Мазмунга өтүү

Палау

Википедия дан

Палау Республикасы
палау Beluu er a Belau
англ. Republic of Palau
жап. パラオ共和国

Герб
Туу Герб
Гимн: «Belau loba klisiich er a kelulul»
Эгемендүүлүк күнү 1-октябрь 1994-жыл

Америка Кошмо Штаттарынан)

Расмий тили англис тили, палау тили, жапон тили
Борбор шаары Нгерулмуд
Ири шаарлар Корор
Башкаруу формасы Президенттик башкаруу системасы
Президент
Вице-президент
Сурангел Уиппс
Удуч Сенгебау
Мам. дини 89,7 % христиандар
5,7 % Модекнгеи
3,0 % ислам
2,6 % башка диндер
Аянты
• Жалпы
180-орун - дүйнөдө
459 км²
Калкы
• Бааланган (2021)
Жыштыгы

18,024 адам (192-орун)
38,375 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

308 млн $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

322 млн $
17,448 $
АДӨИ  0,797 (жогору) (71-орун)
Этнохороним палаулук, палаулуктар
Акча бирдиги АКШ доллары (USD)
Домени .pw
ISO коду PW
ЭОК коду PLW
Телефон коду +680
Убакыт аралыгы UTC +09:00

Палау (палау Belau, англ. Palau, жап. パラオ ), расмий аталышы — Палау Республикасы (палау Beluu er a Belau, англ. Republic of Palau, жап. パラオ共和国 ) — АКШга менен ассоциацияланган аралдык мамлекет.

Тынч океанынын Филиппин деңизинде, Филиппиндин чыгышында жана Индонезиядан түндүгүндө, эки өлкөдөн 800 чакырым алыстыкта жайгашкан .

Палау тилиндеги аралдардын аталышы, beluu («айыл»)[1] же aibebelau («кыйыр жооптор») деген жаралуу уламышына байланыштуу сөздөрдөн келип чыккан[2].

Англис тилине «Палау» атылышы немис тили аркылуу (нем. Palau) испан тилиндеги исп. Los Palaos аталышынан келген. Англис тилиндеги аралдардын архаикалык аталышы «Пелью аралдары» атылышы болгон[3]. «Палау» аталышын, малай тилиндеги «арал» деп которулган жана бир нече географиялык аталыштарда кездешкен «Пулау» менен чаташтырбоо керек.

Алгач аралды 1543-ж. европалыктар тапкан. 1686-ж. Испания аралды өзүнүн менчиги деп жарыялаган, бирок ал 1886-ж. гана ишке ашкан. 1899-ж. Испания АКШ менен болгон согушта жеңилгенден кийин Германияга саткан. 1914-ж. 1-дүйнөлүк согушта Япония басып алып, 1920-ж. гана Улуттар Лигасы башкарууга мандат берген. Ал 1944-жылдын күзүндө АКШнын аскердик башкаруусуна өтүп, 1947-жылдан Микронезиянын курамындагы АКШнын камкордугуна алынган аймак. 1993-жылдын ноябрында өткөрүлгөн референдумдун натыйжасында өлкө «АКШдан эркин ассоциацияланган» деген статуска ээ. Палаунун көз каранды эместиги 1994-ж. жарыяланган.

Улуттук дүң кирешеси 2008-ж. 164 млн долларды түзгөн. Аны киши башына бөлгөндө 8,1миң доллардан туура келген. Ички дүң продукциясындагы (ИДП) тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 81,8, өнөр-жайдыкы 12, айыл-чарбасыныкы 6,2. Копра өндүрүлөт. Белек-бечкек даярдалат. Кийим тигүү өндүрүшү иштейт. Курулуш индустриясы өнүккөн. Палаунун экономикасынын негизин балыкчылык түзөт. Кокос пальмасы, батат жана касава өстүрүлөт. Бодо мал, чочко жана эчки асыралат. Автомобиль жолунун узундугу 60 км (анын 1/2и асфальтталган). Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Микронезиянын аралдары жана Сидней (Австралия) менен дениз, Гуам менен аба катнашы бар. Сыртка моллюска, балык, копра чыгарат. Туризм өнүккөн. Негизги соода шериктери: АКШ, Япония, Сингапур.

