Тегеран

Отурукташкан жай
Тегеран
Герб
Герб
Өлкө Иран
Координаттар 35°42′ с. ш. 51°25′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 22 муниципалдык округ
Мэр Мохаммед Багер Галибаф
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 6-миң жылдык б. з. ч.
Аянты 707 (1500) км²
Борборунун бийиктиги 1200 м
Убакыт аралыгы UTC+3:30
Калкы
Калкы 8 778 535 адам (2012)
Жыштыгы 10 000 адам/км²
Агломерация 13 422 366
Этнохороним тегерандык, тегерандыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +98 21
Почта индекстери 13ххх-15ххх
Расмий сайты http://www.tehran.ir/
 (фарс.)  (англ.)
Тегеран (Иран)
Тегеран (2008).

ТегеранИран Ислам Республикасынын борбору. өлкөнүн түндүгүндө, Эльбурс кырка тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 1100–1300 м бийиктикте, Каспий деңизинен 90 км түштүктө, Афганстан менен Пакистанга кеткен автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Климаты субтропиктик, кургак. Январдын орточо температурасы 19°С, июлдуку 30,9°С. Жылдык жаан-чачыны 240 мм. Шаарды смог каптап турат. Калкы 9,2 млн (2013; агломерациясы менен 13,1 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Ирандын ири, Азиядагы чоң шаарлардын бири. Өлкөнүн саясий, экономикалык, транспорт, соодафинансы жана маданий борбору. Тегеранда машина куруу, металл иштетүү (автомобиль кураштыруу, тиричилик электр буюмдары ж. б.), нефть ажыратуу, химиялык, тамак-аш, текстиль өнөр-жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Жогорку окуу жайлары, театрлар, музейлер (анын ичинде археологиялык) бар. Рей шаарына жакын жерде болжол менен 9-кылымда негизделген. Алгач 12-кылымдан эскерилет. 18-кылымдын аягынан Ирандын борбору. Голестан ак сарайы (18-19-кылымдардын аягы; 1894-жылдан сүрөт музейи), Шах жана Сепахсалар мечиттери (экөө тең 19-кылым) сакталган.

