Бейрут

Отурукташкан жай
Бейрут
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Ливан
Координаттар 33°53′13″ с. ш. 35°30′47″ в. д.HGЯO
Башчысы Абдель Арисс
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген 1500-жыл б. з. ч.
Аянты 20 км²
Убакыт аралыгы UTC+2, жайында UTC+3
Калкы
Калкы 1,9 млн адам
Жыштыгы 18 050 адам/км²
Сандык идентификаторлор
Расмий сайты http://www.beirut.gov.lb/
 (ар.)  (фр.)  (англ.)

Бейрут (араб. بيروت Bayrūt) — Ливан Республикасынын борбор шаары. Жерортолук деңиздин чыгышындагы дөңсөөлүү жаңы аймагында жайгашкан. Калкы 1,2 млн (2005). Бейрет ири порт; темир жана автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту, текстиль, тамак-аш, булгаары, металл иштетүү өнөр жайы бар. Сыртка цитрус мөмөлөрүн, алма, зайтун майын, пилла, жүн чыгарат. Мамлекеттик, америкалык, француз жана араб университеттери, музейлер бар. Б. з. ч. 18-кылымданм(башка маалымат боюнча 15-кылымдан Берит, Берута деген ат менен) Финикиянын соода борбору жана порту, эллада рим доорунда ири соода, кол өнөрчүлүк борбору катары белгилүү. 7-кылымда Араб халифатынын курамына кирген. 14-15-кылымда египеттик мамлюктардын ээлиги болгон. 1516-1918-ж. Осмон падышалыгынын курамында. 1920-43-ж. Франциянын мандат менен башкаруусуна ээ. 1943-жылдан көз каранды эмес Ливандын борбор шаары. Өлкөнүн финансы чордону. Финикия, Рим, Византия курулмаларынын, мечиттердин (Жами аль-Омари, 13-кылым; «Дворцовая», 16-к.) калдыктары сакталган. 1982-ж. Израилдин агрессиясынын натыйжасында көп жери кыйроого учураган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4