Ахмадия

Википедия дан
Кадияндагы (Индия) Ак Мунара Ахмадиянын байрагы менен. Ахмадий мусулмандар үчүн Убада Кылынган Мессиянын келүүсүн символдоштурат.

Ахмадия, расмий түрдө Ахмадия Мусулман Жамааты деп аталат; Арабчасы:الجماعة الإسلامية الأحمدية., ал-Жамаъах ал-Исламия ал-Ахмадия деп транслитерацияланат) XIX кылымдын акырында Британияга караштуу Индияда негизделген бир Исламдык диний кыймыл.[1][2]Бул кыймыл Мырза Гулам Ахмаддын (1835-1908) жашоосу жана окуулары менен түптөлгөн, ал киши акырзаманда дүйнөгө келе турган Оңдоочу (реформатор) жөнүндөгү алдын ала кабарлардын тастыктоочусу экенин билдирген, дүйнөдөгү ар кайсы диндердин китептеринде алдын ала кабарлангандай, ал (реформатор) кыяматтын белгиси болушу керек болчу жана Ислам дининде алдын ала кабар берилгендей, Ислам динин соңку жеңишине чыгаруусу керек болчу. Ал 14-хижра кылымдын Мужаддиди (Кудайдан келген Реформатор), мусулмандар күтүп жаткан Убада Кылынган Мессия жана Махдий экенин билдирген.[3][4][5][6]Ахмадия кыймылын ээрчигендер Ахмадий мусулмандар же Ахмадийлер жана (Пакистанда кеңири таралган атама боюнча) кадиянийлер деген ат менен таанылышат.

Ахмадия түшүнүгү төмөндөгүдөй ишенимди өзгөчө баса белгилейт: Мухаммадга түшкөн Ислам дини адамзат үчүн акыркы чечим жана кылымдардан бери жоголуп кеткен анын чыныгы маңызын жана түпкү көрүнүшүн калыбына келтирүү керек.[7] Ахмадия агымын ээрчигендер төмөндөгүдөй ишенишет: Гулам Ахмад диний согуштарды токтотуу, кан төгүүлөрдү сындоо жана кайрадан адеп-ахлактарды, адилеттүүлүктү жана дүйнөдө тынчтыкты орнотуу үчүн Ыйса Машаяка окшош болуп келди. Алар дагы мындай деп ишенишет: ал киши алардын пикиринче Мухаммад жана алгачкы мусулмандар аткарып келген Исламдын чыныгы жана маанилүү таалимдеринин жардамы менен Ислам динин фанатикалык жана бидъат (динге жат болгон) ишенимдерден тазалады.[8] Ошентип, Ахмадийлер өздөрүн Исламды кайрадан жандандырып, тынчтык жол менен жайлытууга жетекчилик кылып жатабыз деп көрүшүүдө.

Мырза Гулам Ахмад 1889-жылдын 23-мартында аталган кыймылга негиз салган жана ал «Ахмадия Мусулман жамааты» деп аталган. Ал киши дүйнө менен коштошкондон кийин, аталган Жамаат Халифалар (орун басарлар) тарабынан башкарылып келет жана дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөлөрү жана аймактарына чейин жайылып кеткен. Ахмадийлер Англияда жана башка Батыш өлкөлөрүнө келген эң алгачкы мусулман жамааттардын бири. Учурда аталган Жамаат өзүнүн Халифасы – Мырза Масрур Ахмад тарабынан башкарылып келинүүдө жана расмий божомолдорго караганда жер жүзүндө анын саны 10дон 20 миллиондун ортосунда [9][10][11].[12] Көпчүлүк мусулмандар Ахмадийлерди каапырлар же адашкандар деп ойлошот жана мусулмандардын негизги бөлүгү жалпысынан аларды мусулман эмес деп ойлойт.[13][14][15]

Атынын келип чыгуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1889-жылы Ахмадия кыймылына негиз салынган, бирок «Ахмадия» деген ат бир канча жылдардан кийин берилген. 1900-жылдын 4-ноябарында жазылган бир манифестте Мырза Гулам Ахмад төмөнкүлөрдү чечмелеген: ушул ат мага эмес, тескерисинче Мухаммаддын экинчи аты болгон «Ахмадга» таандык. Анын айтымында, «аябагандай эле макталган» деген маанини билдирүүчү «Мухаммад» сөзү пайгамбардын бийик салтанаттуу тагдырына, улуулугуна жана күч-кубатына таандык, ал Хижрага (көчүү) убакытта кабыл алынган, ал эми «Ахмад» деген сөз арабчадан алынган, «жогорку даражада макталган» жана «камкор» деген маанини билдирет, жана анын насаат-сөздөрүнүн сулуулугун даңазалайт, Мухаммад аркылуу ачыкка чыккан жумшак көңдүүлүк, ачык жүздүүлүк, карапайымдык, сүйүү, мээримдүүлүк деген өңдүү баалуулуктарын даңазалайт. Ошондой эле ал Мухаммад Пайгамбар өзүнүн таалимдери аркылуу дүйнөдө орнотмокчу болгон тынчтыкка да таандык.

Ошентип, Ахмаддын пикиринче, ушинтип мына ушул аттар Исламдын эки аспектине же баскычына таандык, жана соңку мезгилдерде аягында сөз кылынган жагы (аспекти) көңүл борборунда болушу керек болчу.[16] Ислам дининдеги ар кандай агымдар жана мазхабдар кабыл алган миңдеген ар түрдүү аттарды ал киши «бидъат» (динге жаңылык) деп, Исламдын Пайгамбарынын ушул эле эки аты бар болгон дейт.[17] Ахмадийлердин пикиринче, ошол эле себептен «Байыркы Осиятта» «Мусага окшош» бир Пайгамбар жөнүндө алдын ала айтылган кабар Мухаммадга таандык, ал эми Куран боюнча Ыйса Машайак Ахмад аттуу пайгамбар жөнүндө алдын ала айткан.(Куран 61:6)Ахмад дагы буга Ахмадия мазхабы деп ат койгон (Ислам мазхабдарынын бири):

اور جائز ہے کہ اِس کو احمدی مذہب کے مسلمان کے نام سے بھی پکاریں۔- Бул (Жамаат)ты «Ахмадий мазхабындагы мусулмандар» деген ат менен дагы чакыруу дурус».[18]

Ишенимдеринин корутундусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул Ислам кыймылы болгондуктан (тактап айтканда, Ахмадйилер мусулмандар) болгондуктан алардын ишенимдери Исламдагындай, айрыкча алардын ишенимдери көбүрөөк Суний рабаяттар катарында турат, мисалга, Исламдын беш негизи же тиреги жана ыймандын алты негизи. Ошондой эле Ахмадийлер Куранды өзүнүн ыйык китеби катары кабыл алышат, намаз аткарганда Каабага жүздөнүшөт, Хадистердин (Мухаммаддын айткандары жана окуялары) өкүмүн кабыл алышат жана Мухаммаддын Сүннөтүн ээрчишет.[19] Ахмадий Мусулмандардын көз карашын түзө турган борбордук ишенимдер ушулар. Ахмадия Мусулман Жамаатынын ишенимдеринин маанилүү өзгөчөлүгү – бул Ислам дининин Пайгамбары Мухаммад айткан алдын ала кабарына ылайык Мырза Гулам Ахмадга Убада кылынган Мессия жана Махдий катары ишенишкендиги. Өзүнүн билдирүүсүн жыйынтыктап, Ахмад мындай деп жазат:

Алла таала мага жүктөп, мени жөнөткөн милдет бул: Алла таала менен Анын пенделеринин ортосундагы байланышта пайда болуп калган таарынычты кетирип, сүйүү-махабат жана ыкыластуулук алакасын кайрадан жандандыруу үчүн, чындыкты даңазалап, диний согуштарга чекит коюп, элдешүүчүлүккө негиз салуу үчүн, дүйнөнүн көзүнө көрүнбөй калган жашыруун болгон чындыктарды ачыкка чыгаруу үчүн, напсилик караңгылыктардын астында калып кеткен руханийликтин үлгүсүн көрсөтүү үчүн, адам баласынын ичине кирип, көңүл буруу же дуба аркылуу даңазалана турган Алла тааланын күч-кубаттарынын ахвалын куру сөздөр менен эмес, тескерисинче иш жүзүндө айтып берүү үчүн, баарынан да аша чаап ар түрдүү ширктин аралашуусунан таза болуп, азыркы күндө жоголуп кеткен жаркыраган Таухийддин (Алланын жалгыздыгы) көчөтүн кайрадан түбөлүккө отургузуу үчүн жөнөтүлгөнмүн. Ушулардын баары менин кудуреттүүлүгүм менен болбойт, жок асман менен жердин Кудайынын кудуреттүүлүгү менен болот.[20] 

Буга байланыштуу, ал өзүнүн максат-мүдөөсү деп Исламды коргоо жана тынчтык жол менен бүткүл дүйнөгө жайылтуу, Исламдын унутулуп калган тынчтык, кечиримдүүлүк жана бардык адамдарга боорукер болуу деген баалуулуктарын калыбына келтирүү жана Ислам окуулары аркылуу дүйнөдө тынчтыкты орнотуу экенине ишенет. Ал киши менин кабарымдын материализмге чөгүп кеткен Батыш дүйнөсү менен өзгөчө алакасы бар экенине ишенет. [21]

Ахмадий окуулар дүйнөдөгү бардык ири диндердин негиздөөчүлөрү Алла тарабынан келген деп окутат. Алла таала Исламды акыркы дин катары орнотуунун үстүнөн иштеп жаткан эле, себеби ал эң толук жана башка диндердин мурунку бардык таалимдерин да өз ичине алган дин болчу. [22](Бирок алар башка диндердин баары өзүнүн азыркы көрүнүшүндө адашкан деп ишенишет). Диндин өсүп-өнүгүүсү Мухаммаддын келүүсү менен толукталып жеткилеңди; Мухаммаддын пайгамбарчылыгынын «программасы» Махдийдин келүүсү менен толукталып, анын кабары жайылышы керек болчу.[23] Мына ошондон улам Ахмадия Мусулман Жамааты Мырза Гулам Ахмадды Ибрахиймге таандык диндердин китептеринде кезигүүчү алдын ала кабарларды, ошондой эле Зороастризм дининде, Индия диндеринде, америкалык руханий рабаяттарда (уламыштарда) ж.б.ларда кезигүүчү алдын ала айтылган кабарларды орундатуучу «Убада кылынган инсан» катары кабыл алат.[24] Ахмадий мусулмандар Алланын жалгыздыгын орнотуу жана адамдарды Аллага таандык жана Алланын жаратылышына таандык милдеттерин кайрадан эскертүү үчүн Ахмад Мухаммаддын пайгамбарчылыгынын чыныгы күзгүсү (чагылдырылуусу)катары Алла таала тарабынан дайындалган деп ишенишет.[25][26]Ислам акыйдасын жыйынтыктап, Ахмад мындай деп жазат:

«Ыймандын экөө гана толук бөлүгү бар: бири - Алланы сүйүү; экинчиси – адамзатты ушунчалык катуу сүйүп, алардын башына түшкөн кыйынчылыктарын, сыноолорун жана балээ-кырсыктарын өзүнүкү деп ойлоо жана алар үчүн дуба суроо».[27]

Ахмадия ишеними акыркы күндөрдө Ислам динин кайрадан жандандырып жаткандыгын билдирет. Чет өлкөлөрдө Ахмадиянын миссионердик ишмердүүлүктөрү кандайдыр бир система түрүндө 1913-жылдары башталган (мисалга, Лондон шаарындагы Патни деген аймакта Англиядагы миссиясы). Мусулман дүйнөсүнүн ичинен дүйнөдөгү көптөгөн өнүккөн мамлекеттер менен биринчилерден болуп, байланыша турган кыймыл - бул Ахмадия кыймылы.[28]Кээ бир тарыхчылар Ахмадия кыймылын Африкалык-Америкалыктар тарабынан Америкада жарандык укуктарды алуу үчүн башталган кыймылга жетекчи деп ойлошот. Кээ бир адистердин[29] пикиринче, 1950жылдарга чейин Ахмадия «Африкалык- Америкалык мусулмандардын арасында күчтүү таасир этүүчү Жамаат» катары таанылган. Бүгүнкү күндө дүйнөдө эң активдүү миссионердик программалары бар жамааттардын бири Ахмадия Мусулман Жамааты. Айрыкча кеңири деңгээлде Африкада бар. Колониялаштыруу доорунда аталган Жамаат көбүрөөк бул континентте Исламды жайылтуу менен бааланат.[30]

Ыймандын негиздери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмадий Мусулмандар мусулмандардын көпчүлүгү карманган ишенимдерди эле карманганын билдиришет, ал эми «Хаатамун-Набиййин» сөзүнүн мааниси деген маселеде башкалардан айырмаланышат. Мухаммаддын сүннөтүнө негизделген, сунний мусулмандар ишенген ыймандын алты негизи боюнча алар өз ара окшош:

Алланын жалгыздыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Цюрихте жайгашкан «Махмуд» аттуу мечиттин тышында күбөлүк, Алланын жалгыздыгын билдирүүчү күбөлүк келимеси жазылган.