ХХ кылымдын 30унчу жылдарында Тегеран шаарында чоң өзгөрүү жана жаңылануу болду. Реза Пехлевинин буйругу менен “Насреддиндин дубалдары” кулатылып, алардын ордуна ири көчөлөр салынды. 1943 жылы Тегеран шаарында Советтер Союзу, Америка Кошмо Штаттары жана Улуу Британия державаларынын мамлекет башчыларынын гитлерге каршы конференциясы болуп өткөн. Согуштан кийин Тегеран шаарынын калкы 1 миллионго жеткен. Ирандын акыркы шахы болгон Мухаммед Пехлевинин заманында, шаардын көптөгөн тарыхый имараттары талкаланып жок болгон, анткени шах мындай эски курулушардын заманбап шаар ичинде бар болушунун кажети жок деп эсептеген. Ал эми, эски фортификациялык курулуштардын жана хан сарайлардын ордуна асман тиреген көп кабаттүү имараттар жана ири көчөөлөр салынган. Ошентип 1960 жылдарда Тегеран шаары байыркы өзүнүн көрүнүшүн таптакыр өзгөртүп ири заманбап шаарга айланган. 1969 жылы Шемиран району Тегеранга караган. 1970 жылдардагы нефтинин баасынын кескин жогорулап кетиши, аны менен бирге Батыштагы энергетикалык кризистин күчөшү, Тегеран шаарынын өсүп-өнүгүшүнө бирден-бир түрткү болгон. Шах нефтини экспорттоодо түшкөн кошумча кирешени Тегеран шаарын гүлдөтүп, өнүктүрүүгө жумшамакчы болгон. Ошентип 1976 жылы “Шахестан” проектиси даяр болгон, бирок каражат бат эле түгөнүп, шаар курулбай калган. Иран жана Ирак ортосунда болгон согуштун натыйжасында Тегеран шаары ирактардын Р-11 ракетасынын чабуулунда бир нече жолу калып, эл көптөгөн жоготууларга туш болуп, бир топ кыйроого учураган. 2001 жылы Тегеран шаарында метро каттамы жүргүнчүлөр кызматы менен ишке киришкен. 2007 жылы бийиктиги боюнча дүйнө жүзүндө төртүнчү орунду ээлеген Милад мунарасы курулуп бүткөн.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тегеран провинциясын изилдөө иштерине таянсак, адамдардын ишмердүүлүгү тарыхы,бул провинцияда Дамавандга караштуу Килан районунда б.з.ч. 12-миң жылдыкка барып такалат. Изилдөөлөр боюнча адамдар ал заманда үнкүрлөрдө жашап, аңчылык менен алектенишкен. Б.з.ч. 6-миң жылдыктан баштап Мидия доорунда провинциясынын эстеликтери акырындык менен көбөйө баштаган. Тегеран шаарына отурукташуу тарыхы б.з.ч. 5000 жылга барып такалат. 2015 жылдын январь айында Тегеран провинциясы Мулави кварталында б.з.ч.5000 жылга таандык адамдын сөөгү табылган. Буга чейин Кейтарийедеги тарыхый табылгалардын негизиндеТегеран шаарына отурукташуу б.з.ч. 3000 жылга таандык деп аныкташкан. Ошентип, акыркы табылгаларды тапканга чейин Тегеран шаарынын тарыхы болжол менен 2000 жыл мурун Аршикаддердин заманынан бери днп эсептелинген. Ошол заманда Тереган же Дегеран Рей (же Арага) шаарынын түндүгүндө жайгашкан айыл катары эсептелинген. Дарий I Бехистун жазмасында Рей шаары жөнүндө эскерилет. Рей шаары Сасаниддердин доорунда абдан белгилүү болгондуктан азыркы тапта анын тегерегинде Сасанид доорунан калган көптөгөн тарыхый калдыктар калган. Рей шаары Х кылымга чейин Чыгыштагы эң бир чоң шаарлардан болуп эсептелген, бирок монголодордун чабуулу учурунда (1220 ж.) толугу менен талкаланып жок кылынган. Ал тапта Тегеран көптөгөн мөмө жемиштери, бакчалары жана меймандос калкы бар, гүлдөп турган кыштак болгон. Негизинен кыштактын тургундары жер алдында жашашкан жана душмандар чабуул койгон маалдарда жер алдындагы үйлөрүнө жашынып, алдын ала камдап алган азык-түлүктөрдүн жардамы менен аман каып турушкан. Ошондуктан Тегеран монголдордун чабуулунан аман калган жана Рей шаары талкаланып жок болгондон кийин бул шаар өнүгүп өсүүгө жана чоң мааниге ээ боло баштаган. Тегеран шаары жөнүндө жазылган эң байыркы жазуу түрүндөгү документ 1951-жылы Абу Исхак Истахри тарабынан жазылган “Китаб Масалик аль-Мамалик” (Жолдордун жана өлкөлордүн китеби”) болуп эсептелинет. Андан соң Тегеран жөнүндө ЯкутХемави ибн Хавкал Багдади “Моажам аль-Баладан” китебинде мындай деп жазат: “Тегеран – бул жер алдында курулган чоң кыштак, анын ичине кожоюндун уруксаатысыз эч бир жан кире албайт”. Ал эми “Асар аль-Белад” (шаарлардын эстеликтери) китебинин автору Мухаммад аль-Казвини Тегеран жөнүндө “Тегерандын тургундарынын үйлөрү жер төлөөлөрдө курулган, андыктан душмандар чабуул жасаган маалда, жер төлөөлөрүнон чыгын душмандарга каршы аттанышат” деп жазган. Географтардын жана изилдөөчүлөр, байыркы замандар Тегеран Рей шаарынын четиндеги кыштак болгонун жана Рей шаары Кум, Хорасан, Мазендеран, Казвин, Гилан