Инди океаны
Инди океаны — Жер шарындагы океандардын ичинен чоңдугу боюнча Тынч, Атлантика океандарынан кийинки 3-орунда. Аянты (деңиздери менен) 76,17 млн км2. Басымдуу бөлүгү Түштүк жарым шарда жайгашкан; түндүгүнөн Азия, батышынан Африка, чыгышынан Австралия, түштүгүнөн Антарктида менен чектешет. Түштүк-батышынан Атлантика, чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Тынч океандары менен туташат. орточо тереңдиги 3711 м, суусунун орточо көлөмү 282,7 млн км3. Түндүк жана түндүк-чыгыш жактарында гана Инди океанынын деңиздери (Кызыл, Андаман, Арап, Тимор, Арафура) жана ири булуңдары (Аден, Оман, Парс, Бенгал); түштүк бөлүгүндө Карпентария, Чоң Австралия, Спенсер, Сент-Винсент жана башкалар булуңдар, эң түштүгүндө антарктикалык деңиздер (Рпсер-Ларсен, Космонавттар, Ынтымак, Дейвпс, Моусон, Дюрвиль) жайгашкан. Материктен бөлүнүп калган эң ири аралдары (Мадагаскар, Шри-Ланка, Сокотра) жээкке жакын орун алган. Океандын ачык бөлүгүндө жанартоо аралдары – Маскарен, Комор, Андаман, Никобар, Сейшель жана башкалар орун алган. Тропиктик кеңдиктердеги жанартоо конустарында шуру аралдары Мальдив, Лаккадив, Чагос, Кокостуу жана башкалар көтөрүлүп жатат.
Таманынын рельефи
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Инди океаны жээктей материктик тайыздыктын кууш тилкеси (100 мге чейин) жайгашкан. Анын сырткы чети 200 м, Антарктидага жакын жана Австралпянын түндүк-батышында 300-500 мге чейин тереңдикте жатат. Материктик каптал Ынд, Ганг жана башкалар дарыялардын каньондору жана өрөөндөрү менен тилмеленген. Океандын түндүк-чыгыш бөлүгүндө Зонд аралдар догоосу, ага туташ тереңдиги 7729 м келген Зонд кобулу (Инди океанынын эң терең жери) жатат. Океан таманы кырка тоолор жана жалдар аркылуу чуңкурдуктарга (Борбордук, Батыш Австралия, Африка-Антарктида жана башкалар) бөлүнгөн. Суу асты кырка тоолордон Чыгыш Ынды кырка тоосу мерпдпан багытында созулуп (узундугу 5000 кмден ашык), түндүгүндө кеңдик багыттагы Батыш Австралия кырка тоосу менен туташат. Океан ортолук кырка тоосу океандын борбордук бөлүгүнөн үч тармакка түндүк (Арап-Ынды кырка тоосу), түштүк-батыш (Батыш-Инди жана Африка-Антарктика кырка тоолору) жана түштүкчыгышка (Борбордук Ынды жана Австралия-Антарктика кырка тоолору) ажырайт. Океан таманында жанартоонун атылышынан пайда болгон айрым тоолор (Бардин, Щербаков, Лена жана башкалар) бар. Фораминиферлер (материктик капталдарда, кырка тоолордо жана чуңкурдуктардын таманында), диатом (50° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө) жана шуру (коралл) чөкмөлөрү басымдуу. Кен байлыктары: шельфтерде мунай жана газ (к. Парс булуңу мунай жана газ бассейни), монациттүү кумдар, рифт зоналарында хром, темир, марганец, жез жана башкалар кенташтар. Таманында темир-марганецтүү конкрециянын зор запасы бар.
