Ак-Суу району
Өлкө | |
---|---|
Статусу |
областык район |
Областка карайт | |
Районго карайт |
13 айыл өкмөтү, 45 айыл, 1 ШТА. |
Административдик борбор | |
Калкы |
63 686 адам[1] |
Улуттук курамы |
кыргыздар — 88,5% |
Диний курамы | |
Тууралыгы |
42.515638 км |
Узундук |
78.532676 км |
Убакыт аралыгы | |
Автоунаа номурунун коду |
I,IK |
Ак-Суу району Уикиказынада | |
Ак Суу ооданы — Ысык-Көл облусундагы оодан. Түндүгүнөн Түп ооданы, түндүк-чыгышынан Казакстан, батышынан Жети Өгүз ооданы, түндүк-чыгышынан Кытай менен чектешет. Айанты 10,1 миң км² . Калкы 69,085 миң (2019). Ооданда 14 айыл өкмөтү, 48 кыштак бар. Оодандын борбору — Каракол шаары.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1973 ж. Чын Курандын 12-си Түп ооданынан бөлүнгөн.
Табиаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жеринин бети тоолуу; Кан Теңир тоо тоомунун (Жеңиш чокусу, бийиктиги 7439 м) батыш бөлүгүн, Сары Жаз суусунун алабын, Тескей Ала тоонун чыгыш бөлүгүн, Тасма дөңсөөсүнүн чыгыш капталын (бийиктиги 1800–2400 м) жана Жыргалаң өрөөнүн ээлейт.
Кен байлыктарынан көмүр, коргошун, калай, кайнатма туз, курулуш материалдары бар. Минералдуу ысык сууларга (Алтын Арашан, Ак Суу, Жыргалаң) бай.
Климаты мелүүн континенттик (Ак Суу сырттарында кескин континенттик). Текенин орточо температурасы 14–17°С, Үчтүн айыныкы –5°С'тан –7°С'ка чейин (сырттарында Текеники 10,8°С, Үчтүн айыныкы –19,6°С'ка чейин). Жылдык жаан-чачыны 450–700 мм, сырттарында 250 мм.
Кан Теңир тоо тоому мөңгүлүү, ирилери: Түндүк жана Түштүк Эңилчек, Кайыңды ж. б.
Ири суулары: Сары Жаз, Жыргалаң, Түргөн Ак суу, Каракол ж. б. Тоолорунда көл (Мерсбахер ж. б.) көп.
Кыртышы 2400 м бийиктикке чейин ачык жана кара коңур топурактуу, андан жогору тоонун талаа кара топурагы таралган. Тоо этектери күрөң топурактуу. Сугат жана кайрак жер дыйканчылыгы өнүккөн. 2000-3000 м бийиктикте карагай токойу жана бадал өсөт; субалп шалбаасы чабынды жана жайыт катары пайдаланылат. Деңиз деңгээлинен 2500-3000 м жогору алп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. 3500-4000 м бийиктикте түбөлүк кар жана мөңгү алкактары жатат. Тоолору жайыт, өрөөнү кыштоо катары пайдаланылат.
Жаныбарлары: тоо эчки, бугу, айуу, доңуз, илбирс, бөрү, суур, түлкү, кашкулак, койон; куштардан — кыргоол, маңкаказ, кекилик, бүркүт ж. б. кездешет. Оодандын аймагында Ак Суу мамллекеттик аңчылык заказниги уйуштурулган (айанты 32,4 миң га).
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы көп улуттуу; 2009 жылы өткөн эл каттоо бойунча негизинен Кыргыздар (56369; 88,5 %), ошондой эле Орустар (2884; 4,5 %), Калмактар (2805; 4,4 %), Казактар (916; 1,5 %), Уйгурлар (201; 0,3 %), Татарлар (146; 0,2 %), Украиндер (125; 0,2 %), Өзбектер (110; 0,2 %) ж. б. жашайт.[1]
Калк оодандын түндүк түзөң бөлүгүндө жышыраак отурукташкан. Калктын жыштыгы: 1 км² жерге орточо эсеп менен 7 киши туура келет. Табигый өсүшү 2002 ж. маалымат бойуча 16,6 кишини түзөт. Көбү айыл-кыштактарда жашайт. Аймагында Каракол шаары жана Пристан-Пржебалск шаарчасы жайгашкан.
Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айыл чарба
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чарбасынын негизин айыл чарба түзөт. Ооданда айыл чарбага жарактуу 46,6 миң га, жердин 35,2 миң га'рын айдоо (анын 41 миң га'ры сугат жер, 5,6 миң га'ры кайрак жер), 13 миң га мөмө-жемиш бактары, 302,6 миң га'рын жайыт, 2,3 миң га'рын чабынды ээлейт. Негизги айдоо айанттары көлдүн жээгинде жана Тескей Ала тоонун этектеринде, ал эми жайкы жайыттары Тескей Ала тоонун өрөөн капчыгайларында жана Какшаал бийик тоолуу аймагында жайгашкан. Негизинен картөшкө жана буудай өстүрүлөт.
Малдын санынын азайышына байланыштуу көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген айдоо жерлердин айанттары кыскартылып, алардын ордуна башка айыл чарба эгиндери өстүрүлүүдө.
Өнөр жай анча өнүккөн эмес. Оодандын аймагында жергиликтүү маанидеги Жыргалаң кени, Каракол меканикалаштырылган токой чарбасы жана турмуш тиричилик жактан тейлөөчү ишканалар бар. Сары Жаз сайдын алабында калай, болпрам, коргошун түстүү металл кендери чыгат. Ооданда чакан менчик ишканалары өнүгүүдө. «Кумтөр Оперейтинг компани» менен Эңилчек кичи менчик өндүрүштүк ишканасы биргелешип алтын менен болпрам консентратын өндүрүүдө. Биргелешкен ишкананын дүң жыйымы 22,5%ды түзөт. Ооданда кайра иштеп чыгуучу жана тамак аш өнөр жай тармактары өнүгүп, ал негизинен ички базарга багытталган. Ооданда тери иштетүүчү эки ишкана, май чыгаруучу кичи тегирмен, нан забоддору бар. Забоддордун ичинен эң ириси Челпек арак-шарап забоду. Картөшкөнү кайра иштетүүчү кичизабод куруулууда (күнүнө 10 т картөшкө иштетет). Анда кракмал жана кургак картөшкөнү чыгаруу, айыл чарба өсүмдүктөрүн, мөмө жемиштерди кайра иштетүүнү өнүктүрүү каралууда.
Мурда малдын саны көбөйүп, мал чарбасы экстенсибдүү түрдө жүргүзүлгөндүктөн жайыттардын экологиалык абалы кыйла начарлап кеткен. Азыркы учурда малдын (айрыкча койдун) санынын азайып кеткендигине байланыштуу бийик тоолуу жайыттар дээрлик пайдаланылбай калды. 2002 ж. ооданда 25,9 миң карамал (анын 13,9 миңи саан уй), 102,8 миң кой-эчки, 6 миңдей чочко, 10,2 миң жылкы, 82,1 миң үй кушу болгон. Ооодан 2002 ж. 9,8 миң т эт, 29,6 т чийки сүт, 3,0 млн даана жумуртка, 362 т жүн дайардаган. 2001 ж. 745 дыйкан чарбасы иштеген.
Тескей Ала тоодон Каракол шаарынын түштүгүнө чейин 100 миң га жерди токой массиби ээлейт. Токойдун негизин арча, карагай, акчечек, ошондой эле талаа, шалбаа өсүмдүктөрү, бадалдар түзөт.
Ооданда алпинизм, аңчылык ж. б. туризмдин түрлөрүнүн өнүгүүсү үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар. Алпинизмдин чордонун Кан тоо, Жеңиш чокулары түзөт. Туристтерди оодандын ажайып кооз тоо токойлуу жерлери да өзүнө тартат. Ал жерлерге облустун борбору — Каракол шаарынан түрдүү транспорт менен оңой жетип алууга болот.
Транспорт
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ооданда унаа транспорту өнүккөн, унаа жолдорунун басымдуу бөлүгүнө аспалт төшөлгөн. Каракол шаарынан аба жана суу жолдору да кетет. Шаардын четинде абабекет бар.Оодандын аймагы аркылуу өткөн Түп — Кеген (Казакстан) унаа жолу реконструксиаланууда (2003).
Маданий турмушу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2001/02 окуу жылында 34 жалпы билим берүүчү мектепте 13911 окуучу окуган, а.и. 2 толук эмес орто, 2 башталгыч мектеп болгон. 27 мектепте окуу кыргыз, 7 мектепте кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт; 2 мектепке чейинки мекемеде 201 бала тарбиаланган, кесиптик-текникалык окуу жайы бар. Ак Суу борборлошкон китепкана, маданиат үйү, ошондой эле оодандык «Мезгил жарчысы» газетасы кыргыз жана орус тилдеринде чыгат. Оодандын аймагында оодандык оорукана, үй-бүлөлүк медисина борбору, стамотологиалык поликлиника, 26 пелдшер-акушердик пункт, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, балдардын неурологиалык санаторийи (105 орундуу) ж. б. медисиналык-санаториалык мекемелер, Ак Суу курорту бар.