Пауланын аймагы Тынч океанында жайгашкан архипелагдан турат. Анын эң көп калктуу аралдары — Ангаур, Бабелдаоб, Корор жана Пелелиу. Акыркы үч арал бир тосмо рифтин ичинде жайгашкан, ал эми Ангаур аралы бул аралдардан бир нече чакырым алыстыкта түштүктө жайгашкан. Калктын үчтөн экиси Корордо жашайт. Каянгелдин коралл атолу бул аралдардын түндүгүндө, ал эми эл жашабаган Челбахеб (Аскалуу аралдары) аралдары негизги аралдар тобунун батышында жайгашкан. Алты аралдан турган алыскы аралдар тобу Түштүк-Батыш аралдары деп аталат жана негизги аралдардан 604 чакырым алыстыкта жайгашып, Хатохобей жана Сонсорол штаттарын түзөт.

Нгерукевиддин бийиктиктен көрүнүшү
Челбахебдын (Аскалуу аралдары) бийиктиктен көрүнүшү
Челбахеб (Аскалуу аралдары) аралдары
Акиташ затынан турган аралдардын бийиктиктен көрүнүшү

Палауда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча узак тарыхы бар. Мисалы, Нгерукевид аралдары жана анын айланасында 1956-жылы түзүлгөн Нгерукевид аралдарынын жапайы жаратылыш коругу[4].

Палаунун көп бөлүгү айлана-чөйрөнүн бузулушунан алыс болгонуна карабастан мыйзамсыз жардыруу аркылуу балык уулоо, Корор аралындагы таштандыларды жок кылуучу жана кайра иштетүүчү жайлардын жетишсиздиги жана Палау лагунасындагы кум жана кораллдарды казып алып сыяктуу иш-аракеттер экологдордун тынчсыздануусун жаратууда[5].

Тынч океанынын башка аралдарындагыдай эле, океан деңгээлинин көтөрүлүшү Палау аралдарынын экологиясына чоң коркунуч туудурууда.

Глобалдык атмосфералык изилдөөлөрдүн эмиссиялык маалымат базасына ылайык, 2019-жылы Палаунун бир жаранына орточо көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу 60 тоннаны түзгөн. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири жана булгануунун негизги булагы болуп автотранспорттон бөлүнүп чыккан газдар болуп саналат[5].

Төмөн жайгашкан аймактарды суу каптагандыктан, жээктеги өсүмдүктөргө, айыл чарбасына жана таза суунун жетишсиз болушу коркунуч туудурат. Агынды сууларды тазалоо, жер семирткичтерден жана биоциддерден чыккан уулуу калдыктарды кайра иштетүүдө да чоң көйгөйлөр бар.

Туздуу сууда жашаган крокодилдердин бир түрү Crocodylus porosus Палауну байырлайт. Бул түр адамдарга өтө коркунучтуу деп эсептелгенине карабастан, Палаунун тарыхында 1965-жылдын 28-декабрында адам кол салуусу бир гана жолу катталган[6]. Бул кол салуудан кийинки крокодилдерге мергенчилик кылуу 1980-жылдарга чейин созулган жана крокодилдердин жок болуп кетүү коркунучуна алып келген. 1990-жылдардан бери иштеп келе жаткан крокодилдерди коргоо программасы Палау крокодилдеринин популяциясын турукташтырууга жетишти[7].