Ахмадий мусулмандар албетте Алланын бирөө экендигине чечкиндүү түрдө ишенишет. Аталган Жамааттын түшүндүрүүсү боюнча, ушул принципти кабыл алуу өтө эле зарыл жана ал Исламдын негизги принциби. Исламдагы башка бардык ишенимдер ушул эле ишенимден атылып чыгат. Алланын бирөө экенине ишенүү адамдын жашоосунун бардык тармактарына өз таасирин тийгизет, ошондой эле анда кеңири жана терең маани бар деп түшүнүлөт. Мисалга, Алланын жалгыздыгын түшүндүрүп, Курандын «Алардан башка курчоого алуучу күч эч кимде жок» деген аяты Алладан коркуудан башка бардык коркунучтарды жокко чыгарат деп түшүнүлөт. Бул бүтүндөй Аллага тобокел кылуу жана ар бир жакшылык Андан гана чыгарына басым жасайт. Жалпысынан, Алланын жалгыздыгына ишенүү момун-мусулмандарды напсилик каалоолордун, кулчулуктун жана сезим-туйгулардын дүйнөлүк көз карандылыгынын бардык көрүнүштөрүнөн куткарат деп түшүнүлөт. Жамааттын негиздөөчүсү мындай деп жазат:

Таухийд (Алланын жалгыздыгы) – бул бардык ички жана тышкы дүйнөгө таандык кудайларды жокко чыгаргандан кийин жүрөктө пайда боло турган бир нур. Анан ал адам денесинин ар бир бөлүкчөсүнө сиңип кетет. Демек, ал Алла жана Анын Пайгамбарынын жардамысыз болгону адамдын өз күчү менен насип этилиши мүмкүнбү? Адамдын мен илим-билимдер менен чоңойгонмун деген шайтандык көйрөңдөнүүнү таштап салсын жана өзүн кандайдыр бир билимсиз адам сыяктуу элестетип, дуба менен алектенип турсун. Ошондо Таухийддин нуру Алла таала тарабынан ага түшүп, ага кандайдыр бир жаңы жашоо тартуулайт.[31]

Ислам дининдеги Таухийд деген түшүнүк ар түрдүү адамдардын биримдүүлүгү деген сезимди жаратат жана ушул жааттагы бардык тоскоолдуктарды жогот деп да түшүнүлөт. Бардык адамдардын, этниктердин жана өң-түстөрдүн ар түрдүүлүгү кабыл болууга ылайык нерсе деп түшүнүлөт. Ошентсе да, Алла тааланын жалгыздыгына ишенүү Жаратуучу менен жаратылыштын ортосунда бүтүндөй гармония деген түшүнүктү пайда кылат деп түшүнүлөт. Алланын айтканы менен кылганынын ортосунда кандайдыр бир карама-каршылык болуу мүмкүн эмес деп түшүнүлөт.[32][33]

Аталган Жамааттын түшүнүгү боюнча, Ислам дини Алла тааланы бардык жакшылыктардын башаты жана бардык айып-кемчиликтерден таза экенин айтат. Алла таала Өзүн ар бир жерде даңазалай турган жана Өз пенделеринин дубаларын кабыл ала турган Тирүү Кудай деп эсептелинет. Ахмадий мусулмандар Алла тааланын сапаттары түбөлүктүү деп ачык-айкын ишенишет. Ошондон улам гана Ахмадия окуулары Алла таала кудум мурун кылгандай, азыр дагы адамдар менен алака-байланышын түзөт деген көз карашты баяндайт.

Периштелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Периштелер жөнүндө Ислам дининин көз карашы Периштелерге ишенүү Ахмадия Мусулман Жамаатынын негизги акыйдаларынын бири. Алар Алла таала тарабынан Ага баш ийүү үчүн жана Анын буйруктарын ишке ашыруу үчүн жаратылган руханий жаратылыштар. Адамдарга окшоп периштерлер көз карандысыз каалоого ээ эмес жана өз эрки менен иштей алышпайт. Алар Алла тааланын буйругунун негизинде вахий-аянды пайгамбарларга алып келишет, пайгамбарлардын душмандарына жаза беришет, Алла тааланы улуктап, Ага мактоо-алкоо айтышат, жана адамдар жасаган иштеринин эсеп-кысабын жазып турушат. Периштерлер жөнөкөй көздөргө көрүнбөйт. Ошентсе да, Ахмадия Мусулман Жамаатынын айтымында, кээде алар адам баласына бул же тигил көрүнүштө ачыкка чыгышат. Бул ачыкка чыгуу физикалык түрдө эмес, тескерисинче руханий көрүнүштө болот.[34]Ахмадий муслумандар периштелерди өзүнчө жаратылыш катары бар болгон асмандык макулуктар деп түшүнүшөт. Алар аткарып жаткан башкы роль – бул Алланын кабарларын адамдарга жеткизүү. Курани каримдин негизинде, материалдык жана диний ааламдын баардыгы периштелер делинген кээ бир руханий күчтөр тарабынан башкарылып жатат. Алар аткара турган ар бир иши бүтүндөй Алла тааланын Каалоосуна жана Ал нерселер үчүн түзгөн схемага моюн сунган болот. Ахмадий мусулмандар чечмелеп жаткан Ислам дини боюнча, алар үчүн белгилеп коюлган жумуштар же ишмердүүлүктөн же Алла таала нерселер үчүн түзгөн жалпы эрежелерден четке чыга алышпайт.[35]

Китептер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмадий котормочулар тарабынан которулган айрым Куран котормолору 2009-жылы Франкфурт Китеп Көргөзмөсүнө коюлган.

Ахмадий мусулмандардын ишеними боюнча, ыймандын үчүнчү негизи же тиреги – бул Алла таала тарабынан бардык пайгамбарларга түшүрүлгөн китептрге ишенүү деп эсептелинет. Буга Тоорат, Инжил, Забур, Ибрахиймдин баракчалары жана Куран кирет. Ислам дининин пайда болушунан мурун диндин тарыхы кандайдыр бир диний курамдарга бөлүнгөн деп түшүнүлөт, анда ар бир пайгамбар атайын бир мезгилге жана жайга ылайыктуу таалимдерди алып келчү. Ошентип, алардын башталышында Алла таала тарабынан жөнөтүлүүчү таалимдерде бар болгон майда-барат жактарынан башка негизги ишеним бири-бирине окшош болуп, ошол мезгилге жана жайга жараша тандалчу. Курандан башка Кудай тарабынан келген китептерге адам баласы кол тийгизүүсү мүмкүн болчу деп ишенилет. Ислам дини Алла таала Өз пайгамбарларын ар бир коомго жана жер жүзүндө өзүнчө жашаган жамааттарга жөнөткөн деп моюнга алат. Ошондуктан, Ахмадия окуулары боюнча, Ибраахийм динине таандык китептерден тышкары, мисалы Ведалар жана Авеста дагы Алла таала тарабынан жөнөтүлгөн деп эсептелинүүсү керек. Аталган Жамаат ишенет: кабыл алынган китептердин арасында Курани карим Алла таала тарабынан адамдар үчүн түшүрүлгөн эң акыркы Китеп. Курандын таалимдери түбөлүктүү деп түшүнүлөт.[36]

Пайгамбарлар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмадий мусулмандардын пикиринче, ыймандын төртүнчү негизи же тиреги – бул Алла таала тарабынан жөнөтүлгөн пайгамбарларга ишенүүгө тиешелүү. Ахмадий мусулмандар мындай деп ишенишет: качан дүйнө адашууга жана бузукулукка толуп кетсе, же качан дүйнөдөгү бир аймак мына ошондой жаман кылыктарды көрсөтсө, же качан кайсы бир мыйзамды (динди) ээрчигендердин амалдары жаман болуп кетсе, же ошол жаманчылык таалимдери ыйманга аралашып кетсе, ошентип ыйман таштанды нерселер сыяктуу болуп калса, же Кудайдын Жардамынын зарылдыгы туулса, анда Алланын Каалоосун кайрадан орнотуу үчүн Алланын пайгамбары жөнөтүлөт. Куранда жана Байыркы Осуятта айтылган бардык пайгамбарларга ишенүүдөн тышкары аталган Жамаат Зараостраны, Кришнаны, Будданы жана Конфуцийди да пайгамбар катары тааныйт.[37]

Ахмадия ишенимдери боюнча, «эскертүүчү» (نذیر), «пайгамбар» (نبی), «элчи» (رسول) жана «ма'мур» (مرسل) деген Ислам терминдери маани жагынан өз ар синоним болуп саналат. Ошентсе да, аталган Жамааттын түшүнүгү боюнча, пайгамбарлыктын эки түрү бар: Шарият алып келүүчү пайгамбар, алар жаңы мыйзам жана шариятты алып келишет, мисалы Муса(ас) (ага Тоорат берилген) жана Мухаммад(сав) (ага Куран берилген); жана жаңы шариятты алып келбөөчү пайгамбарлар, алар өзүнөн мурун түзүлгөн үммөттүн ичинен чыгышат, мисалы, Жеремия, Ыйса жана Мырза Гулам Ахмад. Адам менен Алла таала сүйлөшкөн жана ага Өз Каалоосун түшүргөн биринчи инсан болуп саналат, ошон үчүн башка көпчүлүк мусулмандар, жөөттөр жана христиандардын ишениминен айырмаланып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын айтымында, ал жер үстүндө биринчи инсан эмес, тескерисинче биринчи пайгамбар деп түшүнүлөт. Ахмадия Мусулман Жамаатынын айтымында, ушул көз караш Курандын өзүнө негизделет.[38] Ахмадийлер Мухаммад акыркы шариятты алып келген пайгамбар экенине ишенишет, бирок шариятсыз пайгамбарлыктын уланаарын окутушат.

Акырет (кыямат күнү)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бешинчи ыйман негизи же тиреги акыретке тиешелүү [39] Ахмадийлердин айтымында, Таухийдге (Алланын жалгыздыгына) ишенгенден кийин эң баса белгиленген доктрина – бул акыретке (кыямат күнүнө) ишенүү.Ахмадий мусулмандардын ишенимдери боюнча, Кыямат күнү бүтүн аалам жок болуп кетет, башка бардык мусулман агымдар жана фикх мектептери дагы дал ошол эле көз карашта. Өлүктөр кайрадан тирилтилип, алар дүйнөдө жасап жүргөн амалдары боюнча алардан эсеп-кысап алынат. Амалдары жакшы болгондор бейишке киришет, ал эми амалдары жаман болгондор тозокко ташталышат. Ахмадийлер боюнча, тозок узак убакытка созулуучу, ал эми түбөлүккө уланбоочу, убактылуу жай деп түшүнүлөт, бул көбүрөөк Иудаизмге окшоп кеткен жана байыркы мусулман уламаларынын, мисалы Ибн Таймия жана Ибн Арабий сыяктуулардан алынган көз караш. Ал адамдардын күнөөлөрү тазалана турган оорукана сыяктуу деп окутулат, жана ушул көз караш Куран жана хадиске негизделинет.[40]

Алланын тагдыры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмадия Мусулман Жамаатын мындай деп ишенет: ушул ааламдагы бардык иш-амалдардын соңку натыйжасын Алланын тагдыры башкарат. Алланын тагдырынын чек араларынын ичинде адам баласына өз жолун тандоо эрки берилген.[41] Ахмадий мусулмандар бардык адамдар кыямат күнү өздөрүнүн ниеттеринин жана амалдарынын негизинде соттошулат деп ишенишет. Ахмадийлер мындай деп ишенишет: илим-наука – бул Алланын иш-амалдарын окуп-үйрөнүү жана дин – бул Алланын Сөздөрүн окуп-үйрөнүү жана ал экөөсүнүн ортосунда карама-каршылык болушу такыр мүмкүн эмес. Алар Куран бизге түшүндүргөндөй, Адам жер үстүндө биринчи инсан болбостон, болгону биринчи пайгамбар болгон деп ишенишет. Ахмадий мусулмандар Алла тарабынан туура багытталгандыгына карабастан, денелик эволюция деген теорияга ишенишет.