Айыл Өкмөттөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айыл өкмөттөр | Айыл-кыштактардын аты | Негизделген жылы | Калкыны н саны (2019) | Ак Суудан алыстыгы (км менен) | Балыкчы темир жол бекетинен алыстыгы (км) |
---|---|---|---|---|---|
Ак Булуң айыл өкмөтү | Ак Булуң | 1922 | 2 498 | ||
Ак Булак | 1924 | 2 388 | |||
Токтогул | 1 388 | ||||
Түргөн | 28 | ||||
Ак Чий айыл өкмөтү | Ак Чий | 1 496 | |||
Качыбек | 1 013 | ||||
Көк Жайык | |||||
Кызыл-Жар | |||||
Кызыл Кыйа | 988 | ||||
Бөрү Баш айыл өкмөтү | Бөрү Баш | 2 482 | |||
Черик | 402 | ||||
Кара Жал айыл өкмөтү | Тегизчил | 1 698 | |||
Жаңы Арык | 2 424 | ||||
Кара Жал | 279 | ||||
Боз Булуң | 1 058 | ||||
Каракол айыл өкмөтү | Каракол | 1 865 | |||
Чолпон | 1 601 | ||||
Кереге Таш айыл өкмөтү | Сары Камыш | 1 856 | |||
Кайырма Арык | 1 529 | ||||
Кереге Таш | 2 837 | ||||
Жергез | 1 055 | ||||
Кара Кыз | 643 | ||||
Боз Учук айыл өкмөтү | Боз Учук | 3 517 | |||
Энчилеш | 1 246 | ||||
Ичке Жергез | 2 200 | ||||
Октябр айыл өкмөтү | Маман | 1 791 | |||
Жол Колот | 2 726 | ||||
Отуз Уул | 1 268 | ||||
Үч Кайнар | 1870 | 976 | |||
Отрадный айыл өкмөтү | Отрадное | 1911 | 2 103 | ||
Орлиное | 1911 | 1 070 | |||
Шапак | 997 | ||||
Тепке айыл өкмөтү | Тепке | 1910 | 1 026 | ||
Жылдыз | 978 | ||||
Курбу | 1 027 | ||||
Ак Суу айыл өкмөтү | Ак Суу | 13 431 | |||
Лесное | 195 | ||||
Челпек айыл өкмөтү | Челпек | 3 444 | |||
Бурма Суу | 2 267 | ||||
Таш Кыйа | 2 191 | ||||
Эңилчек айыл өкмөтү | Эңилчек | 1900 | 133 | ||
Кең Суу | 0 | ||||
Койлуу | 6 | ||||
Кургак | 2 | ||||
Май Саз | 1 | ||||
Таш Короо | 1 | ||||
Эчкили Таш | 9 | ||||
Жыргалаң айыл өкмөтү | Жыргалаң | 1 033 |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 1.2 Перепись населения Киргизии 2009. Иссык-Кульская область. Текшерилген күнү 30 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
Райондору | Ак-Суу • Түп • Тоң • Ысык-Көл • Жети-Өгүз | |
---|---|---|
Областтын карамагындагы шаарлар | Каракол • Балыкчы • Чолпон-Ата |
Кыргызстандын административдик бөлүнүшү | ||
---|---|---|
Баткен облусу | Баткен · Кадамжай · Лейлек | |
Жалал-Абад облусу | Аксы · Ала-Бука · Базар-Коргон · Ноокен · Сузак · Тогуз-Торо · Токтогул · Чаткал | |
Нарын облусу | Ак-Талаа · Ат-Башы · Жумгал · Кочкор · Нарын | |
Ош облусу | Алай · Араван · Кара-Кулжа · Кара-Суу · Ноокат · Өзгөн · Чоң-Алай | |
Талас облусу | Бакай-Ата · Кара-Буура · Манас · Талас | |
Чүй облусу | Аламүдүн · Жайыл · Кемин · Москва · Панфилов · Сокулук · Чүй · Ысык-Ата | |
Бишкек шаары | Октябрь · Биринчи Май · Свердлов · Ленин · Чоң-Арык ш.т.а · Орто-Сай айылы | |
Ош шаары |