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Инди океанынын түндүк бөлүгүнүн климатына Азиядагы жогорку жана төмөнкү атмосфералык басымдын мезгил боюнча алмашуусунун негизинде түзүлгөн муссондук циркуляция мунөздуу. Жайында, Азияда төмөнкү атмосфералык басым кучөгөндө, мында түштүк-батыштан келген экватордук аба, кышында түндүкчыгыштан соккон тропиктик аба үстөмдүк кылат. 8-10° түштүк кеңдиктерден түштүктө циркуляция көпкө кармалгандыгы менен айырмаланат (30° кеңдиктерде жогорку басымдын туруктуу облусу өкүм сүрөт). Ынды океанынын түштүк бөлүгүндөгу тропик жана субтропик кеңдиктеринде түштүк-чыгыш пассат шамалы, мелүүн кеңдиктерде циклондор менен коштолгон батыш шамалы үстөмдүк кылат. Тропиктик кеңдиктерде жайкысын жана күзүндө бороон-чапкын (тайфун) тез-тез болуп турат. Океандын түндүк бөлүгүндө абанын жайкы орточо температурасы 25-27°С, Африканын жээктеринде 23°Сге чейин. Түштүк бөлүгүндө жайында 30° түштүк кеңдикте 20-25°Сге, 50° түштүк кеңдикте 5-6°Сге, 60° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө 0°Сге чейин жана андан да төмөн болот. Кышында абанын температурасы экватордо 27,5°Сден түндүк бөлүгүндө 20°Сге, 30° түштүк кеңдикте 15°Сге, 50° түштүк кеңдикте 0-5°Сге чейин, 55-60° түштүк кеңдиктерден түштүгүрөөктө 0°Сден төмөн болот. Ошол эле убакта түштүк субтропиктик кеңдиктерде жыл бою абанын температурасы Мадагаскар жылуу агымынын таасиринен батышында чыгышына караганда (Батыш Австралия муздак агымынын таасиринен) 3-6°Сге жылуу болот.
Гидролгиялык режими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Океандын түндүк бөлүгүндөгү суунун үстүңкү катмарынын циркуляциясы муссондук мүнөздө: жайында түндүк-чыгыш жана чыгыш, кышында түштүк-батыш жана батыш агымдары устөмдук кылат. Кыш айларында 3-8° түштүк кеңдикте Пассат аралык (экватордук) каршы агым күчөйт. Инди океанынын түштүк бөлүгүндө суунун циркуляциясы антициклондук айлампаны пайда кылып, ал жылуу (түндүктөгү Түштүк Пассат, батыштагы Мадагаскар жана Ийне тумшук агымдары) жана муздак агымдардан (түштүктөгү Батыш шамалдар жана чыгыштагы Батыш Австралия агымдары) түзүлөт. Суунун эң жогорку температурасы океандын түндүк бөлүгүндөгу үстүңкү бетинде май айында 29°Сден ашат. Жайында Түндүк жарым шарда суунун темпрасы 27-28°С, Африканын жээгинде гана тереңдиктен чыккан муздак суунун таасиринен 2223°Сге чейин төмөндөйт. Экватордо суунун темпрасы 26-28°С, 30° түштүк кеңдикте 16-20°Сге, 50° түштүк кеңдикте 3-5°Сге чейин, ал эми 55° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө -1°Сден төмөн. Кышында Түндүк Жарым шардын тундугундө суунун температурасы 23-25°С, экватордо 28°С, 30° түштүк кеңдикте 21-25°С, 50° түштүк кеңдикте 5-9°С, 60° түштүк кеңдиктен түштүктө 0°Сден төмөн. Субтропик кеңдиктеринде жыл бою суунун температурасы чыгышына караганда батышында 3-5°Сге жогору. Суунун туздуулугу анын балансына байланыштуу. Суу балансы орто эсеп менен Инди океанынын бетиндеги буулануудан (жылына 1380 мм), жааган жаан-чачындан (1000 мм) жана материктик агымдан (70 см/жыл) тузулөт. Тузсуз суунун көбун Түштүк Азиянын (Ганг, Брахмапутра жана башкалар) жана Африканын (Замбези, Лимпопо) дарыялары алып келет. Өтө туздуу жерлери Перс булуңу 37-39%о, Кызыл деңиз 42%о, Араб деңизи 36,5%оден ашык. Бенгал булуңунда жана Андаман деңизинде туздуулук 32,033,0%ге, түштүк тропиктерде 34,0-34,5%ге чейин төмөндөйт. Түштүк субтропик кеңдиктеринде туздуулук 35,5%оден жогору (эң көбу жайында 36,5%, кышында 36,0%), 40° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө 33,0-34,3%ге чейин төмөндөйт. Суунун тыгыздыгы антарктикалык кеңдиктерде 1027 кг/м3, океандын түндүк-чыгышы менен Бенгал булуңунда 1018, 1022 кг/м3. Суткада эки жолу ташкындайт; ташкындын бийиктиги жээктерде 5-7 мден 11,9 мге (Камбей булуңунда) чейин, ачык океанда 0,5 мден 1,6 мге чейин. Муздуктары антарктикалык кеңдиктерде пайда болуп, шамал жана агымдар менен августта 55°, февралда 65-68° түштүк кеңдиктерге чейин жетет. Айсбергдер айрыкча 40° жана 80° чыгыш узундуктардын аралыгында арбын. Инди океанынын тереңдиктеги циркуляциясы жана вертикалдык структурасы субтропиктик (суунун үстүңкү бетинин алдындагы катмары) жана антарктикалык (аралыктагы суу катмары) кошулуу зоналарынын, Антарктиданын материктик капталы боюнча кеткен (тупку), ошондой эле Кызыл деңизден жана Атлантика океанынан агып келген (тереңдиктеги) суулардан тузулөт. Үстүңкү беттин астындагы катмар 100-150 мден 400-500 мге чейинки тереңдикти камтып, суусунун температурасы 1018°Сди, туздуулугу 35,0-35,7%они түзөт. Аралыктагы суу катмары 400-500 мден 1000-1500 мге чейинки тереңдикти камтып, суусунун температурасы 4°Сден 10°Сге чейин, туздуулугу 34,234,6%; 1000-1500 мден 3500 мге чейинки тереңдиктеги суу катмарынын температурасы 1,6-2,8°Сди, туздуулугу 34,68-34,78%они тузөт. Түпкү суу катмары 3500 мден терең жатып, түштүгүндө суунун температурасы -0,07°Сден 0,24°Сге чейин, туздуулугу 34,67-34,69%, түндүгүндө суунун темпрасы 0,5°С чамасында, туздуулугу 34,69-34,77%о.
Флорасы жана фаунасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Инди океанынын дээрлик бүт аймагы тропик жана түштүк мелүүн (ноталь) зоналарында жатат. Тропик зонасынын тайыз жерлерине алты жана сегиз жылдыздуу шурулар (кораллдар) жана гидрокораллдар мүнөздүү. Жээгинин көп бөлүгүн мангр бадалдары ээлейт. Мелүүн алкактын материктик тайыздыктарында кызыл жана күрөң балырлар (ламинарий, фукус, макроцистис) бар, омурткасыздарга бай. Океандын ачык мейкиндиктеринде, өзгөчө суунун 100 м тереңдикке чейинки катмарында бир клеткалуу планктон, ал эми Арап деңизине көгүш жашыл балырлар мүнөздүү. Ынды океанынын жандыктарынын көбүн ракча-копепод (100дөн ашык түрү), канат буттуу моллюска, медуза, сифонофор жана башкалар түзөт. Бир клеткалуулардан танаптуулар, балыктардын көп түрү учуучу балык чоң жана майда тунец, желбирек канаттуу балык, акула жана башкалар бар. Кальмарлар көп. Ири деңиз сүт эмүүчүлөрүнөн дюгон, тиштүү жана тишсиз киттер, калак буттар кездешет. Канаттуулардан альбатрос, фрегат, пингвиндер мүнөздүү. Жээк боюнда гана балык кармалат (дүйнөдө кармалган балыктын 5%ы). Негизги өнөр жай тукуму тунец. Антарктика сууларында балыктын антарктикалык түрүнүн өнөр жай тукуму бар. Мунай (Парс булуңунда), бермет, седеп (Шри-Ланка, Бахрейн аралында жана Австралиянын түндүк-батыш жээгинде) алынат. Ынды океанына дүйнөлүк жүк ташуунун 10%и туура келет. Ал аркылуу Европа, Азия, Австралия, Африка, ошондой эле Американын портторун байланыштыруучу маанилүү деңиз жолдору өтөт. Ири порттору (жүк ташуу боюнча): Аден (Йемен), Мумбаи, Калькутта (Ындыя), Карачи (Пакыстан), Читтагонг (Бангладеш), Коломбо (Шри-Ланка), Янгон (Мьянма), Рангун (Бирма), Рас-Таннура (Сауд Арабиясы), Харк, Бендер-Аббас (Иран), Фао (Ырак), Эль-Кувейт (Кувейт), Дар-эс-Салам (Танзания), Могадишо (Сомали) Фримантл, Аделаида, (Австралия), Дурбан (ТАР).