Беш негизи же тиреги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көптөгөн Ахмадий мусулмандар ажылык зыяратына барышса да, бирок Сауд Арабиясанын мыйзамы мыйзам түрүндө аларга тыюу салат.

Исламдын беш тиреги (اركان الاسلام); (اركان الدين), «диндин тиректери» деп да аталат, алар Исламдын негизги беш амалы, бардык Ахмадий мусулмандар үчүн парыз деп эсептелинет.[42]Куран аларды сыйынуу үчүн схема жана ыймандын чын ыкыластуулугунун белгиси катары сунуш кылат. Алар 1) Шахаадах, күбөлүк келимеси; 2) күндө беш маал намаз (Салаат); 3) Зекет; 4) Рамазан айынын орозосун кармоо 5) жана өмүрүндө кеминде бир жолу Меккени зыярат кылуу (ажылык).[43]Ушул амалдарды аткаруу жолундагы зарыл түшүнүктөрдүн маселесинде Ахмадий мусулмандар Ислам дининин Шиит жана Сунний багыттарынын экөөсү менен бир кыл пикирде. Пакистанда мыйзам жолу менен жана башка кээ бир мусулман өлкөлөрүндө зулумдук жол менен өздөрүн мусулман деп айтууга тыюу салынган. Бул нерсе кайсы бир деңгээлде ушул парыз амалдарын аткарууга кыйынчылыктарды туудурат. Ахмадий мусулмандар кээ бир өлкөлөрдөн ажылык зыярат үчүн Меккеге барышса дагы, бирок Сауд Арабиясынын мыйзамы боюнча аларга уруксат жок.[44]

Өзгөчө таалимдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмадий мусулмандардын Исламдын беш тирегине жана ыймандын алты негизине болгон ишеними көпчүлүк Сунний мусулмандардыкындай жана ал Ахмадия ишенимдеринин негизи болсо дагы,[45] Ахмадия ишенимдеринин өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр:

Экинчи келүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башка көпчүлүк мусулмандардан айырмаланып, Ахмадий мусулмандар мындай деп ишенишет: Ыйса крестке кагылган жана төрт сааттан кийин эле кресттен алынган. Андан кийин мүрзөгө коюлган соң ал өзүнүн эсине келген.[46] Ахмадийлер Ыйса Израилдин жоголгон урууларын издеп барып, карылык жаш курагында Кашмирде көз жумган деп ишенишет.[47] Ыйса Кашмирде Йууз Асаф деген ат менен көмүлгөн деп түшүнүшөт. Айрыкча, мындай деп ишенишет: Ыйсанын кайра келүүсү жөнүндөгү Библияда жана Ислам дининде бар алдын ала айтылган кабарлар сөзмө-сөз эмес, тескерисинче метофорикалык маанидеги кабарлар жана ошол алдын ала айтылган кабарлардагы Ыйсанын кайра келүүсү Мырза Гулам Ахмаддын сыпатында орундалды. Ахмадий мусулмандар «Убада Кылынган Мессия» жана «Имам Махдий» бир эле инсан, ошондой эле анын таалимдери, таасирлери, дубалары жана аны ээрчигендер аркылуу Ислам дини Анти-Христи же Дажжалды, кандай христиан дини дүйнөдө жайылганына кеткен убакыттын ичиндегидей убакытта жеңилүүгө дуушар кылат, жана Дажжалдын кудуреттүүлүгү акырындап жоголуп, Исламдын соңку жеңиши жана тынчтыктын доору жөнүндөгү алдын ала кабарлардын орундалганына жарыя болуп саналат деп дагы ишенишет.

Пайгамбарлардын мөөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кадияндагы (Индия) Ак Мунара, Ахмадий мусулмандар үчүн Убада Кылынган Мессиянын түшүүсүн символдоштурат.

Ахмадий мусулмандар Куран Алла таала тарабынан адамдар үчүн жөнөтүлгөн акыркы кабар экенине ишенишкендигине карабай, Алла таала мурункудай эле, азыр дагы Өзүнүн тандалган пенделери менен алака-байланышты түзүүнү улантат. Алла тааланын бардык сыпаттары түбөлүктүү деп да ишенишет. Айрыкча Ахмадий мусулмандар мындай деп ишенишет: Мухаммад эң жеткилең пайгамбарлыкты алып келди, ошондой эле акыркы шариятты жана адамзатка эң бийик руханий ыңкылап алып келген пайгамбар болчу. Мухаммадга бүтүндөй көз каранды болуп гана жаңы пайгамбарлар келе алышат, бирок жакшылыктар боюнча андан өтө алышпайт, ошондой эле анын таалимдерин өзгөртө алышпайт, же кандайдыр бир жаңы мыйзамды же динди алып келе алышпайт. Алар мындай деп дагы ойлошот: мурунку келген пайгамбарлар сыяктуу болуп көз карандысыз пайгамбарлар болуунун ордуна Мухаммаддын күзгүлөрү катары келишет.[48]

Жихад[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмадий мусулмандардын ишенимдери боюнча «жихад» үчкө бөлүнөт: Жихадул-Акбар (эң улуу Жихад) – бул өзүнө каршы күрөшүү жана ачуулануу, кызуу кандуулук, жек көрүү өңдүү төмөн каалоолорго каршы катуу аракеттенүү; Жихадул-Кабийр (эң бийик жихад) – бул тынчтык жолу менен Ислам динине чакыруу, калем аркылуу Исламдын чыныгы кабарын жайылтууга өзгөчө басым жасоо; Жихадул-Асгар (Эң кичүү жихад) – бул кимдир бирөө өзүнүн негизги диний ишенимдерин иш жүзүндө аткара албай, катуу кысымдарга дуушар болуп, өтө оор ахвалда болгондо коргонуу.[49] Ахмадий мусулмандар төмөндөгүдөй баса белгилешет: Ислам дининде алдын ала айтылгандай, Мырза Гулам Ахмад жихаддын куралдуу көрүнүшүн Исламдын бул доорунда ишке ашыруу мүмкүн эмес деп тыюу салган, дин катары ага аскердик чабуулдар жасалбайт, тескерисинче китептер жана башка медиалар аркылуу чабуулдар жасалат, ошон үчүн жооп дагы дал ошондой ыкмада кайтарылуу керек.[50] Алар жек көрүүгө сүйүү жана мээримдүүлүк менен жооп кайтаруу керек деп ишенишет.[51] Терроризм маселесинде Жамааттын төртүнчү Халифасы мындай деп жазат: «Ислам дининин таалимдери боюнча, ал кескиндүү түрдө терроризмдин бардык көрүнүштөрүн жокко чыгарат жана сынга алат, ал эч бир чыр-чатакта жана баш аламандыкты, мейли ал жеке адам тарабынан жасалсын же кандайдыр бир топ тарабынан же өкмөт тарабынан жасалсын, колдобойт же аны орундуу деп айтпайт.[52]

Дин жана илим-наука[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дин жана илим-наука Ахмадий мусулмандар мындай деп ишенишет: Алла тааланын сөзү менен Алла тааланын иш-амалынын ортосунда кандайдыр бир карама-каршылык болушу такыр мүмкүн эмес, ошон үчүн дин жана илим-наука бири-бири менен гармонияда иштеши керек.[53] Өзгөчө ушул алака-байланыш маселесинде Ахмадия Мусулман Жамаатынын Экинчи Халифасы мындай деп айтат: Алланын вахий-аянын түшүнүү үчүн Анын иш-амалын окуп-үйрөнүү керек, жана Анын иш-амалынын белгилерин (жышаандарын) сезүү үчүн Анын сөзүн окуп-үйрөнүү керек.[54] Нобел сыйлыгына ээ болгон, өтө эле берилген бир Ахмадий мусулман – Абдус Саламдын айтымында, Курандын 750 аяты (чамасы ал Китептин 1/8 бөлүгү) момун-мусулмандарга мындай деп басым жасайт: Табиятты окуу, ага ой жүгүртүү, нерселердин акыйкатын билүүгө акылды мыкты пайдалануу, илим-билимди үйрөнүү жана илим-науканын түшүнүктөрүнө ээ болуу коомдун жашоосунун бөлүгү.[55]

Башка айырмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курандын бир дагы аяты башка аятын жокко чыгарбайт же бекер кылбайт. Алар Курандын эң мыкты сулуулугуна жана ишенимдүү жарамдуулугуна жасаган басымдары боюнча, Курандын бардык аяттары бирдей жарамдуулукка ээ.[56] Сыртынан караганда, фатвалардын ортосундагы карама-каршылык алардын фикхтик дефляциясы аркылуу Ахмадий фикхинде бир чечим кылынды, демек кандайдыр бир фатва (ал өзү түшкөн өзгөчө кырдаалда ишке ашырылат деп түшүнүлөт) эң аягында түшкөндүгү үчүн таасирдүү эмес, тескерисинче убакыттын талаптарына аябай ылайык келгендиги үчүн таасирдүү.[57]

Диндин тарыхы кандайдыр бир алкак жана ар жети миң жылдан кийин жаңыланат. Азыркы доор Библиядагы Адамдан башталып, жети заман же доорго бөлүнөт, ал жуманын жети күнүнө окшоп кетет, анда жарык жана караңылык доорлору да бар. Мырза Гулам Ахмад алтынчы доордо Убада Кылынган Мессия катары келип, адамзаттын жетинчи жана акыркы доору экенин жарыялоодо.[58] Алланын бир күнү адамдардын бир миң жылына тете. (Куран 22:47) Гулам Ахмад боюнча, жуманын алтынчы күнү жума үчүн өзгөчөлөнгөн (Жамаат намаздары), кудум ушундай анын доору адамзаттын бүткүл дүйнөлүк чогулушу үчүн белгиленген, анда дүйнө бир эле эл аралык дин – Ислам дининин астында чогулат.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмадиялык күндарек
1882 Мырза Гулам Ахмад (элге жарыялабай) 14-Ислам кылымынын Мужаддиди экенин билдирген)
1889 Мырза Гулам Ахмад Ахмадия Мусулман Жамаатын түзгөн.
1890 Мырза Гулам Ахмад өзүнүн акырзаманда келе турган «Убада Кылынган Мессия» жана «Имам Махдий» экенин билдирген.
1908 Мырза Гулам Ахмад Лахор шаарында каза тапкан. Хакийм Нуруддин Биринчи Халифасы болуп шайланды.
1914 Мырза Башируддин Махмуд Ахмад Экинчи Халифасы болуп шайланган.
1947 Мырза Башируддин Махмуд Ахмад Лахор шаарына (Пакистанга) көчүп келген.
1948 Мырза Башируддин Махмуд Ахмад Рабвах шаарын Жамааттын жаңы борбору катары негиз салган.
1965 Мырза Насир Ахмад Үчүнчү Халифасы болуп шайланган.
1982 Мырза Тахир Ахмад Төртүнчү Халифасы болуп шайланган.
1984 Мырза Тахир Ахмад Лондонго (Англия) көчкөн, Жамааттын борбору дагы Лондонго көчкөн.
2003 Мырза Масрур Ахмад Бешинчи Халифасы болуп шайланган.

Расмий түрдө Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарыхы Мырза Гулам Ахмад 1889-жылдын 23-мартында Индиянын Лудхияна шаарында жайгашкан бир үйдө өзүнүн бир топ шериктеринен алган байъат (ант) менен башталат. Ошентсе да, тарыхты Ахмаддын башталгыч жашоосунан баштасак дагы болот, качан ал өзүнүн келечеги жөнүндө вахий-аян ала баштаган деп айтылат, ал эмес ар кандай дүйнөлүк диндердин рабаяттарынан баштасак да болот. ХIX кылымдын аягында Кадияндык Мырза Гулам Ахмад өзүнүн «Исламдын Жүз жылдык Реформатору» (Мужаддиди), каймана мааниде Ыйсанын Экинчи келүүсү жана мусулмандар күтүп жаткан Махдий (туура жолго багытталган инсан) экенин жарыялап, өзүн ээрчигендердин кандайдыр бир көзгө көрүнүүчү санын айрыкча эки облуста, Пенжаб жана Синдхте чогулткан. Ал жана аны ээрчигендер мындай деп билдиришкен: анын келүүсү жөнүндө Исламдын Пайгамбары Мухаммад алдын ала айткан, ошондой эле дүйнөдөгү башка диний китептерде дагы алдын ала айтылган. Ахмадия – бул Индияда XIX кылымда миссионердик ишмердүүлүгү кеңири жайылган Христиан динине жана Аария Самаажга жооп катары пайда болгон Ислам Жамааты.