2005-жылдын 5-ноябрында Палаунун президенти Томас Эсанг Ременгесау, Микронезиянын чакырыгы деп аталган аймактык экологиялык демилгени жетектеп, 2020-жылга чейин жээктеги суулардын 30% жана токой жерлеринин 20% коргоого алган. Палаудан кийин бул демилгеге Микронезия Федеративдик Штаттары, Маршалл аралдары, Гуам жана Түндүк Мариана аралдары кошулган. Бул демилгеге кошулган аймактар Тынч океанынын суулу аймагынын дээрлик 5% жана анын жээ тилкелеринин 7% түзөт.

Бул мамлекеттин аймагында Палау тропикалык нымдуу токойлору деп аталган жердеги экоаймак орун алган[8]. 2019-жылдагы токой ландшафтынын бүтүндүгү индекси боюнча орточо баллы 8.09/10 болуп, токойлуу 172 өлкөнүн ичинен 27-орунду ээлеген[9].

Өлкө аймагында жер титирөөлөр, жанар тоолук активдүүлүк жана тропикалык бороон-чапкындар көп катталып турат.

Euatel кайыгы жээкке жакын сууларда иш алып барат

2009-жылдын 25-сентябрында Палау дүйнөдөгү биринчи акулалар коргоочу жайын түзөрүн жарыялаган[10]. Акулаларды уулоого тыюу салынган Палаунун өзгөчө экономикалык аймагынын аянты 600,000 км² түзөт, салыштырмалуу бул бүткүл Франциянын аянты менен барабар[11][12]. Палаунун президент Жонсон Торибионг бул акулаларды коргоочу аймак жөнүндө Бириккен Улуттар уюмунун жыйынында жарыялаган[12][13] жана акулаларды улоого дүйнө жүзү боюнча тыюу салууну сунуш кылган[11].

2012-жылы Палау Дүйнө келечеги кеңешинин «Палау деңиз экосистемасын коргоо боюнча дүйнөлүк лидер» сыйлыгына ээ болгон[14].

Палаудагы деңизди коргоо органдарынын бөлүмү өлкөнүн 600 000 чарчы километр экономикалык аймагын кайтарышат. Алар фауна карата бүлгүнчүлүк кылгандарга жана лицензиясы жок балыкчыларга каршы Kedam жана the Remeliik II деген атылыштардагы эки узак аралыкка сүзө алган кайыктар менен иш алып барышат[15][16][17]. Кичинекей жана жай кайыктар жээктеги операцияларга колдонулат, кайыктардын базасы Корордо жайгашкан[18].

Палау тропиктик нымдуу климаттуу, жылдык орточо температурасы 28°C. Жаан-чачын жыл бою көп жаайт, орточо өлчөмү 3800 мм. Орточо нымдуулук 82% түзөт. Июнь-октябрь айларында жаан-чачын көп жааганына карабай, күн ачык күндөрдүн саны көп. Палау тайфундар болуп туруучу тилкенин чет-жакасында жайгашкан. Палауга жакын жерлерде тропикалык бороон-чапкындар көп кездешет, бирок олуттуу тропикалык циклондор сейрек кездешет. Майк, Бофа жана Хайян атылышындагы тайфундар Палауга жеткен сейрек тайфундар болуп саналат[19].

Саясий түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Корор - Палаунун мурунку борбору

Палау — демократиялык республика. Палаунун президенти мамлекет башчысы жана өкмөт башчысы болуп саналат. Аткаруу бийлигин өкмөт жүзөгө ашырат, ал эми мыйзам чыгаруу бийлиги өкмөткө да, Палау Улуттук Конгрессине да таандык. Сот бийлиги аткаруу бийлигинен жана мыйзам чыгаруучу органдан көз каранды эмес. Палаунун конституциясы 1981-жылы кабыл алынган.

Америка Кошмо Штаттары менен Палаунун ортосундагы эркин ассоциация келишими алардын өкмөттөрүнүн ортосундагы эркин жана ыктыярдуу мамилелерди түзөт. Келишим негизинен саясий, экономикалык, коопсуздук жана коргоо маселелерине багытталган[20].