жана Саве шаарларынын кесилиш жолунда жайгашкандыгына байланыштуу саясий, диний, соода административдик борбору болгондуктан көптөгөн кол салууларга дуушар болгон. Ал эми Тегеран кирүүгө мүмкүн эмес жер алдында салынган үйлөрү, көптөгон баш калкалоочу жайлары болгондуктан качкындар жана мамлекет кызматчылары баш паанек кылуу үчүн коопсуздукту сактай турган кыштак болгон. Сефевиддер доорунда Тегеран шаарынын гүлдөн өнүгүү доору болгон. Шах Тахмасб (1524-1576)Казвинди борбор шаары катары тандап алган, бирок кээде Рей шаарын келгенинде Шах Абуль Азим бул жерде Сефевиддердин урпактары болгон Сейед Хамзанын көрүстөнүнө баргып турган. Ошол тапта көптөгөн гүлдөп турган бакчалары, шаркырап агып турган булактары мененТегеран кыштагы шахка жагып калат. Шах Тазмасб өзүнүн башкарып турган маалында Тегеран шаарына аскердик чептерди жана имараттарды курдурган. 1553-54жж. ал Тегеран шаарын 4 дарбаза жана 114 мунарасы (Курандагы сүрөөлөрдүн негизинде) бар чеп дубалдары менен курчоону буйрук кылат. Ошол доордо Тегеран шаарынын Шемиран, Казвин, Дулаб жана улуу Шах Абдуль-Азим деген төрт дарбазасы болгон. Андан соң ага кийинчерээк белгилүү болгон Чале-Майдан жана Чал-Хесар атту дагы дарбазалар кошулган. Чеп дубалды куруу үчүн көптөгөн жерлер казылып алар кийинчерээк Чале-Майдан жана Чал-Хесар аты менен белгилүү болгон. Пьетро Деллавалле белгилүү италиялык саякатчы 1618 жылы шах Аббас Сефевинин башкаруу убагында Тегеранга болгон сапарында “Тегеран Кашандан да чоң, болгону, тургундардын саны азыраак” деп жазган. Шаардын үчтөн бир бөлүгү имараттардан, ал эми калган эки бөлүгү бакчалардан турган. Шаардагы бардык көчөлөрдүн аллеяларында чынар теректер тигилген жана алардын жоондугуна кээде төрт адамдын кулачы араң жеткен. Сефевид мамлекетинини кулашынан кийин Афшар династиясы башталган доордо 1739 жылы Надыр шах бийликти өзүнүн улуу баласы Реза Кули Мырзага берген. Надир шах Афшар көз жумган соң мамлекетте саясий баш-аламандык башталган, ал эми 1758-1759 жж. Керим-хан Зенд тактыга отурат жана төрт жыл бою Керим-хандын башкаруу борбору Тегеран болуп, шаардын Арг майданына жаңы имараттарды курдурган. Керим-хан Мухаммад Хасан-хан Кажар менен касташып жүргөндүктөн борборду Түркмөндөрдүн талаасынан алысыраак болушун каалап, борбор калааны Тегерандан Ширазга көчүргөн. Борбор калаа Тегерандан Ширазга көчүрүлгөнүнө карабастан Тегеран шаары мурунку атак-даңк, маанисинен ажырап калбастан, бир нече убакыттан кийин кайрадан борбор калаа болуп тандалган. Тегеран шаарын борбор калаа кылуу жөнүндө биринчилерден болуп Ага Мухаммад-хан Кажар династиясынын түзүүчүсү болгон. Ал Тегерандын башкаруучусу Гайур-хан менен болгон салгылашуусунда аны багындырып, өзүнө баш ийдирип, шартты бир калыпка келтире алган. Ага Мухаммад-хан Кажар 1795-жылы тактыга отурган. Ал тактыга отурган соң, өзүнүн атын жазылган тыйындарды жасатып, Тегеран шаарын “Дар аль-Халафа” (Халифтин үйү) деп атаган. Ага Мухаммад-ханщдын Тегеран шаарын борбор калаа кылып тандоосунун бир нече себеби бар, алардын эң негизгиси – Тегеран шаарынын Вараминдин жемиштүү жерлерине жакын жайгашканы, Савожболагдагы Афшарит урууларынын, Ага Мухаммад-ханды колдоп жүргөн Вараминдин батыш тарабында жайгашкан уруулардын жакын жайгашкандыгы эле. Ал эми дагы бир себеби,Ага Мухаммад-ханды колдогон уруулар отурукташкан Эстар-абад шаары жана Мазендеран аймагы да жакын жайгашкандыгында эле. Так ошол замандан баштап болгону 20 миң калкы бар Тегеран шаары өнүгө баштаган. Ага Мухаммад-хандын ордуна бийликке келген Кажарлардын шахы Фатх Алинин (1797-1834) доорунда Тегеран шаарын көптөгөн жетишкендиктерге ээ болгон. Шаарда көптөгөн заманбап имараттар, заңгыраган үйлөр курулуп, жакынкы жана алыскы райондордо жашаган тургундар Тегеран шаарына акырындык менен көчүп келе башташкан, андыктан шаардын калкы бат эле көбөйүп, ири калкы бар чоң шаарга айланган. 1807жылы Тегеран шарына сапарга келген Жак Мурье өзүнүн жол эскермесинде Тегеран шаарындагы көптөгөн караван сарайларды, ири майдандарды жана мончолорду жазып калтырган. “Насырдын доору” деген ат менен белгилүү болгон Кажарлардын кийинки шахы Насыр-ад-дин шахтын доору социалдык, саясий жана маданий өнүгүүнүн доору болуп эсептелген. Бул доор Европанын мыкты өнүккөн өнөр-жай цивилизациясынын жана Батыштын колониалдык саясаты таасири алдында Иран жаңы баскычка өткөн.