Биринчи Халифа[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мырза Гулам Ахмад каза тапкандан кийин Хакийм Нуруддин бир ооздон анын биринчи орун басары жана Жамаааттын биринчи Халифасы катары шайланган. Анын алты жылга созулган халифалык доорунда ал Курандын англис тилиндеги котормосуна эң жакшы көзөмөлдүк кылган, Англияда Ахмадия Мусулман Жамаатынын биринчи миссиясын ачкан жана Жамааттын ар кандай газета-журналдарына негиз салган, Жамааттын финансылык каражаттарынын өсүп жаткан муктаждыктарынын натыйжасында ал расмий түрдө казынаны ачкан. Аябай көңүл буруучу нерсе, качан Ахмадия Анжуманындагы жогорку кызматты ээлеген кээ бир адамдар анын кээ бир башкаруучулук концепциялары жана Халифанын милдеттери маселесинде ага макул болбогондо, ал киши ички карама-каршылыкты бир жаңсыл кылган.

Экинчи Халифа[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Желеги, эң алгач 1939-жылы Экинчи Халифанын доорунда жасалган.

Биринчи Халифа каза тапкан соң Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад өзүнөн мурунку Халифанын тилегине ылайык экинчи Халифа катары шайланган. Ошентсе да, Мавлана Мухаммад Али жана Хаважа Камалуддин баш болгон тайпа анын орунбасарлыгына катуу каршы чыгып, аны кезектеги Халифа катары кабыл алуудан баш тартышкан, анан көп өтпөй ушул топ Лахордогу Ахмадия Кыймылын негиздешкен. Мырза Гулам Ахмаддын пайгамбарлыгы жана орунбасарлыгы сыяктуу маселелерде кээ бир көз караштык айырмалардын айынан Халифага каршы чыгышкан.[59] Каршылык көрсөткөндөр менен Халифанын салыштырмалуу аз окугандыгы дагы өз ролун ойногон.[60] Ошентип, Лахордогу Ахмадия Кыймылы Лахор шаарында жайгашып, салыштырмалуу бир аз ийгиликке жетишишкен, бирок аларды ээрчигендердин салмактуу санын өзүнө тарта алышкан эмес.[61] Жамааттын тарыхында бул окуя «Адашуу» деп эсептелинет жана Жамааттын негиздөөчүсү айткан алдын ала кабарына дагы ишаарат кылат.

Жаш курагында шайланган Махмуд Ахмаддын халифалык доору чамасы 52 жылга созулган. Ал Жамааттын башкаруучулук структурасын түзгөн жана Индия деген суб-континенттен тышкары кеңири жайылган миссионердик ишмердүүлүгүнө көзөмөлдүк жүргүзгөн. Ал шайлангандан бир канча жумадан кийин бүткүл Индиядан Исламга даават кылуу темасында талкуу жүргүзүү үчүн делегаттар чакырылган. Жыйырма жылдан кийин Махмуд Ахмад чет өлкөлөрдө миссияларды ачуу үчүн жана Ахмадий мусулмандарды адеп-ахлактар жагынан өнүктүрүү үчүн бир проектти баштаган. Тахрик-э-Жадид жана Вакф-э-Жадид же «Жаңы Долбоор» жана «Жаңы багыштоолор» биринин артынан бири ачылган, башында Ахмадий мусулмандардын каршылаштарына каршы руханий согуш сыяктуу каралган, ал аркылуу Ахмадий мусулмандар дин үчүн өз убакыттарын жана мал-мүлктөрүн арноого чакырылган. Бир убакытта аталган проект жалпысынан Ислам динин, айрыкча Ахмадия ишенимдерин коргоп, өтө эле кенен адабияттар менен камсыздаган. Ахмадий миссионерлерди даярдоого жана Индия суб-континентинен башка жерлерге жөнөтүүгө да ал акча коротулган.[62]

Анын доорунда 46 өлкөдө миссиялар ачылган, бир топ чет өлкөлөрдө мечиттер салынган жана дүйнөдөгү бир топ ири тилдерде Куран котормолору басмадан чыгарылган. Кийинки халифалардын доорунда дагы Жамаат өз өсүп-өнүгүүсүн уланта берген болсо, кээде тездик менен, бирок ошол өсүп-өнүгүү доорун баштоо иши менен Экинчи Халифа сыймыкта алат. Махмуд Ахмад толтура китептерди жазган, алардын арасында эң маанилүүсү – бул он томдон турган Курани каримдин тафсири.

Үчүнчү Халифа[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мырза Насир Ахмад Ахмадия Мусулман Жамаатынын үчүнчү Халифасы катары 1965-жылдын 8-ноябрында шайланган. Андан мурунку халифа баштаган миссионердик ишмердүүлүгүн дагы өнүктүргөн, айрыкча Африкада, ошондой эле Пакистандын Жогорку Кеңеши аталган Жамаатты мусулман эмес азчылык деп токтом чыгарган күндөр аралыгында Жамаатка күчтүү жетекчилик кылып жана багыт берип турган.[63][64] Нусрат Жахан Саким деген проект аркылуу Африкада бир топ клиникалар менен мектептерди ачкан жана ал кишинин 1970-жылы Батыш Африкага жасаган иш сапарынын жемиштеринин бири болуп саналат, ошондой эле бир Ахмадий Халифа тарабынан ал континентке жасалган алгачкы иш сапары деп айтылат. Ал киши заманбап Испаниядагы биринчи мечитинин эң башталгыч таш коюу аземи сапарында: Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес деген Ахмадия девизин негиздеген.[65][66] Мырза Насир Ахмад аталган Жамааттын негиздөөчүсү – Мырза Гулам Ахмаддын диалогдорун жана айткандарын топтоо ишине көзөмөлдүк кылган, ошондой эле негиздөөчү көргөн түштөр, ачылыштар жана Алладан алган вахий-аяндарды толук бойдон чогултуу ишине көрсөтмө берген, өзүнөн мурунку халифаны сыйлап, Фазли Умар Фондун негиздеген.

Төртүнчү Халифа[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Вашингтон Д.С.ге жакын жайгашкан «Байтур-Рахмаан» аттуу мечит төртүнчү Халифа ачкан бир канча мечиттердин бири.

Мырза Тахир Ахмад 1982-жылдын 10-июнунда өзүнөн мурунку Халифа каза тапкандан кийин эртеси күнү Ахмадия Мусулман Жамаатынын төртүнчү Халифасы катары шайланган. 1984-жылы Пакистан бийлиги тарабынан чыгарылган №20 токтомдон кийин Халифа өзүнө жүктөлгөн милдеттерин аткара албай калган жана Хилаафат институту коркунуч астында калган, Тахир Ахмад Пакистанды таштап, Лондонго (Англияга) көчкөн. Жамааттын борбору Лондондо салынган эң биринчи мечит – «Фазл» мечитине көчүрүлгөн.[67] Ахмадий мусулмандар үчүн ушул көчүү Жамааттын тарыхында кандайдыр бир жаңы доорду белгилеген. Тахир Ахмад «Муслим Телевидения Ахмадия» аттуу эң алгачкы спутник телеканалын ачкан, Ахмадий мусулман балдардын өмүрүн Жамаат кызматына арноо максатында Вакф-э-Нау проектисин баштаган; жана гуманитардык жардам берүү максатында ар кандай фонддорду ачкан, мисалы: Марям Шаади Фанд (Марям Той Фонду), кысымдарга дуушар болгон адамдар үчүн Саййиднаа Билал Фанд (Саййиднаа Билал Фонду), жана табигый кырсыктарда жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн Humanity First (Адамзат – Биринчи орунда).

Жамаат үчүн Тахир Ахмад ар кандай диндерди тутунган, ар кандай кесиптерди аркалаган жана маданий шарттарга ээ адамдар менен ар кайсы тилдерде Суроо-Жооп жыйындарын өткөргөн. Ошондой эле Ахмад бир топ китептерди да жазган. Алардын эң белгилүүсү төмөнкүлөр: Ислам заманбап суроолорго жооп берет, Алланын атынан адамдарды өлтүрүү? Бүтүндөй адилеттүүлүк, Мээримдүүлүк жана жакын тууганчылык, Перс булуңундагы кризис жана жаңы Дүйнөлүк Тартиптүүлүк жана анын башкы чыгармасы (магнум опус)[68] Вахий-аян, Акыл, Билим жана Чындык.

Бешинчи Халифа[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төртүнчү Халифа каза болгондон кийин Жамааттын тарыхында эң алгачкы жолу Шайлоо Комитет Мучөлөрү Лондон шаарында жыйынга чакырылган, анда Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадия Мусулман Жамаатынын бешинчи жана азыркы Халифасы катары шайланган. Өзүнүн тынчтык кабарын өнүктүрүү жана адамзатка кызмат кылууну камсыздоо максатында Ахмад бүткүл дүйнөгө иш сапарын тартып, өлкө жетекчилери менен жолугушууларды өткөргөн, тынчтык конференцияларды өткөрүп келе жатат, жана дүйнөлүк көйгөйлөрдү чечүү үчүн көргөзмөлөрдү ачкан.[69] Учурда өкүм сүргөн чыр-чатактарга жооп кылып, Ахмад дүйнөлүк лидерлерге анын ичинде Каныша Элизабет жана Рим атасы Францискке каттарды жолдогон. Дүйнөдөгү 200дөн ашык өлкөлөрдө жана аймактарда жашаган миллиондогон Ахмадий мусулмандардын руханий жетекчиси болгондугунан, аларга таалим-тарбия берүү үчүн, ага ишенген жамааттар жана жеке адамдарга Ислам дининин принциптерин жеткирүү үчүн жана алар менен алака-байланышты туруктуу бойдон кармоо үчүн Ахмад жер жүзүн кыдырып турат.

Демографиялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2013-жылга чейин аталган Жамаат дүйнөдөгү 204 өлкөдө жана аймактарда түзүлгөн, көбүрөөк Түштүк Азияда, Батыш Африкада, Чыгыш Африкада жана Индонезияда. Аталган Жамаат дээрлик дүйнөдөгү ар бир өлкөдө саны азчылык мусулман агым болуп саналат.[70] Экинчи жагынан алганда, ал дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөрдө жайылган. Пакистанга окшогон кээ бир өлкөлөрдө иш жүзүндө Ахмадий мусулман болуу мыйзамсыз болуп саналат.[71] Жогорудагы кыйынчылыктардын айынан Ахмадий мусулмандарынын санын Жамаат аркылуу дагы жана көз карандысыз уюмдар аркылуу дагы эсептеп чыгууга өтө кыйын. Мына ошондон улам аталган Жамаат «миллиондогон» санда экенин айтат,[72] ошентсе да, көпчүлүк көз карандысыз булактар ар кандай божомолдорду айтып, бүткүл дүйнөдө 10 миллиондон 20 миллионго чейин деп божомолдошуп,[73] дүйнөдөгү мусулмандардын бир пайызын түзөт деп айтышат.[74] Дүйнөлүк Христиан Энциклопедия боюнча Ахмадия Кыймылы XXI кылымдын башында мусулмандардын эң бат өскөн агымы болуп саналат.[75] Эң көп Ахмадий мусулмандар жашаган өлкө Пакистан деп айтылат, божомолдорго караганда 4 миллион Ахмадий мусулмандар жашашат. Жарандары бүтүндөй, бирдей уюшулган жана бириккен кыймылдан туруп Халифа тарабынан башкарылат. Ал эми Лахордогу Ахмадия Кыймылы бүтүн Ахмадия жарандарынын 0,2ден да аз пайызын түзөт.[76] Индияда Ахмадия мүчөлөрү 60,000ден 1 миллионго чейин бар экендиги болжолдонот. [77]

БАШКАРУУ СТРУКТУРАСЫ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Халифа[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Байтул-Футух» мечити. Бул Европанын эң чоң мечиттеринин бири. Халифанын жумалык кутбасы МТА деген ТВдан түз эфир аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлөт.

