Мырза Насир Ахмад

Википедия дан
Убада кылынган Мессиянын III-Халифасы
Убада кылынган Мессиянын III-Халифасы
Момундардын жетекчиси

(Амирул-Му'минийн)

08-ноябрь[1] 1965-жылы — 09-июль 1982-жылы
Андан мурунку: Мырза Башируддин Махмуд Ахмад
Андан кийинки: Мырза Тахир Ахмад Ахмад
 
Дини: Ислам
Туулган жылы: 16-ноябрь 1909-жыл
Туулган жери: Кадиян, Индия
Каза болгон жылы: 09-июнь 1982-жыл
Мүрзөсүнүн орду: «Бахиштий Макбара», Рабвах, Пенжаб, Пакистан
Атасы: Мырза Башируддин Махмуд Ахмад
Апасы: Махмуда Бегам
Жубайы: Сахибзадий Саййида Мансура Бегам (1934-жылы үйлөнгөн 1981-жылы каза тапкан)
Тахира Сиддика Насир (1982-жылы үйлөнгөн)
Балдары: уулдары: Мырза Анас Ахмад,
Мырза Фарид Ахмад,
Мырза Лукман Ахмад,
кыздары: Аматул Шакур,
Аматул Халийм
 
Автограф: Кол тамгасы

Мырза Насир Ахмад (Урду тилинде مرزاناصراحمد) (16-ноябрь 1909-жылы 9-июнь 1982-жылы) Убада кылынган Мессиянын III халифасы, Ахмадия Мусулман Жамаатынын жетекчиси. Ал мурунку халифа жана атасы Мырза Башируддин Махмуд Ахмад каза тапкандан бир күндөн кийин 1965-жылдын 8-ноябрында Мырза Гулам Ахмаддын үчүнчү халифасы болуп шайланган.

Насир Ахмад өзүнөн мурунку халифа – Убада кылынган Мессиянын IIхалифасы баштаган миссионердик ишмердүүлүктөрдү кеңгейтүүсүменентаанымал. Ал 1974-жылы Пакистандын Жогорку КеңешиндеАхмадия Мусулман Жамаатына өкүлчүлүк дагы кылган. Анын аракеттерине карабай, Пакистандын Жогорку Кеңеши Ахмадийлерди каапыр деп токтом чыгарган жана ошол убакытта Жамаатка көрсөтүлгөн зор жетекчилиги жана багыттуулугу байкалган.[2]

1980-жылы Насир Ахмад Испанияга жол тартып, Педро-Абад деген аймакта «Башарат» аттуу мечитке алгачкы ташын койгон. Ал мечит 1982-жылы ал киши кайтыш болгондон кийин ачылган, ал Reconquista жана 1492-жылы Гарната колдон чыгып кеткенден кийин Испанияда салынган биринчи мечит болчу.[3][4]

Башталгыч жашоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мырза Насир Ахмад 1909-жылдын 16-ноябрында Индияга караштуу Кадиян деген жерде төрөлгөн. Башталгыч окууда дин менен дүйнө илимин – экөөсүн тең үйрөнгөн. 13 жашында атасы Мырза Башируддин Махмуд Ахмаддын багыттоосу менен Насир Ахмад Курани каримдин 114 сүрөөсүн жаттап, Хафиз болгон. Анын атасы ага дин илимин үйрөтүүгө өзгөчө басым жасаган. Ал максатты көздөп, Насир Ахмад Кадияндагы Ахмадия Медресесинде окууга тапшырып, 1929-жылы артыкчылык менен бүткөн. Колледжди бүткөн соң ал экинчи илим окууга кирген жана 1934-жылы Лахордогу Өкмөт колледжинен бакалавар деген дипломун алган.[5]

1934-жылдын 5-августунда Насир Ахмад Мырза Гулам Ахмаддын чөбөрө-кызы жана Индияга караштуу Малеркотланын тургуну Наваб Мухаммад Али Хандын улуу кызы Саййида Мансура Бегамга үйлөнгөн. Үйлөнгөндөн кийин бир айдын ичинде Насир Ахмад Индияны таштап, жогорку окуу үчүн Англияга кеткен.

