024-жылдан тартып Чарльз III | Menura novaehollandiae | 1966 |
[3] | 20 цент | 28,65 мм | 2,0 мм | 11,3 г | Жез-никель эритмелери:
75% жез, 25% никель |
жол-жол болгон кырлуу | Елизавета II, 2024-жылдан тартып Чарльз III | Ornithorhynchus anatinus | 1966 |
50 цент | 31,65 мм | 2,0 мм | 15,55 г | Жез-никель эритмелери:
75% жез, 25% никель |
жылмакай | Елизавета II, 2024-жылдан тартып Чарльз III | Австралиянын герби | 1969 | |
[4]] | 1 доллар | 25,00 мм | 2,8 мм | 9,00 г | 92% жез, 6% алюминий, 2% никель | жол-жол болгон кырлуу | Елизавета II, 2024-жылдан тартып Чарльз III | Кенгуру | 1984 |
[5] | 2 доллар | 20,50 мм | 3,0 мм | 6,60 г | 92% жез, 6% алюминий, 2% никель | жол-жол болгон кырлуу | Елизавета II, 2024-жылдан тартып Чарльз III | Австралиялык абориген | 1988 |
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2016-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сүрөт | Номинал | Өлчөмү
(мм) |
Салмагы | Түсү | Сүрөттөөмөсү | Чыгарылган күнү | ||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Алдыңкы бети
(аверс) |
Арткы бети
(реверс) |
Алдыңкы бети
(аверс) |
Арткы бети (реверс) | |||||
[6] | [7] | 5 доллар | 130 × 65 | Фиолет | Елизавета II | Парлменттин имараты | 1-сентябрь 2016-жыл | |
[8] | [9] | 10 доллар | 137 × 65 | Көк | Эндрю Бартон «Банджо» Патерсон | Дама Мэри Джин Гилмор | 20-сентябрь 2017-жыл | |
[10] | [11] | 20 доллар | 144 × 65 | 0,82 г | Кызыл | Мэри Рейби | Жон Флинн | 9-октябрь 2019-жыл |
[12] | [13] | 50 доллар | 151 × 65 | Сары | Дэвид Юнайпон | Эдит Коуэн | 18-октябрь 2018-жыл | |
[14] | [15] | 100 доллар | 158 × 65 | Жашыл | Дама Нелли Мелба | Жон Монаш | 29-октябрь 2020-жыл |
Учурдагы абалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Курсту аныктоодо ага ылайык рыноктогу суроо-талап жана сунуштун негизинде жүргөн өзгөрүлмө валюта курсу колдонулат. Акча саясатынын натыйжалуулугун критерийи болуп инфляцияны көрсөткүчтөрү саналат.
Базардагы курсу |
---|
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Federal Register of Legislation (англ.)
- ↑ Tuvalu country brief (англ.)
- ↑ Kiribati country brief (англ.)
- ↑ 4.0 4.1 4.2 Australian Currency: History and impact in the forex market
- ↑ Корнелиус Лука. Trading in the Global Currency Markets
- ↑ Australian Government. Department of Foreign Affairs and Trade. About Australia
- ↑ Royal Australian Mint. Circulating Coins Designs.
- ↑ Австралия вводит в обращение монеты с портретом Карла
- ↑ King Charles III to soon appear on Australian Coins
- ↑ Royal Australian Mint. Coin Types
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Reserve Bank of Australia (англ.)
- Colnect. Australia Banknotes (англ.)
- Австралиянын банкноттору (англ.)