Тегеран шаарынын азыркы географиялык абалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ирандын борбор шаары болгон Борбордук Ирандын түндүгүндө жайгашкан Тегеран провинциясынын аянты 12,981 квадрат километрди түзүп, калкынын саны 12 миңден ашат. Ал эми түштүгүндөгү Альборз тоосунун кыркаларында, батышында Даште Кабир чөлү жайгашкан. Шаар түндүгүнөн Мазендеран, түштүгүнөн Кум, түштүк-батышынан Борбордук провинция, батышынан Альборз жана чыгышынан Семнан провинциясы менен чектешет. Тегеран шаарынын рельефи үч болүккө бөлүнөт: түштүк жагынан Альборз тоосунун кыркасы, борбордук жана түштүк Альборз тоосунун этектери жана Тегеран провинциясынын түзөң рельефи. Тегеран провинциясы табигый география жана аба ырайыны боюнча, Альборз тоосу жайгашкандыгына байланычтуу өлкөнүн башка профинцияларынан айырмаланып турат. Альборз тоо кыркаларынын бийиктиги 5,678 метрди түзөт. Ал эми түндүк-чыгыш тарабында Савад-кух жана Фируз-кух тоолору жайгашкан. Тегеран провинциясынын борбордук Альборз тоосунун түштүк жагында Лавасат, Карадги жана Шемиранат тоолору жайгашып алардын эң бийик чокусу Тучал (3,933 м) болуп саналат. Тегеран профинцияларынын мейкин талаалары адамдардын өнөр-жай, ишканаларды куруу сыяктуу эмгектенүүсүнө жакшы шарттар түзүлгөндүктөн ири калк отурукташкан. Тегеран провнициясынын негизги шаарлары булар Шахрияр, Исламшехр, Рей, Пакдешт, Дамованд, Шемиран, Варамин жана Фирузкух болуп саналат. Тегеран провинциясынын географиялык жайгашуусуна байланыштуу анын ар бир аймактарында ар кандай аба ырайы байкалат жана кышкысын шаардын кээ бир аймактарына калың каар түшүп, кышкы спорт оюндарына да мыкты шарт түзүлгөн. Ал эми кээ бир аймактарында андай деле суук болбойт, тескерисинче табигатка сейилге чыгып, табигат кучагында маанайлуу эс алууга болот. Бул провинцияда көбүнчө мисте (фисташка), жылгын (тамариск), гулявник, кызыл кыя (лакричник, солодка), төө куйрук (астрагал), тимьян, эңилчек (лишайник) жана акант өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Ал эми Тегеран провинциясынын түштүк бөлүгүндө жер жаңгак, мисте (фисташка), анжир (инжир), бөрү карагат (барбарис) өстүрүлөт. Акыркы жылдарда Тегеран провинциясында жаңы токой жана сейилбактар пайда болгон. Алардын ирилери болуп батыш тарабында жайгашкан Читгар сейилбагы жана түндүк-чыгышындагы Лавизан токой паркы эсептелинет. Андан тышкары Соуханак, Вард-авард, Сорхе-хесар жана Туска парктары бар. Бул сейилбактарда кызыл карагай (сосна), акация, ясень бактары тигилген. Бул провинцияда Караж , Жажурт, Хаббле-руд же Абхар-руд, Таликан-руд сыяктуу көптөгөн булактар жана дарыячалар да бар. Дарыяалардын көбүнө Альборз тоосунан келип куюлат. Булар тоодо чогулган жаандын жана кардын эриген суулары. Дарыячалардын жээкетери атайы эс алуу үчүн өтө кооз жана ыңгайлуу кылып жасалгаланган. Андан да Тегеран провинциясы Ирандын экономикасынын эң ири полюсу болуп саналат. Айыл чарба жана табият боюнча да алдынкы оорунду ээлейт.