Экологиялык көйгөйлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Инди океанында башка океандардай эле экологиялык көйгөйлөр бар; алардын эң башкысы деңиз экосистемасына адам таасиринин күчөшү. Океан суусун булгаган негизги булактар: нефть (дүйнөдөгү мунайдын запасынын 2/3си Жакынкы жана Ортоңку Чыгышта топтолгон. Парс булуңунан өндүрүлгөн мунай Инди океаны аркылуу Батыш Европа, Түндүк Америка өлкөлөрүнө жана Жапанга ташылат. Ири танкерлердин кырсыкка учурашынан жана башкалар түрдүү себептерден агып чыккан мунай океан суусун булгап, Ынды океанынын түндүк, түндүк чыгыш жана батыш акваторияларынын бетинде көбүнчө жука кабыкчаны пайда кылат); оор металлдар (сымап, коргошун, кадмий жана башкалар океан суусуна атмосфералык жана агын суулар аркылуу кошулгандыктан, бардык жеринде кездешет); уулуу химикаттар (айыл чарбасында кеңири пайдаланылган минералдык жер семирткичтердин, уулуу химикаттардын жана аларды өндүргөн өнөр жай ишканаларынан чыккан таштандылардын океанга кошулушу), контейнерге салынып океан түбүндө сакталган түрдүү уулуу заттар жана радиоактивдүү калдыктар жана башкалар Мындай булгануу бара-бара жалпы эле Жердин геогр. кабыгына алаамат залал тийгизиши мүмкүн. Кийинки мезгилде Инди океанынын алабындагы өлкөлөр океанды коргоо максатында бирдиктүү аракеттерди жасоодо. Инди океанында уюшулган деңиз резерваттары (парктары) деңиз экосистемасын коргоо табиятты жана табигый ресурстарды калыбына келтирүү менен гана чектелбестен, ошондой эле жергиликтүү элдин жана туристтердин табиятты коргоо боюнча билим алуусунда да мааниси зор. Деңиз резерваттары Кувейт, Бириккен Арап Эмирликтери, Мысыр, Эфиопия, Кения, Мьянма, Индия, Шри-Ланка жана башкалар өлкөлөрдө уюшулган. Алардын ичинен эң белгилүүлөрү: Эфиопиядагы «Дахлак аралдары» улуттук деңиз паркы (Кызыл деңиздин фаунага бай ири аймактарынын бири; 1968-ж. уюшулган); Кениядагы Малинди жана Вашаму резерваттары (тех. жактан жакшы жабдылган, коргоо иштери жогорку деңгээлде уюшулган; жалпы аянты 1755 га), Сейшель аралындагы резерваттар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
Дүйнө макроаймактары | |
---|---|
Европа | Батыш • Чыгыш • Түштүк-Чыгыш • Түштүк • Түштүк-Батыш • Батыш • Түндүк-Батыш • Борбордук |
Азия | Түндүк • Сибирь • Түштүк-Батыш • Жакынкы Чыгыш • Ортоңку Чыгыш • Түштүк Кавказ (жарым-жартылай) • Борбордук • Орто Азия • Чыгыш • Ыраакы Чыгыш • Түштүк • Түштүк-Чыгыш |
Африка | Түндүк • Батыш • Борбордук • Чыгыш • Түштүк |
Америка | Түндүк • Вест-Индия • Латын • Борбордук • Түштүк |
Океания | Австралия жана Океания • Меланезия • Микронезия • Полинезия |
Полярдык аймактар | Арктика • Антарктика |
Океандар | Атлантика океаны • Инди • Түндүк Муз • Тынч • Түштүк |