Ахмадий мусулмандары Ахмадия Халифалыгын Туура жолдогу Халифаттын (Хилаафат-э-Раашиданын) кайрадан түзүлүшү деп ишенишет. Бул ишеним Убада Кылынган Мессия жана Махдий деп айтылган Мырза Гулам Ахмаддын келүүсү менен кайрадан орнотулган деп айтылат. Ахмадий мусулмандары мындай деп басым жасашат: Куран аяттары (мисалы Куран 24:56) жана бир топ хадистер боюнча, Халифалык бир гана Алла таала тарабынан орнотулат жана ал ыйман келтирип, такыба амалдарды жасап, Алланын жалгыздыгын жактагандарга Алла таала тарабынан берилген белек. Ошондуктан, адамдардын күчү менен Халифатты орнотуунун бир дагы аракети ийгиликтүү болбойт, айрыкча адамдар пайгамбарлык принциптерден алыстап кетишкендеринин натыйжасында аларда такыбалуулук жоголуп, ынтымаксыздыгынын айынан алар халифаны шайлай алышпайт. Алла таала ачылыштар, түштөр жана руханий жетекчилик аркылуу кимди шайлоо керектигин момун-мусулмандардын жүрөктөрүнө салат деп эсептелинет. Эч бир түрдөгү үгүттөөгө, кайрылууларды жасоого же божомолдоого такыр уруксат жок. Ошентип, халифа кандайдыр бир өзүнүн татыктуулугунун негизинде (мисалы, адамдардын көзүнчө ал татыктуу) же шайлоо аркылуу дайындалбайт, ал эми Алланын буйругу менен гана дайындалат. [78]

Ахмадия ойлору боюнча, халифа үчүн өлкө башчысы болуу зарыл эмес, анын ордуна Халифаттын руханий жана диний маанилүүлүгүнө басым жасалат. Баарынан да жогору, ал (Халифат) Исламдын таалимдерин бийик көтөрүү, бекемдетүү жана жайылтуу үчүн, ошондой эле Мухаммад аркылуу түзүлгөн бүткүл дүйнөлүк жамаатта (үммөттө) жогорку даражадагы руханий жана адеп-ахлактык стандарттарын кармап туруу үчүн кандайдыр бир руханий башкаруучулук. Эгерде халифа өлкө башчысы катары кандайдыр бир бийликке ээ болсо, анда ал күтүлбөгөн жерден болушу мүмкүн жана халифа катары анын жалпы милдеттерине көз каранды гана болот.[79][80] Ахмадий мусулмандар халифаны Амирул-Му'минийн (Момун-мусулмандардын Башчысы) деп да аташат. Учурлук жана бешинчи халифа Мырза Масрур Ахмад.

Кеңеш консулу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мажлис-аш-Шуура же Кеңеш Консулу өтө ыйык термин болуп, аталган Жамаатта Халифадан кийин эң жогорку институт деп эсептелинет. Аны экинчи халифа Мырза Башируддин Махмуд Ахмад 1922-жылы баштаган. Ушул кеңешчи уюм расмий түрдө кеминде бир жылда бир жолу чакырылат. Эл аралык деңгээлде консул халифанын төрагалыгында өткөрүлөт. Анын түпкү максаты – бул өтө маанилүү маселелерде, мисалга, финансылык, проекттер, билим берүү жана Жамаат мүчөлөрү туш боло турган башка маселерде халифага кеңеш берүү. Чогулуш болуп жаткан учурда халифа өз ой-пикирин билдириши мүмкүн, көрсөтмөлөрдү бериши мүмкүн, бериле турган сунуштар жөнүндө өз чечимдерин жарыялашы мүмкүн, же кээ бир маселелелерди талкууга коюуга калтырышы мүмкүн. Ошентсе да, көпчүлүк учурларда халифа көпчүлүк адамдар берген сунуштарды кабыл кылат. Улуттук деңгээлде Кеңешке Амир (Улуттук Президент) төрагалык кылат. Чакырылган кеңеш бүткөн соң сунуштар бекитилүү үчүн халифага жөнөтүлөт, ал аларды кабыл кылышы да мүмкүн, четке кагышы да мүмкүн же кайсы бир бөлүгүн эле кабыл кылышы мүмкүн.(84)[81]

Жамаат Борборлору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Фазл» мечити, Лондондогу эң алгачкы мечит, азыр Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнөлүк борбору болуп саналат.

Негизинен, халифа жашаган шаар, айыл же жай гана Ахмадия Мусулман Жамаатынын борбору болуп саналат. Мисалга, 1984-жылда төртүнчү халифа Пакистандан чыгууга аргасыз болгондон бери Жамааттын расмий борбору Англиянын Лондон шаары болуп калган. Мекке жана Медина Ислам дининин ыйык шаарлары өтө эле куттуу деп эсептелинсе дагы, Кадиян шаарчасы Жамааттын руханий борбору деп түшүнүлөт.[82] Келечекте Ахмадия Халифалыгы дагы бир жолу Мырза Гулам Ахмаддын туулган жери болгон Кадиянга кайтат деп эсептелинет жана бул жөнүндө алдын ала айтылган. Ошентсе да, Индия-Пакистан бөлүнгөн соң Пакистандагы Рабвах шаары 1948-жылдын 20-сентябрында экинчи халифанын колунан негизделгенден бери жер жүзүндөгү башкаруучулук ишмердүүлүгүн аткарып келген. Айрыкча, ал шаар Жамааттын эки борбордук башкаруучулугуна жоопкер, бирок аларга гана жоопкер эмес: Садр Анжуман Ахмадия жана Тахрик-э-Жадид Анжуман.[83][84] Дагы бир, бирок анча деле чоң болбогон Вакф-э-Жадид Анжуман дагы активдүү. Бардык борбордук башкармалар халифанын көрсөтмөлөрүнүн негизинде иштешет.

Садр Анжуман Ахмадия же Борбордук Ахмадия Консулу а дегенде 1906-жылы Мырза Гулам Ахмад тарабынан негизделген, бүгүнкү күндө ал Индия, Пакистан жана Бангладеште Жамаат ишмердүүлүктөрүн уюштурууга жоопкер; ошондой эле экинчи халифа тарабынан түзүлгөн Анжуман Тахрик-э-Жадид же Жаңы Долбоор Консулу Индия Суб-континентинен башка дүйнөдөгү миссиялар үчүн жоопкер. Ар бир консулдук дагы башка бөлүмдөргө бөлүнөт, мисалга, Финансылык маселелер бөлүмү, Басма сөз бөлүмү, Билим берүү бөлүмү, тышкы иштер бөлүмү, жана чет өлкөлүк миссиялар бөлүмү ж.б.[85] Аягында сөз кылынган Бөлүмдүн көзөмөлдүгү астында Жамаат 15,000ден ашуун мечиттерди, 500дөн ашык мектептерди, 30дан ашуун бейтапканаларды курган жана Курани каримди 70тен ашык тилдерге которгон.[86] Анжуман Вакф-э-Жадид же Жаңы Арноолор Консулу дагы экинчи халифа тарабынан негизделген, ал жер жүзүндөгү айыл жерлеринде жамааттар үчүн диний мугалимдерди тарбиялап-жетиштирүүгө жоопкер.

БАШКАРУУ МЕКЕМЕЛЕРИ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пакистандагы Рабвах шаарында Ахмадия Университетинин имаараты.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын бардык диний институттарынын арасында Жамия ал-Ахмадия, кээде айрыкча айырмаланып Теология жана Тилдердин Ахмадия Университети деп да которулат. Ал кандайдыр бир Исламий медресе жана билим берүүчү институт болуп, Африка, Азия, Европа жана Түндүк Америкада бир канча тармактары бар. 1906-жылы Мадраса Таалимул-Исламдын (кийичерээк Таалимул-Ислам Колледжи болгон) бөлүмү катары Мырза Гулам Ахмад тарабынан негизделген, ал Ислам динин үйрөтүү жана миссионерлерди тарбиялоо үчүн Ахмадия Мусулман Жамаатынын башкы борбору. Бүтүрүүчүлөр Халифа тарабынан Жамааттын миссионерлери катары дайындалышат.[87] (Көбүнчө Мураббий, Имам, же Мавлана, же фикх илиминин адиси болуп, Жамааттын Казылары же Муфтийлери деп аталышат. Жамияны бүтүргөндөрдүн кээ бирлери Исламий тарыхчылар дагы болушкан. 2008-жылга чейин аталган Университетти бүтүргөн 1300дөн ашуун адамдар жер жүзүндө миссионерлер катары кызмат кылышууда.[88]

ЖАРДАМЧЫ УЮМДАР[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмадия Мусулман Жамаатында беш тармактуу уюмдар бар. Ар бир уюм өзүнүн мүчөлөрүнүн руханий жана адеп-ахлактык таалим-тарбиясына жооп берет. Лажна Има'иллах бардык уюмдардын эң көлөмдүүсү, жана 15 жаштан өйдө кыз-аялдардан турат; Мажлис Худдаамул-Ахмадия 15 жашынан 40 жашына чейинки жаштардан турат; Мажлис Ансаруллах 40 жашынан өйдө жашындагы эркек мүчөлөрүнөн турат; Насираатул-Ахмадия 7 жашынан 15 жашка чейинки кыздардан турат; Атфалул-Ахмадия 7 жашынан 15 жашка чейинки балдардан турат.[89]

АТАЛГАН ЖАМААТ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамааты Улуттук Жамааттарга бөлүнөт, алардын ар бири Улуттук Борборго ээ. Ар бир Улуттук Жамааттар Аймактык Жамааттарга бөлүнөт, алар кайрадан Жергиликтүү Жамааттарга бөлүнөт.[90] Көпчүлүк жайларда ар бир жергиликтүү Жамааттын өзүнүн мечити, борбору же даават үйү бар. Амир же Улуттук Президент Жамаатты борбордук мүчөлөрү аркылуу башкарат, Улуттук Амила же Улуттук Башкаруучулук Комитетке жетекчилик кылат, анын мүчөлөрү Улуттук Катчылар, мисалга, Башкы Катчы, Финансылык Катчы, Даават иштери боюнча Катчы, Тарбиялык иштер Катчысы, Билим берүү иштери боюнча Катчы, ж.б. Ушул эле тартиптүүлүк өзүнүн Президенти жана Башкаруу Комитети менен аймактык жана жергиликтүү деңгээлде кайталанат.[91][92]

2009-жылы Германиядагы Жылдык Жыйында Ахмадия желеги менен бирге Германиянын желеги.

ЖЫЛДЫК АЗЕМДЕР[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмадий мусулмандары дагы майрамдай турган мусулмандардын Орозо айт жана Курман айт деген майрамдарынан башка Ахмадийлер белгилей турган бир топ аземдер бар, алар диний майрамдар деп саналбайт. Ошондой эле алар үчүн белгиленген күндөрдө аларды белгилөө парыз же зарыл да эмес. Жамааттын эң маанилүү диний аземи – бул Жалса Салана же Жылдык Жыйын, ал Жамаат мүчөлөрүнүн ортосунда диний билимди өнүктүрүү, гармония, достук жана биримдик-ынтымакты өстүрүү максатында өткөрүлүүчү Жамааттын расмий түрдөгү жылдык чогулушу.[93] «Пайгамбардын өмүр баяны күнү», «Убада Кылынган Мессия күнү», «Убада Кылынган Реформатор күнү» жана «Хилаафат күнү» өңдүү башка аземдер дагы бар.

КУУГУНТУКТАР[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Расмий Ахмадий веб-сайты мүчөлөрүнүн саны он миллиондон көп экенин билдирет, бирок Ахмадийлердин саны ар кандай, 10 миллиондон 20 миллионго чейин айтылат.[94] Ахмадийлер Курани каримдин активдүү котормочулары жана ишенимдерди өзгөртүүчү адамдар; дүйнөдөгү бир канча аймактарда адамдарды Исламга өткөзүшүп жана биринчи жолу Ислам дини Ахмадийлер аркылуу таанылат. Ошентсе да, көптөгөн мусулман өлкөлөрдө Ахмадийлер Муртад жана каапыр деп эсептелинип, куугунтукталышып жана көбүнчө системалык зулумдуктарга кабылышат.