Тарыхый музейи[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ирандын тарыхый музейинин аянты 2744 квадрат метрди тузүп, Имам Хомейни жана 30 Тир көчөлөрүнүн кесилишинде шаардык сейил багынын маңдайында жайгашкан. Ал эң алгачкы жана эң маанилүү музейлердин бири болуп саналат. Музей экспонаттары, б.з.ч. алты миңинчи жылдан азыркы Ислам дооруна чейинки байыркы доордогу маданиятка жана цивилизацияга таандык. Бул музей өзүнүн тарыхый экспонаттарынын көптүгү, алардын маанилүүлүгү жана табылбастыгы менен дүйнөдөгү эң белгилүү жана маанилүү музейлердин бири болуп саналат. Музей эки кабаттан турат жана биринчи кабатта байыркы доорго таандык экспонаттар көргөзмөгө коюлса, экинчи кабатта Ислам дооруна таандык экспонаттар коюлган.

Зергер буюмдар музейи[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул музейде баа жеткис, байыркы зергер буюмдар көргөзмөгө коюлган. Бул музей Ирандын акчасынын кепилдиги болуп эсептелинип, Ирандын Улуттук банкынын карамагында. Бул баа жеткис зергер буюмдар 37 бөлүктөн туруп, алардын арасындагы эң баалу деп эсептелинген 182 караттан турган Дарья-е нур (Дарыя нуру) деген кызгылт түстөгү алмаз ташы болуп саналат. Алмаздын бул түрү аалам боюнча эң эле аз кездешкен алмаз. Ал эми экспонаттардын эң ириси Фатхали шах доорунда жасалган “Тахте тавус” (Павлиндин тактысы) болуп эсептелинет. Такты 12 бөлүктөн чогултулуп, 26733 баалу таштар менен жасалгаланган. Музейдин дагы бир ажайып керемети бул 34 тазаа алтындан турган Насердин шахтын глобусу. Глобус 51366 баалуу таштар менен кооздолуп, салмагы 3 кил 656 грамды түзөт.

Килем музейи[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иран килемдери иран элинин өзгөчө бийик бааланган маданияты жана баа жеткис кол өнөрчүлүгүнүн асыл нуска мурасы болуп саналат. Музейде ХVI кылымдан бүгүнкү күнгө чейинки килемдер көргөзмөгө коюлган. Болжол мененИрандын килем кол өнөрчүлүгүнүн шедеври болгон 135дей килем биринчи кабатта көргөзмөгө коюлган. Ирандын килем музейинде фарсы, араб, француз, англис жана немис тилдеринде жазылган 3500 нуска китепти камтыган китепканада бар. Бул бибилиотека бардык изилдөөчүлөрдүн ыктыярына коюлган. Аталган музей Каргар-е шомали көчөсүндө заманбап искусство музейинин жанында жана “Лале” сейил багынын түндүк жагында жайгашкан.

Башка музейлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тегеран шаарында жогоруда айтып өткөн музейлерден башка көптөгөн музейлер бар. Алардын арасынан маанилүсү “Заманбап искусство музейи” болуп саналат. Бул музейде эң маанилүү искусство жарманкелери байма бай өткөрүлүп турат. Андан тышкары улуттук искусство музейинде көптөгөн миниатюралар, баалуу буюмдар, жыгачтан оюлуп жасалган буюмдар, айкелдер жана эстеликтер көргөзмөгө коюлган. Ал эми “Реза Аббас” музейи эки чоң залдан туруп, алардын бири исламга чейинки доордогу (ахеменид, аршакид жана сасанид доорлорундагы), экинчиси ислам доорундагы чебер чыгармачылыктары коюлган. Бул жерде көптөгөн карападан, металлдан жасалган буюмдар, зергер жана токулганбуюмдар, живопись, миниатюралардын түрлөрү коюлган. Музейде Ирандын тарыхый жана маданий тармактарын камтыган 6 миң нуска китептен турган китепкана да бар. “Азади музейи” Азади (Аазаттык) майданынын алдыңкы жагында жайланышкан. Андан тышкары Тегеран шаарындагы көрүнүктүү музейлер катары “почта музейи”, “Дарабад” табият жана жапайы жаныбарлар музейи, “Бехзад” музейи, “этнографиялык музей”, “Айнектен жасалган жана керамика буюмдар” музейлерин атап өтүүгө болот.

