Мырза Тахир Ахмад

Wikipedia дан
Убада кылынган Мессиянын III-Халифасы
Убада кылынган Мессиянын III-Халифасы
Момундардын жетекчиси

(Амирул-Му'минийн)

10-июнь 1982-жылы — 19-апрель 2003-жылы
Андан мурунку инсан: Мырза Насир Ахмад
Андан кийинки инсан: Мырза Масрур Ахмад
 
Дини: Ислам
Туулган жери: Кадиян, Индия
Мүрзөсүнүн орду: Англиянын Тилфорд аймагында жайгашкан Ислмабад деген жер.
Атасы: Мырза Башируддин Махмуд Ахмад
Апасы: Саййида Марям Бегам
Жубайы: Саййида Асифа Бегам (үйлөнгөн 1957-1992)
 
Автограф: Кол тамгасы

Мырза Тахир Ахмад (урдуча: مرزا طاہراحمد) (18-декабрь, 1928-жыл – 19-апрель, 2003-жыл)Убада кылынган Мессиянын IV Халифасы (Мырза Гулам Ахмаддын 4-орун басары) жана эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын жетекчиси болгон. Ал 1982-жылдын 10-июнунда өзүнөн мурунку Халифа Мырза Насир Ахмад кайтыш болгондон кийинки күнү Халифа болуп шайланган.

1974-жылы Пакистандын Парламентине барган Ахмадия делегациянын мүчөлөрү.

1974-жылы Ахмадия Мусулман Жамаатынын ишенимдерин коргоо үчүн Ахмадия делегациянын мүчөсү катары Пакистандын Парламентине барган. 1984-жылы Пакистан өкмөтү тарабынан күчкө киргизилген № XX мыйзамдан кийин Убада кылыган Мессиянын Халифасы өзүнүн милдеттерин аткара албай калып,аталган кызмат(башкаруучулук) коркунуч астында калгандыктан Мырза Тахир Ахмад Пакистанды таштап, Англиядагы Лондон шаарына көчкөн, Жамааттын борбору убактылуу Лондондогу «Фазл» мечитине которулган. Убада кылынган Мессиянын IV Халифасы катары Тахир Ахмад 1991-жылы Индияга караштуу Кадиянда болуп өткөн 100-Жалса Саланага (Жылдык Жыйын) катышкан. 1947-жылы Индия-Пакистан бөлүнүп, аталган Жамаат Индиядан Пакистанга көчкөндөн бери биринчи жолу кайсы бир Ахмадия Халифасы Кадиянга барган.[1]

Мырза Тахир Ахмад айрыкча бүткүл дүйнөдөгү адамдар менен өткөргөн Суроо-Жооп сессиялары жана Куран сабактары үчүн белгилүү деп айтылат. Анын халифалык доорунда Жамаат түзүлүш жана финансылык өсүп-өнүгүү жагынан эл аралык деӊгээлдеги тажрыйбага ээ болгон, анын ичинде 1994-жылы ачылган биринчи Ахмадия Мусулман Спутник телекөрсөтүүчүлүк (Муслим ТВ Ахмадия) дагы ошонун катарына кирет.

Башталгыч жашоо[оңдоо | булагын оңдоо]

Мырза Тахир Ахмад 1928-жылдын 18-декабрында Индияга караштуу Кадиянда жарык дүйнөгө келген. Ал башталгыч билимин Кадияндан алган жана 1944-жылы апасы Саййида Марям Бегам каза болгондон эки-үч айдан кийин Лахордогу Өкмөттүк Колледжге кирген. Рабвахтагы Жамия Ахмадияны (Теологиялык Академия) артыкчылык менен бүткөн соӊ ал окуусун уланта берген жана Лахордогу Пенжаб Университетинен араб тилиндеги дипломду артыкчылык менен алган.

1955-жылы ал өз атасы менен биринчи жолу Англияга барган, атасы ага англис тилиндеги билимин өнүктүрүп, жана Батыш калкынын социалдык адаттарын үйрөнүү үчүн ошол эле жерде калуусуна кеңеш берген. Ал Лондон Университетиндеги Чыгыш жана Африка окуулары мектебинде эки жарым жыл окуган, бирок 1957-жылы аны бүтүрбөй Пакистанга кайтып келген. Лондондо турган убакытта Тахир Ахмад Англиянын ар кайсы аймактарын,мисалга Ирландия, Шотландия жана Уэльсты саякат кылган, ошондой эле Батыш Европанын кээ бир аймактарын да көргөн.