БАНГЛАДЕШ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бангладеште фундаменталдык мусулман тайпалары Ахмадийлерди «расмий» түрдө каапыр деп токтом чыгарууну талап кылышкан. Ахмадийлер куугунтуктоого алынган топко айланып, аларга каршылык жана зуулумдук аракеттер кылынууда.[95] Эл аралык адам укуктары уюмунун маалыматынын негизинде, аларды ээрчигендер «үй камагына» алынышып жана бир канчасы өлтүрүлгөн. 2003-жылдын аягында Мавлана Мухаммад Хусайн Мумтазий башчы болгон бир нече чоң зулумдук марштарында Ахмадия мечитин тартып алууга буюрган. 2004-жылы Ахмадиянын бардык адабияттарына тыюу салынган.[96]

ИНДИЯ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Индияда Ахмадийлердин олуттуу саны бар.[97] Ахмадийлердин көбү Керала, Ражистан, Одиша, Харияна, Бихар, Делхи, Уттар Прадеште жашашат, ал эми аз гана Пенжаб облусуна караштуу Кадиян деген аймакта турушат.

Индиянын мыйзамы боюнча, Ахмадийлер мусулман болуп саналат. Шихабуддин Имбичи Коя Тангал менен К.П. Ахаммед Коя ортосундагы № А.И.Р. 1971 КЭР 206 соттошуусу боюнча 1970-жылдын 8-декабрында Кераланын облустук Сот Ахмадийлердин мыйзамдуу түрдө мусулман экендиги деген тарыхый өкүмдү угузган.[98] Ал соттошууда сот мындай деп чечим чыгарган: Ахмадийлер мусулман болуп саналат жана башка мусулман агымдары аларга Муртад деп фатва чыгарууга болбойт, анткени алар Ислам тиректеринин негизги эки ишенимине ишенишет: Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок жана Мухаммад Алланын кулу жана элчиси.[99] Ошондуктан, Индияда Ахмадийлердин диний ишмердүүлүктөрүнө кандайдыр бир мыйзамдык тоскоолдуктар жок, ошондой эле Ахмадийлер өздөрүнүн динине амал кылууга көз карандысыз жана өздөрүн мусулман деп айтышат.[100] Ошентсе да, Индияда Ахмадийлерге каршы башка агымдардагы мусулмандар тарабынан кээ бир адилетсиздиктер кылынат. Айрыкча, Индиянын Ислам Университети жана Дарул-Улуум Диёбанд Ахмадийлерге каапыр деген фатва чыгарышкан.[101] Ахмадийлерге башка агымдардын жетекчилери тарабынан Бүткүл Индия Мусулмандарынын Жеке Мыйзам Комитетине катышууга уруксаты жок, ал мусулман диний жетекчилерден турган кандайдыр бир көз карандысыз башкарма жана Индия өкмөтү аны Индия мусулмандарынын өкүчүлүгү катары эсептейт.[102]

2012-жылдын февраль айында Андра Прадештеги Вакф Комитети мурун болуп көрбөгөн кээ бир чечимдерди чыгарып, казыларга Ахмадия Жамааттынын мүчөлөрүнүн никесин кыйбагыла деп айткан.[103]

ИНДОНЕЗИЯ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмадия Индонезия эгемендүүлүктү алгандан мурун эле ал жерде бар. Ошентсе да, Ахмадиянын Индонезияда кандайдыр бир диний азчылык катары талаштуу экендиги 2000-жылы муслуман фундаментализминин өсүшү менен күч алган. 2008-жылы өтө көп мусулмандар Индонезияда Ахмадия Кыймылына каршы акцияларга чыгышкан. Чоң демонстрациялар аркылуу ушул диний эскичилер (консервативдер) өкмөткө басым кылып Индонезиядагы Ахмадия Жамаатын көзөмөлдөөгө жана кугунтуктоого умтулушкан. Индонезиядагы калайык-калктын көз карашы Ахмадияга кандай мамиле кылуу керектиги жөнүндө эки башка ой-пикирди жаратты:

Индонезиядагы көпчүлүк мусулмандар мындай деп суранышты: Ахмадия Исламдын Мухаммад Алланын акыркы пайгамбары деген негизге ишенимин четке каккандыгы үчүн бүтүндөй тыюу салынсын; Ахмадийлер өздөрүнүн дини катары Исламды колдонбоолору керек, Индонезияда алар үчүн диний эркиндик болуусун кааласа, анда алар өздөрүнүн таанымал динин кармоолору керек.
Ахмадийлер менен кошо кээ бир азчылыктар жана бир топ бейөкмөт уюмдардын пикиринче, Ахмадийлер өз ишенимдерине жараша амал кылууга эркин болушу керек жана мыйзамда берилген динди тутуу эркиндиги деген укукту пайдаланып, Исламдын туу астында өздөрүн каалагандай чакыруусу мүмкүн.

2008-жылы Ахмадия мүчөлөрүнө «башкаларга даават кылуу» укугун чектөөгө бир мыйзам чыгарылды.[104] Бир Ахмадия мечити өртөтүлдү.[105] Адам укуктары боюнча уюмдар диний эркиндикке коюлган ушул чектөөлөрдү сындашкан. 2011-жылдын 6-февралында Бантен облусуна караштуу Пандегланг деген жерде кээ бир Ахмадия мүчөлөрү өлтүрүлгөн.[106] Акыркы бир канча жылдарда дин эркиндигине жасалуучу чабуулдар күчөп кетти, анын ичинде физикалык түрдө чабуулдар жасалды, айрым тайпаларга ибадат кылууга тыюу салынды, жана алардын мечиттерине от коюлду. Демократия жана Тынчтык Институту Сетаранын маалыматтары боюнча 2008, 2009 жана 2010-жылдары 17, 18 жана 64 окуялары болгон.[107] Ушул күн бардык диндерге көрсөтүлгөн кысымдарды камтыганына карабай, учурда Ахмадийлерге каршы көрсөтүлгөн кысымдар өтө маанилүү жана коркунучтуу, андан кийин христиандар жана өздөрүнүн «таза, чыныгы, фундаменталист мусулмандар» экенин билдирүүчү башка мусулман агымдар дагы кысымга алынышкан.

2011-жылы аталган агым Индонезияда бүтүндөй «тыйылсын» деген кеңири жайылган чакырууларга кабылган.[108] 2011-жылдын 6-февралында жүздөгөн башка мусулмандар бир Ахмадий үйүн курчоого алышып, үч адамды сабап өлтүрүшкөн. Таяктар менен сабап өлтүрүлгөн адамдардын жылаңач сөөктөрү жана ал окуяны полиция кызматкерлери карап тургандыгы интернетке жүктөлгөн жана кийинчерээк эл аралык медиадан көрсөтүлгөн.[109]

ПАКИСТАН[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күбөлүк келимеси, Исламдын негизги тиреги жана аны Пакистандагы полиция кызматкери бир Ахмадий мечиттен өчүрүп жатат.

Болжолу 2-5 миллионго жакын Ахмадий Пакистанда жашашат жана ал жер жүзүндө жашаган көпчүлүк Ахмадийлеридин үйү болуп саналат.[110] Бул Ахмадийлерди алар Мухаммад пайгамбардын акыркы пайгамбар экенине ишенишпейт деп расмий түрдө каапыр деп токтом чыгарган жападан-жалгыз өлкө; жана алардын дин эркиндиги бир катар жарлыктар, амалдар жана мыйзамдык кошумчалар аркылуу тартылып алынган. 1974-жылы Пакистандын парламенти Ахмадийлерди каапыр деп мыйзам чыгарган,[111] өлкө баш мыйзамына мусулман сөзүнө «Мухаммад пайгамбардын акыркы пайгамбар экендигине ишенген адам мусулман» деген аныктама киргизилген.[112] 1984-жылы Пакистандын аскердик өкүмдары Генерал Зыяул-Хак № 20 жарлыкты чыгарган.[113][114] «Исламга каршы ишмердүүлүктөрдү» токтотуу үчүн чыккан жарлык Ахмадийлерди өздөрүн мусулман деп айтуудан же «өзүн мусулман катары» көрсөтүүдөн тыюу салды. Мунун мааниси, аларга элдин алдында өз исламдык ишенимин колдонууга же өз ибадат жайларын мечит деп айтууга тыюу салынды.[115] Ахмадийлерге Пакистанда мыйзамдын негизинде Ахмадий болбогон мечиттерде же элдик намазканаларда, азан чакыруу, адамдарга Ассаламу алайкум деп айтуу, элдин алдында Куран окууга, адамдарга даават кылууга, аларды Ахмадий кылууга же өздөрүнүн диний материалдарын даярдоого, бастырууга жана жайылтууга тыюу салынды. Ушул амалдарды кылганы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылат. Паспорт же Улуттуук ID картаны алуу үчүн арыз берилгенде, ар бир пакистандыктан Мырза Гулам Ахмадды жалганчы пайгамбар жана бардык Ахмадийлерди каапыр деп ант берүү талап кылынат.[116] Теориялык физика боюнча Нобел сыйлыгын уткан Абдус Салам Ахмадий болгондуктан анын мүрзөсүнө коюлган таштан «мусулман» деген сөз өчүрүлүп салган.[117]

Мыйзам жана Башмыйзамга Пакистандагы Ахмадийлер жөнүндөгү киргизилген кошумчалар күчүнө киргенде өлкөнүн ар кайсы аймактарынан Ахмадийлердин үзгүлтүксүз кысымга алынып жатканы жана жек көрүүгө дуушар болгон кабарлар келе баштады. Ахмадийлер ар кандай диний тайпалар баш болгон бир топ чабуулдарга кабылышкан.[118] Пакистандагы ар кандай мусулман агымдарга караштуу бардык диний окуу жайларында жана медреселерде айрыкча Ахмадия ишенимдерин жокко чыгаруу максатында зарыл окуу материалы окутула баштады.[119]

Пакистанда 2005-жылы өткөрүлгөн «сурамжылоо» боюнча, Пакистандагы бейөкмөт мектептердеги окуучулар өлкөлдөгү диний сабырдуулук жөнүндө өз ой-пикирлерин билдиришти. Жүргүзүлгөн изилдөөдө топтолгон маалымааттар боюнча, а түгүл Пакистандын кат-сабаттуу класстарынын арасында дагы эң аз укукка ээ адамдар болуп Ахмадийлер эсептелинет экен. Ушул эле изилдөөдө, ошол мыкты даражадагы мектептердеги мугалимдер өздөрүнүн окуучуларына караганда Ахмадийлерге карата дагы азыраак даражадагы сабырдуулукту көрсөтүштү. Пакистандагы Пенжаб облусунда жайгашкан ошондой мектептер, университеттер жана мугалимдер тарабынан Ахмадийлер куугунтукталган. Куугунтуктоолор ар түрдүү социалдык бойкот, кубалоо, коркутуу жана саны көпчүлүк агымдардагы экстремист студенттер, мугалимдер жана ректорлор тарабынан Ахмадий студенттерге каршы чыгарылган зуулумдуктарды түзөт.[120]

2010-жылдын 28-майында Ахмадийлерге каршы өтө эле кайгылуу жана кырсыктуу окуя болуп, бир диний экстремист уюмунун (Пенжабдагы Талибан Кыймылы) бир канча мүчөлөрү Лахордогу эки Ахмадий мечитине кирип, ок ачышып, андан кийин алардын үчөөсү өздөрүн жардырып жиберишкен. Ал чабуулдардын айынан жалпысынан 86 адам каза болуп, 100дөн ашуун адам жарадар болушкан.[121] Жамаат мүчөлөрү жума намазын аткарганы мечиттерде чогулушкан.[122] Ал чабуулдарга жооп кылып Пакистандагы саны азчылык уюмдарынын министри Шахбаз Бхатти Ахмадия Жамаатын көрүп кетти.

ПЛЕСТИНАДАГЫ АЙМАКТАР[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Плестинадагы аймактарда Ахмадийлер кысымдарга алынышууда.[123]

САУД АРАБИЯСЫ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахмадийлер Сауд Арабиясында үзгүлтүксүз кысымдарга алынышууда.[124] 2007-жылдын 24-январында Human Right Watch деген уюм Сауд Арабиясынын падышасы Шах Абдуллага ачык катты жолдоп, Сауд Арабияда Ахмадия ишенимдерине каршы диний кысымдарды токтотууну суранышкан. 2006-жылдын ноябрында жана 2007-жылдын февралында эки кат жолдонуп, Сауд Арабиясынын бийлигине сын-пикир айтуучулардын Сауда Арабиясына сапар тартуусуна коюлган чектөөлөрү алынып салуусу суралган.[125] Human Right Watch ошол каттарга кандайдыр бир жооп кайтарылганын же кайтарылбаганын билдире элек.

