Базар-Коргон
Отурукташкан жай
Базар-Коргон
|
Базар-Коргон — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-коргон районундагы шаар[2].
Карүңкүр суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 735 м бийиктикте, Бишкек Ош автомобиль жолунун жээгинде жайгашкан.
Облустун борбору жана темиржол бекети Жалал-Абад шаарынан 33 км батыш тарапта.
1950-жылы негизделген. Калкы 27,8 миң (2002). Кыштакта 2 технкалык сервис, 3 пахта, май, нан, тамеки заводдору, лимонад чыгаруучу цех, жыгаччылык, кийим тигүү ишканалары, медресе, 2 базар, ашкана, чайкана, кафе, ресторан иштейт. Кесиптик-техникалык окуу жайы, 7 орто, музыкалык, спорт мектептери, 3 маданият үйү, 6 балабакча, китепкана, сүт азык ашканасы, борборлоштурулган оорукана, 2 бейтапкана, 2 мечит, автобекет, 2 почта, байланыш бөлүмү жана башка бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалдык Эмгек Баатыры А. Худайбердиев туулган.
Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]
2021-жылы мурдагы Базар-Коргон айыл аймагынын (Базар-Коргон, Беш-Бадам, Жети-Кошкон, Көк-Алма айылдарынан турган[3]), Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын жана Кеңеш айыл аймагынын Аук, Совет айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштардын негизинде Базар-Коргон шаары түзүлгөн[4][5].
Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]
Калктын негизги болугун өзбектер тузот- 80%. 20% ботон калктар.
Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
- ↑ Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. С. 322
- ↑ http://www.president.kg/sys/media/download/101310/
- ↑ Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны.
- ↑ http://www.president.kg/sys/media/download/101310/
- ↑ https://serep.kg/kabarlar/koom/bazar-korgon-raionunda-bazar-korgon-shaary-tyzylot/
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
Жараке • Жаңы-Акман • Кайырма • Колот • Кош-Коргон • Таш-Булак | ![]() | |
Арстанбап • Бел-Терек • Гүмкана • Жай-Терек • Жарадар | ||
Базар-Коргон • Беш-Бадам • Жети-Кошкон | ||
Баймундуз • Бешик-Жон • Жон • Карача | ||
Аук • Кара-Жыгач • Кызыл-Октябрь • Могол-Коргон • Биринчи Май • Сейитказы • Советский • Шыдыр | ||
Ак-Булак • Жаз-Кечүү • Катар-Жангак • Көсө-Терек • Кызыл-Үңкүр | ||
Кара-Ой • Кызыл-Суу • Көктоңду • Оогон-Талаа • Чарбак • Чкалов | ||
Аркалык • Дукур • Төш • Жаңы-Абад • Жаш-Ленин • Кызыл-Ай • Сайдыкум • Тойчубек-Чек • Турпак-Коргон • Хажир-Абад • Чек • Чоң-Курулуш | ||
Ак-Терек • Ак-Тыт • Каба • Катар-Жангак • Кыргоо • Көк-Алма • Сары-Жайык • Үч-Булак |