Никосия

Лефкоша‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Никосия
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Кипр
Координаттар 35°10′ с. ш. 33°22′ в. д.HGЯO
Башчысы Константинос Йиоркаджис
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү VII к. б. з. ч.
Аянты 111 км²
Борборунун бийиктиги 149 м
Убакыт аралыгы UTC+2, жайында UTC+3
Калкы
Калкы 276 410 адам (2012)
Этнохороним никосиялык, никосиялыктар
Сандык идентификаторлор
Расмий сайты http://www.nicosia.org.cy/  (орус.)

Никосия, Лефкосия – Кипр Республикасынын борбору. Кипр аралынын чок ортосунда, Месаория түздүгүндө жайгашып, түштүк-батышынан Троодос тоосу жана түндүгүнөн Кирения кырка тоосу менен курчалып турат. Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик. Эң салкын айы январдын орточо температурасы 10...15˚С, июлдуку 10˚С. Жылдык жаан-чачыны 500–1000 мм. Калкы 272,0 миң (2010). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.

Никосия болжол менен Биздин заманга чейинки 7-кылымда негизделген. 16-кылымдан Осмон империясынын курамында болгон. 1960-жылдын 16-августунан көз каранды эмес Кипрдин борбору. Тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, музейлер (тарыхый жана архив, улуттук искусство), лапидарий (таштан буюм жасоо) бар. Готика стилиндеги Ыйык София собору (13–14-кылым; учурда Селим мечити), Кудай эне жана августиндер чиркөөлөрү (экөө тең болжол менен 1330-жыл чен), рынок ансамбли, готика стилиндеги базилика (14–16-кылымда кеңейтилген), «Фамагуста дарбазасы» (16-кылым), Ыйык Ионн собору (1665-жылы кайрадан курулган, дубалга тартылган сүрөттөр цикли, 1730-жыл чен), архиепископтор ак сарайы (1950–59) сакталган. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]