Сауд Арабиясынын диний мыйзамы боюнча, Ахмадийлер башка мусулман эместер менен чогуу Меккеге барууга чектелишкен, бул нерсе алардын милдетүү ибадат болуп эсептелинген ажылык зыяратын аткаруу мүмкүнчүлүгүнө чектөө салган.

Тектеш макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. [Ислам жана Ахмадия Жамааты: Тарых, Ишеним, Парактика]
  2. Китептердин булактары
  3. [http://www.alislam.org/books/3in1/chap2/index.html Экинчи Бөлүм Азирети Ахмад(ас)дын билдирүүлөрү]
  4. Бардык Пайгамбарлардын Күзгүсү
  5. Бирөөнү башка бирөөдө көрүү справочниги, 312-бет
  6. Азирети Мырза Тахир Ахмад, «Вахий-аян, акыл, билим жана чындык», 7-бөлүм, вахий-аяндын келечеги
  7. «Ахмадия Мусулман Жамааты, алар кимдер?». Таймз. 27-май, 2008-ж.
  8. «Обзор». Ахмадия Мусулман Жамаатынын расмий сайты.
  9. «Диндердин ири тармактары». Adherents.com. 28 October 2005.. Текшерилген күнү 14 -август (баш оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 15 -март (жалган куран) 2015. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 14 -август (баш оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 15 -март (жалган куран) 2015.
  10. «Ахмадия Мусулман Жамаатынын расмий сайты: Обзор».
  11. Лоутон, Ким.
  12. Клоудури Барни «Ислам агымы Суррейге чогулушкан». Би-Би-Си жаңылыктары.
  13. Верман, Марко Гиди, Руксандра «Ахмадий Мусулмандар: чет өлкөдө кысымга алынууда, ал эми АКШта үй-жай табышууда». Эл аралык Республикалык Радио.
  14. «Ахмадийлер кимдер?» Би-Би-Си жаңылыктары. 28-май 2010-ж.
  15. Бурхани, Ахмад Нажиб. Качан Мусулмандар «Мусулмандар» эмес: Ахмадия [[Мусулман]] Жамааты жана [[Индонезия]]дагы эки жүздүүлүктүн үстүндө сүйлөшүү. Санта Барбара, [[Калифорния]]: Калифорния [[Университет]]и.. Текшерилген күнү 14 -август (баш оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 24 -декабрь (бештин айы) 2018. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 24 -декабрь (бештин айы) 2018.
  16. Мырза Гулам Ахмад: «Таблиг-э-Рисаалат», 9-том, 90-91-бет; Мавлана Муртаза Хан: «Ахмадия» деген ат жана анын зарылчылыгы», 1945). Текшерилген күнү 15 -август (баш оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 18 -июль (теке) 2008. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 14 -октябрь (тогуздун айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 18 -июль (теке) 2008.
  17. «Исламдын маңызы» 4-том
  18. «Тарякул-Кулууб», «Руханий хазааин», 15-том, 526-бет.
  19. Annemarie Schimmel et al.: Der Islam III. Volksfrömmigkeit, Islamische Kultur, Zeitgenössische Strömungen. Kohlhammer, Stuttgart 1990, S. 418–420
  20. А.Б. Дард: Ахмаддын өмүр баяны. Эл аралык Ислам Басмасы. XV-бет.
  21. [Ina Wunn: Muslimische Gruppierungen in Deutschland. Kohlhammer, Stuttgart 2007, S. 158]
  22. «Убада кылынган Мессия – Орундалган алдын ала кабарлар». Жамааттын расмий сайты.
  23. «Курани карим». Жамааттын расмий сайты.
  24. Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад: Ахмадияга чакыруу.3-бөлүк, 4-далил, «Бардык диндерде алдын ала кабарланган – Убада кылынган Мессия» бөлүмү.
  25. Саймон Росс Валентина.Ислам жана Ахмадия Жамааты: тарых, ишеним, практика. Колумбия Университети Басмасы. 32-33-бет.
  26. Насир Махмуд Малик, Улуттук Тарбия иштери Катчысы, АКШ (2007). «Батышта Ахмадий Балдарды Тарбиялоо» (ПДФ). Жамааттын расмий сайты.
  27. «Ислам – бул Коркунуч же Тынчтыктын Булагы». Диндер Обзору.
  28. Эгдунас Расиус. [[Ислам]] Дааватынын Көп кырдуу Табигаты (ПДФ) Хельсинки Университети. 158-160-бет.. Текшерилген күнү 17 -август (баш оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 14 Апрель 2016. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 17 -август (баш оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 14 Апрель 2016.
  29. Майкл Анджело Гомес. (2005). Кара Жарымай. Америкада Африкалык мусулмандардын тажрыйбасы жана мурасы. Кембридж Университети Басмасы. 254-256-бет.
  30. Тимоти Миллер (1995).Америкалыктардын альтернативдүү диндери. Нью-Йорк Улуттук Университети Басмасы. 280-бет.
  31. Майкл Нкузи Ннам. Африкада Колониалдык Менталитет. АКШ. 89-бет
  32. Мырза Гулам Ахмад: Алланын жалгыздыгы жөнүндө. Жамааттын расмий сайты; «Руханий хазааин», 22-том, «Хакыйкатул-Вахий», 148-бет). Текшерилген күнү 17 -август (баш оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 3 -июль (теке) 2014. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 30 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 3 -июль (теке) 2014.
  33. Ахмадия – Чыныгы Исламга Кош келиңиздер. (ПДФ). Эл аралык
  34. «Ахмадият – Чыныгы Исламга Кош келиңиздер» (ПДФ). Эл аралык Ислам Басмасы. 64-бет.
  35. «Ахмадият – Чыныгы Исламга Кош келиңиздер» (ПДФ). Эл аралык Ислам Басмасы. 65-бет.
  36. Вахийд Ахмад: «Диний билим жөнүндөгү Китеп». 34-бет.
  37. «Пайгамбарлыктын «хаатам» экендиги – Эң акыркы Пайгамбар Азирети Мухаммад(САВ)». Жамааттын расмий сайты.
  38. «Адамдын жаралуусунан мурун да адамзат жердин үстүндө жашаган». Жамааттын расмий сайты.
  39. «Ахмадият – Чыныгы Исламга Кош келиңиздер» (ПДФ). Эл аралык Ислам Басмасы. 72-бет.
  40. «Ахмадият – Чыныгы Исламга Кош келиңиздер» (ПДФ). Эл аралык Ислам Басмасы. 72-бет.
  41. «Ахмадият – Чыныгы Исламга Кош келиңиздер» (ПДФ). Эл аралык Ислам Басмасы. 72-бет.
  42. Роберт Даннин. Исламдагы Кара Ажылык. 37-бет.
  43. Хуан Эдуардо Кампо. Исламдын Энциклопедиясы. 24-бет.
  44. Ахмадия Исламы.
  45. «Ислам». Жамааттын расмий сайты.
  46. «Ыйса – Алланын Ардактуу Пайгамбары». Жамааттын расмий сайты.
  47. Шахид Азиз: «Ыйсанын өлгөндүгү». Ахмадия Анжуман Ишаат [[Ислам]] Лахор (Англия); Азиз Ахмад Чаудхрий: «Убада Кылынган Махдий жана Мессия», 50-бет, «Ыйса Индияга көчкөн». [[Ислам]] Интернейшнал Публикациясы Лимитид.. Текшерилген күнү 27 -август (баш оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 5 -март (жалган куран) 2016. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 27 -август (баш оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 5 -март (жалган куран) 2016.
  48. Д-р. Азиз Ахмад Чаудхрий: «Убада Кылынган Махдий жана Мессия», 50-бет, «Пайгамбарлыктын акыркы экендиги деген суроо». Ислам Интернейшнал Публикациясы Лимитид.
  49. «Жихаддын токтотулгандыгы».. Текшерилген күнү 27 -август (баш оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 28 -ноябрь (жетинин айы) 2014. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 28 -ноябрь (жетинин айы) 2014.
  50. Саймон Росс Валентина. Ислам жана Ахмадия Жамааты: тарых, ишеним, практика. Колумбия Университети Басмасы. 190-бет.
  51. «Ислам жихадынын чыныгы түшүнүгү».
  52. «Ислам Польшага коркунучпу же Дүйнөлүк Тынчтыкпы?»
  53. Матье Гуидере: «Ислам фундаментализминин тарыхый сөздүгү». 22-бет.
  54. «Архиевдерден: эмне үчүн мен Исламга ишенем?»
  55. Аюб. К. Оммая. «Ислам дининде илим-науканы өнүктүрүү жана четке кагуу».
  56. Фридман: «Ахмадий окууларда жихад түшүнүгү». 227-бет
  57. Фридман: «Ахмадий окууларда жихад түшүнүгү». 227-бет
  58. Дауд А. Ханиф (2003): «Алланын пайгамбарлары». Муслим Санрайз журналы.
  59. Саймон Росс Валентина. Ислам жана Ахмадия Жамааты: тарых, ишеним, практика. Колумбия Университети Басмасы. 56-бет.
  60. [Фридман Йоханан (2003): Алдын ала кабар уланат: Ахмадий диний ойлорунун аспектилери жанан анын орто кылымдык фону. Оксфорд Университети Басмасы. 21-бет.]
  61. Лахордогу Ахмадия Кыймылы расмий эмес түрдө өз адамдарынын 30,000 болуп, алардан 5,000ден 10,000ге жакын Пакистанда жашганын жарыялаган. Бул жактан алганда, Лахордогу Ахмадия Кыймылы чамасы бүтүн Ахмадия элинин 0.2 пайызын түзөт. Каралсын: Саймон Росс Валентина. Ислам жана Ахмадия Жамааты: тарых, ишеним, практика. Колумбия Университети Басмасы. 61-бет; «Пакистан: Пакистанда Лахордогу Ахмадия Кыймылынын мүчөлөрүнүн ахвалы».
  62. Мавлавий Башир Ахмад Дехлавий: «Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад»
  63. «Азирети Хафиз Мырза Насир Ахмад».
  64. Иштияк Ахмед: «Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияда диний саясат». Рутледж. 89-бет.
  65. Иэн Адамсон: Алланын бир Пендеси. 127-бет.
  66. «Убада кылынган Мессиянын Орун басарларынын [[Өмүр баян|өмүр баян]]дары».. Текшерилген күнү 31 -август (баш оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 26 -ноябрь (жетинин айы) 2014. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 17 -август (баш оона) 2014.
  67. Ричард С. Мартин: Ислам жана Мусулман Дүйнөсүнүн Энциклопедиясы. 31-бет.
  68. Дэвид Бакли: Суулар кайда кездешет: Конвергенция и взаимодополняемость в терапии и теологии. Карнас Китептери. 75-бет.
  69. «Халифанын керектүүлүгү». The Wall Street Journal. 12-май, 2013-жыл.
  70. [«Азчылыктын азчылыгы»]
  71. 1974-жылы «бидъатчылардын» чыгышы: чындыгында эмне болгон?»
  72. «Обзор». Жамааттын расмий сайты.
  73. Ишенимге каршы чыгуу. «Хьюман райтс вотч» Июнь 2005. 8-бет. «20 миллионго жакын экенин болжолдойт» - Ларри Деврийз , Дон Бейкер, жана Дэн Овермайер. Британиялык Колумбиядагы Азиялык Диндер. Колумбия Университетинин басмасы. «Учурда аталган Жамааттын 15 миллионго жакын мүчөлөрү жер жүзүнө жайылган». - Хуан Эдуардо Кампо. Ислам энциклопедиясы. 24-бет. «Ахмадия жамаатынын мүчөлөрүнүн бардыгы 2001-жылы 10 миллиондон көбүрөөк деп болжолдолгон» - «Ахмадия мусулмандары». pbs.org
  74. 10дон 20 миллион деген сан дүйнөдөгү мусулман жарандарынын 0.62 пайызынан 1.25 пайызына чейинди билдирет.