Палаунун аскердик күчтөрү жок, мамлекет коргонуу маселелеринде Америка Кошмо Штаттарына таянат. Келишимге ылайык, америкалык аскерлерге аралдарга кирүүгө 50 жылга уруксат берилген бирок АКШнын аскер-деңиз флотунун ролу минималдуу.

АКШнын жээк күзөт кызматы Палаунун сууларында патрулдук иш жүргүзөт. Өкмөт Палауда АКШнын аскер-аба күчтөрүнүн жогорку жыштыктагы радар станциясын жайгаштырууга макул болгон[21] жана бул станция 2026-жылы иштей баштайт деп күтүлүүдө[22].

2020-жылдын ноябрь айында Сурангел Самуэль Уиппс Палаунун жаңы президенти болуп шайланган[23].

Тышкы саясаты

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Президент Томас Ременгесау Тайвандын президенти Цай Ин Вэн менен 2016-жылкы жолугушуусу
Палау менен мамиледе болгон өлкөлөрдүн желектери, Паласия мейманканасы
Президент Ременгесау Филиппиндин президенти Родриго Дутерте менен 2018-жылкы жолугушуусу

Эгемендүү мамлекет катары Палау өзүнүн тышкы мамилелерин эркин жүргүзөт[24]. Эгемендүүлүк алгандан бери Палау көптөгөн өлкөлөр менен, анын ичинде Микронезиядагы мамлекеттер жана Филиппин сыяктуу Тынч океанындагы коңшулары менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн. 1994-жылдын 29-ноябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Палауну Бириккен улуттар уюмуна кабыл алууну сунуш кылган 963-резолюцияны кабыл алган. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1994-жылдын 15-декабрында 49/63 резолюциясына ылайык Палаунун мүчөлүгүн жактырган[25]. Андан бери Палау башка бир нече эл аралык уюмдарга кошулган. 2006-жылдын сентябрь айында Палауда Тайвань-Тынч океан Союздаштарынын биринчи саммити болгон. Палаунун президенти Тынч океанынын башка өлкөлөрүнө, анын ичинде Жапонияга расмий иш сапар менен барган[26]. Тайвань Палауга эл аралык форумдарына, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунда жана Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясына катышуу үчүн каржылык колдоо көрсөткөн[27].

Америка Кошмо Штаттарынын дипломатиялык делегациясы жана Палаудагы элчилиги бар, бирок өлкөлөрдүн мамилелеринин көпчүлүк багыттары АКШнын ички иштер министрлигинин аралдар иштери боюнча башкармалыгынын жоопкерчилиги болгон келишимдик каржыланган долбоорлорго байланыштуу[28]. Мисалы, бул келишимдин алкагында Палауга 96939 жана 96940 почта коддору берилген. Эл аралык саясатта Палау Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциялары боюнча Кошмо штаттар менен бирге добуш берет[29].

Палау Жапония менен тыгыз байланышта, Жапония инфраструктуралык долбоорлорду каржылап келет,. Корор–Бабелдаоб көпүрөсүнүн курулушун Жапония тарап толугу менен каржылаган. 2015-жылы император Акихито жубайы Мичико менен Экинчи дүйнөлүк согуштун 70 жылдыгына карата Пелелиуда өткөн иш-чараларга катышуу үчүн Палауга барышкан[30].

1981-жылы Палау дүйнөдөгү биринчи өзөктүк куралсыздандыруу концепциясы каралган конституцияны иштеп чыккан. Бул конституциянын концепциясы ядролук, уулуу химиялык, газдык жана биологиялык куралдарды колдонууга, сактоого жана жок кылууга тыюу салган, бирок алгачкы добуш берүүдө 75% көпчүлүк добуш менен жактырылган эмес[31]. 2017-жылы Палау Бириккен Улуттар Уюмунун өзөктүк куралга тыюу салуу жөнүндө келишимине кол койгон[32].