Англияда ал киши Баллиол Колледж, Оксфорд Университеттен Политология, Илим, Философия жана Экономика (П.Р.И) боюнча магистратураны аяктаган. Күчтүү мамиле кылуулук жана терең ойчул студенти катары ал өз колледжиндеги профессорлорго терең таасир калтырган. Кийинчерээк Англияга жасаган иш сапарынын аралыгында ал өзүнүн мурунку профессорлорунун бири менен жолугушкан, ал аны өз үйүнө чакырган. Профессор башка Жамаат мүчөлөрүнө мындай деп айтып берди: мен Насир Ахмадда жетекчилик белгилери бар экенин байкагам жана бир күнү ал жетекчи болоору анык болчу.[6]

1938-жылдын ноябрында ал өзүнүн туулган жери Кадиянга кайткан, ал жерде Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионерлерине диний таалим-тарбия берүүчү колледжи – Жамия Ахмадияга профессор катары дайындалып, ал жерде беш жыл иштеген. 1944-жылдын май айынан тартып 1965-жылдын ноябрына чейин ал Кадиянда салынган эң алгачкы Таалимул-Ислам Колледжинде ректор болуп иштеген, анан Индия-Пакистан бөлүнгөн соң Пакистандагы Рабвах шаарында иштеген.

1953-жылы Ахмадийлерге каршы рейд жасалган убакытта Насир Ахмад кыска мөөнөткө түрмөгө отургузулган, бирок 1953-жылдын 28-майында бошотулган. Бошогон соң ал киши атасы, Убада кылынган Мессиянын II халифасы каза болгон соң Убада кылынган Мессиянын халифасы катары шайланышына чейин Жамааттагы башка ар кандай кызматтарда иштеген.

Халифат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мырза Насир Ахмад 1965-жылдын 9-ноябрында Пакистандагы Рабвах шаарында жайгашкан «Мубарак» аттуу мечитте куптан намазынан кийин Убада кылынган Мессиянын III халифасы болуп шайланган. Мырза Азиз Ахмад Мажлис Интихааб-э-Хилаафатка (Шайлоо Комитети) төрагалык кылган.

Убада кылынган Мессиянын халифасы болуп шайлангандан бир аз мөөнөттөн кийин ал Убада кылынган Мессиянын II халифасы Мырза Башируддин Махмуд Ахмадды эстеп, анын урматынан Фазли Умар Фондуна негиз салган. Ал фонддун проектитеринин бири – бул китепкананы куру болчу. 1971-жылы Рабвах шаарындагы Халифат Китепканасы ачылып, бүгүнкү күндө анда 100,000ден ашуун китептер, чыныгы кол жазмалар, балдар бөлүмү жана илим бөлүмү бар.

Африка[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1970-жылы Убада кылынган Мессиянын III халифасы Африкадагы ар кандай өлкөлөргө тогуз жумалык иш сапарын тарткан. Ал иш сапарынын аралыгында анын урматынан уюштурулган бир нече кечелерге катышып, Ахмадия Мусулман Жамааты Африкадагы ар кандай өлкөлөрдө тартуулаган таалим-тарбиялык, социалдык жана руханий кызматтарды текшерген. Ал Нусрат Жахан Саким аттуу проектти баштап, Жамааттан ага финансылык көмөк көрсөтүүсүн суранган. Ушул проекттин негизинде Ахмадий дарыгерлер жана мугалимдер бир топ медициналык клиникалар жана орто мектептерди ачып, Африканын ар кандай аймактарында кызмат кылышууда.