  75. Дүйнөлүк Христиан Энциклопедия боюнча Ахмадия Кыймылы бир канча жылдардан бери эң бат өскөн агымы болуп саналат. Бул үчүн анын эң алгачкы басылмасына каралсын. 2001-жылы басылган нускада өсүш тездиги 3.25 пайыз деп жазылган, бул бардык мусулман агымдардын жана фикх мектептеринин арасында эң жогорку даражадагы көрсөткүч. Каралсын: Дэвид Б. Барретт , Джордж Томас Курьян , Тодд М. Джонсон , Эд . (15-февраль, 2001). Дүйнөлүк Христиандык Энциклопедия. АКШтагы Оксфорд университети басмасы.
  76. Лахордогу Ахмадия Кыймылы расмий эмес түрдө өз адамдарынын 30,000 болуп, алардан 5,000ден 10,000ге жакын Пакистанда жашганын жарыялаган. Бул жактан алганда, Лахордогу Ахмадия Кыймылы чамасы бүтүн Ахмадия элинин 0.2 пайызын түзөт. Каралсын: Саймон Росс Валентина. Ислам жана Ахмадия Жамааты: тарых, ишеним, практика. Колумбия Университети Басмасы. 61-бет; «Пакистан: Пакистанда Лахордогу Ахмадия Кыймылынын мүчөлөрүнүн ахвалы».
  77. [http://www.outlookindia.com/article/wretched-of-the-land/265665 «Ата журттун төмөндөрү»]
  78. Англис тилиндеги Куран Котормосу жана Тафсири. Суррей. Эл аралык Ислам Публикациясы. 1870-бет.
  79. Мырза Башируддин Махмуд Ахмад. Хилаафат-э-Раашидах. (ПДФ) Эл аралык Ислам Публикациясы.
  80. Рафий Ахмад. «Ислам халифаты – анын өсүшү, кулашы жана кайрадан түзүлүшү».
  81. «Ахмадият – Чыныгы Исламга Кош келиңиздер» (ПДФ). Эл аралык Ислам Басмасы. 318-324-бет.
  82. «Ахмадият – Чыныгы Исламга Кош келиңиздер» (ПДФ). Эл аралык Ислам Басмасы.324-бет.
  83. Саймон Росс Валентина. Ислам жана Ахмадия Жамааты: тарых, ишеним, практика. Колумбия Университети Басмасы. 86-бет.
  84. «Уюштуруучулук структура».. Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 28 -ноябрь (жетинин айы) 2014. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 17 -август (баш оона) 2014.
  85. «Ахмадият – Чыныгы Исламга Кош келиңиздер» (ПДФ). Эл аралык Ислам Басмасы.324-342-бет.
  86. «Тахрик-э-Жадид Долбоору» (ПДФ).
  87. «Уюштуруучулук структура».. Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 28 -ноябрь (жетинин айы) 2014. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 17 -август (баш оона) 2014.
  88. «Тахрик-э-Жадид Долбоору» (ПДФ).
  89. «Уюштуруучулук структура».. Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 28 -ноябрь (жетинин айы) 2014. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 17 -август (баш оона) 2014.
  90. Джейми С. Скотт. Канадалыктардын диндери. Торонто Университети Басмасы. 198-бет.
  91. «Уюштуруучулук структура».. Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 28 -ноябрь (жетинин айы) 2014. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 17 -август (баш оона) 2014.
  92. «Ахмадият – Чыныгы Исламга Кош келиңиздер» (ПДФ). Эл аралык Ислам Басмасы.357-360-бет.
  93. «Биримдик жана Тынчтык антын жаңылатуу». Вашингтон Пост. 5-сентябрь, 2005-жыл.
  94. [https://books.google.ru/books?id=yi8ONIe1fv4C&pg=PA8&hl=en&sa=X&ei=-jgWU83CCIOZyAPJjoDYCQ&redir_esc=y#v=onepage&q&f=false Ишенимге каршы чыгуу. «Хьюман райтс вотч» Июнь 2005. 8-бет. «20 миллионго жакын экенин болжолдойт» - Ларри Деврийз , Дон Бейкер, жана Дэн Овермайер. Британиялык Колумбиядагы Азиялык Диндер. Колумбия Университетинин басмасы. «Учурда аталган Жамааттын 15 миллионго жакын мүчөлөрү жер жүзүнө жайылган». - Хуан Эдуардо Кампо. Ислам энциклопедиясы. 24-бет. «Ахмадия жамаатынын мүчөлөрүнүн бардыгы 2001-жылы 10 миллиондон көбүрөөк деп болжолдолгон» - «Ахмадия мусулмандары». pbs.org]
  95. «Бир агымга каршы зордук-зомбулук митинги». Би-Би-Си Жаңылыктары.
  96. Бангладеш: Ахмадия Жамааты – алардын укуктары корголууга тийиш. Эмнести Интернэшнл.(жеткиликсиз шилтеме)
  97. «Индияда Ахмадийлердин саны». Канаданын Иммиграция жана Качкындар боюнча Совети. 1-ноябрь, 1991-жыл.
  98. Хокуе Ридванул (21-март, 2004-жыл). «Диний эркиндик деген укук жана Ахмадийлердин ахвалы». The Daily Star.
  99. «1970-жылдын 8-декабрында Шихабуддин Имбичи Коя Тхангал менен К.П. Ахаммед Коянын ортосундагы соттошуу». Эки маанилүү сыноодо Ахмадийлер жөнүндөгү шек-күмөндөрдү кетирүү үчүн чыгарылган чечимде ар кандай тексттер мисал катары келтирилген «Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок... жана Мухаммад Алланын кулу жана Элчиси».
  100. Хокуе Ридванул (21-март, 2004-жыл). «Диний эркиндик деген укук жана Ахмадийлердин ахвалы». The Daily Star.
  101. Дарул Улуум Диёбанддын Ахмадийлерге каршы фатвасы.. Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 5 -сентябрь (аяк оона) 2015.
  102. Наквий, Жавид (1-сентябрь, 2008-жыл). «Диний зордук-зомбулук Индияны чуңкур келесоолукка тездетти». Dawn.
  103. Адептүүлүк: Эки Алкак (20-февраль, 2012-жыл). «Кадиянийлердин никесин кыйбагыла: АП Вакф борд Казыларга». Сиясат Урду Дейли, Хайдарабад.
  104. «Индонезия Ахмадийлердин ишмердүүлүктөрүнө тыюу салды». Азия Жаңылыктары.И.Т. 6-сентябрь, 2008-жыл.
  105. Ахмадияга каршылаш молдо Ахмадия мечиттерине от койду – Индонезия. Ал-Жазийра.
  106. «Айылдыктар менен Ахмадияны ээрчигендердин ортосундагы чыр-чатакта алты адам мерт болду. Жакарта Пост. 6-февраль, 2011-жыл.. Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 27 -август (баш оона) 2011. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 27 -август (баш оона) 2011.
  107. Джиллиан Терзис (18-февраля 2011-жыл). «Индонезия эми плюрализм үчүн кандайдыр бир кулактандыруу бала эмес». The Guardian.
  108. МкГеоун Кейт. «Ахмадия деген мусулман агым Индонезияда чектөөлөргө дуушар болууда». Би-Би-Си. 21-апрель, 2011-жыл. (Видео)
  109. Аллард, Том. Зордук-зомбулук тобунун чыр-чатагы өлүм менен аяктаган соң соттошуу башталды. The Sydney Morning Herald. 27-апрель, 2011-жыл.. Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 3 -июль (теке) 2014. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 3 -июль (теке) 2014.
  110. Пакистандагы 1998-жылдагы каттоо боюнча 291,000 (0.2 пайыз) Ахмадий Пакистанда жашашат. Ал эми Ахмадия Мусулман Жамааты 1974-жылдан бери каттоого кошулбай калган, бул нерсе Пакистан расмий түрдө көрсөткөн сан туура эмес экенин далилдейт. Көз карандысыз уюмдар Пакистандагы Ахмадийлердин саны 2 миллиондон 5 миллиондун ортосунда болушун болжолдойт. Ошентсе да, көбүнчө 4 миллион деген сан айтылат. Каралсын: - 2 миллиондон көбүрөөк: Канаданын Иммиграция жана Качкындар боюнча Совети (2008-12-04). «Пакистан: Ахмадийлердин ахвалы, анын катарында мыйзамдык абалы жана саясий, окуу жана иштөө укуктары; коомчулуктун Ахмадийлерге мамилеси (2006-жылдын ноябры, 2008-жыл)». - 3 миллион: Адам Укуктары боюнча Эл аралык Фонду: Эл аралык Факты-Табуу Миссиясы. Ой-пикир эркиндиги жөнүндөгү Пакистандагы Уюм жана Ассамблея. Чыгыш 408/2, 2005-жылдын январы, С. 61 (ПДФ) - 3-4 миллион: Эл аралык Дин Эркиндиги боюнча Комиссия: АКШтагы Эл аралык Дин Эркиндиги боюнча Комиссиянын Жылдык Отчёту. 2005-жыл, С. 130 - 4,910,000: Джеймс Минахан: Ата мекени жок улуттардын Энциклопедиясы. Жер жүзүндөгү Этникалык жана улуттук топтор. Грийнвуд Басмасы. Вестпорт 2002-жыл. 52-бет - «Пакистан:Лахордогу Ахмадия Кыймылынын мүчөлөрүнүн Пакистандагы ахвалы».
  111. Хан, Навийда. «Бийликтин күнөөлөрү: Соода маркасы аркылуу руханий маселелерге кызмат кылуу». Сарай Рийдер 2005-жыл: Голые Деян. 184-бет.. Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 14 -октябрь (тогуздун айы) 2013. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 14 -октябрь (тогуздун айы) 2013.
  112. «1974-жылы башмыйзамга кылынган (экинчи кошумча)». Текшерилген күнү 15 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 28 -август (баш оона) 2001.
  113. Парламентка сунушталган сунуштоону ушул жерден көрүүгө болот: Хан, Навийда. Махзарнама (ПДФ). Эл аралык Ислам Басмасы.
  114. Хан, Навийда. «Бийликтин күнөөлөрү: Соода маркасы аркылуу руханий маселелерге кызмат кылуу». Сарай Рийдер 2005-жыл: Голые Деян. 178-бет.. Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 14 -октябрь (тогуздун айы) 2013. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 14 -октябрь (тогуздун айы) 2013.
  115. Хайнер Билефельдт: «Адам Укуктары маселесинде мусулмандардын үндөрү». Чейректик адам укуктары, 1995-жыл 17-том 4-сан 587-бет.
  116. Ханиф, Мухаммад (16-июнь, 2010-жыл) «Эмнеге Пакистандагы Ахмадия Жамааты расмаий түрдө жек көрүлөт?» Би-Би-Си Жаңылыктары.
  117. Ханиф, Мухаммад (16-июнь, 2010-жыл) «Эмнеге Пакистандагы Ахмадия Жамааты расмаий түрдө жек көрүлөт?» Би-Би-Си Жаңылыктары.
  118. [http://harvardhrj.com/ Ахмадия Жамаатынын Пакистанда кысымдарга дуушар болгондугу: Эл аралык мыйзам жана Эл аралык алака-байланыштардын негизинде бир анализ. Адам Укуктары боюнча Гарвард Журналы, 16-том сентябрь 2003. «Пакистанда бир агымга жасалган чабуулда сегиз адам өлдү». Би-Би-Си Жаңылыктары. «Пакистанда бир агымдын кеңселерине кулпу салынды». Би-Би-Си Жаңылыктары.]
  119. Тарик Рахман: Чоочун дүйнөлөрдүн тургундары. Т Рахман – Заманбап Түштүк Азия, 2004. Пакистандагы Окуу Системасына бир обзор. 15-бет.. Текшерилген күнү 23 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 4 -июль (теке) 2015. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 23 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 4 -июль (теке) 2015.
  120. «Ахмадийлер: жарыктыктын таягы эң жаман жек көрүүнү тартып алат». Dawn. 28-октябрь 2011-жыл)
  121. «Аныктык – Лахордогу чабуулдарда 86 Ахмадий мерт болду». Жамааттын расмий сайты. 12-июнь, 2010-жыл.. Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 3 -май (бугу) 2016.
  122. «Пакистандагы мечиттерге жасалган чабуулдардан бир топ адамдар жок болду» Би-Би-Си Жаңылыктары. 28-май, 2010-жыл.
  123. http://www.israeltoday.co.il/def(жеткиликсиз шилтеме)
  124. «Сауд Арабиясында Ахмадийлердин кысымдарга дуушар болгондугу». Persecution.org.
  125. «Шах Абдуллага кат». ХРВ. 8-февраль, 2007-жыл.

Шилтмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]