Маданий-көргөзмө борборлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тегеран шаарында 100 дөн ашык кинотеатр жана театрлар бар. Андан тышкары Тегерандын ар бир райондорунда ар кандай маданий ишмердүүлүктөрдүуюштуруучу б. а. балдар жана жаштар үчүн ар кандай маданий оюн зоокторду өткөрүү, аялдар үчүн килем токуу, сүрөт тартуу ж.б.у.с. кол өнөрчүлүккө үйрөтүү сыяктуу иш-чаралар өткөрүлүп туруучу маданий үйлөр жана имараттар бар. Алардын көрүнүктүүлөрү “Вахдат” концерттик залы.

“Вахдат” концерттик залы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Вахдат” концерттик залы (котормосу Биримдик деген маанини берет) ал Ирандагы опера жана чоң оркестрлерге ылайыкташкан эң алгачкы концерттик залдардын бири болуп эсептелинип миң адамга ылайыкташкан. Ал эми залдын негизги сахнасынын тегерегинде төрт кошумча сахна салынган. Негизинен бул жерде музыкалык жана театралдык программалар байма бай болуп турат. Бул зал Хафиз жана Энгелаб көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

“Бахр” театры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул театр “Вахдат” залына жакын Энгелаб жана Вали Аср көчөлөрүнүн кесилишинде студенттик сейил багынын жанында жайгашкан. Театр өзүнө бир нече залды камтып, кээде кээ бир театралдуу программалар таертын эшик алдында көчөдө да коюлуп турат.

“Бахман” маданият сарайы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул сарай Бахман көчөсүндө жайгашып, сарайдын аянты 40 миң квадрат метрди түзөт. Сарайдын ыктыярында театралдык искусство музейи, жайкы зал, кинотеатр, спорт комплекси, театралдык зал жана башкалар бар.

“Хаверан” маданият сарайы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хаверан маданият сарайы Ирандын маданият сарайларынын эң чоңу болуп эсептелинет. Ал эми мындан тышкары Тегеран шаарынын ири маданий борборлору деп “Бесат” маданий комплекси, “Шафаг” маданият сарайы, балдар жана жаштар үчүн “Балдарды жана жаштарды интеллектуалдуу тарбиялоо сарайы” жана “Балдардын адабий-көркөм чыгармачылыгы борборун” эсептөөгө болот.

Илимий-изилдөө борборлор жана китепканалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тегеран шаарында көптөгөн окуу жайлар, илимий-изилдөө борборлор жана китепканалар бар. Ал эми алардын эң маанилүүсү Тегеран мамлекеттик университети, “Шахид Бехешти” университети, “Тарбият-е модаррес” педагогикалык университети, Амир Кабир атындагы университет, Илимий өнөр-жай университети, Шариф атындагы өнөр-жай университети, Таба Табаи атындагы университет, “Тарбият-е моаллем” университети, “Аль Захра” университети, Хажи Насыр Туси атындагы университети, Имам Хосейн атындагы университет, “Паям-е нур” университети жана “Азаде Ислами” университеттери ж.б. болуп саналат. Ал эми эң чоң китепкана бул Иран улуттук китепканасы. Бул китепкананын ар бир бөлүмү ар башка имараттарда жайгашкан. Улуттук китепкананын негизги бөлүмү 30 тир көчөсүндө жана Нияваран аянтынын жанында жайгашкан. Андан бышка Тегеран шаарындагы белгилүү китепканалар: университеттердин жана илимий-изилдөө борборлордун борбордук китепканалары, парламенттик китепкана, маалымат жана илимий документтер борборунун китепканасы, гуманитардык илимдерди изилдөө борборунун китепканасы, “Даерат-уль-маареф” фондунункитепканасы, ири ислам китепканасы жана “Малек” китепканалары болуп саналат.