Ахдмадия жана Пакистандын Жогорку Кеңеши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1974-жылы Ахмадийлерге каршы жасалган рейддер жана көтөрүлгөн баш аламандыктан кийин Премьер министр Зулфкар Али Бхутто диний лидерлер тарабынан Ахмадийлерди каапыр деп жарыялансын деген күчтүү басымга туш болгон. Ошондуктан, мыйзам чыгарылып, баш мыйзамга кошумчалар киргизилди, Ахмадийлерге каршы социалдык бойкот жарыяланды, ошондой эле аларга өздөрүн мусулман экендигин жарыялоо жана аларга «мусулман катары «мамиле кылуу» тыюу салынып, алардын өз ишенимдерине амал кылуу иши кылмыш иши болуп калган. Андан кийин Ахмадия Мусулман Жамааты 11 күндүк мажбурлоо жолу менен суроо-жоопко катышышкан, ал жерде Мырза Насир Ахмад өзү жана төрт башка көрүнүктүү улама Пакистандын Жогорку Кеңешинде Ахмадия Мусулман Жамаатына өкүлчүлүк кылышкан. Мырза Насир Ахмад жеке өзү Ахмадияга каршы коюлган бардык сын-пикирлерге жооп кайтарган.[7] Акыры, Пакистандын Жогорку Кеңеши Ахмадийлерди каапыр деп жарыялаган.

Лондон[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1978-жылы Мырза Насир Ахмад Лондондогу Кенсингтодо жайгашкан Коммонвелтх (Садружество) Институтунда Ыйса(ас)дын «Кресттен кутулуусу» деген темадагы бир конференцияга барып катышкан. Ага негизги диндердин ар кандай уламалары катышып, Ыйса(ас)дын крестке кагылуусуна байланыштуу кырдаал жөнүндөгү макалаларын окуп беришкен, андан кийин Ыйса(ас)дын каза тапкандыгы жөнүндөгү Ахмадиянын көз карашы сунушталган. Сэр Зафруллах Хан жана М.М.Ахмад дагы өз макалаларын сунуш кылышкан.

Христиан Чиркөө Ахмадияны Ислам таалимдеринин өкүлү эмес деп, Ыйса(ас)дын Туриндеги кепинин табылгандыгы жана ушул конференция кайрадан баштап койгон дебатка катышуудан баш тарткан [8]. Өкүлдөр Пакистан, Индия, Африка, Азия, Европа жана АКШнын өкүлдөрү келип катышышкан. Ошого байланыштуу Насир Ахмад дагы ушул теманын үстүндө кайрылуу жасаган. Ал Ыйсанын кресттеги өлүмдөн кутулгандыгы, анын Чыгышты көздөй жол тарткандыгы, Алланын жалгыздыгы жана Мухаммаддын даражасы деген темаларга кеңири токтолгон.[9]

Ахмадия жазууларын топтогондугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүннүн халифалык доорунда Мырза Насир Ахмад Мырза Гулам Ахмад көргөн түштөр, ачылыштар жана Алла тааладан алган вахий-аяндарды толук бойдон чогултууга буйрук кылгандыгы менен дагы таанылат, ал азыркыга чейин Гулам Ахмаддын ар кандай китептеринде, ошондой эле ар кандай журналдар жана газеталарда жарык көргөн болчу. Анын бардык вахий-аяндары «Тазкира» аттуу китеп аталып, басылып чыккан. Мырза Гулам Ахмаддын бардык сөздөрү же айткандары жыйындысы дагы Убада кылынган Мессиянын III халифасынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде топтолгон. Ал «Малфузаат» сыпатында жарык көргөн, ага анын дискусиялары, кайрылуулары, суроо-жооп сессиялары жана бейпилдик тартуулоочу айткандары кирген.

Испания[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испаниянын Кордова облусуна караштуу Педро-Абад деген аймакта Ахмадия Мусулман Жамаатына караштуу «Башарат» аттуу мечит жаңы Испанияда салынган эң алгачкы мечит.

