Ватикан

Википедия дан

Ватикан мамлекет-шаары
лат. Status Civitatis Vaticanæ
итал. Stato della Città del Vaticano

Герб
Туу Герб
Гимн: «Inno e Marcia Pontificale»
Ватикан Европанын картасында
Расмий тилдери Латын жана Итальян
Борбор шаары Ватикан
Ири шаарлар {{{Ири шаарлар}}}
{{{Башчыларынын милдеттери }}} {{{Башчылары}}}
Аянты
• Жалпы

0,44 км²
Калкы
• Бааланган ([[{{{Калкты каттоо жылы}}}|{{{Калкты каттоо жылы}}}]])
Жыштыгы

764 (195чү) адам
{{{Калктын жыштыгы}}} ад./км²
Этнохороним Ватикандыктар
Акча бирдиги Евро
ISO коду VA
Телефон коду +3906
Убакыт аралыгы UTC +1

Ватикан (лат. Status Civitatis Vaticanæ; итал. Stato della Città del Vaticano) - Италиянын борбору, Римдин аймагындагы шаар-мамлекет. Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Рим папасынын резиденциясы. Чиркөө башкармалыгы (Рим куриясы) турган жай. Римдин батыш бөлүгүндө, Ватикан дөңсөөсүндө, Тибр дарыясынын оң жээгинде жайгашкан. Аянты 0,44 км2. Калкы 921 (2005). Мамлекеттик тили латын жана италян тилдери. Акча бирдиги евро (2002-жылдан). Ватикан эл аралык субъект катары эл аралык уюмдарга (анын ичинен ЕККУОБСЕ, МАГАТЭ) мүчө болууга акылуу. Ошондой эле БУУга, ЮНЕСКОго жана башка уюмдарга байкоочу катары миссия аткарат. Ар кайсы өкмөттүк уюмдарга мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ватикан (расмий аталышы Ыйык Так) — теократиялык монархия. Жаңы Негизги мыйзамы Рим папасы Иоанн Павел II тарабынан 2000-жылы 26-ноябрда кабыл алынып, 2001-жылдын 22-февралынан күчүнө кирген. Ватикан мамлекетинин башчысы Рим папасы, Рим-католик чиркөөсүнүн эң жогорку иерархы. Ыйык Ата, Рим епископу, Иисус Христостун наместниги, ыйык Пётрдун орун басары, аалам Чиркөөсүнүн Жогорку понтифиги, Батыш патриархы, Италия примасы, Рим провинциясынын архиепископу жана митрополити, Ватикан Градынын Жогорку башкаруучусу титулдарын алып жүрөт. Рим папасы кардиналдардын коллегиясы (конклав) тарабынан өмүр бою шайланат. Ал толук мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигине ээ. Мыйзам чыгаруу бийлигинин органы (Жогорку понтифик бул бийликти өзалдынча жүргүзүүнү каалаган учурлардан тышкаркы мезгилдерде) кардиналдардан жана аларды жетектеген төрагадан турган Ватикан иштери боюнча Папа комиссиясы болуп саналатынча Ватикандын светтик суверенитетине жана жарандык башкаруусуна таандык болгон аткаруу бийлиги Мамлекеттик секретариат (1988-жылдан жалпы бөлүмдөн жана мамлекеттер аралык байланыш бөлүмүнөн турат) тарабынан жүзөгө ашырылып, аны өз ишмердүүлүгү үчүн Рим папасынын алдында гана жоопкерчиликтүү болгон кардинал мамлекеттик катчы жетектейт. Ватиканды коргоо жана салтанаттарды өткөрүү функциясы швейцариялык гвардияга жүктөлгөн.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ватикандын жергиликтүү калкынан тышкары Римде жана анын айланасында жашаган 3 миңге жакын адам Ватиканда иштейт. Ватикандын жарандыгы анын аймагында туруктуу жашагандарга гана берилет. Жарандыкка Рим папасынан тышкары кардиналдар, нунцийлер жана Апостолдук нунцийликтин кызматкерлери (дипл. кызмат учурунда), швейцариялык гвардиячылар (Ватиканда кызмат өтөгөн мезгилде), Ватикан шаарынын губернатору, Ватикан шаарынын трибуналынын претору, жарандык актыларды каттоочу кызматкерлер, папанын жеке жардамчылары жана анын үйбүлө мүчөлөрү, ошондой эле Ватиканда жашоого папа уруксат берген адамдар ээ боло алышат. Ватикандыктардын балдары 18 жашка чыкканда гана жарандык ала алышат. Сыртта жашагандар жарандыгын жоготушат (артыкчылык кардиналдарга гана берилет).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаар-мамлекет. Тибр дарыясынын боюндагы Ватикан дөңсөөсүнүн атынан аталган. Бул дөңсөөдө орто кылымдын башында сарай курулуп, ал 14-кылымда католик чиркөө башчысынын резиденциясына айланган. 