Палау балык улоону жөнгө салуу боюнча Науру келишиминин мүчөсү[33]. Палау менен коңшулаш жана союздаш болгон Филиппин, эгерде Палау АСЕАНга кошулууну кааласа, толук колдой турарын билдирген[34].

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Палаунун он алты штаты
Палау Республикасынын картасы

Палау он алты штатка бөлүнөт (1984-жылга чейин муниципалитеттер деп аталган).

Штат Административдик борбору Аянты, км² Калкынын саны (2015) Калкынын саны (2020)
Каянгел Каянгел 1,7 54 41
Нгархелонг Менгелланг 11,2 316 384
Нгараард Улиманг 34 413 396
Нгардмау Урдманг 34 185 238
Нгаремленгуи Имеонг 68 350 349
Нгатпанг Нгереклмадел 33 282 289
Нгивал Нгеркеаи 17 282 312
Мелекеок Мелекеок 26 277 318
Нгхесар Нгерсуул 43 291 319
Аимелиик Монгами 44 334 363
Аираи Нгеткиб 59 2,455 2,529
Корор Корор 60,52 11,444 11,199
Пелелиу Клоулклабед 22,3 484 470
Ангаур Нгарамаш 8,06 119 114
Сонсорол Донгосару 3,1 40 53
Хатохобеи Хатохобеи 0,9 25 39
Челбахеб[35]
Нгерулмуд[36]
Калкы
Жыл[37] Саны[37] ± %[37]
1958 8,987 —    
1970 11,210 +24.7 %
1980 12,116 +8.1 %
1990 15,122 +24.8 %
1995 17,225 +13.9 %
2000 19,129 +11.1 %
2005 19,907 +4.1 %
2015 17,661 −11.3 %
2020 17,614 −0.3 %

Палау калкынын саны 2023-жылы болжол менен 21,779 адамды түзгөн[37], алардын 73 % теги меланезиялык жана австронезиялык болгон палаулуктар. Палауда азия улуттарынын саны көп. Филиппин Испаниянын колониясы болуп турган доордо, филиппин улутундагы адамдар Палауга келишкен жана азыркы учурда өлкөдөгү эң чоң азия улутундагы элдердин тобун, Палаудагы экинчи ири этникалык топту түзөт.

XX кылымдын аягында кытайлар, корейлер, жапондор, бангладештиктер, непалдыктар Палауга жумушчулар катары келип отурукташып калышкан[38].

Еврапалыктар менен америкалыктардын санын аз.

Расмий тилдери — палау жана англис тилдери.

Тилдери: палау тили (мамлекеттик) — 62,1 %, англис тили — 14,4 %, филиппин тили — 10 %, кытай тили — 1,7 %.

Айрым штаттарда жергиликтүү тилдер расмий макамга ээ: Сонсорол штатында — сонсорол тили жана англис тили, Хатохобеи штатында — тоби тили жана англис тили, Ангаурда — палау тили, жапон тили жана англис тили[39]. Палауда англис тилинин ушул өлкөгө тиешелүү диалектиси түптөлгөн.

Палау Жапониянын колонисы болуп турган мезгилден бери экинчи тил катары кеңири жайылган[40], азыр Ангаур штатында расмий макамга ээ[41].

2020-жылдагы эл каттоонун малыматтары боюнча калктын 46,9 % католиктер, 25,9 % протестанттар, 5 % жетинчи күндүн адвентисттери 5,1 % модекнгеи динин тутунгандар, 4,9 % мусулмандар, 0,9 % Исанын акыркы күндөрүндөгү ыйыктар чиркөөсүнүн жолдочулары жана 11,4 % башка диндерди тутунгандар[37].