Соода-сатык борборлору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тегеран шаары эң ири шаар болгондуктан андагы соода-сатык борборлорго өтө бай келип, алардын түрлөрү да көп. Тегеран шары бир нече райондон тургандыктан, райондордун ар биринин өзүнө караштуу бардык шарттары менен соода-сатык борборлору жана дүкөндөрү бар, аларга Экбатан, Ку-е Наср, Арйи-шахр, Тажриш ж. б. кирет. Андан тышкары Тегеран шаарында көптөгөн гипермаркеттер жана супермаркеттер бар, алардын филиалдары башка шаарларда жада калса башка мамлектеттерде да ачылган.Мындай супермаркеттерден керектүү буюмдардын баарын тапса болот. Ал эми шаардагы мындай көрүнүктүү супермаркеттер “Годе”, “Шахрванд”, “Рефах”, “Сепах”, “Хайпер Стар”, “Милде нур” болуп саналат. Мындан тышкары ар бир буюм өзүнчө сатылуучу атайы көчөлөр же соода борборлор да бар мисалы Сепахсалар жана Жомхури Ислами көчөсундө жалаң эле бут кийим сатуучу борбор жайгашкан, бул көчөгө барган адамдын бут кийимдин түрүн тандап алуу мүмкүнчүлүгү бар, ал эми Энгелаб көчөсүндө Тегеран университетинин маңдайында - китеп борбору, Сомайе и Бахар көчөсүндө – кичинекей бөбөктөр кийими борбору, Хафих көчөсү менен Жомхури Ислам көчөлөрүнүн кесилишинде алтын жана зергер буюмдар борбору, Вали Аср көчөсүнөн баштап Зардошт жана Жомхури Ислами көчөлөрүнө чейин чоңдордун кийим борборлору жайгашкан. Эмерек сатуучу борборлор Йафтабад районунда, сейрек кездешүүчү көөнө буюмдар борбору – Манучехр көчөсүндө, акча алмаштыруу борборлору – Фирдоуси көчөсүндө, колго жасалган буюмдар – Талегани көчөсүндө, ал эми эркек кийимдер борборлору –Мир Дамад көчөсүндө жана Ариян пассажында ж. б. жайгашкан.

Аянттар жана чоң көчөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тегеран шаарындагы чоң көчөлөр жана аянттар шаардын көздүн жоосун алган кооз жерлердин негизгилеринин бири болуп саналат. Мисалга алсак Вали Аср көчөсү. Анын узундугу 17,5 км жетип шаардын түндүгүнөн түштүгүнө чейин жетет. Вали Аср көчөсүнүн жанында агып турган дарыяча, анын кыркаларында тигилген чынар теректер аталган көчөгө өзгөчө сулуулук берип, көчөнүн көркүн ачат. Көчөнүн түндүк бөлүгү сейилдөө үчүн абдан ыңгайлуу, ал эми Вали Аср майданында жана анын тегерек четинде көптөгөн элдин сейилдеп жүргөндөрүнө күбө боло аласыздар, анткени так ушул Вали Аср майданында шаардагы эң ири соода борбор жайгашкан. Вали Аср көчөсү менен Каргаре шомали көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кешаварз булвары адамдар сейилдеп, эс алуу үчүп ыңгайлаштырылып салынган. Сейил бактын жанынаншаркырап агып турган дарыяча, анын ортосундажайгашкан абдан кооз газондор алардын тегерегинде салынган сейил отургучтары көздүн жоосун алып абдан кооз.

Азади борбордук аянты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азади майданы жана мунарасы Тегеран шаарынын эң негизги архитектуралык символу болуп саналат. Бул майданда мунарадан тышкары бир нече фонтандар, көптөгөн аллеялар жана орунтуктар да жайгашкан. Азади Азаттык деген маанини билдирет жана азади майданы жана мунарасы улуттук көзкарандысыздыкты билирет. Мунаранын туу чокусуна, 4 лифт жана 286 тепкичтин жардамы менен чыгууга болот. Ал эми мунаранын ичинде эки бөлмөдөн турган музей жайгашкан. Негизи бул мунара күн батып караңгы киргенде маалда абдан кооз ажайып көрүнөт, анткени айланасындагы күйүп турган ар түркүн түстөрдөгү чырактар, музыканын коштоосу менен түркүн өңдө оргуштап атып турган фонтандар адамдын суктандырбай койбойт. Барынан кызыктуусу мунара Ирандын желегиндеги кызыл, ак жана жашыл түстөргө жамынып, кадимки Иран желегин мунаранын сыртына тартып койгондой кубулуп турат (бул кубулуш ар бир 7 мүнөт сайын алмашып турат). Бул мунараИран архитектору Хоссейн Аманаттын долбоору менен курулуп, Сасанид доорунун жана ислам доорунун архитектурасын айкалыштырат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]