1870-жылы өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгында Папа облусу Италия королдугуна бириктирилип, Рим папасы светтик бийлик жүргүзүү укугунан ажыратылган. Бирок Рим папасы Пий IX мындай чечимдерге каршы нааразылыгын билдирүү катары өзүн «ватикандык туткун» деп жарыялап, өмүрүнүн аягына чейин Ватикан сарайынан тышка чыгуудан баш тарткан. Ыйык Так менен Италия мамлекетинин ортосундагы узакка созулган пикир келишпестик 1929-жылы 11-февралда Латеран макулдашууларынын жыйынтыгында чечилген. Макулдашуу боюнча Ватикан мамлекети түзүлүп, анын азыркы кездеги чеги белгиленген жана эл аралык өзалдынчалыгы (суверенитети) таанылган. Ватикан эл аралык укук субъектиси катары бир катар эл аралык уюмдардын мүчөсү. Ыйык Так кеңири тармактагы эл аралык жана социалдык маселелерди чечүүдө таасирин тийгизип келет. 2-дүйнөлүк согуш алдында Пий XI, ал эми согуш учурунда анын мураскери Пий XII нацизм жана коммунизм идеологиясын кескин сындап чыккан. 1971-жылы В. Ядролук куралдарды таркатпоо тууралуу келишимге кол койгон, 1975-жылы Европадагы кызматташтык жана коопсуздук боюнча кеңешмеге катышкан жана анын жыйынтык документине кеңешмеге катышкан бардык мамлекеттерди ар бир адамдын диний ишенимин сыйлоого жана каалаган динге сыйынуусун урматтоого милдеттендирген милдеттенмени киргизүүнүн демилгечиси болгон. Папа Иоанн Павел II эл аралык терроризмди жана мамлекеттердин тышкы саясий максаттарына жетишүүдө куралдуу күчтөрдү колдонуусун кескин сындаган (1999-жылы НАТОнун аскерлеринин Югославияны бомбалоосун, 2003-жылы АКШнын Иракка басып кирүүсүн жана башка). Иоанн Павел II дүйнөдөн кайткан соң (2005), Рим-католик чиркөөсүнүн Жогорку понтифиги болуп 2005-жылы кардинал Йозеф Ратцингер шайланып, ал Бенедикт XVI деген ысым менен 2005жылдын 24-апрелинен өз кызматын аткарууга киришти.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ватиканга тиешелүү өнөр жайы (полиграфиядан башка) жок. Жашоо-тиричиликке керектүү азык-түлүк, суу, газ жана башка четтен алат. Электр-станциясы, Борбордук жылытуу, автономиялуу телефон тармагы, почта системасы жана телеграф кызматы иштейт. Ватикандын кирешеси дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган католиктердин кайыр-садагасынан жана туризмден (анын ичиненсувенир, почта маркаларын сатуу, музей экскурсиялары), басма продукцияларын сатуудан, башка өлкөлөрдөгү Рим католик чиркөөсүнө таандык жер аянттарынын ижарасынан түшөт. Ватикандын аймагында кирешеден салык алынбайт, валютаны сыртка чыгаруу жана алып келүү чектелген эмес. Ватикандын капиталы Италиянын жана башка өлкөлөрдүн өнөр жайына салынган. Ватикандын Борбордук банкы эл аралык финансы операцияларына катышат; бюджетин Рим папасы бекитет. Темир жолу (узундугу 0,86 км) Италиянын мамлекеттик темир жол тармагы менен байланышат.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ватикандагы ЖОЖдор: Григориан (1582), Урбаниан (1627), Латеран (1773), Салезиан (1940, Университет статусу 1973), Ыйык Фома Аквинский Папа (1580-жылы коллеж; 1909-жылы Университет), Ыйык Крест Папа Университеттери, Библиялык Папа, Чыгыш Папа, Арабистика жана исламтаануу Папа институттары, хор мектеби бар Чиркөө музыкасы понтифик институту жана башка Пантеонго караштуу виртуоздор асем искусствосу жана адабияты папа чоң академиясы (1542), Папа ИА (1603, мүчөлөрүн ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынан папа өзү тандайт), Чиркөө (1701), Литургия (1740), Католик дини (1801), Археология (1810), Ыйык Фома Аквинский жана католик дини Рим (1879), Ыйык Мария кыз (1946), Социалдык илимдер (1991), Жашоону коргоо (1994) академиялары бар. Папа сарайында Ватикан китепканасы (1475-жылы расмий негизделген, анда 300 миңден ашык тыйындар жана медалдар бар Нумизматика кабинети) иштейт. Ватикан музейлери, архиви (1610, мамлекеттик катчынын, Рим куриясынын жана башка соболордун документтери сакталат) бар. Архивдин базасында Ватикан палеогеография, дипломатика жана архивтаануу мектеби иштейт. Ватиканда Европадагы эң эски обсерватория жайгашкан. 