1957-жылы кайтып келген соң Тахир Ахмад Асифа Бегамга үйлөнгөн жана жаңыдан негизделген Вакф-э-Жадид фондунун төрагасынын орун басары катары дайындалган, анын максат-мүдөөсү – бул Пакистандын айыл жерлеринде жашаган Жамаат мүчөлөрүнө таалим-тарбия берүү болчу. Андан тышкары гомеопатия менен жакыр адамдарды дарылай баштаган.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын орду жөнүндөгү Пакистандагы Парламент жүргүзгөн иликтөөлөр учурунда Тахир Ахмадды кошо беш адамдан турган бир делегат Жамаат маселесин сунуштоо үчүн жөнөтүлгөн. Андан кийин дароо Пакистандагы Жогорку Кеӊеш тарабынан Ахмадия Мусулман Жамааты каапыр деп жарыяланган, Пакистандын ошол конститутциялык жана мыйзамдык позициясы 2014-жылга чейин өз ордунда калган.

Халифат[оңдоо | булагын оңдоо]

Пакистандагы Рабвах шаарында жайгашкан «Мубарак» аттуу мечитте чакырылган Мажлис Интихааб-э-Хилаафат[2] (Шайлоочу Комитети) 1982-жылдын 10-июнунда Азирети Мырза Тахир Ахмадды Мырза Гулам Ахмаддын төртүнчү орун басары жана Жамааттын Жетекчиси катары шайлаган.[3]

Генерал Зыя-ул-Хактын бийлиги 1984-жылдын 26-апрелинде чыгарган № XX анти-Ахмадия мыйзамы Тахир Ахмадды дароо Пакистандан чыгууга мажбур кылган. Ал 1984-жылдын 28-апрелинде 17 башка адамдар менен чыгып, 30-апрелде Лондонго барган жана акыр аягы куугунтукта жүргөн жылдары Жамааттын борбору Лондонго көчкөн.

Индияга кайтуу[оңдоо | булагын оңдоо]

1991-жылы Мырза Тахир Ахмад Кадиянда болуп өткөн Ахмадия Мусулман Жамаатынын 100-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) катышуу максатында Индияга кайткан. Ал убакытта Ахмадия Мусулман Жамаатынын Халифасы 1947-жылы Индия-Пакистан бөлүнүп, Жамааттын борбору Мырза Башируддин Махмуд Ахмад негиз салган Пакистандагы жаңы жерге көчкөндөн бери биринчи жолу барган.

Ахмадия Мусулман Телевидениясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Убада кылынган Мессиянын Халифасы катары Мырза Тахир Ахмад Ахмадия Мусулман Телевидениясын (негизинен МТА деп аталат) негиздеген. 1992-жылдын 21-августунда Лондондон спутник аркылуу биринчи программасын көрсөткөн.[4] Ал жумасында бир жолу бир сааттык программа менен башталып, Ахмаддын жума кутбасын көрсөткөн.

Бүгүнкү күндө МТА бир күндө 24 саат, бир жумада жети күн көрсөтүлөт жана беш континенттеги миллиондогон адамдар аны көрүшөт, жана ал үч телеканалдан турат. Ар жума күнү Убада кылынган Мессиянын жума кутбасы көрсөтүлүп, бир убакта алты тилге которулат. Жамааттын маанилүү аземдери дагы жер жүзүндөгү ири тилдерде көрсөтүлөт.

Эл аралык Байъат[оңдоо | булагын оңдоо]

Мырза Тахир Ахмад 1993-жылы Ахмадийлердин жылдык чогулуштарында жыл сайын өткөрүлө турган эл аралык байъат (ант) берүү аземин баштаган, анда жаңыдан Жамаатка кошулгандар Халифага өз байъатын беришет. Эл аралык Байъат берүү аземи бүткүл дүйнөгө көрсөтүлөт. Ал ар дайым бул Мессиянын кайрадан келүүсүнүн учурунда жүз берүү зарыл болгон бир алдын-ала кабардын орундалгандыгы деп билдирчү.[5]

Гомепатия[оңдоо | булагын оңдоо]

Мырза Тахир Ахмад көрүнкүктүү гомепатия дарыгери болчу. Эки ооруу үчүн, өзүнүн баш оорусу жана өз жубайынын узакка созулган оорусу үчүн дары издөө аракетинен кийин ал гомепатия дарылануусунун таасирдүүлүгүнө ишенген жана миңдеген ооруларды дарылаган. Ал акысыз гомепатия клиникаларын ачууга буюрган. Ал МТА Интернейшналдан көрсөтүлүүчү сабактар аркылуу гомепатия тарбиясы үчүн программаларды баштаган. Кийинчерээк ошол лекциялар китеп катары жарык көргөн.