1980-жылы Мырза Насир Ахмад Испанияны көздөй жол тартып, ал жерде Педро Абад деген аймакта «Башарат» аттуу мечитке алгачкы ташын койгон. Бул Испанияда 750 жылдан кийин салына турган биринчи мечит болчу.[10] Ушул эле жерде ал «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген ураанды ойлоп тапкан. Ал 1982-жылы кайтыш болгондон кийин мечит курулуп бүткөн.

Үйлөнүүсү, балдары жана үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мырза Насир Ахмад 1934-жылдын 5-августунда Саййида Мансура Бегамга үйлөнгөн. Ал Малеркотланын тургуну Наваб Мухаммад Али Хандын жана Мырза Гулам Ахмаддын кызы Наваб Мубарака Бегамдын кызы болчу. Алар беш бала көрүшкөн:

  1. Уулу Мырза Анас Ахмад
  2. Кызы Аматул Шакур
  3. Кызы Аматул Халийм
  4. Уулу Фарид Ахмад
  5. Уулу Мырза Лукман Ахмад.

Жубайы Мансура Бегам каза болгондон бир жылдан кийин Насир Ахмад дагы бир жолу үйлөнүүнү чечкен. 1982-жылдын 11-апрелинде ал Веровалдын тургуну Абдул Мажийд Хандын кызы Тахира Сыддыка Насирге үйлөнгөн. Ушул үйлөнүү 1982-жылдын 9-июнунда Насир Ахмаддын дүйнөдөн кайтышы менен болгону эки-үч айга гана созулган.

Кайтышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1982-жылдын июнь айында Мырза Насир Ахмад Пакистандын борбору Исламабад шаарында болгондо жүрөгү катуу кармаган. Ал 1982-жылдын 9-июлунда саат 12:45те каза болгон. Насир Ахмаддын сөөгү Рабвах шаарына алып барылып, Ахмадия Мусулман Жамааты түзгөн «Бахиштий Макбара» аттуу көрүстөндө жерге тапшырылган. Андан кийин халифа болуп шайланган Убада кылынган Мессиянын IV халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад Рабвах шаарында анын жаназасын окуган.

Докладдары жана дискуссиялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Тынчтыктын кабары жана эскертүү сөзү.
  2. Африкага сүйүү-махабат жана тууганчылык кабары.
  3. Халифат жана Мужаддаиййат.

Тектеш макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Азирети Убада кылынган Мессиянын III Халифасы(ру) – Халифа катары шайлануусу, Диндер Обзору, март, 2008
  2. 3. Пакистандын баш мыйзамына киритилген экинчи өзгөртүү, Пакистан гезити, Өзгөчө, I бөлүк, 21-сентябрь, 1974-жыл
  3. [[Жамаат]]тын расмий [[Сайт|сайт]]ы.. Текшерилген күнү 3 -октябрь (тогуздун айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 2 -март (жалган куран) 2016.
  4. «Ахмадийлер кимдер?». Би-Би-Си Жаңылыктары, 28-05-201
  5. «Мырза Насир Ахмаддын башталгыч жашоосу». Диндер Обзору. 2010-жылдын марты.
  6. «Азирети Убада кылынган Мессиянын III Халифасы: – анын он алты жарым жылдык калифат доорунан мурунку жашоосунун кыскача тарыхы». Муслим Хэралд. Июль, 1982-жыл.
  7. thepersecution.org: Махзарнама – Меморандум.
  8. Диндер Обзору, 2008-жылдын марты, 103-том, 3-сан, Ислам публикациялары 2008
  9. [[Ислам]]дагы [[Ахмадия]] [[Кыймыл]]ынын кыскача [[Тарых|тарых]]ы – [[Лондон]]догу [[Конференция]].. Текшерилген күнү 3 -октябрь (тогуздун айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 26 -март (жалган куран) 2015.
  10. Ахмад, Мырза Насир. «Исламдын элементардык окуусу».

Шилтмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]