1993-жылы АКШда филиалы ачылган. «Оссерваторе Романо» гезити күнүгө италян, жумасына француз, англис, испан, португал, немис, айына поляк тилинде чыгып турат. Радиостанция 1931-жылы түзүлгөн, жаңы радиоборбору (1957) 34 тилде уктурууларды алып барат жана телеборбор (1983) иштейт. Собордун бир каппелласы Ватикандын аймагындагы сыйынуучу, бак-парк, искусствонун бардык тармактары айкалышкан архитектуралык ири комплекс. Архитектура тарыхы 4-5-кылымдан башталат. Ватиканга көркөм колонадалар менен курчалган Ыйык Пётр собору дүйнөдөгү эң зор храм (1506-1614, архитекторлор Д. Браманте, Ж. делла Порта, Виньола жана башка). Микеланжелонун «Христоско аза күтүү» мрамор скульптурасы айрыкча көрк берип турат. Ыйык Пётр соборунун барокко стилиндеги аянты, Скала-Режа, Зала-Режа аксарай комплекстери: Паолин (16-кылым), Сикстин, Николай V капеллалары; Рафаэль Станцасы бар Боржиа апартаменти; Рафаэлдин лоджиялары Бельведер вилласы менен Сан-Дамазо короосу; Пий IVнин казино багы (1503-45-жылы салынган, архитектор Д. Браманте) орун алган. Аксарайда Ватикан китепканасы (кол жазмалар бар), байыркы замандын скульптура музейлери жана башка жайгашкан. Эки узун корпус (азыркы Ватикан китепканасы), Пио-Клементино музейи, статуя гал., папирустар кабинети, Нумизматикалык кабинет орун алган. Бельведер вилласы (1485-87; 16-18-кылым кайра курулган; бурамалуу тепкич, 1511-64, архитекторлор Браманте, Лигорио) менен кошуп турат. 1563-95-жылы Рафаэлдин лоджияларына Сикст V апартаменти улай салынган. Аксарайда көчөгө чыгуучу Король тепкичи жайгашкан (Скала-Режа, 1663-66), андан ары Король залы (1538-73, архитектор А. да Сангалло кичүүсү; Ж. Вазари, Т. жана Ф. Цуккари, О. Самаккини, Ж. Сальвиати жана башкалардын дубалга тартылган сүрөттөрү) бар. Ватикандын батышы бакчалар, Лев IV дубалынын калдыктары (9-кылым ортосу), папа Пий IV вилласы (1560, архитектор П. Лигорио), Шамал мунарасы (1579; 1939-жылы чейин Ватикан обсерваториясынын имараты), фонтандар (17-кылым архитектор Я ван Сантен), Ватикан пинакотекасынын имараты (1929-32, архитектор Л. Белтрами), Папа ИА, Эфиоп коллегиясы, губернатор аксарайы жайгашкан. Дубалдын ичинде 16-17-кылым Зыяратчылар (9-17-кылым; дубалга тартылган сүрөттөрү 9-кылым) Ыйык Анна (1572, архитектор Ж. да Виньола), Санто-Стефано-дельиАбиссини, Сан-Сальваторе-ин-Террионе чиркөөлөрү, мозаика өнөрканасы (1727), Ватикандын Сот сарайы, Диний окуу иштери боюнча конгрегация имараты, Павел VI аудиенция залы (1971), телеграф, телефон жана почта, темир жол вокзалы, басмасөз борбору, басмакана жана мейманкана (Ыйык Марфа үйү) бар. Ыйык Такка Римде жайгашкан Санта-Мария-Маджоре, Сан-Паоло-фуори-ле-Мура (монастыры менен), Сан-Жованни-ин-Латерано Латеран аксарайы менен (16-кылым), Канчеллерия (1485-1513, архитекторлор А. Бреньо, Д. Браманте), Дин таратуу боюнча Конгрегация ак сарайы (164267, архитекторлор Ф. Борромини жана Ж. Л. Бернини), Кастель-Гандольфодогу (17-кылым) папанын жайкы резиденциясы жана Римде, Италияда жайгашкан жана башка имараттар таандык. Ватикан шаар-музей болуп эсептелет. Ватикан ансамбли жана Римдеги Ыйык Такка тиешелүү имараттар 1956-жылдан ЮНЕСКОнун кайтаруусунда жана Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]