Жасалма дол менен казылган Германия каналы
Корор-Бабелдаоб көпүрөсүнүн бийиктиктен көрүнүшү

Палаунун экономикасы негизинен туризм, айыл чарба жана балык уулоого багытталган. Туристтик иш-аракеттер аралдардын кооз деңиз чөйрөсүнө, рифтерге жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы суу астына чөгүп кеткен кемелерге экскурсиларды уюштурууга багытталган.

2022-жылдын апрелинде Палау өлкөнүн табигый чөйрөсүн жана салттуу маданиятын сактоого багытталган жоопкерчиликтүү туризм программасын ишке киргизген[42].

Өкмөт, АКШнын финансылык жардамына таянып, эң ири жумуш берүүчү болуп саналат. 2000-2001-жылдары туризм чөйрөсүндөгү ишкерлер менен туристтердин саны 50 000ге жеткен.

Палаунун соода кемелер флоту коммерциялык кемелердин дүйнөлүк флотунун 0,001 % дан азыраак бөлүгүн түзгөнүнө карабастан, анда 2019-жылы акыркы рейске чыккан кемелердин дээрлик 60 % Палаунун желеги астында сүзгөн. Мындай жолду кеме компаниялары экология жана эмгек жаатындагы жоопкерчиликтен качуу үчүн колдонушат[43].

Калктын киши башына түшкөн кирешеси Микронезиянын жалпы кирешесинен эки эсе көп. Акыркы жылдары Тынч океанынын аба-ырайы, Чыгыш Азиянын алдыңкы өлкөлөрүнүн өнүгүшү жана чет өлкөлүктөрдүн Палаудагы инфраструктураны өнүктүрүүнү каржылоого даярдыгы, туризм секторунун онүгүүшүнө чоң өбөлгө түздү.

Киреше салыгынын үч түрү бар, алардын прогрессивдүү коюмдары 9,3 %, 15 % жана 19,6 %. Корпоративдик салык 4 % түзөт, ал эми Палаудагы товарлар жана кызматтар салыгы 2023-жылдын 1-январында киргизилген, Палаунун аймагында сатылган же колдонулган товарлардын жана кызматтардын көпчүлүгүнө ушул салык 10 % коюму менен колдонулат[44]. Палауда мүлк салыгы жок.

Палаудагы бай деп аталган турак-жай

Коому аял жагынан болгон туугандыкка негизделип түзүлгөн. Палау элинин салттарынын дээрлик бардык тармактарында, айрыкча, сөөк коюу салтында, үйлөнүү үлпөтүндө, мураска ээ болууда жана салттуу наамдарды өткөрүп берүүдө энелик тегине байланыштуу каада-салттар байкалат.

Тамак-ашы жергиликтүү жашылча-жемиштерден жасалат, мисалы, маниока, таро, ямс, картошка, балык жана чочконун эти. Ошондой эле, филиппиндик, жапондук эмгек мигранттарынын жана америкалыктардын ашканаларынын таасири күчтүү. Жарганаттан жасалган шорпо Палаудагы көпчүлүк учурда колдонулган чүйгүн тамак болуп саналат[45].

Айрым суусундуктары - кокос дарагынан жасалган спирт ичимдиги, каванын тамырынан жасалган суусундук ж.б.

Палауда тама деп аталаган десерт дагы ашканасында болдонулат[46].

Бейсбол Палауда 1920-жылдары жапондор тарабынан өлкөгө алып келингенден бери популярдуу оюндардын бири. Палау улуттук бейсбол курама командасы 1990, 1998 жана 2010-жылдардагы Микронезия оюндарында, ошондой эле 2007-жылдагы Тынч океан оюндарында алтын медаль утуп алууга жетишкен.

Палау Футбол ассоциациясы тарабынан уюштурулган улуттук футбол боюнча курама командасы бар, бирок ФИФАнын мүчөсү эмес.

Билим берүү тутуму

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башталгыч билим берүү тутумунда 16 жашка чейинки окуучулар окушат. Билим берүү тутумуна мамлекеттик жана жеке менчик мектептер, коомдук колледж кирет.