Үйлөнүү, балдар жана үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Мырза Тахир Ахмад 1957-жылы Асифа Бегамга үйлөнгөн. Алардын Шавкат Жахан, Фаиза, Ясмин Рахман Мона, Атиятул-Мужийб Тууба деген төрт кызы бар, бир кызы бала чагында чарчап калган. Анын уулу болгон эмес, бирок кийинчерээк тарбиялап-окутуу үчүн ал киши Башир аттуу баланы багып алган. Асифа Бегам 1992-жылдын 3-апрелинде панкреатик рагы [6] менен каза болгон. Мырза Тахир Ахмад Ахмадиянын негиздөөчүсүнүн небереси, экинчи Халифа Мырза Башируддин Махмуд Ахмаддын уулу, анын Саййида Марям Бегам аттуу жубайынан, ошондой эле үчүнчү Халифа Мырза Насир Ахмаддын аталаш тууганы да болгон.

Кайтышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Англиянын Тилфорд деген аймагында жайгашкан Мырза Тахир Ахмад (2003-жылдын 19-апрелинде каза болгон) менен Асифа Бегам айымдын (1992-жылдын 3-апрелинде каза болгон) мүрзөсү.

Мырза Тахир Ахмад 2003-жылдын 19-апрелинде жүрөк кармап, анан каза болгон.[7] Жаңы шайланган Халифа Масрур Ахмад Убада кылынган Мессиянын V Халифасы катары 2003-жылдын 23-апрелинде жаназа намазын түшүргөн, анын жаназасына жер жүзүнөн 40,000ден ашуун адамдар катышкан.

Эмгектери, кайрылуулары жана суроо-жооп сессиялары[оңдоо | булагын оңдоо]

Мырза Тахир Ахмад жер жүзүндөгү ар кандай чогулуштарда жана форумдарда ар кайсы дин, кесиптер, маданият жана түшүнүктөргө ээ адамдардын суроолоруна жооп берген. Ал ар кандай суроолорго, мейли Ислам дини жөнүндө болсун же башка маселелер жөнүндө болсун, кандайдыр бир даярдыксыз же жардамы жок жооп берчү.

Курани каримдин урду тилиндеги котормосу[оңдоо | булагын оңдоо]

Анын жашоосундагы эстелик жетишкендиктердин бири – Курани каримдин урду тилиндеги котормосу. Ал Курани каримдин чыныгы маанисин адамдар түшүнүүсү үчүн өз котормосунда жөнөкөй тилди колдонгон.Ал котормо сүрөөлөргө түшүндүрмөлөр жана Курани каримдеги кыйын жана маанилүү жерлерге кыскача тафсирлер (түшүндүрмөлөр) менен дагы толтурулган. Жарык көргөн китеп МТА деген спутник каналдан 1994-жылдары менен 1999-жылдарынын ортосунда көрсөтүлгөн «Куран котормосу» деген сабактардан турат.

«Вахий-аян, Рационалдуулук, Билим жана Чындык»[оңдоо | булагын оңдоо]

Мырза Тахир Ахмад жазган көптөгөн китептердин арасында «Вахий-аян, Рационалдуулук, Билим жана Чындык» аттуу китеби ал 1987-жылы Швейцариянын Цюрих шаарында сүйлөгөн сөздөрүнүн өнүгүшү болгон. Ал бүгүнкү дүйнөгө тиешелүү көптөгөн маселелерди камтыган. Ал китепте ал киши Ричард Докинз[8] деген биологдун теорияларын далил менен жокко чыгарган. Ал Сократты байыркы Грекцияга жөнөтүлгөн бир пайгамбар катары далилдеген, жана бир топ башка көрүнүктүү тарыхый инсандар өздөрүнүн ийгиликтери жана тарыхта тээ алыскы инсандарга көрсөткөн таасиринин айынан пайгамбарлык даражага ээ болушкан, моралдык жактан дагы, материалдык жаткан дагы өсүп-өнүгүшкөн. Аталган китеп динден тартып, бүгүнкү күндөгү илим-билим жана дүйнөлүк өзгөчөлүктөргө чейин бир катар темаларды камтыйт. Бул ар кандай далилдер менен Алла тааланын адамзаттын дүйнөсүндө эзелтеден бери бар экендигинин далилдөөнүн аракетери.

Эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Вахий-аян, Рационалдуулук, Билим жана Чындык – (Илим-наука, философия жана дин ортосундагы алака-байланыштарды текшерет)[9]
  2. Саванех Фазли Умар – (Ахмадия Мусулман Жамаатынын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмаддын расмий өмүр-баяны)[10]
  3. Исламдын Элементардык Окуусу.[11]
  4. Перс чөлкөмүндөгү кризис жана Дүйнөлүк Тартиптүүлүк.[12]
  5. Христианчылык – Акыйкаттан мифке чейинки сапар (Учурдагы христиан ишенимдерин логика жана акылдын негизинде текшерүү жана талкуулары).[13])
  6. Алланын атынан адамдарды өлтүрүү.[14]
  7. Захакал Баатил. (Жалганчылык качты)[15][16][17]
  8. Исламда муртаддын жазасынын акыйкаты (урду тилинде)[18]
  9. Хатм-э-Нубувват (урду тилинде ПДФ)
  10. Гомепатия [19]
  11. Исламдын кээ бир өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү.[20]
  12. Ислам заманбап суроолорго жооп берет.[21]
  13. Калам-э-Тахир (Ырлар Китеби)

Тектеш макалалар[оңдоо | булагын оңдоо]

Адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Халифат, Пайгамбарчылыкка Орун басарлык - Туура жолго багытталган ХалифатАхмадия Халифаты.
  2. Убада кылынган Мессиянын IV Халифасы(ру)тын өмүр баяны.
  3. «Азирети Мырза Тахир Ахмад».
  4. «Исламдагы Ахмадия Кыймылынын кыскача тарыхы: Мусулман Ахмадия Телевидениясы».
  5. Биринчи Эл аралык Байъат, Жалса Салана 1-августь, 1993-жыл, Биринчи Эл аралык Байъат, Жалса Салана 1-августь, 1993-жыл Ютубда.
  6. Ахмад, Мырза Тахир. Жума Кутбасы, 3-апрель, 1992-жыл.
  7. «Жаназалар жарыясы: өткөн жумада каза болгондор». Чикаго Трибьюн. 11-май, 2003-жыл.
  8. «Сокур Саатчы» ким дагы Дудук жана Дүлөй». Жамааттын расмий сайты.
  9. «Вахий-аян, Акыл, Билим жана Чындык». Жамааттын расмий сайты.
  10. Саванех Фазли Умар – Убада кылынган Мессиянын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмаддын расмий өмүр-баяны - Ахмадия Мусулман Жамааты, урдуча беттер». Жамааттын расмий сайты.
  11. «Исламдын Элементардык Окуусу». Жамааттын расмий сайты.
  12. 14. «Перс чөлкөмүндөгү кризис жана Дүйнөлүк Тартиптүүлүк». Жамааттын расмий сайты.
  13. «Христианчылык – Акыйкаттан мифке чейинки сапар». Жамааттын расмий сайты. 1928-12-18.
  14. «Алланын атынан адамдарды өлтүрүү». Жамааттын расмий сайты.
  15. «Арабча».
  16. «Пакистан өкмөтү тарабынан бастырылып чыгарылган «Ак Баракчага» обзору»: Кадияният – Исламга чоң коркунуч». Жамааттын расмий сайты.
  17. http://www.alislam.org/urdu/zb/
  18. «Ислам мейн иртидад ки саза ки хакийкат – Ахмадия Мусулман Жамааты, урдуча беттер». Жамааттын расмий сайты.
  19. «Гомепатия – Эмне менен оорусаң, ошол менен айык». (ПДФ).
  20. «Исламдын кээ бир өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү». Жамааттын расмий сайты.
  21. «Ислам заманбап суроолорго жооп берет»

Шилтмелер[оңдоо | булагын оңдоо]