Будапешт
Отурукташкан жай
Будапешт
|
Будапешт — Венгрия Республиканын борбору. Пешт медьесинин администрациялык борбору. Дунай дарыянын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Өзүнчө администрациялык-аймактык бирдик. Калкы 1,7 млн (2012). Ири жолдор тоому.
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1148-жылдан белгилүү болуп, ал тарыхый 3 бөлүктөн (Пешт, Буда, Обуда) турат. 1872-ж. алар Будапешт болуп бир шаарга бириктирилген. 1241-ж. Буда, Обуда, Пешт моңгол баскынчылары тарабынан талкаланган. 1242-жылдан Буда венгр королдорунун туруктуу резиденциясы, 1350-жылдан Венгр королдугунун борбору. Буда, Обуда жана Пешт 1541–1686-ж. Осмон империясынын, 18-кылымдын башында Габсбургдардын бийлиги астында болгон. 1867-жылдан Венгрия королдугунун, 1918-ж. көз каранды эмес Венгр мамлекетинин борборуна айланган. 1944-ж. мартта немец аскерлери тарабынан оккупацияланып, 1945-ж. февралда советтик аскерлер бошоткон. 1918-жылдан Венгрия Республикасынын борбору. Өлкөнүн башкы саясий, илимий, экономикалык жана маданий борбору. Эл аралык аэропорту бар. Будапештте Венгриянын өнөр жайынын 30%и жайгашкан. Машина куруу (прибор, трактор кураштыруу, транспорттук, электр-техникалык), текстиль жана химиялык өнөр жайы өнүккөн. Тамак-аш, фармацевтика, резина, кийим тигүү, полиграфия ишканалары иштейт. Венгрия ИА, университет, Ф. Лист атындагы музыкалык академия, Улуттук галерея, Сүрөт искусство музейи, Улуттук искусство, этнографиялык жана тарых, Чыгыш-Азия музейлери, театрлар бар. Будапештин негизги бөлүгү тоолуу Буда (оң жээк) жана түзөңдүү Пештте (сол жээк) жайгашкан. Буда Будапештин тарыхый очогу, анда 13–19-кылымдын архитектура эстеликтери басымдуу келип, алар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаарды бошоткон Советтик жоокерлерге Боштондук эстелиги тургузулган (1947). Пештте соңку жана азыркы курулмалар бар. Негизги өнөр жайлуу райондору Дунайга жанаша жайгашкан (Чепель, Уйиешт жана башка). Метрополитен иштейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
БУУга мүчө өлкөлөр: Амстердам • Андорра-Ла-Вилья • Анкара • Афины • Белград • Берлин • Берн • Братислава • Брюссель • Будапешт • Бухарест • Вадуц • Валлетта • Варшава • Ватикан • Вена • Вильнюс • Дублин • Загреб • Киев • Кишинёв • Копенгаген • Лиссабон • Лондон • Любляна • Люксембург • Мадрид • Минск • Монако • Москва • Нур-Султан • Осло • Париж • Прага • Рейкьявик • Рига • Рим • Сан-Марино • Сараево • Скопье • София • Стокгольм • Таллин • Тирана • Хельсинки • Цетине Башка аймактардын борборлору:
Гибралтар •
Дуглас •
Лонгйир •
Мальта сарайы •
Мариехамн •
Сент-Питер-Порт •
Сент-Хелиер •
Торсхавн •
Эпископи
|