Бакалавр, аспирант жана кесиптик билим алуу студенттер чет өлкөгө, негизинен Америка Кошмо штаттарындагы жогорку окуу жайларына тапшырышат. Палауда Сан Диего мамлекеттик университетинин жана Түштүк Тынч океан университетинин аралыктан окутууну сунуштаган бөлүмдөрү иш алып барышат.

  1. Palau Culture Name
  2. The Bais of Belau
  3. Palau - Portrait of Paradise
  4. Terrestrial vertebrates of the Ngerukewid Islands Wildlife Preserve, Palau Islands
  5. 5.0 5.1 Fossil CO2 and GHG emissions of all world countries
  6. Survey of the Crocodile Populations of the Republic of Palau, Caroline Islands, Pacific Ocean, 8-24 June 1991: A Report to the Government of the Republic of Palau, Koror, Palau
  7. Saltwater Crocodile Crocodylus porosus
  8. An Ecoregion-Based Approach to Protecting Half the Terrestrial Realm
  9. Anthropogenic modification of forests means only 40% of remaining forests have high ecosystem integrity
  10. Anchor Land ventures into luxury family residences
  11. 11.0 11.1 Palau's EEZ becomes shark sanctuary
  12. 12.0 12.1 Palau pioneers shark sanctuary
  13. Palau to Ban Shark Fishing
  14. Tiny Nation of Palau Proves Sharks Worth More Alive Than Dead
  15. Palau Gets New Patrol Boat
  16. Operation Kaukledm
  17. Palau’s maritime surveillance gets boost with new patrol boat
  18. Palau vs the Poachers
  19. Digital Typhoon: Tracking Chart (Geographical Search)
  20. Compact of Free Association Between the Government of the United States of America and the government of Palau
  21. Air Force eyes new radar installation in Palau
  22. U.S. Building Advanced Over-The-Horizon Radar On Palau
  23. Surangel Whipps Jr to be Palau's new president
  24. Palau’s Use of and Accountability for U.S. Assistance and Prospects for Economic Self-Sufficiency
  25. Palau has since joined several other international organizations. In September 2006, Palau hosted the first Taiwan-Pacific Allies Summit. Its president has made official visits to other Pacific countries, including Japan.
  26. The President of the Republic of Palau to Visit Japan
  27. A Pacific Island With Ties to Taiwan Was Hacked. Was It Political?
  28. Responsibilities and Authorities
  29. General Assembly – Overall Votes – Comparison with U.S. vote
  30. Ahead of World War II Anniversary, Questions Linger Over Stance of Japan’s Premier
  31. The Constitution of the Republic of Palau
  32. Chapter XXVI: Disarmament – No. 9 Treaty on the Prohibition of Nuclear Weapons
  33. Pacific nations extend bans on tuna fishing
  34. PH, Palau agree to enhance ties
  35. Челбахеб штат болуп саналбайт жана башка штаттын курамына кирбейт. Аянты - 17 км²
  36. 2006-жылы 7-октябрда Палаунун борбору Корордон Мелекеок штатындагы Нгерулмудга көчүрүлгөн.
  37. 37.0 37.1 37.2 37.3 37.4 Republic of Palau National Government. Census of Population and Housing
  38. Asia in the Pacific Islands: Replacing the West
  39. Encyclopedia of the Developing World
  40. The Japanese Language in Palau
  41. Constitution of the State of Angaur: Angaur, Republic of Palau
  42. The Republic of Palau is the little country that does, when it comes to sustainability.
  43. Evading Corporate Responsibilities: Evidence from the Shipping Industry
  44. Message from the Tax Reform Committee Chair and Bureau of Revenue & Taxation
  45. Fruit bat soup could solve the Hunter's flying fox problem
  46. Tama – A Year Cooking the World

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]